Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Акмат     [25 Ноября 2021]

Сиз менин суроомо тушунбой калдыныз окшойт, группага чыккандан кийин 4 жыл 2 процент кармалып келген?

Ответ:

Урматтуу Акмат мырза, сиз II топтогу майып болгондон кийин 2 пайыз кармалат, майыптыны жок кызматкерлер үчүн ай сайын - 10 пайыз кармалат. Мындай маселелерди документти көрбөй туруп жооп берүү кыйын. Бул сайт жергиликтүү өз алдынча башкарууга багытталган. Терең урматтоо менен, msu.kg тобу

Бакыт     [23 Ноября 2021]

Берген суроомо жооп алдым. Чоң рахмат, ишиңиздерге ИЙГИЛИК!

Ответ:

Бакыт мырза сиздерге чоң рахмат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну алдыга сүйрөп, өнүгөлү, өсөлү деп демилгелерди мыйзам чегинде ишке ашырып келгениңерге. Бар болуңуздар, бир күнү реформалар бизди карай дагы жылат деген үмүттө күтө туралы. Терең урматтоо менен, msu.kg командасы

Акмат     [22 Ноября 2021]

Саламатсыздарбы? Мен иштеп журуп 2-группадагы иналидикке чыкканмын.Бирок 4 жыл ичинде соц.фондко 2 % кармалып келген.Эми сизден сураныч ушул 2 процентти кармоого укугу барбы. Эгерде туура эмес кармалса,кайра ушул кармалган акча каражатын менин эсебиме кайтарып берууго болобу? Ушул маселени мыйзам чегинде карап, жооп берип койсонуздар сиздерден сураныч. Соц.фондко кайрылуу берсем жооп бербей жатат.

Ответ:

Урматтуу Акмат, соц.фондко 2 % кармалып келген бул мыйзамдуу. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамынын 2-статьясы. «Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери». Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет: 2 пункт. Кызматкерлер үчүн: б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар) үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө толонот. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Алина депутат     [19 Ноября 2021]

Уважаемый Мелис Зарлыкович, такой вопрос: Как формируется, каков размер и на что используется и на что нельзя использовать резервный фонд айыл окмоту?? Кто принимает решение о направлениях и объемах использования резервного фонда, глава айыл окмоту или депутаты айыльного кенеша??

Ответ:

Уважаемая Алина, в бюджетном Кодексе в статье 24. «Резервный фонд местных бюджетов» прописано: 1. Исполнительные органы местного самоуправления могут создавать в составе местных бюджетов резервный фонд для финансирования непредвиденных расходов, требующих неотложного финансирования в текущем бюджетном году. Резерв создается за счет текущих поступлений в местный бюджет, из собственных доходов. 2. Размер резервного фонда местного бюджета должен составлять не более 1 процента от объема расходов соответствующего местного бюджета (без учета средств резерва бюджета и сумм платных услуг органов исполнительной власти). 3. Решение о направлениях и объемах использования резервных фондов местных бюджетов принимается исполнительным органом местного самоуправления в соответствии с положениями настоящего Кодекса. 4. Не допускается использование средств резервных фондов на: 1) проведение выборов, референдумов; 2) освещение деятельности руководителей органов местного самоуправления и местных кенешей; 3) оплату труда и материальное поощрение муниципальных служащих; 4) мероприятия по текущему материально-техническому и финансовому обеспечению деятельности органов местного самоуправления. 5. Информация об использовании резервных фондов местных бюджетов прилагается к отчету об их исполнении и подлежит обязательному опубликованию. Депутаты утверждают бюджет, в который входят денежные средства резервного фонда и принимают отчет об исполнении бюджета. С уважением Мелис Зарлыкович.

Анара     [18 Ноября 2021]

Саламатсыздар сиздин жообунузга чоон рахмат. Менде дагы бир суроо эгер 3 ай испытательный срок менен алынган адамдын мооноту бутсо, кайра узартууга укугубуз барбы?

Ответ:

Урматтуу Анара, 2021-жылдын 27-октябры № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 16-берене. “Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби” 4 пункт. Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат. Кайра сыноо мөөнөтүн узартууга болбойт. Маектешүү өткөргөндөн кийин кызмат ордуна алынышы керек же ээлеген кызмат ордунан бошотулат. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Анара     [16 Ноября 2021]

Саламатсыздар менин суроом томондогучо айыл окмотундо ваканттык орунга мамлекеттик кадр кызматынын компьютердик тестирлоодон отуп келет элек эми конкурска документ даярдайлык десек азыр конкурс откорулбойт вакантттык орунга дайындалат деп атышат бул жол менен кандай принциптер менен дайындалат

Ответ:

Урматтуу Анара, 2021-жылдын 27-октябры № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 16-берене. “Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби” 1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат. 2. Ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротация иретинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет. 3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кадрлар резервинде турган адамды же мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда бош кызмат ордуна ротация тартибинде дайындоого укуктуу. 4. Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат. 5. Сыноо мөөнөтүн өтүү мезгилинде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат. 6. Сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартибин, маектешүү өткөрүүнүн жана сыноо мөөнөтүн аяктаган кызматчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө чечим кабыл алуунун жол-жобосун Президент аныктайт. Озгочо 3 пуктту карап чыккыла. Эгерде вакансия болсо, бош оорунга резервден кадр дайындаса болот же өзуңөрдүн кызматкеринерди өйдө жака жылдырып, анан бош орунга резервден дайындайсынар. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Бакыт     [13 Ноября 2021]

Мыйзам боюнча айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине кирген маселелер алдын ала туруктуу комиссияда каралып туруп, алардын чечими же корутундусу болсо гана каралып чечим кабыл алынынышы керек. (ЖМА ж/а ЖӨБО ж-гү Мыйзам. 20.10.21 №123 36-берене, 1-бөлүк, 2-абзац) Менин суроом: 1. Мыйзамдын ушул талаптары бузулуп, кабыл алынган чечимдер (токтом, тескеме (буйрук)) канчалык юридикалык күчкө ээ? 2. Мыйзамды жана кеңештин регламентин бузуу менен өткөрүлгөн сессия үчүн ким жооптуу жана кандай жаза каралышы мүмкүн?

Ответ:

Урматтуу Бакыт мырза, сонун маселени көтөрдүңүз, анткени процедуралык эрежелер маанилүү. Эмнеси менен маанилүү? Ар бир баскычы (кадамы) кандай бир маанигээ ээ. Депутаттар, ооз көптүрүп сессияда сүйлөй бербесин, деп, биринчи ошол маселени туруктуу комиссияда изилде, талкуула, талда, тыянак чыгар, чечимиңерди кагазга түшүргүлө, анан кана сессияга чечим менен келип (алдын ала сессия болордун алдында туруктуу комиссиянын чечими баардык депутаттарга таратылып, алар алдын алаа ал чечимди окууп, кандай бир пикири болсо ага "возражение2 жазып даярданып сессияга (жыйынга) келет. Депутаттардын иши сабатсыз болуп атканы, кудум сиздин сурооңузда жатат. Азыр жергиликтүү кеңеш эмес, борбордук Жогорку кеңеште процедура дегенди уруп ойнобой калган заман болду. Ушундай, мыйзам бузулар болсо, прокуратурага кайрылып, эреже бузуу менен чыгарылган чечимдерди жокко чыгара турган прокуратура өзү, азыр Конституцияны дагы карабай мызамдарды дагы карабай, оз билемдик кылып, негизги кодекстерди (кылмыш жана жазык, жоруктар жөнүндөгү кодерстерди кабыл алдырган кез. Бара бара оңолө турган болсок, бул маселени прокуратура карайт, мыйзам (процедура) бузуу менен кабыл алынган чечим жокко чыгыш керек. Терең урматым менен, Рита Карасартова

Саламат.     [12 Ноября 2021]

Саламатсызбы! Менин суроом томонкучо. Биз жашап жаткан уйубуздун совхоздон болунгондон бери эч кандай документи жок, атабыз отуп кеткенден кийин документин гос актысын техпаспорт алы десек системный регистрациядан биз жашаган уйдун ээси жок экен. Айыл окмоту тарабынан же болбосо жергиликтуу депутаттар тараптан кандайдыр бир чечим чыгарыша алабы? Же болбосо сотко кайрылабызбы? Айыл окмоттун бекитип берууго укугу барбы?

Ответ:

Урматтуу Саламат, айыл өкмөтү тарабынан же болбосо жергиликтүү депутаттар тараптан мурун болгон иштерге эч кандай чечим чыгарып бере албайт. Чыгарып беришсе, соттолуп кетишет. Сиз туз эле сотко кайрылыныз. Мүлккө тиешелүү иштердин баары сот аркылуу кана чечилет. Сот сизге чечим чыгарып бергенден кийин өзүңүзгө каттап алсаныз болот. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

ЭЛИЗА     [12 Ноября 2021]

Саламатсызбы? Финансы тармактык комиссиябыз, бухгалтерден отчетту кандай алабыз? Эмнелерге токтолушубуз керек? Тендерге жайгаштырганын кантип көрөбүз?

Ответ:

Урматтуу Элиза, финансы тармактык комиссия бухгалтерден отчет албайт, маалымат алышынар мумкун. Отчетту айыл өкмөттүн башчысы сиздерге отчет берет, бир жылда эки жолу. Отчетунда бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берет, социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө жана башка маалыматты бериши мүмкүн. Отчетту карап жатканда, бюджеттин аткарылышына өзгөчө коңүл бургула. Тендер боюнча маалыматты айыл өкмөттүн башчысынан сурап алсаныз болот. Алар, кезектеги финансылык жылга же пландоонун башка мезгилине карата мамлекеттик сатып алуулардын натуралай жана акчалай көрсөтүлгөн планын иштеп чыгат жана аны мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат. Мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында), форс-мажордук жагдайлар жана авариялар менен байланышкан учурлардан тышкары, каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Адыл     [11 Ноября 2021]

Саламатсыздарбы? Менин сиздерге кайрылуумдун себеби,1-2-группадагы мумкунчулугу чектелген атуулдар муниципалдык же мамлекеттик кызматта иштоого мумкунчулугу барбы жана мен бир жерден окуп калдым эле бир ишканада 30 штаттык орун болсо, анын экоосу мумкунчулугу чектелгендер болуш керек деп. Сизден сураныч ушул суроого кененирээк жооп берип койсонуз?

Ответ:

Урматтуу Адыл, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө 2008-жылдын 3-апрели № 38 мыйзамынын 5-главасы «Эмгекти коргоо жана эмгектенүү» 27-берене. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгектенүүсүнүн кепилдиктери» Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгектенишин майыптык категорияларына жана тобуна карабастан ишке ашырууга укуктуу. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасын эске алуу менен шарты бар өндүрүштө, адистештирилген уюмдарда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегинен пайдалануучу цехтерде жана участоктордо иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жеке ишкерлик менен иштөө укугу менен камсыз кылынат. Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат жактан жөнөтүлгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумуш берүүчү жумуш ордуна белгиленген квотанын эсебинен ишке алууга милдеттүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка кабыл алганда аларга сыноо мөөнөтү белгиленбейт. 28-берене. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана квоталоо» Жумуш берүүчүлөр белгиленген квотаны эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары коомдук уюмдардын катышуусу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн иштеп жаткандардын санынан (эгерде иштеп жаткандардын саны 20 кишиден кем эмес болсо) 5 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү жумуш орундарын квоталоо боюнча нормативдерди иштеп чыгышат, ал эми жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аны бекитишет. Мында бул нормативдин эсебинен толук эмес жумуш убактысынын шарттарында жумуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо нормативи жумуш берүүчүлөргө жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан кезектеги календардык жыл башталганга чейин 3 айдан кечиктирбей жеткирилиши керек. 29-берене. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу» Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат органдары тарабынан камсыз кылынат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ишке кабыл алуу тууралуу алардын жолдомосу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча жумушка алуудан негизсиз баш тарткан учурда жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 30-берене. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгек шарттары» Иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жумуш берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жекече реабилитациялоо программасына ылайык, анын ичинде аларды өндүрүштө кесипке үйрөтүү жана үй шартында аткарылуучу эмгекти уюштуруу аркылуу эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү. Башка кызматкерлерге салыштырганда, макулдашуулар менен жамааттык келишимде, эмгек келишиминде белгиленүүчү эмгек шарттары, анын ичинде акы төлөө, жумуш убактысынын режими жана эс алуу убактысы, жыл сайынкы өргүүнүн узактыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын начарлатууга же укуктарын чектөөгө тийиш эмес. I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш убактысынын узактыгын кыскартуу - жумасына 36 сааттан көп эмес же кызматкер менен макулдашуу боюнча башка режим белгиленет. Мында I жана II топтогу денсоолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын ар күндүк жумуш убактысынын узактыгы 7 сааттан ашпашы керек. Жумуш убактысынын суммаланган эсебин колдонгонго болбойт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды белгилүү убакыттан ашык иштетүүгө, демалыш күндөрүндө жана түнкүсүн жумушка тартуу алардын макулдугу менен жана мындай жумушка медициналык корутундуда тыюу салынбаган шартта гана жол берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишсапарына жөнөтүү алардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Жумуш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жумуш аткаруу нормаларын алардын ден соолугунун абалына карата азайтканга укуктуу. Тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын толук эмес жумуш убактысынын режими, аткара турган жумуштун көлөмүн азайтуу жана иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башка эмгек шарттары жөнүндөгү корутундусу жумуш берүүчүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Сизди терен урматтоо менен Мелис Зарлыкович.