Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Тургун     [23 Ноября 2022]

Саламатсыздарбы! Айылыбызда элдерге жаңы трансформациядан өткөн жерлерди огородко берүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Суроо №1: ушул комиссия чечим кабыл алып, убагында токтом алган бирок, огороду жок жүргөн жарандарга ушул токтому боюнча эле огород бере алабы? Булар токтом алгандыктан айрымдары жер алууга кезекке турган эмес. Эгерде жаңы жерден буларга огород бербесе мурунку токтому жараксыз болуп калабы? Мурда огородун аныктап бере электе эле токтом чыккан учурлар көп болуптур. Суроо №2: ушул эле комиссия чечим кабыл алып, жесир жери жок аялдарга кезексиз түз бере алышабы? Суроо №3: мурун муниципиалдык жерлерди да айры адамдарга огород кылып кесип берип коюшуптур. Ошол жерлердин ээлерине жаңы трансформацияланып жаткан жерден огород берип, тигил муниципиалдык жерин кайра алсак болобу? Ыракмат

Тургун     [10 Октября 2022]

Саламатсызбы! Жогорку Кеңештин депутатын чакыртып алуу үчүн эмне кылыш керек болот?

Ответ:

Урматтуу Тургун мырза. Жакпаган депутатыңардын туура эмес иштерин элге жайып, мына шайладыңар эле, а бул мындай ишке барып жатат, мындай добуш берип атат деп элге маалымат жайылтуу эле ыкмаңар бар. Кайра чакыртып алуу механизми жок.

Универсал     [7 Октября 2022]

Саламатсыздарбы. Менде суроо: А/Ө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерде азыркы учурда СЭД менен электрондук кат алышуу, жооп берүү болуп жатат. Алардын ар биринин логин паролу, компютерлери да кабинеттеринде туташылган. Суроо: маданият кызматкерлерин да СЭДке тиешелүү кагаздарынарды кээ бир кызматкерлер өзүнөр аткаргыла дейт. Негизи маданият кызматкерлери кайсы жобо же буйруктун негизинде аткарат. Ар бирибизде компьютер жок. Ушул туурабы?

Мекиш     [4 Октября 2022]

Рахмат жообунуз үчүн Мен сизге ашар жолу менен курулган ФАП жөнүндө сурадым эле Фап эл тарабынан курулган. Бир адамдан жерин сатып алып курулган ал адамдын тил каты бар саттым деген.

Ответ:

Урматтуу Мекиш. Сиз өзуүңүзгө үй салсаңыз деле архитектурага барып, проект чийдирип анан сала баштайсызда. Муниципалдык объектини салдыңар, ага ким иштейт, ким айлык төлөп берет, ким ремонттойт. Аны стандарт менен салдыңарбы, же эч нерсеге жарабай калабы? Эми архитектурага мыйзамдаштырганы барасыңар, айып пулун төлөп. Ошол мамлекеттик органдардан баштагыла. Аны дагы ошол жердин ээси чуркабаса, башкаларыңар менен сүйлөшпөйт. Жок дегенде жердин ээси айыл өкмөт деген документ жасадыңар беле?

Талант     [3 Октября 2022]

Салам алейкум . Мендеги суроо? Айылдык кенештин торагасы арыз жазып кетем деп жатат, депутатар башка торага шайлаш учун оздору шайлоону белгилейби же шайлоо комиссиясыбы, канча кундо шайлоо болуш керек?

Ответ:

Урматтуу Талант мырза, сиздин сурооңуз КР "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 40-берене менен жөнгө салынат. Ага ылайык, силер бул суроону кезектеги сессияда, же кезексиз сессияны чакыртып карай аласыздар, айылдык кеңештин регламентине ылайык. 5 кем эмес депутаттар талапкерди сунуштай алат, жалпы депутаттардын санынан көпчүлүк менен шайланып келет.

КАЛИЯ     [30 Сентября 2022]

Саламатсыздар. Жоопторунузга чоон рахмат. Менде дагы бир суроо болуп атат.Айыл окмотто форма 50 маалым каты берилет.Бугун ошол форма 50 айыл окмот тарабынан берили керек берилбеши керек деген чон талкууга тушуп эки анды болуп калдык. Негизи мыйзамдарда карасак бир жерден да ошол форма жонундо таппай койдук. Ушул форма 50 ммалым кат канчалык мыйзамдуу.

Ответ:

Урматтуу Калия, сиздин сурооңузду бир нече АО тактасам, бул нотариустарга, мураскер укугуна ээ болуусуна берилүүчү справка экен. Аны жарандар адам каза болду деген справканы алып келишсе, ал каза болгон адам менен ким чогуу жашап, үй тиричилигип бирге алып барган маалыматты тактап справка берилет дешти. Бул справканы АО бербесе, ким берет? АО башка чогуу жашаган (тиричиликти бирге алып барган) же жок дегенди ким тактай алат?

Мекиш     [27 Сентября 2022]

Ашар жолу менен курулган ФАПты кандай жол менен айыл өкмөтүнүн балансына алыш керек, ушул маселеге жардам берип койсонуз.Рахмат

Ответ:

Урматтуу Мекиш. ФАП ашар жолу менен курулуп баштарда проектно-сметная документация жасалды беле? Ошол документтин негизинде курулуш иши жүрүш керек болчу. Техкөзөмөл сөзсүз түрдө ошол документтин негизинде болуш керек эле. Курулуш иштерин кайсы курулуш компания ишке ашырды эле? Курулуш иштери аяктагандан кийин, комиссия (АӨ, архитектуранын, экотехинспекциянын, госрегистрдин өкүлдөрүнөн түзүлгөн) АКТ ввода в эксплуатацию деген документти түзүп, госрегистрге кат жиберишет (бул объектини регистрация кылуу үчүн). Кандай болгон күнү дагы, архитектурадан проект алып салынса керек. Ал жок салынса, анда архитекторду чакырып, айып пулун төлөп, салынган имараттын проектисин чийдирүү зарыл, анан кана госрегистрга каттоого жибересиңер. Айылдык кеңеш өз отурумунда бул маселени көтөрүп, объектини муниципалдык менчике алынышы керек деген токтом чыгарышы керек. Ошол токтомдун негизинде айыл өкмөт имаратты өз менчигине алыр, регистрация өтүп, муниципалдык мүлк реестирине киргизет. Кандай бир кошумча сурооңор болсо сурооңузду тактап жазып коюңуз.

Универсал     [27 Сентября 2022]

Саламатсыздарбы.Суроо: Клуб башчысы, көркөм жетекчиси жана китепканачылар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге киреби? Элдик курултайдын делегаты боло алабы? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Универсал. Клуб башчысы, көркөм жетекчиси жана китепканачылар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эмес, ошондуктан алар курултайдын делегаты боло алат.

Санжар     [23 Сентября 2022]

Саламатсызбарбы. Муниципалдык кызматчымын, айыл чарба кооперативине мучө болуп кошулганмын. Бугунку кундө прокуратура мучө болгонго болбойт деп, тартиптик чара көруу боюнча АО башчыдан талап кылып жатат. Ушул мыйзамдуубу?

Ответ:

Урматтуу Санжар мырза. Прокуратура көзөмөл ишин жасап атканда, АОкө "Акт прокурорского реагирования" деген кагаз калтырат. Ошол кагазды АО сурап, сүрөткө тартып менин whatsapp 0554620484 номериме жиберип коюңузчу. Прокуратурадан ошол сиздин ишиңиз туура эмес деген любой кагазды, ал бар болсо. Жок болсо, "жокко сот жок" дегендей маселе. Прокуратуранын иши канчалык мыйзамдуу байкоо жүргүзүп турушубуз керек, салып жибериңиз, көрөлү, алар кайсы мыйзам же укуктук - ченемдик актыга шилтеме кылып атканын.

Калия     [16 Сентября 2022]

Саоаматсыздар. Менин суроом муниципалдык кызматка өтуу боюнча, мыйзам боюнча жана жобо боюнча, конкурстан өтуп келип кадр резервине өтуп, анын ичинен муниципалдык кызматка алынса да, эмгек келишим тузуу керекпи? Эмгек келишим кайсы учурда тузулот.

Ответ:

Урматтуу Калия айым. Эмгек кодексинин 55-беренесинде:"55-статья. Эмгек келишиминин мөөнөтү Эмгек келишими төмөнкүдөй түзүлөт: 1) аныкталбаган мөөнөткө; 2) эгерде ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда башка мөөнөт белгиленбесе, 5 жылдан ашпаган аныкталган мөөнөткө (мөөнөттүү эмгек келишими). Мөөнөттүү эмгек келишими ушул мыйзамдарда каралган учурларда, ошондой эле эмгек келишими алдыдагы иштердин мүнөзүн жана шарттарын эске алуу менен аныкталбаган мөөнөткө белгилениши мүмкүн болбогондо түзүлөт, анын ичинде: - уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары жана башкы бухгалтерлери менен; - мыйзамдарга ылайык иш орду сактала турган кызматкер убактылуу жок болгондо аны алмаштыруу үчүн; - убактылуу (2 айга чейин), ошондой эле иштин табигый шарттары убакыттын (сезондун) белгилүү бир мезгилинин аралыгында гана жүргүзүлө турган сезондук иштерди аткаруу убагына; - бөөдө кырсыктарды, аварияларды, кыйроолорду болтурбоо жана алардын кесепеттерин четтетүү жана башка өзгөчө жагдайлар боюнча шашылыш иштерди жүргүзүү үчүн; - уюмдун демейдеги иш-аракетинин алкагына кирүүчү иштерди (реконструкциялоо, монтаждоо жана берүү-жөнгө салуу иштери, аудит), ошондой эле өндүрүштү же көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмүн алдынала убактылуу кеңейтүүгө (бир жылга чейин) байланышкан иштерди жүргүзүү үчүн; - уюмдарга - чакан жана орто ишкердик субъекттерине жумушка кирген кызматкерлердин саны 15ке чейинки адамдар менен уюм ачылган күндөн тартып бир жылдын ичинде, ошондой эле иш берүүчү - жеке жактарга карата; - чет өлкөгө ишке жиберилген адамдар менен; - убакыттын алдынала аныкталган мезгилин же алдынала аныкталган иштерди аткаруу үчүн түзүлгөн уюмга ишке орношкон адамдар менен; - ишти аткаруу (бүткөрүү) айкын дата менен аныкталышы мүмкүн болбогон учурларда алдынала аныкталган ишти аткаруу үчүн алынган адамдар менен; - кызматкердин стажысына жана кесиптик окуусуна түздөн-түз байланыштуу иштер үчүн; - окутуунун күндүзгү формасы боюнча окуган адамдар менен; - айкалыштырып иштөө боюнча ошол уюмда иштеген адамдар менен; - мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыда белгиленген тартипте өткөргөн конкурсунун натыйжалары боюнча белгилүү бир мөөнөткө иштөөнү караган эмгек келишимдерин түзүшкөн илимий, педагогикалык жана башка кызматкерлер менен; - шайлануучу органдын курамына же акы төлөнүүчү шайлануучу кызмат орунуна белгилүү бир мөөнөткө шайланган, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, ошондой эле саясий партиялардагы жана башка коомдук бирикмелердеги кызмат адамдарынын же шайлануучу органдардын мүчөлөрүнүн иш-аракеттерин түздөн-түз камсыз кылууга байланыштуу ишке кирген учурларда; - курагы боюнча пенсионерлер, ошондой эле медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өзгөчө тартипте убактылуу мүнөздөгү ишке уруксат берилген адамдар менен; - коомдук иштерди жүргүзүү үчүн. Эгерде эмгек келишиминде анын колдонулуш мөөнөтү жазуу жузүндө белгиленбесе, келишим аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет. Эгерде тараптардын бири да мөөнөттүү эмгек келишиминин мөөнөтү бүтүшүнө байланыштуу аны бузууну талап кылбаса, ал эми кызматкер эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин да иштеп жатса, эмгек келишими аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет. Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими кызматкердин макулдугусуз белгилүү бир мөөнөткө кайра түзүлүшү мүмкүн эмес. Ушул Кодексте каралган укуктарды жана кепилдиктерди кызматкерге берүүдөн баш тартуу максатында мөөнөттүү эмгек келишимдерин негизсиз түзүүгө тыюу салынат". Эгер сиз ушул беренеде көрсөтүлбөгөн иш оорунга барбасаңыз, анда келишимсиз буйруктун негизинде иштей берсеңиз болот.