Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Толкунбек     [30 Июля 2018]

1. Айыл окмотко ишеним коргозбосок копчулук депутаттар иштен кетеби? \n2. Финансы жагын биз тактап текшергенге укугубуз барбы? (квитансиясыныа чейин сураганга)\n3. План чыкпай калса райондук ким куноолу болот? бирок район планга чыкты (салык/ налог)

Ответ:

Урматтуу Толкунбек! Айыл өкмөт башчысына айылдык кеңештин депутаттары ишеним көргөзбөй койгон учурда дароо эле депутаттардын таркап кетүүсү мыйзамда каралган эмес. Айылдык кеңештин депутаттары коомдук башталышта иш алып барышат, ошондуктан негизги иштеген иш орундарына эч кандай таасир этпейт. Айылдык кеңештин депутаттарынын аткаруу бийлигинин бухгалтердик документтерин текшерүүгө укуктары жок. Андай укук текшерүүчү органдарда гана бар. Бирок депутаттардын бюджеттик кирешелер менен чыгымдар менен тыгыз байланышкан социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын жана программаларынын аткарылышын көзөмөлдөөгө укуктары бар. Көзөмөл менен текшерүүнү бир түшүнүк катары кабыл албаңыз. Жергиликтүү салыктарды жыйноону жергиликтүү бийлик мыйзамдарда көргөзүлгөн нормаларга ылайык келишимдин негизинде райондук салык кызматынан өткөрүп алган учурда гана толук жоопкерчиликти ала алат. Эгерде алардын ортосунда келишим түзүлбөсө, анда пландын толтурулушуна биринчи кезекте салык кызматы жооп беришет.

ГражданинКР     [26 Июля 2018]

Салыкты жерге токтом чыкан кундон баштап тоготпу же жер берилген кундон тартып салык толонобу,,, (биринчи токтом чыкан, экинчи жер берилген) ошондо кайсы закондо кайсы статьяда белгиленген жооб берсениздер, алдын ала рахмат

Ответ:

Урматтуу КР атуулу! Жер участогун бөлүнүп берилген күндөн баштап салык төлөө милдети келип чыгат. Ыйгарым укуктуу орган (айыл өкмөтү /мэрия) чечимди чыгарууда жердин аянтын, чек арасын, колдонуу максатын көргөзүү менен жер участогун накталай бөлүп беришет, ошондуктан Салык кодексинин 56-беренесинде: “ Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөө каралган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып салык төлөөчүгө жүктөлөт” – деп көрсөтүлгөн. Ошого ылайык салыкты жер участогун бөлүнүп берилген күндөн баштап төлөй баштайсыз.

Израил     [23 Июля 2018]

Саламатсыздарбы Дүкөн салуу боюнча ауксион болуп токтом,ал токтомду мечитке деп өзгөртсөк болобу? кандай кылсак болот?

Ответ:

Урматтуу Израил! Аукцион аркылуу дүкөн куруу үчүн берилген жер участкасына дүкөн курулушу керек,бул анын максаттуу колдонуу багытына кирет. Эгерде ал жер участогун аукциондон жеке менчикке сатып алган болсоңуз, жердин колдонуу багытын өзгөртүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына арыз менен кайрыла аласыз, алар Сиздин арызды карап чыгып, айылдык калктуу конуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык мечитти курууга болор-болбосу тууралуу жообун берет.

айыл башчы     [21 Июля 2018]

Саламатсыздарбы .Суроо томондогудой Эстелик жана муниц.жерге госакт чийилген бар каттоодон кийинчереек откон ,ошол эле жердин бир-беш сотыхка чейинкисин кошуналар жеке тургун мурунураак чийдирип госактыларын алган . Чийдирип алган бир эки бурч жер Короче накладка да.Муну кимдер териштирет кимге кайрылабыз жол жоболору кандай .Госактын ким жокко чыгарат,чийген госрегистр же басып алган тургшундарбы же коруп билип жургон козомол жургузбогон айыл окмотубу же анын кызматкериби! Кандай жаза кутуп турат.рахмат.

Ответ:

Урматтуу Айыл башчы! Алгач кандай гана жеке же юридикалык тарап болбосун, баары өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугуна ээ болуу үчүн айыл өкмөткө чечим алууга кайрылышат. Чечимди алгандан кийин гана мамлекеттик акт алуу үчүн мамлекеттик каттоо кызматына барышат. Айыл өкмөтү бир жер участогуна эки чечим чыгара албайт, бул Сиз келтирген факт айыл өкмөттөгү кызматкерлердин кесиптик деңгээлинин кандай абалда экендигин көрсөтүп турат. Мамлекеттик каттоо кызматы да текшерип, тактап чыккандан кийин гана мамлекеттик акты бере алат. Урматтуу айыл башчы, чынында эле ушундай фактылар болсо, анда сот органдарына кайрылууга туура келет.

Улан     [21 Июля 2018]

Менде бир суроо бар: айыл тургунунун айыл ичиндеги турак жай салууга жери 2003-ж системалык каттоодон откон азырда каттодо турат, а бирок айыл окмот кызматкерлери ага жаны участокко токтом чыгарып арх. долбоорун уй курганга болуп берип салды,ал системныйда отуп турган жерин кошунасына сатып жиберген .мыйзамда кандай каралган ,ким жооптуу,кандай чара колдонсо болот. кимге кайрылыш керек.Ушундай учурлар коп эле катталса керек.Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Улан! Сиздин маалыматыңызга таянсак, бир адамга турак-жай куруу үчүн жер участогу 2 жолу берилген экен. Албетте, бул көрүнүш айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин ишке жоопкерчиликсиз мамилесин, кесиптик деңгээлин төмөндүгүн көргөзүп турат. Бул иш боюнча жоопкерчиликти жаңы турак-жай берүү боюнча чечимди даярдагандар, биринчи кезекте айыл өкмөттүн башчысы алат. Бул маселенин мыйзамдуу тарабы, бирок кандайдыр бир обьективдүү себептер чыгып, анын аркасынан 2 жолу берилип кетиши да мүмкүн. Түп нуска документтер менен таанышып чыкмайынча бир жактуу баа берүүгө болбойт.

Асан     [21 Июля 2018]

Саламатсыздарбы. Биздин айыл окмоттун бухгалтери жаны келген Айлыктарды туура эсептебей жатат .Билимге карап айлык чыгарат,высокогорье да бар ага канча % кошулат иш стажым 11 жыл клуб башчымын.С.Чокморов окуу жайы жана Токмоктогу китепкананын окуу жайын буткондор айлыкка жогорку билимдуу деп жазылабы.Мага окуу жайлар боюнча М; колледж,техникум ,бутпогон техникумду ,бутпогон институт универлер жана 9-класс билими жана 11-классты бутургондор окмотто иштешет,ошол билим жонундо маалымат берип койсонуздар.тарификацияда карасам кээ бироонуку жогорку деп журот.М..С.Чокморов окуу жайы жана Токмоктогу китепкананын окуу жайын бутургондор.Меники мурдагы техникумду буткон эмесмин,бутпогон атайын орто деп жазылабы же орто деп элеби? Мен бухгалтерге ишенбей коз карандысыздарга эсептетсем болобу.

Ответ:

Урматтуу Асан! Маданият кызматкерлеринин штаттык кызмат орундарын, эмгек акысын ж.б. маселелерин райондук маданият бөлүмү тастыктайт, айыл өкмөттүн бухгалтери бул ишке таасир эте албайт. Ошондуктан түшүнбөгөн суроолоруңуз боюнча райондук маданият бөлүмүнө кайрылганыңыз оң болот.

????     [17 Июля 2018]

Мен озум айыл окмотто иштейм да анан бироонун ордуна иштеп жатам. Ал кызматкер эмгек оргоосуно кеткен. Бирок жаны эле орношкон болчу. Негизи мыйзам б.ча жумушка жаны кирип, кайра эмгек оргоосуно чыкса болобу

Ответ:

Урматтуу ??? Эмгек кодексинин 126-беренесинде “ иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкерге өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн” деп көрсөтүлгөн.

Предриниматель     [17 Июля 2018]

Здравствуйте, я хочу открыть торговую точку вдоль дороги, на муниципальной территории, и я обращался с заявлением в айыл окмоту, где мне ответили что необходимо сформировать данный земельный участок. Кто должен формировать муниципальный земельный участок, и что необходимо от заявителя (т.е. меня), включая материальные расходы?

Ответ:

Уважаемый предприниматель! Муниципальный земельный участок должен формировать органы местного самоуправления. Для возникновения полноценного права на муниципальную собственность ОМСУ должны пройти ряд необходимых процедур, которые фактически закрепляет это право. Кроме оценки остаточной стоимости и постановки муниципальной собственности на баланс айыл окмоту, включения объектов в реестр, необходимо для окончательного закрепления прав на объекты муниципальной собственности провести государственную регистрации в органах государственной регистрации. Для эффективного управления муниципальной собственности айыльный кенеш своим постановлением устанавливает, на каких правах и через какие процедуры предоставлять в собственность или пользование, в аренду. После этого айыл окмоту приступает управлении и распоряжении муниципальной собственности, т.е. ведение всех отношений с пользователями муниципальной собственности в соответствии утвержденным постановлением местного кенеша. Н-р: сдача в аренду, предоставление в пользование по договору и т.д. Таким образом, ОМСУ может предоставлять только сформированное муниципальное имущество. Действия заявителя и связанные с ним расходы возникнут позже.

Бактыяр     [17 Июля 2018]

Добрый день, меня зовут Бактыяр, и у меня следующий вопрос. Согласно налогового законодательства КР вся сумма налога на основе добровольного и обязательного патента поступает в местный бюджет айылного аймака, но при этом сбором и контролем за поступлением занимаются органы налоговой службы района. Как всем известно, некоторые сотрудники налоговой службы занижают суммы налога посредством уменьшения налоговой базы, тем самым уменьшается сумма поступлений по данному налогу в бюджет. Исходя из вышеизложенного, можно ли органам МСУ самим производить сборы и контроль по данным видам налогов, а также их первоначальное предоставление (выдача патента)? Спасибо Вам заранее.

Ответ:

Урматтуу Бахтияр! Бул маселе боюнча биздин сайтта абдан эле көп айталып келе жатат, таанышуу үчүн сайттын “законодательство” бөлүмүндө КР Өкмөтүнүн 2016-жылы чыккан №202 токтому, ага байланыштуу жобосу, “аналитика” бөлүмүндө “ Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” келишими, ал эми ”жаңылыктар” бөлүмүнөн ар кыл макалаларды таап окуй аласыз.Бул укуктук мыйзамдык актылар Сиздердин айыл өкмөткө салыкты өзүлөрү жыйнап чогултууга толук мүмкүнчүлүк берет. Эгерде ушул маселелер боюнча кандайдыр бир деңгээлде укуктук жана практикалык жактан жардамга муктаждык жаралса, бизге кайрылып жардам ала алсаңар болот.

Талант     [17 Июля 2018]

Саламатсынарбы. А/О мунспалдык жерин арендага алып здания салса болобу мисалы 5-10га чейин

Ответ:

Урматтуу Талант! Айыл өкмөттүн балансында турган муниципалдык жер аянты айыл өкмөт тарабынан аукцион же конкурс жолу менен ижарага берилгендиктен, ал жерлерге жеңил типтеги конструкциядагы имараттарды салууга гана мыйзам жол берет. Капиталдык курулуштарды салууга болбойт, ал үчүн аукциондон ал жер аянттын жеке менчикке сатып алуу керек.