Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Аза     [14 Февраля 2014]

Здравствуйте! подскажите пожалуйста, имеет-ли право Кондоминиум отказать о выдаче "справки с места жительства" за не уплату квартплаты?

Ответ:

Аза на Ваш вопрос ответил председатель ТСЖ со стажем и опытом. "Он должен заплатить. В НПА нет нормы про справки. Но это практика. Мы тоже не даем справку пока не заплатит. Это вынужденная мера."

нурлан     [12 Февраля 2014]

рахмат Рита эже, саламатсызбы, ижарага алган адам пайда корот, элге суу сатат, парктын жанында ал кишинин базары бар, базарга суу киргизет. созсуз конкурс менен беребиз. парктын сугат системасына, скважинанын ремонтуна вклад кылат, эл.энергиясын толойт. Дагы бир талаш суроо болуп калды, ЖКХ нын башчысы мун-к кызматка киреби? себеби депутатыбыз ЖКХга башчы болуп атат. Рахмат.

Ответ:

Мындан мурун Кумбель ААтан келген катка жооп жазганбыз, ошол мыйзамдарга ылайык ЖКХнын жетекчиси жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт. Ал тандашы керек же депутаттык мандатты, же ЖКХнын жетекчинин кызматын.

нурлан     [6 Февраля 2014]

рахмат, Рита эже, скважина ЖКХ нын балансында турат, парктын ичинде жайгашып сугатка пайдаланылат. Бирок азыр паркты сугарууга толук пайдалана албайбыз. себеби поливной системасына кошумча резервуар, трубопровод орнотуш керек. ЖКХ убыткада турат. Ижарага талап бар, айылда таза суу жокко эсе, калктын кудуктарына водовоздор суу ташып кызмат корсотот. Ижарага алуучуга парктын сугатын, скважинанын ремонтун жуктоп ижарага берсек деген сунуштар тушуудо.

Ответ:

Ал ижарага алган киши, бул скважинаны эмне кылып иштетет. Балким ал жерине эле кызыгып ижара келишимин тузгөну турат. Ал жеке ишкер скважинаны алганда анын тарифи дагы жогорулайт. Ошондон улам ижара алуучу адамдын кандай максатта бул скважинаны ижарага алган атканын билсенер жакшы болот. Кийин силерди эл атайын ижарага беришти, деп, күнөлөбөсүн. Жалпысынан айтканда бул объектини инвестиционный конкурска коюп, бүрөгө ижарага берсе болот. Бирок ошол келишимге парктын кызыкчылыгын коргой турган беренелерди аныктап өтүшүңөр керек.

АЗА     [6 Февраля 2014]

Здравствуйте! скажите пожалуйста, можно-ли создать в местном кенеше резервный фонд?

Ответ:

Согласно Закона КР "Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике" ст.21 Резервные фонды "в местных бюджетах образуются резервные фонды органов местного самоуправления в пределах до 1 процента к объему их расходов (без учета резервных фондов)." Но это в рамках общей бюджетной политики органов МСУ, но не для местного кенеша. Расходы на местный кенеш проходят через исполнительные органы МСУ. Таким образом, Местный кенеш не сможет сформировать себе резервный фонд.

Кумбель АА     [3 Февраля 2014]

Бизде чукул суроо болуп калды. Бугун жаңы шайланган депутаттын суранычы менен кеч болсо дагы мыйзамдардан издеп таба албай койдук. Орто мектебинде иштеген мугалим, завуч болуп иштеген кызматкер айылдык Кенеште депутат болуп шайланып иштей алабы? Шайлоо жөнундөгу мыйзамдын жаны редакцияларынын кайсы беренесинде жана канчанчы бөлукчөлөрунө туура келет, белгилеп бере алсасызбы? Мугалимдик кызмат муниципалдык кызматка киреби же жокпу? Алдын ала ыраазычылык билдиребиз!

Ответ:

Орто мектептин мугалимин эл шайласа ал депутат болуп иштей алат. Эгер ал мектептин жетекчиси болсо 2013 жылдын 5 майынан баштап депутат болуп шайланса, ал өз кызматын nаштоосу керек же айылдык кенештин депутаты боло албайт. Бул маселелер КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 22 беренесинде жана КР "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдын 5 беренесинде, КР 2013 жылдын 5 майындагы күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүлөрдү жана толуктоолорду киргизү жөнүндөгү мыйзамына ылайык чектөөлөр коюлган. Мугалимдик кызмат муниципалдык кызматка кирбейт.

Айжан     [31 Января 2014]

Саламатсызбы Рита эже Эмгек келишимди кызматтан бошотулган адис менен 2-айга тузсок болобу? Кызматтан КРЭК 68-жана 82 статяларын колдонгонбуз жана кайсы статьяны колдоно алабыз? Рахмат

Ответ:

Айжан, силер колдонгон беренелер (68, 82) туура эмес. Эмнеге бул беренелерди колдонгонунуз бизге түшүнүксүз болуп жатат. Сиз жаңы түзүлгөн келишимди КР "Эмгек кодексинин" 55 беренесине (Эмгек келишимдердин мөөнөтү) ылайык түзгүлө. Анан дагы кайсы кызматка алат элеңиз, анткени техникалык кызматбы, же муниципалдык кызматбы бизге тоолук жооп берүүгө мумкун болбой жатат.

Мирулан     [29 Января 2014]

Саламатсызбы Рита эже, жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө кайсы мыйзамдардын негизинде жургузулот, алдын ала рахмат.

Ответ:

Жергиликтүү салыктардын жеңилдетүүсүн КР Салык кодексинин 330 (мүлк салыгы боюнча) жана 343, 344 (жер салыгы боюнча) беренелеринде көрсөтүлгөн. Жыйымдар боюнча жергиликтүү кеңеш чечет.

нурлан     [27 Января 2014]

саламатсызбы Рита, айыл окмотунун балансында турбаган ашар менен буткон копуро суу алып кетуу коркунучунда турат. айыл окмоттон жээкти жана копурону бекемдоого акча болсо болобу? элден жана спонсорлордон каражат бар, бирок жетпей жатат. ошондой эле а/окмотто баланста турган скважинаны ижарага берууго сессиянын чечими созсуз керекпи? рахмат!

Ответ:

Көпүрө жөнүндө: бул маселени жергиликтүү кенештин сессиясына алып чыккыла. Эгер көпүрө сиздин айылдын аймагында болсо бул чыгымды каржылаганга эч тоскол жок, сессиянын кана чечими керек. Скважина боюнча: аны кимге ижарага берген жатасыңар? Скважина СООВПге караштубу? Эмне максатты көздөп скважинаны ижарага берген атасынар, түшүнбөй жатабыз. Бул маселени сессияга салып койгула, сактыкта кордук жок.

Кенжебек     [24 Января 2014]

Саламатсыздарбы! биз сиздерден Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жонундо" мыйзамын акыркы редакциясына ылайык ротация кылуу жолу менен Каржы эконом. болумунун (КЭБ) башчысын орду менен бухгалтердин ордун алмаштыруу жолун билейин дедик эле.

Ответ:

Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнундө" мыйзамынын 22 беренесинде "Муниципалдык кызматчыларды ички жана ведомство аралык ротациялоо төрт жылдан ашырбастан бир жолу жүргүзүлөт (ушул мөөнөткө жакшы көңүл бургула). Эгерде түзүлгөн жагдай ушундай чараларды көрүүнү талап кылса, муниципалдык кызматка олуттуу зыян келтирбөө үчүн муниципалдык кызматчы башка ишке, башка жерге, башка муниципалдык органга ротациянын мөөнөтү келгенге чейин бирдей эле же ошого теңдеш кызмат ордуна которулушу мүмкүн (сиз сураган эки кызмат оруну бирдей эмес ошондуктан ротация болуга мүмкүн эмес)." Финансы экономикалык бөлүмдун башчысын жумуш ордуна кою "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндөгү" мыйзамдын 15 беренеси менен аныкталат.

Аза     [20 Января 2014]

Подскажите пожалуйста! в каком нормативном акте можно найти то что одно партийцы должны голосовать одинакова.

Ответ:

Аза здравствуйте. А нормативных правовых актах республиканского и местного значения такой нормы нет, но она может быть заложена во внутренних документах партий. Даже в Уставах партий такое не напишут, потому что ни одна партия не получит пополнение своих рядов с такими условиями, но в регламенте они могут прописать такое и указать что принимаемые решения должны быть едины и т.д. Ищите в регламенте своей партии такие нормы.