Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Эрмек     [10 Ноября 2019]

Илгерки бузук скважнанын жерин Айыл окмот скважна чыкан жерди окмотун жери дейт. А бирок ал жер Кызыл китеп менен агоротко берилген кеткен ошондо кимдики туура болот жеке ишкер скважнаны тазалап иштетем десе талаш

Ответ:

Урматтуу Эрмек мырза! Сиздин сурооңуз боюнча биз Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агентигине кайрылдык. Бул суроого жоопту бир гана Обласстык же райондук филиалдарына кайрылып, алардын комисиясы келип текшерүү жүргүзгөндөн кийин жооп бере алышат. ошол үчүн бардык керектүү документер менен сизге тийиштүү областык же райондук филиалына барып кайрылгыла.

Мирлан     [5 Ноября 2019]

Саламатсыздарбы менин суроом томондогучо: Айыл окмотко кызматтык машина алайын дегенбиз, жергиликтуу бюджеттен каражат каралды. 1 ) Кайсыл жылы чыгарылган жана кандай машина алсак болот ? 2) Эски кызматтык машинаны кандай кылып эсептен чыгарсак болот ?

Ответ:

Урамттуу Мирлан мырза! Эски кызматтык машинаны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо аркулуу эсептен чыгарылат. Жаны унаа алуу ыкмасы жана шарттары жонундо маалымат азырынча жок

Анара     [4 Ноября 2019]

Добрый день у меня такой вопрос. С какого момента депутатам городского кенеша будет зачитываться стаж как муниципальный служащий. Каким реестром регулируется. .

Ответ:

Уважаемая Анара, полномочия депутата начинаются со дня открытия первой сессии соответствующего кенеша и заканчиваются в день открытия первой сессии кенеша следующего созыва. Согласно Закона КР от 13 января 2000 года № 3  «О статусе депутатов местных кенешей» ст. 25. Охрана трудовых и иных прав депутата.  Депутат местного кенеша не может быть по инициативе администрации предприятия, учреждения, организации, независимо от форм собственности, уволен с работы (кроме случаев полной ликвидации предприятия, учреждения, организации), а также переведен в порядке дисциплинарного взыскания на нижеоплачиваемую работу (должность) без предварительного согласования с соответствующим местным кенешем, а в период между сессиями местного кенеша - с председателем местного кенеша и заключений мандатной комиссии, комиссии по вопросам депутатской деятельности и этики. Соответствующий местный кенеш обеспечивает трудоустройство депутата, который был избран на выборную должность в местном кенеше, после истечения его полномочий. Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации.

НУРБЕК     [31 Октября 2019]

АЙЫЛ ОКМОТУ 2004-ЖЫЛЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕРДИ САТЫП ЖИБЕРГЕН, ПРОКУРОРГО АРЫЗ БЕРСЕК МУРУНКУ АЙЫЛ ОКМОТТУ ЖООПКО ТАРТА АЛБАЙБЫЗ, СЕБЕБИ МООНОТУ 5 ЖЫЛДАН АШЫП КЕТИПТИР ДЕЙТ. 5 ЖЫЛДАН ОТСО ЖООПКО ТАРТЫЛУУДАН БОШОТУЛАБЫ? УШУГА ЖООП БЕРИП КРЙСОНУЗДАР.

Ответ:

Урматтуу Нурбек мырза. Ооба, КР Жазык кодесинде, 62 беренеде Жазык кугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчиликтен бошотуу каралган. Эгерде адам тарабынан кылмыш жасаган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин төмөнкүдөй мөөнөттөр өткөн болсо, ал сот тарабынан жазык жоопкерчилигинен бошотуулат: 3 жыл- анча оор эмес кылмышка; 7 жыл - оор кылмыш жасаган учурда; 10 жыл - озгөчө оор кылмыш самаган учурда. Сиздер прокуратурага кайрылсаңар, алар тарабынан бул граждандык иш алкагында сатып алуу келишим жокко чыгарса болот, бирок Айыл өкмөт көбүнчө жер бөлүп берүүгө токтом чыгарат (сиздин сатып жибериптир дегенге карата жазып жатам), а мамлекеттик же муниципалдык органдардын токтомун жокко чыгарууга 3 айлык эле мөөнөт берилген. Ошондуктан, ар бир айылда жердин, муниципалдык мүлктүн реестири болушун талап кылуу керек. Ошондой реестр болсо, ар бир жылда, кайсы мүлк менен кандай операциялар жасалганы ачык көрүнүп калат.

Жоке     [24 Октября 2019]

Саламатсыздарбы. Берилген суроолорума мумкун болсо жооп берип коесуздарбы.Абдан кутуп жатамын.Сайтка кундо кирип караймын.

Ответ:

Урматтуу Жоке мырза! Сиздин сурооңорго жооп азыр такталууда. Бүгүн жооп бергенге бардык аракет кылабыз.

Датка     [17 Октября 2019]

Мен айыл окмотунон муницпиалдык жеринен 49 жылга ижарага жер алайын дегем. Айыл окмотунун адистери Ош шаарынан Кыргызгипроземинен кортунду алып кел дейт. Мен Ошко барып кортунду алып айыл окмотуно барсам, кортунду да айыл чарбасына ынгайсыз деп жазыптыр, Кыргызгипроземдин адистери ошол кортундунун негизинде айыл окмот 571-токтомго таянып, токтом чыгарып берсе болобу? Ушул суроого жооп берип койосуздарбы.

Ответ:

Урматтуу Датка. Айыл окмотунон муницпиалдык жеринен 49 жылга ижарага берсе болот. Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Типтүү жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Жер участокко менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.

Оморбек     [17 Октября 2019]

Биздин турак жайларыбыздын аркасында стратегиялык суу каналы откон, ал жер ар 5 жылда суу чарба башкармалыгы тарабынан тазаланып турат. Каналды тазалаган мезгилде каналдан чыккан баткак, топурактар огоротко чейин кирип келет. Бир канча жолу суу башкармалыгынын начальнигине кайрылганбыз, бирок биздин арызды карабай, тоготпостука салып келуудо. Бундай корунуш улана берсе 5-10 жылда каналдан чыккан ылайлар уйубузго чейин кирип келуу коркунучу бар. Ошого мыйзам барбы, аларга чара корууго?

Ответ:

Урматтуу Оморбек. Сиздин мүлкүңүзгө зыян келтирилсе, сиз сотко кайрылууга укугуңуз бар (Жарандык кодекстин 51 главасы жалаң ушул зыян келтирүү жана ошондон чыккан милдеттемелерге арналган). Бирок соттук териштирүү көп каражат, убакыт жана нервди талап кылат. Ошондуктан, сиз райондук башкармалыктан эч бир майнап чыгаралбай жатсаңыз, облустук башкармалыгына же түз эле КР Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине кайрылып, маселени чечсеңиз болот. Кийинки телефон менен чалыңыз (0312) 549095

Аташ     [15 Октября 2019]

Мен 7 жылга айыл чарбасына ынгайсыз жерден оздоштурууго алгамын, кийин ал жер менчике откондон кийин курулуш кылсам болобу же болбойбу, ушул суроого жооп берип койосуздарбы.

Ответ:

Урматуу Аташ, айыл чарба багытында ынгайсыз жерди өздөштүргөндөн кийин ал жер айыл чарба багытындагы жер участогу болуп эсептелет. Айыл чарба багытындагы жерлерди максаттуу пайдалануу боюнча Кыргыз Ресбуликасынын мыйзамынын 10-статья. Айыл чарба багытындагы жерлер айыл чарба өндүрүшү үчүн гана пайдаланылат. 11-статья. Эгерде айыл чарба багытындагы жер участогунун (жер үлүшүнүн) менчик ээси ал жерде ар кандай курулуш курса же аны айыл чарба максатында пайдаланбаса, анда мамлекет эскертүүдөн кийин бул жер участогун (жер үлүшүн) колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коет.

Гульжакан     [15 Октября 2019]

Жайыт жеринен Логистикалык борбор салууга жер тилкесин Жоопкерчилиги чектелген коом (ОсОО) сурап жатат. Бул маселени чечүүдө айыл окмоту кандай иштерди аткарышы керек? Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан, ал маселени айыл өкмөт чечип бере алабы?

Ответ:

Урматтуу Гульжакан айым, жоопкерчилиги чектелген коом бул маселе боюнча Раймамадминистрациясына кайрылышы керек. Жердин категориясын өзгөртүү бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укугу. Айыл өкмөту чечип бере албайт.

Сланбек     [15 Октября 2019]

Саламатсынарбы. Айыл окмоту тарабынан мурун кабыл алынган чечимдерди, токтомдорду айыл окмоту озгортууго же жокко чыгарууга укугу барбы? Кайсы мыйзамга таянсак болот?

Ответ:

Урматтуу Сланбек мырза. КР "Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамында (2009-жылдын 20-июлу № 241) 17-берене. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп табуунун тартиби  1. Эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаны редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат. Ченемдик укуктук актынын текстинин жаңы редакциясын баяндоодо ченемдик укуктук актынын аталышында; жаңы редакция; деген сөздөр колдонулбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу менен бир эле учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акты күчүн жоготту деп табылууга тийиш. Калган учурларда ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет. 2. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен ишке ашырылат. 3. Эгерде референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда башкача каралбаса, референдумдун натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат. Ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү жана (же) толуктоочу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт. 4. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш. 5. Күчүн жоготту деп табылууга - ченемдик укуктук акт, ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери жатат; алып салынууга сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр жатат. 6. Структуралык элементтерди күчүн жоготту деп табууда алардан кийинки структуралык элементтерди кайрадан саноо жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон структуралык элемент ошол структуралык элементке кийин өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсепке алынат. 7. Ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат. 8. Эгерде ченемдик укуктук актыда мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп тапкан башка ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготту деп табылса, мурункулардын күчү кайрадан жаңыртылбайт.