Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Баян     [14 Марта 2021]

Саламатсызбы! Жашылдандыруунун 10 жылдык мөөнөтү өткөндөн соң кызыл китеп алса болобу кандай жолдору бар?

Ответ:

Урматтуу Баян. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтому менен бекитилген Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОнун негизинде ишке ашырылат. Өздөштүрүлгөн жер участогу пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин ушул Жобонун талаптарына ылайык менчикке берилсе болот.

Болот     [9 Марта 2021]

Саламатсызбы! Биздин айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүдө айыл өкмөттүн бухгалтери келет да мынча сумма бул жакка, баланча сумма бул жакка болунсун деп бат баттан эле бөлүштүрүп, ( заранее даярдап келип) бухгалтердин сөзүн түшүнмөк тургай угуп араң жетишкен депутаттар бухгалтердин айтканын колдоп эле кол көтөрүп бекитип коюшат. Ушу бюджетти бөлүштүрүунун жолу кандай, бухгалтер эле бөлүштүрүп коёбу же убакыт берүүсүн талап кылып ойлонуп туруп деле колдосо же өзгөртсө болобу депутаттар?

Ответ:

Болот мырза саламатсызбы. Сиздин суроо абдан маанилүү, анткени маселенин баары ушул жерден башталат. Азыркы учурда кандай жагдай түзүлүп калган. Жалпы мамлекетибизде 100 сом акча болсо, баардык жергиликтүү бюджеттерге (32 шаар + 452 айыл аймагы) 12 эле % каражат бөлүнөт. 88 % борбордон Каржы министрликтен чечилет. Ошентип баягы 12 % акча жергиликтүү бюджеттерде көпчүлүгү корголгон беренелерге колдонулат. Ал кайсы берене: айлык акы, соцфондке төлөм, коммуналдык чыгымдар. Өнүгүүгө же капиталдык статьяларга каражатты өзүн өзү баккан кана муниципалитеттер бара алышат. А бизде алар 20 % кана түзөт, 80 пайызы дотациялык, борбордун жардамы жок каржылана албайт. Ошондуктан, силер биринчи озүбүздү баккан айылга киребизби деп сурашыңар керек. Ошондо деле, бюджеттин проектисин алдын ала алып, эсебин чыгарып, кайсы багыт, эмне үчүн ушул жерге кетип жатат, кандай көрсоткүчтор бар деп суроо беришиңер керек. Дароо сессияга чыгарып кол кой дегени туура эмес.

Шаршенбек Жоробеков     [9 Марта 2021]

Ассаламу алейкум! Менин суроом төмөндөгүчө: мен жашап жаткан айылда мал чарбачылыгы менен алектенишет. Малга чөп кылып чаап алуу максатында жайыт делген жерден айдоого ылайыктуу жерлерди уй булоо мүчөлөрүнө 2 га жерден 5 жылга арендага берүү жөнүндө токтом кабыл алынган экен. Эми ошол жерлерди кестиргендер гектарына 300 сомдон жайыт налогу деп төлөшөт (жайыт налогу деп мал башына да төлөшөт). Жайыт комитетине бекитилген жылдык планында жалпы сумма эле берилет экен. Ошондо гектарына чогултулган 300 сом налог мыйзамсыз болуп жатат. Жайыт комитети малдан налог чогултуп кыйналбай эле ошол 300 с менен план толтуруп жүрүптүр. Ошол 300сомду мыйзамдуу кылып айылдын оздук бюджети катары чогултсак кандай жолдор бар? Айыл дотациядагы айыл. Айылдын жаштарынын атынан ушул маселени көтөрүп чыгып аягына чыкпай келебиз. Жооп берип коюңуз сураныч!!!

Ответ:

Урматтуу Шаршенбек Жоробеков. Малга чөп кылып чаап алуу максатында жайыт жерден айдоого ылайыктуу жерлерди ижарага (арендага) берүү жайыттар жөнүндө мыйзам жол берет. Шалбаалантуу - ар түрдүү чарбалык пайдалануудагы жайыт чөбүн өстүрүү максатында көп жылдык чөптөрдү айдоо. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аңуулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат, ошол жерлерди кестиргендер гектарына 300 сомдон жайыт налогу деп эмес, ижара акысы деп төлөш керек. Жайыт пайдалануунун бардык түрлөрү боюнча акы өзунчө төлөнөт, жылдык планда жазылыш керек. Жайыттар жөнүндө мыйзамдын 8-беренесинде жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы: 1. Жайыт комитети жыл сайын жайыттарды пайдалануунун планын иштеп чыгат, ал жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек: - пландаштырылган жылга жайыт белеттери бар жайыт пайдалануучулардын тизмесин; - пландаштырылган жылга жайыт белети берилген малдын тизмеси жана алардын ээлеринин-малчыларынын тизмесин; - жаныбарлардын ылаңдуу, ылаңдуу эместигине (эмдөө, дары сууга чөмүлтүү ж.б.) карата чаралардын тизмегин, аларды жайыт пайдалануунун шарттары катары жайыт пайдалануучулар сактоого тийиш; - жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын тизмеги; - мал жаюунун мезгилдүү маршруттарын, жайыт жүгүртүүнү, малдын кыймылын, мал айдап өтмө жолдорду жана пайдаланылуучу кашааларды белгилөөчү картаны жана календардык графикти; - ишмердиктин аларга уруксат берилген түрлөрүн, ошондой эле аларга аталган иш-чараларды жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерди көрсөтүү менен жайытка чыгаруу максатынан тышкары пайдаланылуучу адамдардын тизмесин; - жайыт пайдалануунун бардык түрлөрү боюнча акы төлөө графигин. Гектарына 300 сом ижара акысы жергиликтуу бюджетке тушөт жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле жайыт комитетин күтүүгө пайдаланылат.

Рахат     [4 Марта 2021]

Саламатсызбы? Алдыда жергиликтуу шайлоодон кийин канча убакыттан кийин окмотту шайлоо болот? 2- суроом: коомдук бирикменин ОО нун жетекчиси же дыйкан чарбанын башчысы айыл окмоту боло алабы? Анткени муниципиалдык кызматта иштеген эмес.

Ответ:

Урматтуу Рахат айым, сиздин суроолоруңарга биринчи 2 сурооңузга, анан 1 сурооңузга жооп берели, анткени мыйзамда экөө ушинтип бирөөнүн артынан экинчиси жайгашкан. КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 48-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар 1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. 49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби 2. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.

Насипкүл     [3 Марта 2021]

Менде суроо. Мисалы айыл окмот боюнча 21 мандат. Бир айылда 4 мандат бар, эки аял болуш керек, бирок 4 аял талапкер чыкты. А башка айылда 16 мандат бар, бирок ал жерде аял чыккан жок. Анан 21ден 7 квота аялдарга, тиги 4 аялдын экөө, айымдар жок айылдан депутат болуп кете алабы?

Ответ:

Урматтуу Насипкүл айым. 2011-жылдын 14-июлу № 98 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 59-1 Шайлоо округдары боюнча мандаттарды резервге калтыруу, аттуу беренеде ар бир округда канча мандат резервге алынары так жазылган, бир округдан башка округга айымдарды жылдырса - мыйзам бузуу болуп, чыр чатака алып келет.

Гульмира     [28 Февраля 2021]

Предвыборную программу в какой формате писать? Есть образец?

Ответ:

Здравствуйте уважаемая Гульмира и все кто хочет 11 апреля пойти на выборы местного кенеша. Свою предвыборную программу Вы должны подготовить на 1 листе. Чтобы ее планировать в рамках закона зайдите в раздел Законодательство и откройте Закон О местном самоуправлении, ст 18 Вопросы местного значения. Там 25 пунктом, которые относятся именно вопросам МСУ. Вы берите свой муниципалитет (город/аильный аймак) и подумайте какие вопросы для Вас актуальны. Питьевая вода, образование (дошкольное/ школьное) и что там делается и что можно было бы профинансировать, что можно сделать для предотвращения от семейного насилия и т.д. Эти 25 вопросов и есть вокруг чего Вы можете простраивать свою предвыборную программу. НИКТО кроме Вас не знает в чем нуждается Ваше сообщество. Потом, Ваши горожане/односельчане будут с Вас спрашивать выполнение того что Вы им обещали. Всем доброго пути, а мы с командой msu.kg будем Вам помогать правовой консультацией.

Актилек     [27 Февраля 2021]

Урматтуу Роза Отунбаева биздин айыл Жалал Абад областы сузак рн Кызыл Туу айыл окумотуно караштуу Талаа Булак айылы . Бизде бала бакча ,таза суу жок

Ответ:

Урматтуу Актилек мырза саламатсыздарбы. Ушундай актуалдуу суроолорду коюп атканыңызга чоң рахмат. Биринчиден, айылыңар өзүн өзү багабы, же дотацияда отурабы, ошону билиш керек. Экинчиден, бала бакчага ыңгайлүү муниципалдык (айыл өкмөткө таандык) имарат барбы. Бул суроону берип атканым, муниципалдык имарат бар болсо, анын учурдагы оңдоп-түздөө үчүн грант алуу жеңилирээк болот. Имарат жок болсо, анда грант тартып келүү орурак. Роза Исаковна бала бакча боюнча зор иш аракет кылып жатат, айылыңардын атынан кайрылам десеңиз www.roza.kg сайтыны жазсаңыз, жооп беришет. Суу маселесин дагы ошол тармакты билген адис менен өлчөш керек. Жок, деген таптаакыр жокпу? Же эскирген системабы? Насос менен суу тартасыңарбы, же каптаждык (ачык арыктан) ыкма мененби? Ички трубалар барбы же жокпу? Ошол тармакты билген экспертти тартып, кайсы жерден суу тартсак ыңгайлуурак, деген суроону коюп, эсеп-кысабын жасагыла. Ал ири долбор болот, көп каражатты талап кылган, аны 3-4кө бөлүш керек, анан проект жазып, грант тартуу керек.

Достук     [27 Февраля 2021]

Баздин айылда садик жок .Ушул маселе туралуу кай жакка кайрылабыз.

Ответ:

Урматтуу Достук. Биринчиден, айылыңар өзүн өзү багабы, же дотацияда отурабы, ошону билиш керек. Экинчиден, бала бакчага ыңгайлүү муниципалдык (айыл өкмөткө таандык) имарат барбы. Бул суроону берип атканым, муниципалдык имарат бар болсо, анын учурдагы оңдоп-түздөө үчүн грант алуу жеңилирээк болот. Имарат жок болсо, анда грант тартып келүү орурак болот. Роза Исаковна бала бакча боюнча зор иш аракет кылып жатат, айылыңардын атынан кайрылам десеңиз www.roza.kg сайтыны жазсаңыз, жооп беришет.

Айсулуу     [27 Февраля 2021]

Өзүңүздөр билгендей эле, 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Менин суроом, ошол жерге кандидатурамды койсом дегем, кандай документтерди тапшыруу керек жана кайсы күнгө чейин?

Ответ:

Урматтуу Айсулуу айым. Сиздин суроону кеч көрүп калдым. Документтерди 11 мартка чейин кабыл алынмак. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү КР мыйзамынын, Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары атту 3-беренесине ылайык: 4. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. 5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок. 6. Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

Айша     [26 Февраля 2021]

Саламатсыздарбы, мен айыл окмотто иштейм. Суроо айыл окмоттун бир айылынын тургуну депутаттардын макулдугу менен айылга интернет кабелин тартууну талап кылып жатат. Бюджет болунуп жатканда айылга интернет тартуу жонундо соз да болгон эмес.Бюджеттин сметасында интернет тартуу жонундо маалымат жок.Жергиликтуу маанидеги маселелерде бул маселе жок. Негизи айыл тургундарын интернет менен камсыз кылуу, ошол обоненттик толомду алуучу субъект жасоо керекпи?

Ответ:

Урматтуу Айша айым. Ооба сиз туура айтасыз, интернет менен камсыз кылуу жергиликтүү маанидеги суроолорго кирбейт. Чын айтканда интернетти бир жерге жеткирүү - бул интернет провайдерлердин иши, анткени ошол нерсенин аркасы менен алар акча табышат. Бирок, аз сандуу айылдарга көп учурда провайдерлер барбайт, анткени ошодон тапкан каражаттары кеткен чыгымдарды дагы баспай калышат (аз эл, аз сүйлөшөт). Ошондо, санариптештирүү маселесин ишке ашыруу үчүн, санарип мектеп, заманбап китепкана жана башка заманбап нерселерден айылдыктар артта калышат. Эгер айыл аймактын мүмкүнчүлүгү бар болсо, албетте өз жашоочуларына жасаган жакшы иши болот, өздөрүнө дагы жакшы, анткени көп маселелер азыр интернет аркылуу тез бүтүрүлөт.