Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Елена     [2 Апреля 2019]

Добрый день. В течении 20 лет не ремонтировались участки улиц Мичурина и Строительной от ул. Белинского до ул.Крупской в с.Ново-Покровка длиной 500 м за недостатком средств. Однако участки улиц с.Ново-Покровка, на которых имеют удовольствие жить депутаты вышеозначенного айыл окмоту, ремонтируются регулярно. В частности, на днях отремонтирован участок улицы Строительной от ул.Ленина до ул. Крупской длиной 1 км, точно до дома депутата Новопокровского айыл окмоту Павла Гаука, далее выделенные на ремонт средства закончились. Куда обратиться с перетензией???

Ответ:

Уважаемая Елена, С данным вопросом вы можете обратиться к тем же депутатам, которых вы избирали, а так же в айыл окмоту где должен быть план по ремонту улиц вашего села. Вы можете собрать сход жителей вашей улицы и пригласить на него главу айыл окмоту и предъявить ему требования. На сходе вы должны составить протокол собрания жителей и прописать ваши требования. Также пригласите своих депутатов, которых вы избирали на своем участке и пусть они отчитаются о своей проделанной работе перед избирателями. Депутаты подотчетны своим избирателям. Давайте им побольше наказов чтобы они работали на вас.

Динара     [29 Марта 2019]

Биз райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин методисттерибиз. Биздин суроо:1. Методисттерге компьютерде иштегендиги үчүн кошумча төлөм төлөнөбү? 2. Мугалимдерге квартал сайын төлөнүүчү стимфонд методисттерге да төлөнөбү?

Ответ:

Урматтуу Динара айым! Сурооңорго рахмат. Сиздин сурооңорго жооп төмөнкүдөй: Методисттерге компьютерде иштегендиги үчүн кошумча төлөм төлөнөбөйт, стимфонд боюнча бир гана Жалпы окуу жана Башталгыч Профессионалдык окуу адистерине төлөнөт.

jeek_fin@mail.ru     [26 Марта 2019]

Жээкский айыл окмоту просит дать Вас разъяснение по поводу:\nБыл спроектирован сметный расчет на бурение новой скважины для питьевой воды на сумму 2 400 000 сомов, так как, айыл окмоту не может позволить построить новый водосборный пункт из за не достатка бюджета , мы привлекаем спонсоров. На данном этапе у нас есть спонсор , который готов финансировать на сумму 2 000 000 , при этом вклад айыл окмоту составит 400 000 сомов, но спонсор ставит условие что желает работать со своим подрядчиком. Просим Вас разъяснить каким путем произвести вклад 400 000 сомов, так как, на данном условии спонсора мы не сможем произвести конкурс на официальном сайте Государственных закупок.

Ответ:

Здравствуйте! По Вашему вопросу мы долго ждали ответа от экспертов по Гос Закупкам, получили такой ответ. Согласно закону КР от 3 апреля 2015 года №72 в статье 6 пункт 1 "Конфликт интересов" на условиях спонсора вы не сможем произвести конкурс на сайте Государственных закупок, так как это условия противоречит принципу "публичности, открытости, законности и беспристрастности в отношении поставщиков (подрядчиков)".

Шумкарбек     [20 Марта 2019]

Жайыттарда бак тигүү үчүн скважин казса болобу. Жашыл китеп алуу мүмкүнчүлүгү канчалык азыркы учурда бар.

Ответ:

Урматуу Шумкарбек. Жайыттарда бак тигүүго мыйзам жол бербейт. Жашыл китеп алуу мүмкүнчүлүгү жок, пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 3-1-беренесинде жайыттарды пайдалануу жонундо так жазылган: 1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу планына ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. 3. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Жайыттар Кыргыз Республикасынын менчигинде гана турат. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.

Кыдырбек     [19 Марта 2019]

Бала бакчалардын кызматкерлери билимин жогорлатууга барганда командировкалык чыгымдарын айыл окмот толоп бериби. Айлык акыларын билим беруудон алышат.

Ответ:

Урматтуу Кыдырбек мырза. Бала бакчалардын кызматкерлери билимин жогорлатууга барганда командировкалык чыгымдарын билим беруу башкармалыгы каржылайт. Бала бакчалардын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлерге кирбейт жана силердин штатынарда жок. Ошондуктан сиз аларды каржылай албайсынар.

Кыдырбек     [19 Марта 2019]

Рахмат бирок менин мурунку иштеген кундорум эмне болот! Салык кызматкер болуп иштеп келгемда узгултуксуз анан кантчы болдум Салыкта 9ай катчы 2 ай иштедим чыга беремби?

Ответ:

Урматтуу Кыдырбек! Сиз биздин сайттын интернет кабылдамасына келген мурдагы суроолор менен таанышып чыксаңыз, Кадырбек деген окурмандын ушундай маанидеги суроосуна жооп берилген болуучу. Анда КР Эмгек кодексинин 126-беренесиндеги эмгек өргүүлөрү жөнүндөгү нормалар келтирилген. Албетте, Сиз буга чейин эле ошол мекемеде үзгүлтүксүз иштеп келе жаткандыктан айыл өкмөттүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек өргүүсүнө чыгуу тууралуу графигине ылайык ( эмгектентенип баштаганыңызга 9 ай өткөндөн кийин) чыга аласыз. Жооптуу катчы эмгек жамааты менен кеңешип туруп, эмгек өргүүсүнө чыгуу графигин түзүп чыгып, айыл өкмөт башчысына бекитүү абзел.

Мукаш     [16 Марта 2019]

Саламаисыздарбы! Менин суроом боюнча маалымат алайын дедим эле, биздин айыл окмоттун кызматкерлерине 2018-жылдын жыйынтыгынын негизинде кенештин чечими менен сый акы толонуп берилген, бирок айрым кызматкерлерибизге сый акы болунбогон, себеби кээ бир кызматкер иштегенине 5-6 ай болду деп, бир кызматкер 8 жыл 10 иштеп ишинен бошоп кайра жаны жылда ишке кирген, ошолорго сый акы чыгарышпаган, мыйзамдын негизинде ошондой кылгандары туура болобу жана сый акы алышса, кайсы мыйзмдын негизинде алышты. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Мукаш мырза. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОнун 4 беренин « Критерийлер, ишти баалоонун натыйжаларын өзгөртүү системасы жана чечмелөө» негизинде 4.5.пункту жылдын жыйынтыгы боюнча кызматчы "Эң жакшы" деген баа алган учурда ишти баалоо боюнча комиссия эмгек акы тарамындагы кезектеги кадамды ыйгаруу жөнүндө сунушту киргизет. Жылдын жыйынтыгы боюнча кызматчы "Жакшы" деген баа алган учурда ишти баалоо боюнча комиссия кызматчыны сыйлоо жөнүндө сунушту киргизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 токтому менен бекитилген.

Бакай     [14 Марта 2019]

Здравствуйте, когда гос. служащий уходит в трудовой отпуск, но организация просит выйти по производственной необходимости, могу я по требовать оплатить за отработанные дни, так как они произвели отзыв по производственной необходимости организации. Если ли в трудовом кодексе об отзыве сотруднике гос.службе.

Ответ:

Уважаемый Бакай. Ваш вопрос регулируется трудовым кодексом. Статья 116. "Ежегодные оплачиваемые отпуска" Работникам предоставляются ежегодные отпуска с сохранением места работы (должности) и среднего заработка. Статья 117. "Продолжительность ежегодного основного оплачиваемого отпуска" Ежегодный основной оплачиваемый отпуск предоставляется работникам продолжительностью 28 календарных дней. Статья 130. "Разделение ежегодного оплачиваемого отпуска на части" Отзыв из отпуска по соглашению между работником и работодателем ежегодный оплачиваемый отпуск может быть разделен на части. При этом продолжительность первой части должна быть не менее 14 календарных дней. Отзыв работника из отпуска допускается только с его согласия. Неиспользованная в связи с этим часть отпуска должна быть предоставлена по выбору работника в удобное для него время в течение текущего рабочего года или присоединена к отпуску за следующий рабочий год. Не допускается отзыв из отпуска работников в возрасте до 18 лет, беременных женщин и работников, занятых на работах с вредными и (или) опасными условиями труда. Статья 131. "Замена ежегодного оплачиваемого отпуска денежной компенсацией" Часть отпуска, превышающая 14 календарных дней, по письменному заявлению работника может быть заменена денежной компенсацией. Замена ежегодного основного оплачиваемого отпуска денежной компенсацией не допускается в отношении работников в возрасте до 18 лет, а также работников, занятых на тяжелых работах и работах с вредными и (или) опасными условиями труда.

Алмаз     [13 Марта 2019]

Саламатсыздарбы! Эгер айыл окмоттун алты айлык отчету жана жылдык отчету канатандырарлык эмес деп табылса, жергиликтуу кенеш кандай чаара коро алат? КР жергиликтуу оз алдынча башкаруу мыйзамынын 49 беренесинин 7 пунктун 2 подпунктуна тайанып депутаттардын копчулук добушу менен жумуштан алса болобу?

Ответ:

Урматтуу Алмаз! Айыл окмоттун алты айлык отчету жана жылдык отчету канатандырарлык эмес деп табылса, КР жергиликтуу оз алдынча башкаруу мыйзамынын 49 беренесинин 7 пунктун 9 подпунктуна тайанып депутаттардын копчулук добушу менен жумуштан алса болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби 7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн: 9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда, деп жазылган. Бирок, бирөнү жумуштан алуу эң оңой, жумушка алып келип, кайра кетиргенди оюнчук көрбөгүлө. Эмне иш кылабыз дегенди жакшы пландаштырып, көмөк көрсөткүлө. Айыл өкмөтү иштей албай жатса, анда жергиликтүү кеңештин атына дагы залакасы тиет, анткени ал адамды жумушка алып келген жергиликтүү депутаттар.

айыл башчы     [12 Марта 2019]

Саламатсыздарбы. Ар кандай Суроолорго жооп издеп жооп берип жаткандарыныздарга мин мертебе ыраазымын.Бар болунуздар Менде да бир суроо;Рай админ. тарабынан 1995 -жылдары дыйкан чарбаларга улуш жер жана жайыттан оз эсебиген оздоштурууго баланча жер моонотсуз берилсин деген гос акт азыркы учурда мыйзамга жооп береби? Себеби улуш жер алынды бирок жайыт жер иштетилбей жатат. Мамлекеттин муктаждыктары учун деп ошол жерден жолдорго топурак, кум тошолот деп А\О алалы десе, менчигим деп бербей жатат. Ал жер жайыт жер болуп саналат. Мунун мыйзамдуулугу кандай болот. Азыркы кунго чейин эч кандай оздоштургон жок. Кандай жолдор менен кандай документтерди даярдасак болот. Алдын ала чон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Айыл башчы! Сиз сурооңузга жоопту кийинку мыйзамдардан табып, окууп алсаңар болот. КР Жайыттар жөнүндө мыйзамынын 2009-жылдын 26-январы № 30, 3-берене. Жайытка болгон менчик укугу жана анын чектерин аныктоо; 12-берене. Ижаралоо укугун жайыт белетине алмаштыруунун тартиби; 15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу; 16-берене. Жайыттарды пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо; Жер кодексинин: 4-берене. Жерге менчик; 62-берене. Жер участогуна укукту токтотуу; Төмөндөгү учурларда жер участогуна укук токтотулат: 5) жер участогун пайдалануу мөөнөтү бүткөндө. В законе КР «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики» от 2 июня 1999 года № 46 в статье 7 определено; 1. Земельные участки сельскохозяйственного назначения, предоставленные физическим лицам и превышающие среднехозяйственную земельную долю, за которые не выплачены денежные компенсации до 1 января 2000 года в порядке, установленном Правительством Кыргызской Республики, а также земельные участки, предоставленные для организации миниферм, фермерских хозяйств, в том числе миниферм мясо-молочного направления, остаются во временном пользовании у физических лиц на срок, определенный при предоставлении. 2. В случае, если при предоставлении земельных участков сроки пользования не были определены, право пользования земельным участком считается предоставленным до 1 января 2000 года. Пастбища не предоставляются под освоения и ведения сельскохозяйственного производства