Чаек [4 Апреля 2018]
Айылдык кенештин торагасын шайлаш учун кворум керекпи? Керек болсо 21 депутаттын канчоосу катышса кворум болот?
Ответ:
Урматтуу Чаектик окурман. Кворум - жетиштүү деңгээлде катышуу дегенди билдирет. Анын кийинки түрлөрү бар: жалпы курамдын жарымынан көбү (51%) же үчтөн экиден ашыгы (2/3) катышса жыйналыш тигил же бул маселени караганга укуктуу болот. Эгер айылдык кеңеш 21 депутаттан турса, 51 % - 11 депутат, 2/3 14 депутат болот. Жаңы мыйзамга ылайык, айыл кеңештин төрагасы жалпы жергиликтүү кеңештин курамынан көпчүлүгу катышса, ошол жыйын мыйзамдуу болот. Ошондо 11 депутат катышып берсе кворум бар деп шайласа болот.
Илхам [4 Апреля 2018]
Саламатсыздарбы, азыркы учурда жер айыл окмотун муниципалдык менчикке ээ, айылдык кеңеш колдоп, ал обьектти тигуу цехин ачуу жолу менен ижарага 5 жылга берди. 1. Кандайдыр себептер менен акча каражат болбой жатканына байланыштуу, тигуу цехин курулуштарын баштаган жокмун. Жарым жыл оту, мен ал учун налог толоймунбу же жокпу? 2. Ал жерди кыз келиндерди жалдап жумуш менен камсыз кылуу максатында ошол жерди тигуу цехин курулуштарды оз каражатым менен баштап, кийин ошончо акча сарптаган сон кандайдыр себептер менен айыл окмот жерди кайтарып алса, кеткен каражаттарды ким толоп берет. 3. Жогорудагы тигуу цехин не ажыратылып берген муниципалдык жерди кантип туздон-туз сатып алуу жолун аткарып алсам болобу? Сиздерден суранамын, жогорудагы аталган суроолорго мыйзамда корсотулгон беренелер менен тагырак жооп берип койсонуздар (e-mail: site8588@gmail.com)
Ответ:
Урматтуу Илхам мырза. Биринчиден, бир нерсе куруу үчүн жерди сатып алуу керек, а 5 жылга ижарага алып курган бул би четинен мамлекетке чыккынчылык кылуу, экинчиден өзүңөргө туруксуздук жаратасыз. 5 жылдан кийин жергиликтүү бийлик ижара акыны көбөйтүп койсо чатак чыгат. 1. Сурооңузда кайсы салыкты сурап жатканыңыз белгиленбей калыптыр. Жер салыгын, алган күндөн баштап төлөйсүз, иштетсеңер дагы, иштебей турса дагы төлөгөнгө милдеттүүсүңөр. Калгпн салыктарды жумушуңар башталганда төлөйсүңөр. 2. Сиздин чыгымдарды эч ким төлөп бербейт, ошондуктан биринчи каадамды туура жасаңыз. 3. Жерди мыйзамдуу сатып алуу үчүн а/о аны сатууга коюп, конкурс өткөрүп ошол жерден утуп чыгышыңыз керек. Башка мыйзамдуу жолу жок. Түздөн түз сизге сатып койса, кийин а/о башчысына кылмыш иш козголот.
Сейит [4 Апреля 2018]
Саламатсыздарбы буга чейин сиздерден жардам сурап кайрылганмын, сиздерден жооп келип соттун чечимин корбой эчкандай жооп бере албайбыз деп жазганынарга байланыштуу сиздерге соттун чечимин жонотуну чечтим ал учун мага e-mail почтанарды берсениздер ошол почтага жонотом.
Ответ:
Урматтуу сайттын колдонучулары. Ушул сайттын "контакты" деген бөлүмүндө биздин телефондор жана электрондук даректер жазылган. Ошол жерге жибергиле. Чоң рахмат!
Аксы [3 Апреля 2018]
Менде Өзбекстандан ишчилер бар. 2 ай учотко койдум. башка документ керекпи же кимге кайрылсам документке?
Ответ:
Урматтуу Аксылык мекендеш. 2 айга учетко коюп, башка өлкөнүн жаранын иштетүгө болбойт. КР Өкмөтү токтом чыгарган, жобо бекиткен. Чет олконүн жараны эмгек виза алып эле иштесе болот. ЕАЭСтин ичине кирген мамлекеттерге жеңилдиктер бар, бирок Өзбекистан ал бирикмеге кирген эмес. Сиздер расмий мамлекеттик миграциялык кызматка кайрылсаңар баарын айтып беришет.
Талант [1 Апреля 2018]
Салам. Суроом: бизде озбек тандап адамда иштеген и чыгып жатат 2 айга уйго учотко койдум менин уйумдо стройка кылмай болобу же кандай документ толтурам, Бишкектен рук сат ал дейт ош жалалабатан алса болобу озбек стандарт иштеген и кандай документ кетер ин билип бергиле
Ответ:
Урматтуу Талант мырза. 2 айга учетко коюп, башка өлкөнүн жаранын иштетүгө болбойт. КР Өкмөтү токтом чыгарган, жобо бекиткен. Чет олконүн жараны эмгек W1 деген виза алып эле иштесе болот. ЕАЭСтин ичине кирген мамлекеттерге жеңилдиктер бар, бирок Өзбекистан ал бирикмеге кирген эмес. Сиздер расмий мамлекеттик миграциялык кызматка кайрылсаңар баарын айтып беришет.
Tolik [28 Марта 2018]
Салам. Ийгилик ишинерге. Суроом А/О сесияда каралбаган иштерди тендирге берип жатат кандайча токтотсок болот.
Ответ:
Урматтуу Толик мырза. КР "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" 12-берене. "Сатып алууларды пландаштыруу" п 4. Мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт. А жылдык сатып алуу планын жергиликтүү кеңеш бекитет. Сиздердин депутаттар бекитип берген нерсени кана сатып алышы керек. Планга өзгөртүлөрдү киргизсе дагы, аны жергиликтүү кеңеш сессияда карап бекитет.
Универсал [27 Марта 2018]
саламатсыздарбы.суроо расширению деген он гектар жер бар.уй салам дегендер жаштар кобойду бирок айыл окмот жер адистер жогору жактан уруксат келе элек деп жатат.жаз келди эл уй салыш керек шаардын четиндегидей эле басып алып сала берсе не болот куто бербей барыбир берет да ощончо элди соттоп ийбейт да
Ответ:
Урматтуу Универсал! Сиздин сурооңузга мындай жооп берели: калк жашаган пункттарды кеңейтүү ( расширение) максатындагы 10 га жер аянты сиздердин айыл аймактагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерине кирет. АЖМФнын жерлерин мамлекет тарабынан айыл өкмөттөргө пайдаланууга гана берилген. АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планы болуусу керек, ал документте канча жана кайсы жерди аукцион, конкурс аркылуу кандай мөөнөткө берилүүсү көрсөтүлөт, ал келечек планды айыл өкмөтү даярдап, айыл кеңеш бекитип берет. Калк жашаган пункттарды кеңейтүүгө ( расширение) каралган жер аянты да трансформация болгончо ижарага берилип турат. Айыл өкмөт менен айыл кеңеш трансформация маселесине байланышкан иштерди жүргүзүп, алгач районго кайрылуу жөнөтөт. КР Өкмөтү тарабынан трансформация тууралуу токтом чыккандан кийин айыл өкмөтү ал жер аянтына топо сьемка, так пландоо долбоору (план детальной планировки) иштерин жасашы керек. Ошол эле мезгилде айыл өкмөт турак-жай үчүн жер участкаларын алуучу жарандардын арыздарын тактап иликтей турган комиссияны түзүп, тизмени айылдык кеңештин сессиясы аркылуу бекитүү иштерин жүргүзүшү абзел. Урматтуу Универсал, мүмкүн айыл өкмөтүңөр бул мезгилге чейин тийиштүү кайрылууларды жогорку органдарга жөнөтүп, алардан жообун күтүп жаткандыр, эгер жок болсо ал маселени карап чыгуу маселесин демилге кылып көтөрүп чыгыңыз, ал Сиздин жарандык атуулдук демилгеңиз болсун. Жерди басып алып каалагандай иш кылабыз дегениңиз, бул чагымчылык, жакшылыкка алып келбеген туура эмес тандалган жол. Жөнөкөй карапайым жарандар мыйзамсыз жер алып соттолуп кетпесин.
асан [27 Марта 2018]
салам.бизде СПА АВП бар иштейт.жылыга акчасын сугат сууга кобойтуп эле берет.эч арык каналдарды ондобойт.бирдеме болсо эле эл акча бербейт .налог соц фонд тогуп жатам эле дейт.негизи уставында жазылуу болобу арык каналдарды ондойм деп уставын да корсотпйт .1000 га бар,сому150 гектарына биз налог соц фондуга канча тогот билбейбиз.кайсы органдарга кайрылсак болот текшерткенге
Ответ:
Урматтуу Асан! Сиздердин айылдагы түзүлгөн АВП сугат суу маселеси боюнча иш алып барат, алардын сугат сууга болгон баасын айылдык кеңеш жыл сайын сессияда бекитип берет. Ал ишкана катары мыйзамдагы бардык тийиштүү салыктарды, социалдык камсыздандыруу взносторун төлөйт. Ал эми АВПнын уставы эч кандай жашыруун документке кирбейт, аны менен бардык суу колдонуучулар таанышууга укуктары бар. Айылдык кеңештин сессиясында бул ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маселени карап, анда отчетун укса болот.
Николай [23 Марта 2018]
Здравствуйте! Как вы знаете, депутатами муниципального собрания может стать член местного сообщества достигший 21-летнего возраста. Из-за этой нормы уровень депутатов сегодня очень низкий! Не пора ли инициировать вопрос усиления требований к кандидату в депутаты!?
Ответ:
Уважаемый Николай, понимаем Вашу озабоченность качественным составом представительской ветви власти. Но когда мы поднимали этот вопрос, выяснилось что даже к депутатам Жогорку кенеша нет требований обязательно высшего образования или опыта. Если к высшей представительской власти нет жестких требований, мы не можем установить высокую планку требований для депутатов местного кенеша. Вся надежда на выбор избирателей.
Кундуз [23 Марта 2018]
Саламатсызбы! Мен жаңы жумушка киргем. Мен дыйкан чарбанын мүчөөсүмүн соц фондко налог тогүп жүргөнбүз. Буга чейин эч жерде иштеген эмесмин. Дыйкан чарбаны стаж кылып трудовой книжкага жаздырса болобу?
Ответ:
Урматтуу Кундуз айым. Сиз айыл өкмөткө келгиче өзүңүздүн дыйкан чарбадагы иштеген мезгилиңиз эмгек стажына кирбей калат. Себеби, дыйкан чарбада сиздер эмгек акы алып, андан мыйзамда көргөзүлгөн киреше (подоходный налог) салыгын жана камсыздандыруу взносун төлөө жүргүзүлсө, эмгек стажы катары кароого болмок. Аймактарда жашаган көпчүлүк жарандарыбыз ушул үлүш жерине төлөгөн жер салыгы менен социалдык фондго төлөнгөн камсыздандыруу взностторун жаңылып, эмгек стажы катары эсептеп жүрүшөт. Бул төлөмдөрдүн эмгек стажына тиешеси жок, бар болгону социалдык фонддон пенсияга чыгуу учурунда эсепке алынат.