Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Асан     [22 Декабря 2019]

Саламатсыздарбы.Суроо: Жайытка эксковатор погрузчик келгенине 3 жылдай болду.А/ө караштуу 3 айыл бар.А/ө башчы аркы айылдан.жайыт башчысы берки айылдан .биздикинен бухгалтер.Тракторду ар бир чоң өзүнчө эле ары бери айдатышып.каалаган менчик жумуштарын тууган уруктарынын да жумуштарын майын куйуп эле бүтүрүп атышат.Анан эле жыл аягында жайыттан налогдон чыкпай атабыз деп карапайым элден жайыт акысын чогулткула деп а/ө кызматкелерин айдап чогулттурат.Бир жолу туалет чункур анан 25м жер каздыртсам 6000 сом деди.акчасын 4000 берип калганын акча болгондо берем десем 3 күндөн тракторист кайра келди акчага.Жиним келип келе анда квитанция десем тракторист кайра менин зарплатымды жайыт бербейтат өзүң чыгарып ал деген деп акчаны алып кетти квиток эмес таш балакет жок.1 жумадан кийин жайыт бухг.келиптир малга жайыт акы бер деп.Чабанга баккан акысына кошуп төлөнөт деген айылдык жыйында айтылбады беле чабанга төлөгөм десем.Чабаныңды билбейм мага төлө дейт.Алар өзүлөрү ставкасын бердиң да.дейт.Ошентип чабандар айылдык чогулуштагы баага көнбөй өзүнчө баа коюп алышат кошсоң кош кошпосң айдап кет дейт.Ал эми трактор б-ча вообще беспредел экен. Жок дегенде жайыт жолдорду ж.б элге скидка менен услуга жасабайт.Же токтом көрсөтпөйт услуга боюнча же квиток беришпейт.Кимге жана кайсы текшерүү органына кайрылабыз.Мурдатан бери не кайрылбайтасыңар деп элге айтсам бир эл бир журтпуз.кайра иштң түшпөйбү дешет.качанкыга чейин ушинтип бирөөлөрдүн чөнтөктөрүн толтуруп жүрө беребиз.Мыйзамдуулугу кандай .Кандай кагаз.токтом ж.б эмнелерди көрсөтүп иш кылыш керек эле. Жооп күтөбүз.

Ответ:

Урматтуу Асан! Сиздин сурооңүздагы негизги маселе - эксковаторду колдонуу болуп жатат. Кыймылдуу же кыймылсыз мүлк болсо да, ал биринчиден муниципалдык мүлк катары катталат, экинчиден, ал катталгандан кийин ага ээлик кылуу,колдонуу жана пайдалануунун эрежелерин жергиликтүү бийликтин өкүлчүлүктүү органы- айылдык кеңеш тарабынан иштелип чыгып бекитилет, үчүнчүдөн, айыл кеңештин чыгарган токтомунун негизинде айыл өкмөтү мүлктү максатка ылайык иш жүргүзөт. Сиз жазган маалымат боюнча айтсак, өзүңүз көрүп жаткандай, силерде муниципалдык мүлктү колдонуунун эрежелери иштелип чыкканы байкалбайт, кандайдыр бир баш аламандык, бир жактуу иштер жасалып жаткандай көрүнөт. Коомчулук демилге көтөрүп, жергиликтүү бийликти мыйзамга ылайык иш алып барууну талап кылгыла. Эгерде мындай абал өзгөрбөсө, келген техника бат эле бузулуп, иштен чыгып калышы мүмкүн. Техниканы оңдоого же жаңысын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү да оңой иш эмес, ошондуктан сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануу зарыл.

Айылдык депутат     [19 Декабря 2019]

Саламатсыздарбы! Биздин айылдагы мектептин аймагында бала- бакча курууга орун бар. Райондук ОАА- МСЭК борбору КР Өкмөтүнүн 11.04 2016жыл #201 токтомуна таянып мектептин аймагына бала-бакча курууга уруксат берген эмес. Мектептин аймагы муниципалдык жер болгондуктан айылдык кеңештин токтому менен бала-бакча куруу үчүн жер бөлүп берсе болобу? Бул суроону 25 августта жаздым эле. Мүмкүн болсо, жооп берип койсоңуздар.

Ответ:

Сиздер жашаган айылдын-калктуу пункттун башкы ( генералдык) планы бар, анда кайсы жерлер кандай багытта колдонуусу керек, кайсы жерге кандай курулуштар түшөт ж.б. так жана даана көрсөтүлөт. Ооба, Сиз айткан мектептин аймагы ( территориясы) муниципалдык жерге кирет, учурунда мектептин курулушу да архитектуралык долбоордун негизинде курулган, демек мектептин имаратын курууда мыйзамга ылайык келген нормалар эске алынып салынган. Мына ошол себептен райондук архитектура менен мамлекеттик каттоо башкармалыгы бала бакчанын курулушуна бул жер аянты ылайыксыз деп жаткандыр. Бул маселе айыл кеңеш кабыл алып койгон токтом менене эле чечилип калбайт, башында айыл кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясында терең, ар тараптуу каралып, андан кийин сессияга чыгаруу зарыл. Айыл кеңештин токтомунда бала бакчага ылайыктуу жер аянтын табуу, ал маселени ишке ашыруу милдети аткаруу бийлигине-айыл өкмөтүнө берилет. Айыл өкмөтү токтомду аткаруу максатында тийиштүү иш-аракеттерди жүргүзөт: жер аянтына трансформация иштерин жүргүзөт, же ылайыктуу жерди сатып алууну болжолдойт, ал боюнча бюджеттен каражат бөлөт, тыянак алуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылат ж.б.

Бейшенбаева Анара Осконбаевна     [19 Декабря 2019]

Саламатсыздарбы! 06.05.2005-жылдагы КРОнун № 117 токтомунун акыркы версиясын жиберип коесуздарбы? Жеке турак жай курууга жер беруудо архитектуранын корутундусу керекпи?

Ответ:

Урматтуу Анара айым! Сиздин суроңуз боюнча эски жана жаңы токтомдорду таап шилтемени тиркеп койдук ОРУСЧА: 1) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/56296?cl=ru-ru бул 06.05.2005 №117 токтом, 2) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/99813?cl=ru-ru бул кошумчалар 24.02.2017 № 119 токтом. КЫРГЫЗЧА: 1) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/56296/20?cl=ky-kg&mode=tekst бул 06.05.2005 №117 токтом, 2) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/99813?cl=ky-kg бул кошумчалар 24.02.2017 № 119 токтом. Законодательства деген пункта бул документтер бар.

Эмир     [17 Декабря 2019]

Саламатсызбы! турак үй куруу үчүн жер алганы кезекке турганмын.2010 жылы арыз жазганмын. Ошол 2010жылдагы арыз менен еле мага жер бөлүп, берип токтом чыгарабы же жаңыдан бугунку кун менен арыз жазамынбы? алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Эмир! Турак-жай курууга жер тилкесин алуу үчүн жазган 2010-жазган арызыңыз жергиликтүү бийликтин аткаруу органында катталып, кезекте турган болсоңуз ошол эле арыз жетиштүү болот. Андан бери 9 жылдан ашык убакыт өткөн экен, айыл өкмөттүн жооптуу катчысына кайрылып, анда каттоодо канчанчы болуп кезекте турганыңызды, жер тилкелери качан берилери тактап алсаңыз болот.

Чынгыз     [14 Декабря 2019]

Саламатсызбы.Биздин айылокмотко Жайыткомитети 2 дробилка бериптир баасы 250000 сомдон 500000 сомго бироосун айылокмот уйуно экинчисин жайыт комитетте иштеген бала уйуно орнотуп алышты бул ачкозондорду эмне кылыш керек

Ответ:

Урматтуу Чынгыз! Жайыт комитети аркылуу келген техникалар болобу же башка буюмдар болобу бардыгы муниципалдык мүлк катары катталышы керек. Аларды андан ары кандай максатта колдонуусу тууралуу маселени алгач айыл кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясында каралып, андан кийин сессияга алып чыгып, ал боюнча токтом кабыл алынат. Айыл кеңештин токтомунда ал техниканы же буюмду кандай колдонуу, пайдалануу жана ээлик кылуу шарттары көрсөтүлөт. Айыл өкмөтү токтомду аткаруу максатында иш-аракеттерди жүргүзөт. Мисалы: ижарага берет, ыкчам башкаруу ыкмасы менен иштетүү үчүн келишим түзөт ж.б. Сиз сурооңузда айткандарды тактоо үчүн айыл өкмөткө кат жүзүндө кайрылып, ал майдалагычтарды (дробилка) кандай колдонулуп жаткандыгы жөнүндө так маалымат алсаңыз болот. Сиз катыңызга 14 күндүн аралыгында жооп ала аласыз.

Замир     [14 Декабря 2019]

Как должны отчитываться депутаты местного кенеша и сколько раз перед своими избирателями?

Ответ:

Уважаемый Замир! Депутат местного кенеша периодически, но не менее чем один раз в год, обязан отчитываться в своей работе перед своими избирателями. Порядок организации и проведениия отчета, периодичность предоставления избирателям, время работы с избирателями определяются решением местного кенеша или Регламентом местного кенеша. Отчет депутата может быть предоставлен в любое время по требованию избирателей. Отчет озвучивается на собраниях, на общественных слушаниях, курултаях и иных мероприятиях избирателей. Отчет должен содержать сведения о работе депутата в местном кенеше в постоянных (временных) комиссиях; в избирательном округе; орешениях местного кенеша иходе их выполнения; о личном участии в обсуждении и исполнении решений местного кенеша; о личном иницировании вопросов,направленных на решение вопросов местного значения и их результатах и т.д.

Алик     [13 Декабря 2019]

Саламатсызбы, Айыл окмотту кантип жумуштан кетирсек болот?

Ответ:

Урматтуу Алик! Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 48- беренесинин 7-пункттунда Сиз берген суроого төмөнкүдөй жооп жазылган: 7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн: 1) жеке арызынын негизинде; 2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен; 3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде; 4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда; 5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда; 6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда; 7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда; 8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда; 9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда; 10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча. 8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот. 10. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

Гуляим     [6 Декабря 2019]

Можно ли лишить премии муниципального работника, имеющего выговор?

Ответ:

Уважаемая Гулаим! Выговор является дисциплинарным всызканием, который работодатель вправе применить в отношении своим сотрудника ( Трудовой кодекс ст.147). При применении дисциплинарного взыскания учитывается тяжесть совершенного проступка, обстоятельства при которых он совершен, предшествующая работа. В отличие от выговора, лишение премии не является дисциплинарным всызканием. Это поощрение работадателя трудовых успехов сотрудника. Довольно нелогично поощрять сотрудника, который ранее получил выговор, но как говорится выше - это поощрение работадателя, и он вправе решать.

Алмаз     [6 Декабря 2019]

Здравствуйте скажите пожалуйста какой порядок отсрочки по уплате арендной платы земель ГФСУ, в связи с не урожайностью...

Ответ:

Уважаемый Алмаз. В налоговом кодексе в статье "344. Льготы по земельному налогу" 1. Если иное не предусмотрено настоящим разделом, освобождаются от уплаты земельного налога за пользование придомовыми, приусадебными и садово-огородными участками:1) инвалиды и участники Великой Отечественной войны, военнослужащие, принимавшие участие по межгосударственным соглашениям в войне в Афганистане и в других странах, участники ликвидации аварии Чернобыльской АЭС, а также инвалиды с детства, инвалиды I и II групп; 2) члены семей военнослужащих и сотрудников правоохранительных органов, погибших или пропавших без вести при исполнении служебных обязанностей, включая детей до совершеннолетия; 3) физическое лицо, достигшее пенсионного возраста; 4) физическое лицо, имеющее 4 и более несовершеннолетних детей. 2. Местные кенеши имеют право предоставить полное или частичное освобождение от уплаты земельного налога по сельскохозяйственным угодьям на срок до 3 лет в случаях, когда землепользователь понес материальные убытки вследствие непреодолимой силы. 3. Местные кенеши имеют право предоставлять освобождение от уплаты земельного налога по землям населенных пунктов и землям несельскохозяйственного назначения для предприятий, деятельность которых относится к преференциальным видам промышленной деятельности, подлежащим льготному налогообложению, установленным статьей 159-1 настоящего Кодекса. Предельный срок применения настоящей части 5 лет с правом последующего продления до 10 лет в зависимости от размера выручки от реализации и суммы уплаченного подоходного налога.

Нургул     [4 Декабря 2019]

САЛАМАТСЫЗДАР, иштеген кызматкер бир жылда канча жолу бюллетенге чыкса болот? Бизде бир иштеген кызматкер бат баттан бюллетенге чыга берет.

Ответ:

Урматтуу Нургуль айым, иштеген кызматкер ооруп калса бюллетенге чыкканга укугу бар. Бир жылда канча жолу деген чек коюлбайт. Бат бат ооруган кызматкерди ВТЭКке жиберсе болот. Калган учурда ооруган күндөрүнө 10 күндүк маянасы төлөнөт; 60% - иштеген тажыйрыбасы 5 жылга чейин болсо; 80% - иштеген тажыйрыбасы 5 жылдан 8 жылга чейин болсо; 100% - иштеген тажыйрыбасы 8 жылдан өйдө болсо.