Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Айылдык депутат     [27 Ноября 2020]

Саламатсыздарбы! Менин 8-июлдагы суроого жооп жазып сыңар, рахмат! Биздин айылыбызда 300дөн ашык түтүн эл жашайт. 45 сотых жерге 70-орундуу бала бакча курууга мүмкүнбү? Жер адиси норма боюнча 35-орундуу бала-бакча курууга мүмкүн деп жатат. Бул кандай нормалар, мүмкүн болушунча кенээн жооп берип койсоңуздар!

Ответ:

Урматтуу айылдык депутат, сиздин берген суроонуз, СНИПтер (№201 от 2016 г.) менен жонго салынат экен. Балдардын ойной турган жерине бир балага 9 кв.м. керектелет экен. Андан сырткары чертеждорду карап машинелерге токтогон жери кандай, орт очуручуу нормаларга туура келеби. Бала бакчанын имаратынын ашканасына жана башка болмолоруно дагы атайын талаптар бар дешти. Ар бир билим беруу ишканасын карап чыгып - жооп берилет экен.

Бакыт     [20 Ноября 2020]

Если на ранее выделенные земельные участки, данный момент не имеется подтверждающие документы может ли айыл окмоту ссылаясь на статью 13 Земельного Кодекса КР выдать новое распоряжение о выделение земельного участка в частную собственность данному лицу которому ранее был выделен земельный участок.

Ответ:

Это считается нарушением Закона. Лучше найти следы о ранее выданном распоряжении в архиве и выписать дубликат. Если следов о выделении не найдутся, то владельцу участка необходимо обратиться в суд о признании за ним права собственности на этот участок.

Омурбек     [16 Ноября 2020]

Саламатсызбы мен квартиран болуп жашаганыма 15 кундой болуп калды электрик келип силер уруу ток иштет экенсинер деп жатат учечик жок ошого жооберсениз мыйзамда кандай толук жооберсениз штрав кылам дейт

Ответ:

Өмүрбек мырза, сиз квартиранын кожоюна кайрылышыңар керек, сизди киргизип атканда счетчиктин көрсөтмөлөрүн текшерип, тактап анан квартирага кирүү абзел. Мамлекеттик кызматтарга сиз эчкимсиз, алар кожоюн менен иш алып барышы керек.

Анара     [29 Сентября 2020]

Саламатсыздарбы! ЖӨБО алдындагы калкка кызмат көрсөтүү борборун түзүүдө жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлөбү?

Ответ:

Урматтуу Анара айым, албетте жергиликтүү кеңештин чечими керек болот, анткени ар бир ушундай чечим каржылоо менен коштолот, ошондо баардык нерсени өлчөп, мыйзамдаштырып анан ишке ашыруу абзел.

Байаман     [24 Сентября 2020]

Саламатсызбы мен айыл окмотуно конкурстан 2019-жылы 4-октябрда отуп келип 10-октябрда буйрук чыккан оргуу боюнча 1 жылда мооноту келгенде чыгуу боюнча кадрлар болумунон келип бизди окутканда 11 айдан чыкксан болот деген, бирок кадрлар боюнча адис мени 12 ай болгондо чыгасын деп жатат мыйзамда кандай моонот коюлган 11 айдан чыкса болот дегенби же 12 айдан кем эмес?

Ответ:

Урматтуу Байаман мырза, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИне ылайк (2004-жылдын 4-августу № 106) 126-статья. "Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн тартиби" Акы төлөнүүчү өргүү жыл сайын берилүүгө тийиш. Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат, деп бекитилген. Кадр боюнча адисиңерге Эмгек кодексинин 126 беренесин көрсөтүп коюңуз.

Алтынбек     [4 Сентября 2020]

Добрый вечер хотел бы узнать могут ли депутаты местного кенеща передать права голоса другому депутату ? А то сегодня унас В Айдеркене было сессия фактически было 10 человек кворума нет но отчёт мэра приняли или можна депутату участвовать в он лайн режиме ?

Ответ:

Урматтуу Алтынбек! Жергиликтүү кеңештин депутаттарына биринин ордуна бири добуш берүү укугу мыйзамда жок. Жергиликтүү кеңештин депутаты айылдык (шаардык) кеңештин сессиясында же туруктуу комиссиялардын жыйынында бир эле ( өзүнүн гана ) добушка ээ. Депутат ишеним кат же башка жол менен башка депутатка добуш берүү укугун өткөрүүсүнө жол берилбейт. Ошондой эле депутаттын жергиликтүү кеңештин сессиясына жана туруктуу комиссиянын жыйынына онлайн режиминде катышып, добуш берүүсү мыйзамда каралган эмес. Демек, сиз айткан Айдаркен шаардык кеңешинин сессиясынын кабыл алган чечимдери, токтомдору мыйзамдуулугу боюнча суроо жаратат.

Кубатбек     [1 Сентября 2020]

Саламатсызбы! Менин суроом Биздин айыл окмотто Бухгалтер болуп иштеген эже пенсионер, анан келинчегимди киргизейин десем оорун жок деп жатышат, билем диплому бар кызматкерикелгенде ордун беруу керек, булар андай кылган жок кандай жолу менен ишке киргизем, кандай жолу бар ал жумуштан кетууго

Ответ:

Урматтуу Кубатбек! Сиз белгилеп жаткан айыл өкмөттөгү бухгалтерлик кызмат орду - муниципалдык кызмат орду болуп эсептелет, андыктан муниципалдык кызматка кирүүнүн мыйзамда белгиленген тартиби бар. “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат. Жогорудагы мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ( айыл өкмөтү) демилгеси боюнча кызматчы ээлеген кызмат ордунан 65 жаш курака жеткенде бошотулушу мүмкүн. Урматтуу Кубатбек, келинчегиңиз айыл өкмөткө кайрылып, качан , кайсы кызмат ордуна конкурс боло турганы жөнүндө такай маалымат алып турсун, андан кийин конкурска катышып муниципалдык кызматка келе алат. Ага чейин конкурстун талаптарында көрсөтүлгөн билим деңгээлге жетүү үчүн мыйзамдарды окуп даярдана берүүсү зарыл.

Универсал     [25 Августа 2020]

Салам. Жардамыныздарга ыракмат. Менде суроо:айыл окмотко жайытка деп экскаватор МТЗ 82 келгенине 3 жыл болду. Элдин жумуштарын акчага Жана малга тууралап (кой козу) жасайт. Жайыттын жолдорун эптеп чала була жасайт. Башка алыскы жайытка эч нерсе кылбайт. Топурак. Кум. Шагыл жуктойт мусор чыгарат погреб казат ж.б.толгон шабашка кылышат. Квитанция да бербейт. Чонтокторуно урат. а. О башчы. Торага. жайыт. депутаттар чогу доляда окшойт. Жайыттын налог чыкпайтабыз мал башына тологуло. чабынды жер Жайыттын акчасын дейт. Эксковатордун акчасы кана десек ар шылтоо айтышат. Кимге жана кайсы органга айтып кайрылып кандай текшертебиз.Туура багытта пошаговое кылып жазып жооп кылгылачы пжлст. Уже надоели

Ответ:

Урматтуу Универсал! Сиз айткан трактор-эксковатор жайыт комитет аркылуу келсе дагы, кыймылдуу муниципалдык мүлк катары айыл өкмөттө каттоодо турушу керек. Муниципалдык менчик айыл аймактагы жашаган бардык жашоочуларга таандык болуп эсептелет, демек айылдын жашоочулары өздөрүнүн менчиги тууралуу билүүгө, маалымат алууга укуктуу. Жергиликтүү бийлик органдары ( айылдык кеңеш, айыл өкмөтү) “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесине ылайык жергиликтүү калк үчүн муниципалдык менчиктин реестринин ( тизмесинин) ачыктыгын жана тунуктугун камсыз кылуусу керек. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби айыл кеңеш тарабынан бекитилет, реестр үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнө жүктөлөт. Демек, айыл кеңеш тарабынан мүлктү кандай колдонуунун шарттары иштелип чыкса, айыл өкмөт ошол шарттарды аткаруусу зарыл. Сиздин жазганыңызга караганда жергиликтүү бийликтин эки органы тең кандай иш жүргүзүп жатканы түшүнүксүз болуп жатат, ошондуктан так,туура маалымат алуу үчүн аларга кат түрүндө кайрылып жооп алгыла. Андан кийин укук коргоо органдарына кайрылсаңыз болот.

Жолдошев Нургазы Жунусбекович     [3 Августа 2020]

Кум, шагыл, топурак (тактап айтканда асфальто үчүн топурак атууга) алууга айыл өкмөтү жер берсе болобу? Азыркы күндө Акимчилик тарабынан берилет деп токтом чыккан эле. Жол жобосу көрсөтүлгөн эмес. Канча сомдон гектарын же алган М3 шагыл топурагы эсептелинет? Ар айыл өкмөттө ар кандай?? Маалымат берип койсоңуз.

Ответ:

Урматтуу Нургазы Жунусбекович, КР "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын (2018-жылдын 19-майы № 49) № 18 "Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн негиздери" беренесинде 6 пунктунда: Кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурак казып алууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүзөгө ашырылат, деп бекитилген. Ошондон улам сиз койгон маселе, райондук администрацияда комиссия түзүлүп ишке ашат, баасын дагы ошол жерден бычышат.

Жигит     [28 Июля 2020]

Менин суроом төмөндөгүчө: там арка салыктарын төлөбөй койсо зыяны жокбу, кийин төлөбөй жүрүпсүң, деп штраф салбайбы?

Ответ:

Урматтуу Жигит, там арка салыктарын төлөө сиздин жарандык миддетиңиз. Там арка салыктары жергилүктүү (айыл өкмөттүн же шаардын) бюджетине түшөт. Төлөбөсөнөр салыктын суммасына туум (пеня) кетеберет, мыйзам чегинде белгиленген убакытта толөбөсөңөр 2000 сом айып пул дагы бар. Там арка салыгы 1 сентябрга чейин төлөнүшү абзел.