Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Анара     [10 Мая 2018]

Саламатсыздарбы! Мен дагы Сиздерге суроолорго жооп берип жаткандыгыныздар учун ыраазычылык билдирем. Откондо Сиздерден жарандар эски уйду бузуп ордуна жаны уй салууда айыл окмот тарабынан чыгаруучу токтомду кайсы ЧУАга таянып чыгарылат деп сурагам. Бирок райондук архитектура жарандарды айыл окмотко жиберип эски уйду бузуп ордуна жаны уй салганга уруксат беруу тууралуу токтом чыгартып келгиле деп жиберип жатат. Ушул боюнча биз архитектурага кандай жооп берсек болот кайсы ЧУАларга таянсак болот? Рахмат!

Ответ:

Урматтуу Анара! Райондук архитектурадан токтомду кандай жазып чыгарууну, андай токтомдор болсо көчүрмөсүн сурап алгылачы.Эгер бар болсо, анын мыйзамдуулугун карап чыгалы, мүмкүн туура айтып жатышса, ал ишин колдоого алалы,ал иш кийин башкаларга үлгү болуп калат.

Гулнура     [10 Мая 2018]

Нарын районуна караштуу Он - Арча айыл окмоту сиздерге дагы бир жолу чон рахмат.

Ответ:

Гулнура, айыл өкмөттүн иштерине күйүп бышкан аракетиңизде ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн, дайыма жигердүү болуп байланышып туруңуз.

Гулнура     [10 Мая 2018]

Саламатсыздарбы сиздерден сураныч дагы бир жолу биздин маселебизди карап берип коесуздарбы. АЖМФнын камсыздандыруу толомдорун айыл окмот чогултуп бергенге милдетуу эмес дегенди кантип соц. фонддун кызматкерлерине далилдеп берсек болот. Кайсы токтомдун негизинде себеби ушул кунго чейин соц. фонддун кызматкерлери айыл окмот чогултуп бериши керек деп бизден талап кылууда. Биз алар менен эч кандай келишим тузгон эмеспиз. Милдеттуу турдо чогултуп бересинер деп жатышат антпесе счетунарды жаап салабыз деп атышат. Чон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Гулнура! Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн 2014-жылдын 1-июлуна чейин айыл өкмөтү чогултуп берүүгө милдеттүү болгон, мындан кийин бул милдетти аткаруу , тактап айтканда АЖМф жерлерине социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө ижарачылардын өзүлөрүнүн милдетине киргени мыйзамда көрсөтүлгөн.Ал мыйзам биздин сайтта илинип турат. Силердин райондук социалдык фондунун кызматкерлери чогултуу тууралуу талаптарын жазуу түрүндө берүүсүн сурангыла, кайсы мыйзамдарга таянып жазарын көрөлү. Гулнура, мүмкүн болсо айыл өкмөтүңөрдүн атын толук жазсаңыздар жакшы болот эле, себеби макул болсоңуздар бул ишти мониторинг кылып аягына чейин көз салып берели. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 20- беренесиндеги берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарда :" 12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо " деп жазылган. Демек, айыл өкмөттөр бул милдетти мыйзамда каралган нормаларга ылайык аткарышмак, башкача айтканда соц.фонд менен айыл өкмөттүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде. Негизи жок айыл өкмөттүн счетун эч ким жаба албайт, бул жерде жөн эле коркутуу болуп жаткандай сезилет.

Эрнис     [10 Мая 2018]

Салам алейкум, Жайыт жерлеринин арендасы буто элек,бирок айдоо жерине трансфармация болуп келди,жайыт жеринин келишимдери китептери жокко чыгабы же жокпу,биз кайра аукционго койо алабызбы.ФПСтын жерине карап калабы.РАХМАТ.

Ответ:

Урматтуу Эрнис! Жайыт комитети жайытты пайдалануу боюнча келишимди бир жылдык мөөнөткө түзөт, эгер жайыт жери трансформация болуп айыл чарба багытындагы сугат жерге айланса, анда жайыт пайдалануучу келерки жылга чейин жайыт катары пайдалана алат. Ошол чыккан трансформация тууралуу токтомдо ал жердин мындан ары кандай багытта колдонуусу так көрсөтүлөт. АЖМФ жерлерине кирген болсо, мыйзамга ылайык аукцион же конкурс аркылуу ижарага берилет.

Назарбек     [9 Мая 2018]

Ата мекенге кызмат кылуу (бир жылдык служба)өтөө жана ошол эле жерде контракт менен (келишимдик негизде) кызмат кылуу (иштөө) мамлекеттик кызмат үчүн кетеби себеби конкурстарга катышууга мен учун суроолорду жаратууда (улук кызмат оруну үчүн)

Ответ:

Урматтуу Назарбек мырза саламатсыңарбы. Сиздин сурооңузга жоопту 2 мыйзамдан көрсө болот. КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын п.2 мамлекеттик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык иши. Мамлекеттик кызмат өзүнө мамлекеттик жарандык кызматты, аскердик кызматты, укук коргоо кызматын жана дипломатиялык кызматты камтыйт; п.5. аскердик кызмат - мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрдө жана мамлекеттик органдарда жарандардын жалпы аскердик милдеттерин аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү. КР "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамында: Аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жалпыга тиешелүү аскердик милдетин аткаруусу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү, деп белгиленет. Ошондон улам аскердик кызмат толугу менен мамлекеттик кызматка кирет, сиз аскерден кандай бир даражага жетсеңер анын баарын эске алынышы керек, алдыга жылууга кандай бир стаж керек болсо - жалпы мамлекеттик кызмат стажына кирет.

Анара     [7 Мая 2018]

Эски уйду бузуп, ордуна жаны уй салуу учун айыл окмот кайсы ЧУА негизинде токтом чыгарат

Ответ:

Урматтуу Анара! Эски үйдү бузууда айыл өкмөт тарабынан эч кандай ченемдик укуктук актылар (ЧУА - орусчасы НПА) чыгарылбайт. Жаңы үйдү райондук архитектуранын долбоорунун негизинде салып бүткөндөн кийин, эгер үйдүн техникалык паспортунда алымча-кошумча кыла турган өзгөрүүлөр болсо, райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын тыянагынын негизинде жаңы чечим чыгарып берүүсү мүмкүн.

Гулнура     [3 Мая 2018]

Саламатсыздарбы биздин берген суроолорго талыкпай жооп берип жаткандарыныз учун чон ыраазычылык билдирем. Менин сиздерге берген суроом: АЖМФ жерлеринин камсыздандыруу толомдорун айыл окмоттордун адистери чогултуп бериши керекпи, же соц. фонддун адистери оздору чогултушу керекпи?

Ответ:

Урматтуу Гулнура! АЖМФнын жерлеринин камсыздандыруу төлөмдөрүн ижарачылардан чогултуу айыл өкмөттүн кызматкерлеринин милдетине кирбейт, бул ишке биринчиден ижарачылар өзүлөрү төлөөгө милдеттүү болсо. экинчиден социалдык фонддун кызматкерлери кызыктар болушу керек. Эгерде социалдык фонд ушул маселе боюнча айыл өкмөт менен кызматташкысы келсе, анда келишим аркылуу бул төлөмдөрдү чогултуп берсеңер болот. Бул иш чарага кандай бир акы төлөө белгилеп клоюшуңар керек, мисалы чогултулган каражаттардын 0,3-0,5 % айыл өкмөткө калат, деп.

Бектур     [28 Апреля 2018]

Айыл окмотторду ар кайсы органдар эч кандай себепсиз эле текшере беришеби же ушуга кандай чара корсок болот.

Ответ:

Урматтуу Бектур! 2016-жылдын 31-мартында №32-"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган, ушул мыйзамда текшерүүлөрдүн шарттары, эрежелери так жана даана жазылган. Бул мыйзамды биздин сайттын " Законодательство" бөлүмүнөн таап , кунт коюп окуп чыгыңыз. Анда көргөзүлгөн текшерүүлөрдүн шарттарын так аткаруу жалаң эле текшерүүчүлөрдөн эмес, текшерүүгө дуушар болгон тарапка, айыл өкмөттөргө да тиешелүү.

Бектур     [28 Апреля 2018]

Саламатсызбы айыл окмоттун бухгалтериясын эч кандай арызсыз же эч кандай кагазсыз эле КГБ (СНБ) текшергени укугу барбы.

Ответ:

Урматтуу Бектур мырза саламатсызбы. УКМКнын кызматкеринин колунда сөзсүз кагазы болушу абзел. Бул кандай бир кылмыш ишинин алкагындагы тергөө буйрутмасы (следственное поручение в рамках уголовного дела), же текшерүү комиссиянын иш алкагында, ал жерде УКМК комиссиянын мүчөсү болушу керек же Прокуратурадан предписаниеси болушу керек. Ошол документтерди талап кылып, ана сөзсүз текшерүү китепчеңерге каттаткыла. Колундагы кагазын карап, ошол маселеге кана тиешелүү документтерди опись кылып бергиле. Баарын текшерем деген болбойт, ал кызматкер өз кызматтык ордун кыянаттык менен колдонгон болот. Ошондуктан, силер дагы документтерди талап кылышыңапр керек. Коркуп турсаңар, алардын кыймыл аракети мыйзамдан чыгып кетет. Сылык сүйлоп, бирок баарын так каттап турсаңар өзүңөргө жакшы. Таптаакыр болбосо, кызматкердин фамилиясын жазып алып бизге билдирип койгула, УКМКнын жетекчилерине бул башаламандыкты жеткирип же жок кылабыз, же ачык УКМК өздөрү мыйзам бузуга кызыкдар, деп Президентке жеткиребиз. Укуктук мамлекет кургубуз келсе, баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек.

Талас     [26 Апреля 2018]

Айыл кенештин депутаттары 21 адамдан турат. Кезектеги сессияга 14 адам катышып 9 депутат макул, 5 депутат каршы добуш беришип, айыл окмот башчысы жана депуттар менен биргеликте таркатууга токтом чыгарышты. Ушул токтом мыйзамдуубу????

Ответ:

Урматтуу Талас! Сиздердин айылдык кеңештин кезектеги сессиясына 21 депутаттын ичинен 14 депутаты катышкан болсо, алардын айыл өкмөт башчысына ишеним көргөзбөө жана айыл кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркап кетүү тууралуу токтом кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, мындай токтомду кабыл алуу үчүн алардын баардыгы 100% макулдугун бериши керек болуучу, аталган маселеге сиздердин кеңештин 14 депутатынын 9 депутаты гана макул деп добуш берип, бешөөсү каршы чыккандыктан алардын кабыл алган токтому мыйзамсыз болуп эсептелет. Айылдык кеңешти таркатуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн экисинин добушу болушу керек ( мисалы: 21 депутаттын 3/2 -14 депутат болот), ал эми айылдык кеңештин ыйгарым укугу айылдык кеңешти таркатуу тууралуу Президенттин Жарлыгы чыккандан кийин токтотулат. Демек, сиздердин айылдык кеңештин бул аракеттери мыйзамсыз болгон, алардын депутаттык ыйгарым укуктары токтобой улантыла берет.