Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Асыранов Жангазы Бакасович     [3 Декабря 2018]

Урматтуу Рита.Саламатсызбы 2018-жылдын 01.12.куну Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык онугуу министрилигинен Кыргыз почтасы аркылуу кат келди. Катта сиз биринчи жолку берген маалыматыныздагы корсоткон Мыйзамдуулуктун негизинде жазылыптыр. Сизге чон рахмат, ишинизге ийгилик. Ардайым кенешиниз кенен болсун. Бекмолдо айыл аймагынын кызматкерлердин атынан сизге чын ден-соолук каалайбыз. Урматтоо менен Жангазы.

Ответ:

Иштеринерге ийгилик каалайбыз!!!

Мир     [2 Декабря 2018]

Салам. Менин суроом огород жонундо. Огород сатып алгам, ал огород торт кишиден откон мен бешинчимин. Бирок эч документ жок, токтом да жок, айыл окмотто да жок экен, архивде да жок болуп чыкты, госрегистрга барсам огород айыл окмоттун балансында дейт, кандай кылсам болот кызыл китеп алыш учун?

Ответ:

Урматтуу Мир! Эн кызыктуусу, Сиз кайсы документтердин негизинде турак-жай салууга (огородго) жер участогун сатып алдыныз? Бул жер участогу мамкаттоо билдиргендей муниципалдык менчиктеги жерге кирсе, анда айыл өкмөтү мыйзамга ылайык иштерди жургузушу керек. Мисалы, ал жер участогу жер фондусунун «калктуу конуштун жерлери « категориясына тийиштуу болсо, мыйзамга ылайык кезек менен турак-жай курууга берилет. Эгер жогорудагы категорияга кирбеген жер участогу болсо, ал муниципалдык жер участогу болуусу мумкун, андай жерлерди айыл кенештин макулдугу менен айыл өкмөт аукцион же конкурс жолу менен ижарага бере алат. 2002-2004-жылдары республикада жеке менчикте турган жерлерди системалык каттоо жүргүзүлгөн, ошол жылдары бардык жер участкалары (огороддор) изилденип, тактоолор жургузулгон,чечим-токтомдору жокторго чечимдер чыгарылган. Ошол жылдардагы жерлерге чыккан чечимдер айыл окмотто, маммкаттоодо болушу керек, эгерде ал каттоого кирбей калган жер участогу болсо да айыл өкмөткө арыз жазып кайрылуу зарыл.

Израил     [29 Ноября 2018]

Саламатсыздарбы! Биздин ишканага контрактын негизинде МЧС жумушчу алынган, анын жумушу көп болгондуктан айлык майанасы келишимдин негизинде аз болуп калган, ошондуктан анын майанасын жогорулатту керек, кандай кылып айлык майанасын жогорулаттуу керек?

Ответ:

Урматтуу Исраил! Биринчиден, Сиз айткан ишкана муниципалдыкпы же айыл өкмөттүн аппаратыбы? Эгер айыл өкмөттүн аппаратындагы кызматка контракттын негизинде алынса, анда эмгек акысы жергиликтуу бюджеттен каржыланган. Экинчиден, жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн ашык болсо, же башкача айтканда дотацияда турбаган, өзүн-өзү каржылаган айыл өкмөттөрдөн болсо, анда жыл башында жергиликтүү бюджетти түзүүдө бул кызматкердин эмгек акысын жетиштуу денгээлге жеткидей кылып кароосу зарыл. Анын негиздүүлүгүн айыл кенештин туруктуу комиссияларында, андан кийин сессияда карап бекитип алуу керек.

Анара     [24 Ноября 2018]

Айыл өкмөттүн мөөрүнө жоопкерчилик боюнча ЧУА кайсылар?

Ответ:

Урматтуу Анара! Мөөр иш кагаздарындагы негизги реквизиттердин бири. Мөөрдө ишкананын аталышы, анын укуктук- уюштуруу формасы, катталган дареги, белгилер, символдор ишкананын салык төлөөчү катары идентификациялык номери ж.б маалыматтар так чегерилип жазылат. Мөөргө баарынан мурда ишкананын жетекчиси жооп берет, же ал өзүнүн буйругу менен мөөргө жоопкерчиликтүү адамды дайындайт. Жоопкерчиликтүү адам анын сакталышына жана колдонулушуна жооп берет. Мөөр сөзсуз турдө сейфте сакталуусу керек. Мисалы: айыл өкмөттун башчысы буйругу менен мөөргө болгон жоопкерчиликти жооптуу катчыга бекитип берет, ошондой эле айыл кенештин төрагасы да ушундай буйрук чыгарып жооптуу катчыга жоопкерчиликти бере алат. Кайсы бир учурларда жетекчилердин мөөрдү эч кимге бербей өз жанына алып жургөнүн көрүүгө болот, албетте бул жакшы көрүнүш эмес. Жетекчилер иш ордунда убактылуу жок болгондо же иш сапарга чыккан учурда тийиштуу документтерге мөөр бастыруу учун келген жарандар көпкө кутуп калышы мумкун, бул биринчи кезекте мекемедеги уюштуруу иштеринин кандай жолго коюлганын көрсөтөт. Мөөр тууралуу атайын чыккан ЧУА жок.

Эрнис     [22 Ноября 2018]

Ассаламу алейкум. Айыл окмотундо эки жарым жыл келишим менен жер адис болуп иштеген, конкурска документин жаратпай салды, муниципиалдык жумушка келишим менен иштеген киреби же кирбейби? Ишиниздерге ийгилик.

Ответ:

Урматтуу Эрнис! Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгу» мыйзамынын 31-беренесинде мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү боюнча төмөнкудөй айтылган: «9-пункт. Убактылуу болбогон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар болгондо тиешелүү үстөктөр төлөнөт». Демек, ушул иштеген жылдары тууралуу эмгек китепчесине жазылышы керек болчу, ошонун негизинде анын муниципалдык стажы пайда болду десек болот.

Чынгызбек     [22 Ноября 2018]

Саламатсызбы урматтуу Рита Рахмановна! 2016-жылдын 30 майындагы №75 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 3 главасынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана наамдарды белгилөө жөнүндөгү мыйзамына негизинде Чынгызбекге шаар мэриясынын жетектөөчү адиси (запастагы кенже лейтенант) тагыраагы мага муниципалдык кызматтын кенже инспектору чени ыйгарылган. Берилген убактан тарта ушул мыйзамдуубу же мыйзамсызбы деген ойлор менен иштеп келем, сиз жана сиздин команданыз жөнүндө маалымат укканда төөм көккө жети, ишинизге ийгилик!

Ответ:

Урматтуу Чынгызбек, Сизге берилген муниципалдык кызматтын кенже инспектору чени – бул биринчи класстык чен. Ал муниципалдык кызматчынын муниципалдык кызмат ордуна тиешелуу берилет. Сиздин азыркы ээлеген кызмат ордунуз алган ченинизге ылайык келет. Ал эми Сизге кезектеги чен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобосунун 15-пунктунда көргөзүлгөндөй: «Кезектеги класстык чен кызматчыга мурдагы класстык ченинде кызмат өтөө үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндө жана ал ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча ошол класстык чен, ага теңдеш же андан жогорку класстык чен каралган административдик кызмат ордун ээлеген шартта ыйгарылат».

BEHERA     [22 Ноября 2018]

Дыйкан чарба, андан кийин мед окуу жайда окуп анан иштесем стажга киреби жана эсептелинеби ?Токтомдору барбы?

Ответ:

Урматтуу Венера! Эгерде Сиз алгачкы жолу эмгек жолунузду дыйкан чарбада иштеп баштаган болсонуз, андан кийин медициналык окуу жайда окуган мезгилиниз-жылдарыныз жалпы эмгек стажына кирет, бирок бул жылдар муниципалдык стаж катары эсептелбейт. Сиз толук маалымат алуу учун КР «Эмгек» жөнүндө кодексин окуп чыгыныз.

Эрнис     [19 Ноября 2018]

Ассаламу алейкум. Улуш жер албай калган айылдын жараны,1986 жылдан баштап Бишкекте жашайт үлуш жер алууга айыл окмотко келиптир, транш менен келгендердин арасында жок. Мыйзамдуу кылып жер берууго мумкунбу? Учету да Бишкекте экен.

Ответ:

Урматтуу Эрнис! Жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу, мындай жер участогу » аталган чарбанын чегинен тышкары иштеген жана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккандар), аталган чарбанын аймагына 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашоого келген жарандар үчүн-чарбалык орточо жер үлүшүнүн өлчөмүндө» болгон ( КР «Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамы 6-берене, 6-пункт). Жер үлүшүн берүү азыркы мезгилде токтотулган, эч кимге берилбейт. Кайрылган жарандын 1994-1996-жылдары жер реформасы жүргүзүлгөн учурда жер үлуш алуучулардын тизмесине киргизилгенин же киргизилбегенин архивдик документтерден карап көрүү керек.

Михаил     [15 Ноября 2018]

Здравствуте. Меня интересует вопрос можно ли узнать имеется у аиыл окмоту свободные земельные участки для безвозмездного получение участка и как это сделать. Могу я выбирать какой участок мне получить? Могу ли я отказаться от участка если он окажется не пригодным (район мусорной свалки, овраги, болото) и что будет если я откажусь? Можно в ходатайстве на земельный участок указать размер который я хочу получить?

Ответ:

Уважаемый Михаил! В Земельном кодексе КР в статье 32 указана,что :»1. Земельный участок предоставляется в собственность гражданам Кыргызской Республики уполномоченным органом безвозмездно один раз на всей территории Кыргызской Республики: для строительства и обслуживания жилого дома и ведения личного подсобного хозяйства, дачного строительства по установленным нормам, а также гражданам Кыргызской Республики, имеющим право на земельную долю в размере, определенном Правительством Кыргызской Республики. 2. Малопродуктивные сельскохозяйственные угодья, за исключением пастбищ, могут быть предоставлены гражданам Кыргызской Республики в собственность уполномоченным органом безвозмездно для освоения и ведения сельскохозяйственного производства. 3. Земельные участки для целей, указанных в пункте 2 статьи 73 настоящего Кодекса, предоставляются безвозмездно один раз. 4. Государственным и муниципальным землепользователям земельные участки предоставляются в пользование безвозмездно, а иным юридическим лицам Кыргызской Республики земельные участки могут предоставляться в пользование безвозмездно уполномоченным органом для следующих целей: для государственных и общественных нужд, промышленного производства, для нужд обороны, водного хозяйства, транспорта, энергетики, связи и иного назначения, строительства государственных жилых домов, природоохранного, оздоровительного, рекреационного и историко-культурного назначения, для других целей, установленных законами Кыргызской Республики. 5. Нормы земельных участков для строительства и обслуживания жилого дома и ведения личного подсобного хозяйства и дачного строительства устанавливаются на соответствующей территории уполномоченными органами. 6. Земельный участок для обслуживания жилого дома и ведения личного подсобного хозяйства не подлежит изъятию для государственных, муниципальных и общественных нужд. 7. Граждане Кыргызской Республики, имеющие право на безвозмездное получение земельного участка для строительства и обслуживания жилого дома и ведения личного подсобного хозяйства, могут реализовать данные права путем создания жилищно-строительных кооперативов. В этом случае земельные участки для строительства многоквартирного дома жилищно-строительными кооперативами предоставляются уполномоченным органом безвозмездно, при наличии свободных земель. Положение о порядке организации жилищно-строительных кооперативов и предоставления им уполномоченным органом земельных участков разрабатывается Правительством Кыргызской Республики и утверждается Жогорку Кенешем Кыргызской Республики. Таким образом, Вы в своем заявлении четко должны указать для какой цели хотите получить участок, его размер и где. Вы можете отказаться от участка если он окажется не пригодным, никаких последствий не предусмотрено.

Израил     [14 Ноября 2018]

Саламатсызбы! Аукциондун негизинде чыккан дүкөндүн токтомун менчик үйгө же мечит деп өзгөртүүгө болобу? Рахмат!

Ответ:

Урматуу Израил! Сурооңузду тактап алсак, биринчиден аукцион аркылуу муниципалдык жер участкасы дүкөн курууга убактылуу мөөнөткө ижарага берилгенби же сатылганбы? Ижарачы жер участкасын ижара келишиминде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык колдонуусу керек. Эгер жер участкасы аукцион аркылуу сатып алынса дагы максаттуу түрдө колдонулушу зарыл, себеби аукциондо колдонуунун максаты менен сатып алуучу таанышып, ал боюнча макулдашуу болгонун унутпашы керек. Ошондуктан, дүкөндүн ордуна башка объектти курганга болбойт.