Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Жоке     [17 Февраля 2021]

Кезексиз турак уй курганы кантип жер берсе болот. Кенеш чечими менен кандай жарандарга уй курганы жер берсе болот. Ошондой мыйзам барбы бар болсо айтып коесуздарбы?! Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Жоке! Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 33-беренеси: «Кыргыз Республикасынын жарандарына жер участокторун акысыз берүүнүн тартиби» деп аталып, бул берененин 2-пунктунда «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогун акысыз берүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жер участогун берүү кезектүүлүк тартибинде берилет» деп көрсөтүлгөн. Ушул эле кодекстин 18-беренесинин 3-4-пунктунда айылдык кеңештин бул маселе боюнча компетенциясы жазылган. Ошондуктан бардык аракетиңер мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнү жакшы болот.

Айылдык депутат     [16 Февраля 2021]

Саламатсыздарбы, менин суроом төмөндөгүчө: алты жылдык мугалимдик стажы бар, төрт жыл айылдык кеңештин депутаты болуп иштеген, жогорку билимдүү, 27 жаштагы адам айыл өкмөтү башчылыгына кандидатурасын койсо болобу?

Ответ:

Урматтуу айылдык депутат! Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык төмөнкү талапка жооп бергендер айыл өкмөт башчысы боло алат: “жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес” (48-берене). Ал эми Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндөгү” мыйзамынын 25-беренесине ылайык депутаттын жергиликтүү кеңештеги иштегени ( 4 жылдык депутаттык мөөнөтү) муниципалдык кызматтагы иш стажы болуп эсептелгендиктен, сиз атаган жаран айыл өкмөт башчылыгына кандидатурасын кое алат.

Жоке     [12 Февраля 2021]

Саламатсызбы. Cуроо төмөмндөгүчө. Жайыт жер аятына мурун курулуш курулуп калган экен, ошол жайыт жер аянтына курулушка документи жок. Бирок жайыт пайдаланган жаран ал курулушка мал багат жана ошол үйдө жашайт. Ошондо курулган курулуш мыйзамдуубу же жайыт комитети тарабынан буздуруш керекпи? Мурдатан турган курулуш бойдон кала берсе мыйзам бузуу болбойбу?

Ответ:

Урматтуу Жоке, жайыт жер аянтына мурун курулуш курулуп калган болсо, жаран ал курулушка мал багса жана ошол үйдө жашаса сот аркылуу мыйзамдаштырып алса болот. Илгерки, улушкөө тийген сарайлардын көбунун документтери жок, бирок сотко кайрылып мыйзамдаштырып алса болот.

Ирина     [11 Февраля 2021]

Правильно ли применять положение номер 22 от 23.01.2008 года с соответствующими поправками к начислению заработной платы работникам МОП сельских клубов?

Ответ:

Уважаемая Ирина, работники сельских клубов не относятся к работникам, занятых обслуживанием государственных органов и органов местного самоуправления. Условия оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации регулируются постановлением Правительства Кыргызской Республики от 27 августа 2019 года № 429.

Ирина     [11 Февраля 2021]

Сколько положено главе айыл окмоту дней отпускных 28 или 30?

Ответ:

Здравствуйте уважаемая Ирина. Согласно Закона КР "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" Статья 38. Отпуск государственного гражданского служащего и муниципального служащего, говорится: 1. Служащему предоставляется ежегодный оплачиваемый отпуск продолжительностью 30 календарных дней с выплатой пособия для оздоровления в установленном законодательством порядке. 2. При стаже работы на государственной и муниципальной службе по совокупности более 5, 10, 15 и 20 лет оплачиваемый отпуск увеличивается соответственно на 2, 4, 6 и 8 календарных дней.

Алмаз     [9 Февраля 2021]

Саламатсызбы, менин суроом төмөндөгучө, менин атама 6.44га жер бөлунгөн, бирок апам 1.84га жерди жараксыз деп айыл өкмотунө арыз жазган, бирок эжем менен карындашымдын улуш жери болчу. Ал жерди ушул айылдын тургуну өздөштуругө алып, мөнөтуу өтуп кеткен, 16 жылдан бери жөнэле колдонуп келген. Мен айыл өкмөтунө кайрылганда билип отурат мен ал жерди кайра ала аламбы, тиги киши бергиси келбей жатат, кимге кайрылам?

Ответ:

Урматтуу Алмаз! Биринчиден, колуңуздагы жер участогуна (үлүшүнө) жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктү караңыз, анда сиздин үй-бүлөгө тийиштүү жердин аянты, планы жана идентификациялык номеринен бери так жана даана көрсөтүлгөн, экинчиден ошол жер аянтынын көлөмүнө жараша жыл сайын жер салыгын жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүп жүрөсүздөр. Эгерде жер үлүшү берилгенден кийин ал жерге башка чечимдер чыккан болсо (мисалы жер аянтын өзгөртүү боюнча), анда күбөлүктү кайра жаңыртып алууга туура келмек. Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып жер үлүштүн аянтын тактап алышыңыз керек.

Жигит     [9 Февраля 2021]

1-суроом. Менин улуштук жеримден кичине ашыкча жер бар эле, ошону кандай кылып озумо документ кылдырып алсам болот? 2-суроом. Айыл окмоту жайыт эсебинде турган жерди айыл чарбасына ынгайсыз деп 7 жылга оздоштурууго берилип кеткен, ал эми кандай болот? 3-суроом. Жайыт жери канча жылга берилет жана жайыт жерине контейнер койсо болобу ушул суроолорго жооп берип койосуздарбы.

Ответ:

Урматтуу Жигит! Сиздин үлүш жериңиздин такталган аянты жеке менчиктеги жериңизди көрсөткөн китепчеңизде көрсөтүлөт. Андан ашык болгон жерге ээлик кыла албайсыз. Ал ашыкча делген жер аянты боюнча айыл өкмөткө арыз менен кайрылып, ал жер кандай категориядагы жерге кире турганын, сатып алуу мүмкүнчүлүгүн тактап сураңыз, ижарага алуу болуп калышы мумкун.

Гулнура     [2 Февраля 2021]

Саламатсыздарбы! Сиздердин жардамыныздар бизге абдан керек болтат. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы стажына дыйкан чарба киреби? Биз Нарын районунан жазып жатабыз. Дыйкан чарба жалпы стажга кирбейт деп, кайрадан төлөгүлө деп жатышат, ушул боюнча кайсыл мыйзамдан карасак болот? Тез арада карап берип коесуздарбы.

Ответ:

Урматтуу Гулнура айым, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын (2016-жылдын 30-майы № 75) 14-беренесинде: Квалификациялык талаптар 2-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы, анын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү мөөнөттүү кызматтагы эмгек ишинин, мурдагы СССРдин партиялык, комсомолдук жана мамлекеттик органдарынын аппараттарындагы ишинин, ошондой эле убактылуу болбогон кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек ишинин убактысы кирет, деп жазылып турат. Дыйкан чарбада иштеген стаж - жалпы иш стажга, кийин пенсия алганга кирет, бирок жалпы муниципалдык кызматтагы стажына дыйкан чарба кирбейт. Жалпы муниципалдык стаж боюнча надбавкалар эсептелинип чыгат, ал жерге дыйкан чарбадагы стаж эсептелинбейт.

Чынгыз     [25 Января 2021]

Купил земельный участок 14 соток бывший полевой стан 2017 году красной книгой неделю назад пошел в госрегистр по другому вопросу и там мне говорят что на мой участок наложил арест судья после того как я купил участок через два месяца 2017году купил в августе наложил арест в октябре 3 года я не знал что делать у знал случайно

Ответ:

Уважаемый Чынгыз здравствуйте. Арест накладывается в связи с чем-то, это что-то должно быть связано с Вами. Если арест наложен в связи с деятельностью прежнего владельца, то это незаконно. Судьи должны брать актуальный статус на момент наложения ареста. Принесите документы по адресу город Бишкек, ул. Табышалиева 3 (это район Боконбаево Манаса) посмотрим документы и поможем решить вопрос.

Алмаз     [18 Января 2021]

Саламатсызбы 1996 жылы атама улуш жер 6.44 га болунуп берилген бирок белгисиз себеп менен Бир жаранга 1.84га жер.оздоштуруго берилип калган азыр ал жарандын документи монотуу отуп кетиптир мен ошол 1.84га жерди кайра кантип кайтара алам айыл окмотунон кайрылсам жашыл китепке 4.60га.деп менин наамыма чыгарып койуптур бирок токтомдо 6.44 га деп журот

Ответ:

Урматтуу Алмаз мырза! Жер талаш маселелер сот аркылуу чечилет. Документтеринерди көрмөюн так жооп берүү мүмкүн эмес. Эмне себептен 6, 44 га жер ушундай кичинекей, деп сизде суроо болгон эмес? Документтерди сүрөткө тартып 0554620484 whatsapp номерге жиберип койсоңуз, карап берели.