Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Самат     [28 Декабря 2018]

Саламатсыздарбы?!мен жашым 30 га чыгып калды,2 балам бар.Ата-энем,мен да айыл-окмотунон жеке менчик турак-жай салууга жер участогун алган эмеспиз!2014-жылы жерге керектуу документтерди айыл-окмотко таштаганмын,бугунку кунго чейин канчанчы кезекке келгенимди айтпай жатышат!жанды кейиткени ачык болбой жатат жер адисинин иши!Эмне кылышым керек?жардамыныздар керек,РАХМАТ

Ответ:

Урматтуу Самат! Сиз кат жүзүндө айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып, аны каттоодон өткөргөндөн кийин алар 14 күндүн ичинде жооп бериши абзел.

Улан     [25 Декабря 2018]

Саламатсызбы Самыйбек ава.Менде бир суроо; жер АМФЖ чабынды.суу баспайт.Жанында межхоз канал лотоктон суу агып отот. Ал жерди эч ким пайдаланбайт.Айылга инвестор келип коп жылдык осумдук (карагат) остуруп чектерин коруйм насос менен суу чыгарам деп жатат.Сураган жери 15га ,мооноту 49 жыл.Айылдан 4-5 адам жумуш менен камсыздалат.Айыл эли макул.Калган даярдалуучу тиешелуу кагаздарын тизмектеп берсениздер эн соонун болмок.Алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Улан! Силердин айыл өкмөттө АЖМФ жерлерин пайдалануунун 5 жылдык келечек планы болушу керек , ошол планга ылайык иш жүргүзүлөт. Эгерде АЖМФнын келечек планы жок болсо, келген инвестордун арызын алгач айыл өкмөттүн АЖМФ боюнча Жер комиссиясы карап чыгып, бул жер аянтын ижарага берүү шарттарын жана тартибин, анын ичинен төлөмдүн чегин аныктоо үчүн жергиликтүү кеңешке кайрылат. Айыл кеңеш бул маселени сессияда карап, токтом менен шарттарын ( аукцион, конкурс жана түз берүү жолу менен ) бекитип берет. Андан кийин айыл өкмөттүн АЖМФ боюнча Жер комиссиясы токтомду аткарууга киришет. Белгилей кетүүчү нерсе, Сиз атаган 15 га жер аянтын КР Жер кодексинин 7-беренесинин 4-пунктуна ылайык 20 жылдык мөөнөткө ижарага бере аласыңар, бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

айыл башчы     [25 Декабря 2018]

Саламатсыздарбы.Менин октябрдагы котельный тууралуу суроомо жооп бергениздерге чоон рахмат.Ошол эле маселени кенешке сунуштасам ал бул деп чогулбай жатат, карап королу ,канча толойт чечели деп эле убакыт созуп жатат. Элдин баары нааразы болуп жатат.Мун.менчикте тургандан кийин 20 жылдан ашуун пайдаланганы учун айыл окмотуно бюджетке Негизи кандайдыр бир акча каражатын толош керек да .Ал толончу акча каражатын кандай жолдор менен ондуро алабыз жана ичиндеги темир тезектерин сатып жибергени учун кандай жоопкерчилик тарттырабыз. Ушул маселени чечууго жардам бериниздер.

Ответ:

Урматуу Айыл башчы! Айыл өкмөтүнүн башчысы пайдалануудан калган от жагуучу жай боюнча маселени карап берүү үчүн айылдык кеңешке кайрылуусу керек, айыл кеңеш алгач туруктуу комиссияларында карап, андан кийин сессияда талкуулап, аталган объектини мындан ары кандай максатта колдонуу тууралуу токтом кабыл алып берет. Ал токтомдо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык айыл өкмөтү андан аркы жумуштарды жүргүзөт: мисалы, муниципалдык объект катары каттоодон өткөрөт, конкурс же аукцион аркылуу ижарага берет, келишим түзөт ж.б. Ал от жагуучу жайды колдонуп келген жаран менен колдонуу тууралуу келишим болсо гана төлөттүрүп ала аласыңар, эгерде келишим жок болсо кантип төлөмөк эле. Же сүйлөшүү жолу менен ал жаранды өз калоосу менен төлөп бериши мүмкүн.

Айша     [20 Декабря 2018]

Саламатсыздарбы. Сиздерге ишиниздерге ийгилик каалоо менен суроомо жооп берип койунуздарды суранам. Суроо- биздин айыл окмотко 4-жыл жергиликтуу кенеште депутат болгон жаран айыл башчы болуп кызматка кирди. Депутат болгон убактагы жылдар муниципалдык иш стажына киреби.

Ответ:

Урматтуу Айша айым! Айылдык кеңештин депутаты болгон мөөнөт муниципалдык иш стажка гана кирет.

Уланбек     [14 Декабря 2018]

Ассалоому алейкум Самыйбек ава! Иштериниздерге ийгилик аман жургуло. Менде мындай суроо болуп жатат. Жер категориясы жайыт жери, чий баскан, кургак жери 7-8 га, 400 гектардай саздын ортосунда. Ал жерлерге айылдын малы жыл бою жайылат. Кургак жердин баарын шор., чий баскан, эч нерсе оспойт. Эки тарабынан суу агып отот. Ошол жерге инвестор келип балык остуруучу бассейндерди куруп, тегерегин коруп бакканга кишиге уй салуу керек болуп жатат. Инвестор буга коп акча сарптаганы жатат. Бирок бизде жер адиси жаны келген опыты жок. Ушул маселени кандай жол менен кимдерге кайрылабыз жана тиешелуу документациялардын тизмектеп мага жардам берип койсонуз, мага да, айылга да, айыл окмоттун да бюджетине чоон жардам болмок. Айыл окмотунобу же жайыт комитетинеби же райондук комиссиягабы (трансф. боюнча), же обл. суу чарба департамент, балык чарбачылыгына бы. Ушуга бир жакшы конул болуп убактыныздарды аябай тиешелуу документация тууралуу жардам берип койсонуздар! Сиздерди урматтоом менен О.У.К

Ответ:

Урматтуу Уланбек! Сиздин сурооңуздагы көргөзүлгөн жер аянты мамлекеттин менчигиндеги жайыт жерлери болгондуктан бардык иш-аракеттер мыйзамга ылайык жүргүзүлүшү керек. Андыктан Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана 2013-жылдын 15-июлдагы № 145 “ Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамындагы көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышы зарыл. Бул мыйзам актылары биздин сайтта илинген. Окуп, ар бир пунктун так ишке ашыргыла, кийин кылмыш иши козголуп калбасын.

Эрмек     [14 Декабря 2018]

Салам ишинерге ийгилик . Айылдын таза суугуа акча жыят. акчага насос ремонт болот 2 адамга айлык берет светке акча толойбуз дейт ошол мыйзамдуубу. Кантсе Мыйзам чегинде акча жыйса болот.толук малымат берсенер

Ответ:

Урматтуу Эрмек мырза! Сууга төлөгөн акчадан ИСКАКБ өз иш чараларын жүргүзөт. Өзүнүн штат боюнча алган кызматкерлерге айлык төлөп бергенге укугу бар. Андан сырткары ремонт, амортизациялоо, светке ж.б. суу берүү үчүн чыгымдарына жумушаса болот. Кошумча салыктарга да төлөшү абзел.

Сабыл     [13 Декабря 2018]

Рита саламатсызбы.Биздин айыл окмотундо иштеген кызматкер-соц адиси 3(уч) айдан бери больничныйда.Азыркы убакта смета тузуудо,отчет жасоодо милдетин аткаруучу толук кандуу иш алып бара албай жатат.Мыйзам боюнча больничный канча айга чейин толонот.Тортунчу айдан баштап милдетин аткаруучуну кандай иштетебиз.

Ответ:

Урматтуу, Сабыл мырза! Сиздин сурооңузду юристерден тактап, Больничный 4 айга чейин созулушу мүмкүн. Бардык төлөмдөр 42-пунктка "Положение о порядке предоставления пособия по временной нетрудоспособности, пособия по беременности и родам" карата жүргүзүлөт.

Сабыл     [13 Декабря 2018]

Саламатсыздарбы.Айылдык Кенештин депутаты айыл окмотунон суроо-талап менен финансалык документтер (келишим.деф.акт,смета,конкурстун-тендердин документтерин,буйруктарды,акча каражаты которулганы жонундо,ишти откозуп алуу актысын) менен тааныштырууну талап кылып жатат.Суроо-талабы сессияда талкууланган эмес.Кээ бир документтерди корсотконубуздо телефонуна суротко тартып жатат.Айыл окмотунун финансы-чарбалык документин эсеп палатасы кана текшере алат дегенибизге кайсы мыйзамда жазылган деген суроо беришти.Тагыраак жазып корсотулгон мыйзамдарды атап берсениздер.

Ответ:

Урматтуу Сабыл! Албетте, айыл кеңештин депутатынын жазуу түрүндө кайрылып, айыл өкмөттүн финансылык документтер менен таанышууга укугу бар. Депутат бул маселе боюнча арызды айыл кеңештин төрагасынын наамына жазуусу керек, төрага же айыл кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы арызды канаантандыруу үчүн айыл өкмөткө кат жүзүндө кайрылат. Бул көрүнүш айыл кеңештин аталган туруктуу комиссиясы ачык-айкын иштебей жаткандыгын же болбосо депутаттын туруктуу комиссиянын отурумдарына жана сессияларына дайыма катышпай жаткандыгын көргөзүп турат. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 124-беренесине ылайык бюджетти түзүү жана аткарууну Эсептөө палатасы эки жылда бир жолу текшерүү жүргүзөт. Депутаттын бюджеттин аткарылышын текшерүү жүргүзүүгө укугу жок, ансыз деле бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу бийлиги болгон айыл өкмөт башчы бир жылда 4 жолу айылдык кеңеште отчет берип жатпайбы, ушул маселени карап жатканда жетиштүү деңгээлде суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүгү болот.

Светлана     [10 Декабря 2018]

Мне очень нужна помощь в наследственном деле. Судебные тяжбы идут уже 5 лет.Можете помочь. Столкнулась с большими проблема в этом вопросе

Ответ:

Уважаемая Светлана, можно конечно. Приходите по адресу: город Бишкек, ул. Табышалиева 3, это район проспекта Манас и улицы Боконбаева. Подробности можете узнать позвонив по телефону (0312)316447

Улукбек     [6 Декабря 2018]

Саламатсызбы ! Менин суроом томондогучо. Мамлекеттик сатып алуу иштерине, тактап айтканда тендерлик комиссиянын мучолору созсуз турдо айыл окмотунун аппаратынын кызматкерлери болушу керекби? Жергиликтуу тургундардан тендерлик комиссиянын тобунун мучосу болгонго укугу барбы ?

Ответ:

Урматтуу Улукбек, КР мыйзамынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 10 беренин, 4 пункт. Конкурстук комиссиянын курамына кеминде үч адам кирүүгө тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн бири ырастоочу сертификаты бар, сатып алуулар боюнча адис болууга тийиш. Сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн бардык адистеринин ырастоочу сертификаты болушу керек. Сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн конкурстук комиссияга кирбеген адистери конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо чечим кабыл ала албайт. 5. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясынын курамына кириши мүмкүн. 13-берене. Конкурстук комиссияны түзүү 1. Сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялоо алдында буйрук менен түзүлөт. 2. Ырастоочу сертификаты бар, сатып алуулар боюнча адис конкурстук комиссияга бир жолудан ашык кириши мүмкүн, бирок бир эле убакта бир нече конкурстук комиссиянын мүчөсү боло албайт. Тендердик комиссияга жергиликтуу тургундар, жарандык активисттер, айыл кенешинин депутаттары мучосу болгонго укугу бар.