Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Назира Акталаа     [1 Марта 2017]

Кыргыз Республикасындагы жалпы эле уйунон тейлоочу социалдык кызматкерлер муниципалдык да, мамлекеттик да, же МОП кызматкерине кошулушпайт. Сурайын дегеним, уйунон тейлоочу соц.кызматкер айылдык кенештин депутаты болсо эмгек стажыга кошулабы?

Ответ:

Назира айым саламатсынарбы. Эгер уйунон тейлоочу соц.кызматкер айылдык кенештин депутаты болсо ага КР "Жергиликтуу кенештин депутатынын статусу жонундо" мыйзамы жайылат. Кыргызча тексти жок болгондуктан мыйзамдын узундусун орус тилинде илип коеюн. Статья 25. "Охрана трудовых и иных прав депутата" - ..... Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации".

Назира Акталаа     [1 Марта 2017]

Саламатсызбы! Сиздердин сайтка бугун биринчи жолу кирдим Коптогон суроолорго жооп алдым. Алдын ала сиздерге чон рахмат!!!

Ответ:

Назира айым саламатсынарбы. Сизге чон рахмат, башка кесиптештеринерге дагы биздин сайт жонундо маалыматты жайылтып койунузду суранабыз. Жалпы жергиликтуу оз алдынча органдардын кызматкерлери колдонуп, керегине жаратып алса, биздин иш боодо жерде калбайт, деп сыймыктанабыз.

Талант     [1 Марта 2017]

Саламатсынарбы, менин суроом томондогучо. Жаны шайланган айылдык кенештин бир эле депутатын кимдер бошото алат жана кайсыл берене менен толук жасып берсенер. Чоон рахмат.

Ответ:

Талант мырза саламатсынарбы! КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 24-беренесинде "Депутаттык мандат" сиздин суроонузга кийинкидей жооп табасыз: "2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн: 1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде; 2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда; 2-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; 3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо; 4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда); 5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда; 6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 7) катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаганда; 8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 9) кеңеш таркатылганда".

Актилек     [1 Марта 2017]

Саламатсынарбы. Айыл Окмот бюджетин канча кундо бекитиш керек, моноту барбы. 2суроо Айыл окмоту депутаттарга милдет жуктосо болобу же окмот аткаруучу болобу же. депутатар милдет жуктойбу окмотко

Ответ:

Актилек мырза саламатсынарбы. КР Бюджеттик кодексинин 95-берене "Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн тартиби" жана 102-берене "Жергиликтүү бюджеттерди кароо жана бекитүү" карап чыксанар, сиз берген суроого жооп табасыз. Ал жерде кийинкидей жазылган: "Жергиликтүү кеңештер кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун, бюджеттик комиссиялардын корутундуларын карайт жана жергиликтүү бюджеттерди төмөнкү параметрлерди: кирешелерди, чыгашаларды, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилүүчү теңдештирүүчү гранттардын өлчөмүн республикалык бюджетти бекиткенден кийин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө бекитет", деп. Керектуу мыйзамдарды биздин сайттын "Законодательство" деген разделинен таап алсанар болот.

Бакай     [28 Февраля 2017]

Рита эже, айыл окмотуно шайлоо болгонго чейин иштеп жаткан айыл окмоту кайрадан айыл окмот болуп шайланып, сразу отпуска алууга укукгу барбы?

Ответ:

Бакай мырза саламатсынарбы. Эмгек кодексине ылайык, мындай иш мыйзамдуу. Анткени КР ар бир жараны бир жылда эмгек оргого укукту. Демек сиз жазган маселе укуктун ченеминде.

Улан     [27 Февраля 2017]

Рита эже, айыл башчы боолу учун кандай билим керек. Жана шайлоо тартиби кандай?

Ответ:

Урматтуу Улан мырза! Айыл башчысынын кызмат орду муниципалдык кызматка кирет. Толук маалыматты КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 52-беренесинен ала аласыз. Айыл башчы айылдын тургундарынын чогулушунда алардын макулдугу менен айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындалат. Муниципалдык кызматкер болгондуктан мыйзамга ылайык тест тапшырып, андан кийин конкурстан өтүүсү абзел.

Талант     [26 Февраля 2017]

Салам. Айыл окмтундо тендерди депутатар оздору комиссия аркылуу откоро алабы, же окмотто иштегендер кана кошулабы? Негизи кимдер басымдуу болугун тузушу керек: депутатар же окмоттун кызматкерлериби? Рахмат алдын ала.

Ответ:

Урматтуу Талант мырза! Мыйзамдарда айылдык кеңештин депутаттарын сатып алуу (тендер өткөрүү) процессине тартуу жөнүндө талаптар каралган эмес. Бирок, айылдык кеңештин депутаты жергиликтүү бюджеттин каражаттарына товарларды жана жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процессине тендердик комиссиянын мүчөсү болуп катыша алат, анткени “ Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренеси айылдык кеңештин депутаттарынын сатып алуу жол-жоболоруна катышуусуна тыюу салбайт. Негизинен тендерди өткөрүү жергиликтүү бийликтин аткаруу органы- айыл өкмөттүн милдетине кирет. Айылдык кеңештин депутаттарынын тендердик комиссиялардын иштерине катышуулары айыл өкмөт менен айылдык кеңештин ортосундагы өнөктөштүктүктү жана бири-бирине болгон ишенүүчүлүк мамилени көрсөтөт, ошол эле мезгилде мындай эриш-аркак мамиле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун,тунуктугун жана тазалыгын камсыз кылат. Демек, айылдык кеңеш эч кандай комиссия түзбөйт, кайра айыл өкмөткө жардам берип тендердик комиссиянын ишине чоң пайда келтириши мүмкүн.

Адилет     [24 Февраля 2017]

Саламатсызбы? Мен ОАО Кыргызалтында 4 жыл экономист болуп эмегектендим. Андан сон ОсОО до 1 жыл экономика отделдин башчысы болуп эмгектенем, мен озумду айыл окмотунун башчысына талапкерлике кое аламбы? Чоон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Адилет мырза! Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкер КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48-беренесине ылайык Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Демек, сиздер “Кыргызалтын” ААК иштеген мезгилиңер мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирбейт, ошондуктан сиздер айыл өкмөт башчысына өз талапкерлериңерди кое албайсыңар.

Болотбек     [24 Февраля 2017]

Саламатсызбы? ОАО Кыргызалтында иштеген адам Айыл окмотунун башчысы талапкер болот алабы

Ответ:

Урматтуу Болотбек мырза! Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкер КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48-беренесине ылайык Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Демек, сиздер “Кыргызалтын” ААК иштеген мезгилиңер мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирбейт, ошондуктан сиздер айыл өкмөт башчысына өз талапкерлериңерди кое албайсыңар.

Суйунбек     [22 Февраля 2017]

Саламатсызбы? Мумкун болсо суроо берейин дегем. Айылдык Кенеш тораганын фонддун тузо алабы? Депуттаттарга баскан турганына жолго кыскача озунчо ГСМге акча каражат карай алабы?

Ответ:

Суйунбек мырза саламатсынарбы. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин "Жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонду" аттуу 24-беренесинде резервдик фонд кайсы убакта жана канча коломдо калыптанарын белгиленген. Бирок, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан колдонулат. Жергиликтуу кенештин депутаттарынын иш алкагындагы чыгашаларды жергиликтуу бюджеттин эсебинен каржыланса болот, кандай бир айыл окмоттун иш чарасына байлап. Негизи жергиликтуу кенештин депутаттары сессияга келип ишин бекер (айлык жок) алып барыш керек.