Кайрат [10 Сентября 2019]
Саламатсызбы? Суроо :Жергиликтуу бюджетти которуу максатында айыл окмот ГФСУ нун жерин озу иштетип айыл чарба тармагында иш кана ачуу жолдору барбы?\nСебеби копчулук айыл окмоттор дотацияда негизги киреше булагы салыктар. Салыктардан башка кошумча киреше булактары барбы?
Ответ:
Урматтуу Кайрат! Биздин өлкөнүн мыйзамдарында жергиликтүү бийликтин аткаруу органы болгон айыл өкмөтү АЖМФнын жерлерин өз алдынча иштетүүгө жана айыл чарба багытындагы ишкана – мекемелерди түзүүгө болбойт көрсөтүлгөн эмес. АЖМФ жерлери- мамлекеттин менчиги, ал жерлерди жергиликтүү бийлик органдарына жергиликтүү бюджетти колдоо, көтөрүү, толуктоо үчүн берилген. Айыл өкмөтү ал жерлерди аукцион, конкурс аркылуу ижарага берүү менен жергиликтүү бюджетке салык эмес төлөмдөрдү түшүрөт, жер салыгын жана камсыздандыруу взносторун жыйнайт. Аукцион аркылуу АЖМФнын жерлери канчалык жогорку баа менен ижарага берилсе, ошончолук бюджетке көп киреше түшөрү белгилүү эмеспи. КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “ мыйзамынын 18-беренесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү маанидеги маселелерине айыл чарба жерлерин иштетүү маселеси кирген эмес, ошондой эле “АЖМФ жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана эрежелери тууралуу типтүү жободо” айыл өкмөтү бул жерлерди башкарууда ижара берүүчү катары каралган, демек айыл өкмөтү өзү бир мезгилде эле ижара берүүчү жана ижара алуучу боло албайт. Бирок, АЖМФнын жерлерине кызыгуу болбой, аукцион, конкурс аркылуу ижарага эч ким албай калып, жер пайдаланылбай калуу коркунучу жаралган учурда , айыл өкмөтү өз мүмкүнчүлүгүнө жана жоопкерчилигине алып жерди иштетсе болот. Ооба, өзүн-өзү каржылай албаган ( дотацияда турган) айыл өкмөттөрдүн кирешесинин негизги булагы болуп салыктар (жергиликтүү жана мамлекеттик), салык эмес төлөмдөр жана теңдөөчү гранттар эсептелет. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн айыл өкмөт салык чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп алууга баруусу керек, ал бардык салыктык базаны жана ресурстарды тактоого, иликтөөгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Жоке [16 Августа 2019]
1.Саламатсызбы улуу урматуум. Суроо томондогудой. Базардын жер тилкесине тиешелуу турган муниципалдык жерди уй куруу же общественный баня куруу учун жерди аукцион аркылуу сатса болобу? Бирок пайдалануу багыты мурун базардын жер тилкеси болгон.азыркы кундо местный кенеш баня курулсун деп багыты корсотулуп, аукционго коюлуп жатат. Канчалык денгелде мыйзамдуу. ? \n2.суроо Аукцион до женип алган адам баня курбай магазин же уй куруп кайсо мыйзамдуулукту бузуп койбойбу
Ответ:
Урматтуу Жоке! Сиздин сурооңуз бир аз түшүнүксүз болуп жатат, ошондуктан биздин эксперт-серепчилерге телефон аркылуу кайрылып, суроону тактоо керек болуп жатат. ( Эсенбеков С. 0550533539)
Эркин [16 Августа 2019]
Здраствуйте. Подскажите может ли а/кенеш через адвоката обратиться в суд на отмену решения главы а/о о предоставлении земельного участка.
Ответ:
Уважаемый Эркин, спасибо Вам за Ваш вопрос. Ответом на него будет "ДА", а/кенеш может через адвоката обратиться в суд на отмену решения главы а/о о предоставлении земельного участка, если данное действие было совершено с нарушениями или противоречат основополагающим нормам предоставления земельных участков.
Жанышбек 2 [5 Августа 2019]
Саламатсызбы Рита. Мен тактай турган нерсе, биздин айыл окмот башчыбыз, кундо аппараттык жыйын откорот, жыйында жон суйлобостон айкырып кыйкырып суйлот жада калсе анча мынча согунуп суйлот, айыл башчыларыбызга кун жок. Ушул айыл окмот башчыбызга кандай чара корсок болот. Баарын билип туруп айылдык кенешинин депутаттары да коз жумуп коюшат. Эч кандай чара корушпойт.
Ответ:
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилди
КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын КОДЕКСИ
(Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2017- жылдын 14-августундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык)
Этика кодекси администрациялык кызмат орундарын ээлеген КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына (мындан ары - кызматчылар)
жайылтылат.
Кызматчылардын этикасы - мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлеген адамдардын моралдык, маданий жана кесиптик көрүнүшүнө карата коомдун талаптарын чагылдырган жүрүм-турум ченемдеринин жана эрежелеринин жыйындысы.
Этика кодексинде кызматчылар үчүн этика ченемдери төмөнкүдөй максаттарда белгиленет:
Этика кодекси төмөнкүдөй негизги жоболорду камтыйт:
- кесиптик милдеттүүлүгүн;
- коррупцияны алдын алуусун;
- жүрүм-турум маданиятын.
Жүрүм-турум маданияты
11. Кызматтагы субординация жана өз ара мамилелер Кызматчы кесиптештери менен өз ара аракеттенүүлөрдө ак ниеттүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ыңгайлуу моралдык климатты калыптандырууга, өз ара жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүлөргө үлгү болууга тийиш. Кызматчы кесиптештерине урматтоо менен мамиле жасоого, аларды ачык сындабоого, жетекчинин чечимине шектенүүлөрдү ачык айтууга укуксуз. Жетекчинин чечимине макул болбогон учурда кызматчы өзүнүн позициясын жазуу түрүндө баяндоо менен ага кайрылууга укуктуу.
Кызматчылар субординацияны сактоого, кызматтык мамилелердин алкактарынан чыкпоого, кесиптештерине карата урмат-сый көрсөтүүгө жана аларды кемсинткен сөздөрдөн карманууга тийиш.
Кызматтык жүрүм-турумунда кызматчы адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет деген конституциялык жобого жараша адамдын жынысы, курагы, расасы, этноско таандыктыгы, тили, социалдык, мүлктүк же үй-бүлөлүк абалы, саясий же диний ынанымдарынын белгилери боюнча кодулоо мүнөздөгү сүйлөөлөрдүн же аракеттердин кайсы болбосун да түрлөрүнөн карманышы керек. Жамаатта жетекчи өзүнө баш ийген кызматкерлерге карата урматтоо мамилесин көрсөтүүгө, үлгү болууга, алардын ишин моралдык колдоо жана уюштура билүүгө, кесиптик жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жана баш ийген кызматкерлердин убактысын баалай билүүгө тийиш.
Жетекчи баш ийген кызматкерлердин муктаждыктарына көңүл бурууга, алардын өтүнүчтөрүнө жооп берүүгө, жамаатта иштиктүү абалды колдоого тийиш.
Кызматтык мамилелерде кызмат боюнча баш ийген жана кызмат боюнча кенже адамдар жетекчилер жана кызматы боюнча улук адамдар менен биринчи саламдашат, ал эми кызматчылардын абалы бирдей болгондо ким өзүн кичи пейил жана тарбиялуумун деп эсептесе биринчилерден болуп саламдашат.
Урматтуу Жанышбек! Ар бир мекемеде этика комиссиясы бар. Сиз этика комиссиясына кайрылуунуз зарыл. Этика комиссиясы талкуулап чечим чыгарыш керек . Андан тышкары профсоюздук жыйналышта да бул маселени талкуулоо керек. Профсоюздук жыйындын чечимин Кыргыз Республикасынын кадр кызматына кайрылууга укугунуз бар. Эгерде этика комиссиясы жана профсоюздук жыйындан натыйжа чыкпаса социалдык тармактарга жөнөтүнүз.КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинде көрсөтүлгөн.
Бактыгуль 2019 [5 Августа 2019]
Саламатсыздарбы! Мен суроо берүүмдүн себеби, азыркы күндө биздин башкы адисибиз ден соолугуна байланыштуу больничныйга чыгып кетти. Анын ордун убактылуу милдетин аткаруучу кылып адисти милдеттендирди, эмгек кодескстин 4-разделдин 13-главасынын 167-беренесинде көрсөтүлгөн 30-пайыздан 70 пайызга чейин акы толонуп бересе болот деп, бирок биздин бухгалтерибиз каршы болуп атат, бирок бухгалтерлер оздору эмгек оргууго же больничныйга чыкканда биринин милдетин аткарса сөзсүз түрдө 0,5 ставка өздөрүнө төлөп алышат. Ушуга так маалымат бериниздерди суранам.
Ответ:
Урматтуу Бактыгүл айым. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИнин 74-статья. Убактылуу ордун ээлөө
Өндүрүштүк зарылчылык иретинде кызматкер убактылуу жок болгондо, анын кызмат милдеттерин штаттык орун басары болуп саналбаган башка кызматкерге аткарууну жүктөөгө жол берилет.
Убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпашы керек.
167-статья. Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы
Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.
Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес.
Алтын [31 Июля 2019]
Саламатсызбы жооп берип коесуздарбы? Жолдошум экообуз 5жыл мурун баш кошконбуз. Уйлонгондон кийин Бишкек шаарынан бир болмолуу квартира алганбыз, ар кандай шарттарга байланыштуу жолдошум аны бир тууган карындашына каттатып турган. Биз эми барып ошол уйду менин атыма кантип откоруп алсам болот, же аты катталган адам доверенность берсе сатууга мумкунчулук болобу. Загс ала элекпиз, эми барсак алабыз деп журобуз.
Ответ:
Урматтуу Алтын айым. Эгер сиздин кайын сиңдиңиз өз ыктыяры менен сизге же жолдошуңузга генеральная доверенность берсе, сиздер аны башкага сатып же бир бириңерге каттатып алсаңар болот. Эгер ал өз ыктыяры менен бербесе, сиздерде кандай бир кагаз түрүндө расписка, же башка документ болсо сотко кайрылып алсаңыз болот. Эгер сиздер сатып берген жөнүндө эч кандай из калбаса, анда батир кайын сиңдиңизде калат дагы, сиздер ала албайсыз.
Акмат [24 Июля 2019]
Бул сайтка бироо жарым баш багабы? Администратор кайда, суроомо жооп бересиздерби?
Ответ:
Урматтуу Акмат мырза. Бардык суроолорго жоопторду биз эксперттер менен талкулап, мыйзамдардарды анализдеп, толуктап жазабыз. Сиздин суроонор коп тараптуу экендиктен азыр кароодо.
Акмат [10 Июля 2019]
Саламатсызбы! ЖОБО уй салуу учун берилген токтомду прокуратуранын протестинин негизинде озу жокко чыгара алабы же бир гана сот жокко чыгарабы?
Ответ:
Урматтуу Акмат мырза! 2009-жылдын 17-июлу № 224 Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө мыйзамында 21-берене. "Прокурордун каршылык билдирүүсү" 1. Прокурор чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келген, укуктук актыга карата мындай актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына, андан чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо аны жокко чыгаруу үчүн каршылыгын билдирет. 2. Каршылык билдирүү четке кагылган учурда прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте сотко кайрылууга укуктуу. 3. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Анын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну токтоосуз түрдө четтетүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларга прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу. Каршылык билдирүүнү караган учурда жана ага чейин каршылык билдирилген аткарылбаган актынын иш аракети токтотула турат. 4. Коллегиялык орган тарабынан каршылык билдирүүнү кароодо каршылык билдирген, аны кароодо катышууга укуктуу болгон прокурорго жыйналыш болуучу күн жөнүндө кабар берилет. Прокурор сотко кайрылган учурда ал сөзсүз түрдө катышуусу керек. 5. Каршылык негизсиз киргизилген учурда каршылык билдирүү ал каралганга чейин аны келтирген прокурор, же болбосо жогору турган прокурор тарабынан кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
Нузи [2 Июля 2019]
Мен мектепте иштейм 9жыл стаж. 11300 айлык алчумун. Азыр декретке чыктым. Болжолдуу декреттик төгүүгө канча акча ала алам ( тоолуу район .Гүлчө) эсептеп бере аласыздарбы
Ответ:
Урматтуу Нузи! Доброго времени суток! Согласно Положению о Пособие по беременности и родам выдается женщинам: 1) при нормальных родах — на 126 календарных дней (70 календарных дней до родов и 56 календарных дней после родов); 2) при осложненных родах и рождении двух и более детей — на 140 календарных дней (70 календарных дней до родов и 70 календарных дней после родов). Пособие по беременности и родам выдается за все рабочие дни отпуска по беременности и родам, удостоверенные листком нетрудоспособности за время:1) срока действия трудового договора; 2) нахождения в основном и дополнительном оплачиваемых отпусках; 3) пребывания женщины в отпуске по уходу за ребенком до достижения ребенком возраста полутора или трех лет; 4) нахождения в отпуске без сохранения заработной платы, предоставленного по инициативе работодателя; 5) простоя по вине работодателя, а также по причинам, не зависящим от работодателя и работника (в случае письменного предупреждения работника и оплаты за время простоя). Пособия могут выплачиваться по доверенности либо по заявлению работников, перечисляться в банк или пересылаться через филиалы связи (в том числе и по временному месту жительства). Выплата пособия по беременности и родам, а также при усыновлении (удочерении) ребенка в возрасте до трех месяцев производится работникам: 1) за первые десять рабочих дней — из собственных средств работодателя (за счет дохода или фонда оплаты труда) в размере 100 процентов заработной платы (дохода), с одиннадцатого рабочего дня — в размере 10 расчетных показателей в месяц; 2) постоянно работающим и проживающим в высокогорных и отдаленных труднодоступных зонах, за все рабочие дни, — в размере 100 процентов заработной платы (дохода).
Asy [26 Июня 2019]
Здравствуйте! Не могу найти 3 статью 47 пункт из Закона "Жер казынасы жонундо";
Ответ:
Урматтуу Asy! Пройдите по ссылке minjust.gov.kg, выберите пункт БАЗА ДАННЫХ НПА, там выберете нормативные правовые акты - в поиске напишите что ищите там все должно выйти