Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Куба     [5 Июля 2021]

Айыл ичиндеги жайыт жерди эң көп дегенде канча жылга арендага алса болот?

Ответ:

Урматтуу Куба, Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамдын 31 -берене. Жайыттарды пайдалануу 1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. 3. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. 15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу Жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт.

Бек     [5 Июля 2021]

Саламатсызбы? 1) Биздин айылда мурда жасалган айрым иштерди текшертүү үчүн депутаттык комиссия түздүртүп текшертип чыкса болобу? 2) Азыркы мезгилде альтернативдик жол менен аскердик билет алуучулар өкмөткө 108 саат иштеши керек экен. Бирок, ушул биз жакта иштебейт экен. Кантип иштетишибиз керек?

Ответ:

Урматтуу Бек, 1 суроонуз боюнча: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгу мыйзамы: 10-статья. Депутаттын жергиликтүү кеңештеги жана анын органдарындагы укуктары 8) жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңешке отчеттуу, болбосо анын контролдугу астындагы ар кандай органдын же кызмат адамынын, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин кызмат өтөшүнө кирген маселелер боюнча анын аймагында иштеген башка органдардын жана кызмат адамдарынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуштар киргизүүгө; 12-статья. Депутаттын ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүү жөнүндө маселе коюу укугу Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңешке жана анын органдарына анын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле финансы-чарбалык иштен тышкары сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик органдарды жана граждандардын бирикмелеринин органдарынын ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштоого укуктуу. Мында текшерүү колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүнүн натыйжасы жана ал боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңешке же текшерүү жүргүзүүнү сунуштаган анын органына билдирет. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана иши текшерилген органдардын жетекчилерине (менчик ээлерине), ошондой эле жогору турган органдарга кетирилген кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча сунуш киргизет, жоопко тартуу тууралу маселе коет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы аныкталган учурда, депутат ал боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыла алат. 2 суроонуз боюнча: Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзамы: альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ынанымдарын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү; коомдук пайдалуу жумуш - альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан анын негизги жумушунан же окуусунан бош убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз жумушту аткаруусу, бул жумуштун түрү аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат; 32-берене. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу 4. Альтернативдик кызматты өтөө төмөндөгүлөрдү карайт: үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылгандар үчүн - республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү; диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн - кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткарууну жана республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү. Ушул мыйзамдын негизинде талап койсонуз болот, мумкун алар бул мыйзамды билишпейт.

Сагида     [1 Июля 2021]

Кутман таң, лидер айымдар! Саламатсызбы, Рита айым! Сиз менен таанышып, баарлашып жатканыма кубанычтамын! Мен Нарын облусунун Нарын районундагы Достук айылынын АКинин төрайымы Осмонова Бубусабида же Сабида. Сизге бир нече суроолор менен кайрылууга туура келди. Биздин айыл 1996- жылга чейин ПГТ болчу.Кандайдыр бир себептерден улам айыл өкмөтү статусуна ээ болуп калганбыз,1996-жылдан бери. 1. Бизде бир чарчы метр айыл чарбасын иштете турган жерибиз жок, бирок айыл өкмөтүбүз. Ал түгүл быйыл айылдын генпланын чийдирип жатсак, 2011-жылы депутаттардын чечими менен кошуна Жан-Булак айылына 18-29-29-код калк жашаган пункттар өтүп кетиптир. Муну кайра өзүбүзгө кайрып алсак болобу? 2. 1993- жылы приватизация болгон мезгилде шаарчанын эл жашаган үйлөрү ошол жашап жаткан кишилерге менчиктештирүүгө токтомдун негизинде берилген.Ошол учурда жашаган кишилер үйлөрүн башка адамдарга сатышып, өзүлөрү көчүп кетишет, сатып алган кишилердин үйлөрүнүн эч кандай документтери жок.Үйлөрдүн наамдары мурунку ээлеринде болуп жатат.Бул үйлөрдүн документтерин кантип алсак болот? Мисалы, мен өзүм жашаган үйдү 1993-жылы Бектурова Бейшегүл деген аялдан эч кандай документтери жок эле сатып алганбыз.28 жылдан бери документи жок бирок айыл өкмөтүнүн каттоосунда ушул үйдө жашайт болуп жашап келе жатабыз. 3. Айылыбызда жаштар өсүп келе жатат.Жер алышып, там салганга жер сурашат. Айылдын четиндеги бош жерлерди ким тың болсо, ошонубуз каалагандай тосуп алып огород жасап алышкан. Анча-мынча аренда акысын төлөшөт. Ушул жерлерди айыл өкмөтүнө алып, кайрадан бөлүштүрсө болобу? Берген суроолорума жооп алат болушум керек, алдын ала рахмат! Сизди терең урматтоо менен, Сабида Осмонова. 1.07.2021-жыл.

Ответ:

Урматтуу Сагида айым, 1) жер тилкени кайра өзүңөргө кайтарууну сотко берип кана ишке ашыра аласыз (жер маселеси боюнча мыкты адвокаттан консультация алып, анан сотко кайрылыңыз), анткени мамлекеттик пошлина, адвокаттын гонорары жана сотко чуркаган чыгымдарыңар текке кетип калбасын. 2) Ошол жерде жашаган бир эле адам өз документтерин туралаш үчүн сотко кайрылышы керек, сот отурумунда архивден жана ошол үй кайсы ведомствонун карамагында экенин аныктайсыңар, анан сот аркылуу документти жасатуу мүмкүн. Калган кошуналарына бул процессти өтүш жеңилирээк болот. 3) Айылдын четиндеги бош жерди, АӨ биринчи өзүңө таандык кылышы керек, документин муниципалдык менчик деп алып, аны жергиликтүү кеңешке салып, үй салууга берилсин деген токтомун чыгартасыңар, чечимде бир жер тилке кандай көөлөмдө болорун аныкташы керек, рай архитектурадан генералдык планга ал нерсени киргизип, көчөлөрүн чийдирип алыш керек. Канча тилке болсо, АӨ ким жер сурап кайрылганын тактап, алардын муктаждыгын аныкпы карап, анан ар бир тилкени чучукулак тарттырып бөлүштүрүп берсеңер (баары ачык-айкын), ар бир кадамды мамлекеттик органдар менен аныктап, тактап (кагазга түшүрүп) ишке ашырбасаңар, мындай маселенин аркасы менен далай жетекчилер соттолуп кетишкен. Тактоочу сурооңор болсо, ушул сайттын Контакты деген бөлүгүндө Эсенбеков Самыйбек, Төлөгөнөв Мелис деген практик агайлардын телефондору бар, тактап алсаңар болот.

Чынара     [30 Июня 2021]

Жаңы айыл өкмөт башчылары шайланып келди.БШК тарабынан берилген токтомдун көчурмөсү толук кандуу документке окшошпойт,эч андай мөөрү жок интернетаркылуу алынган токтомду аймактык ТИКтер беришти.Жаңы айыл өкмөт башчысына ЭЦП алуу маселеси кыйын болуп жатат,БШКнын токтомун жаратпай,айыл өкмөтүнүн буйругун талап кылып жатат.БШКнын токтому турса айыл окмөтүнүн буйрук чыгарганы мыйзамсыз болуп калатго.Союз МСУга дагы кайрылып жарытылуу консультация ала алган жокпуз

Ответ:

Урматуу Чынара , жаңы шайланып келген айыл өкмөт башчысы ЭЦП алыш учун айыл өкмөтүнүн буйругун БШКнын токтомунун негизинде чыгарса болот. Же болбосо айылдык кенештин токтомун главаны шайлоо жонундо деле алып барса болот.

Венера Таштанбековна     [30 Июня 2021]

Частный территорияга мамлекет учун библиотека салынып жатат. Кандай жолдор менен айыл окмотко откоруп берсе болот? Жолдорун жазып койсонуз жакшы болот эле.

Ответ:

Урматтуу Венера, менчик жерге китепкана салынып жатса, анан айыл өкмоткө өткөрүп беребиз десе, суроо жаралат: Кимдин эсебинен каржыланып жатат, спонсор салып жатса, анда бүт курулуш иштери бүткөндөн кийин имаратты мамлекеттик каттоо органдарынан каттоосун өткөрүп, тийиштуу кагаздарын алып, нотариус аркылуу айыл өкмөткө өткөрүп берсе болот. Мыйзам жол берет.

Санабар     [29 Июня 2021]

Саламатсызбы! Бизде мурунку глава кайра шайланды, 2020-2021 де кандай иштер аткарылганы жөнүндө отчетуну бергиле, натыйжасын билелик деп сурасак, жаңы депутаттарга тиешеси жок мурунку депутаттар бекитип бүткөн деп бербей атат, бизге кантсек болот?

Ответ:

Урматтуу Санабар, 2020 жылдын отчетун мурунку депутаттарга берген, ошол отчетту кагаз турундо айыл окмоттун жооптуу катчысынан талап кылып алсанар болот, ал ачык маалымат болуп эсептелет. Кандай иштер аткарылганы жөнүндө отчетто жазылыш керек. Кылган иштери канатандырылбаса, ишмердүлүгүн күчөткөнгө талап койгула. 2021 жылдын аягында отчет аласынар, ошондо тыянак чыгарсанар болот.

Курманжан     [28 Июня 2021]

Саламатсызбы! Биздин А/Өтө 10400 калкы бар, 21 депутат, ошондо төрага айлык алабы?

Ответ:

Урматтуу Курманжан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынды 37-беренесинде. «Жергиликтүү кеңештин төрагасы» жонундо 10 пункта так корсотулго: Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын саны 20001 адамдан аз администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат.

Келечек айыл окмот     [23 Июня 2021]

Саламатсызбы? Айыл окмот башчысына талапкердин каттоосу, паспорту ошол айыл аймакта катталуу болуш керекпи?

Ответ:

Урматтуу Келечек! КР « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48 –беренесинин 1-пункттунда айыл өкмөт башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө төмөнкудөй көрсөтүлгөн: “Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.” Демек талапкердин кайда жашаганы, туруктуу каттоодо туруусу боюнча чектөө жок.

Акмат     [22 Июня 2021]

Бир жаран эки жерде толук ставка менен иштесе болобу?

Ответ:

Урматуу Акмат, бир жаран эки жерде толук ставка менен иштегенге болбойт, Кыргыз Республикасыны эмгек кодексинде 99 беренесинде «Кызматкердин демилгеси боюнча жумуш убактысын ченемдүү узактыгынан тышкаркы иш (айкаштырып иштөө)» так жазылган «Жумуш убактысын ченемдүү узактыгынын чегинен тышкары иштөө күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш». Ушул беренеге таянсак, бир жумушуңарда толук ставка иштейсиз, экинчисинде толук эмес, анткени толук ставка иштөө убакыт менен чектелет.

Курманжан     [22 Июня 2021]

Саламатсыздарбы! Айыл өкмөт ички көчөлөргө трансформатор, столба алып бергени мыйзам жол береби?

Ответ:

Урматтуу Курманжан! Кыргыз Республикасмынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “ мыйзамынын 18-беренеси –“ Жергиликтүү маанидеги маселелер” , 47- беренеси – “ айыл өкмөтүнүн компетенциясы” деп аталат. Анда айыл ичиндеги көчөлөргө электр чубалгыларын орнотуу-тартуу, электр трансформаторлорун алып орнотуу каралган эмес, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө бул максаттарга каражат бөлүү мыйзамсыз болуп калат. Жогорудагы мыйзамда болгону айыл ичиндеги көчөлөргө жарык берүү гана каралган. Ошону менен КР 30 октябрь 1996 года № 56, "Энергетика жөнүндө" мыйзамына ылайык, 3-беренесинде элект энергия - товар, деп белгиленген. Кандай товар болбосун, аны керектөөчүлөргө жеткирүү ошол товарды сатып аткандардын милдети. Бирок, барыбыз көрүп атабыз, энерго системабыз азыр чоң орчулуктарга туш болуп аткан кези, а жергиликтүү өз алданча башкаруу органдары, эли менен сүйлөшүп көйгөйлөрдү чечичүү бийлик. Азыр, ири электр энергияны бөлүштүрү компанияларда каражат жок болгондуктан, алар столба коюп, зым тартып берүүнү заказ кылып, жеке ишкерлерге же айыл аймактарга (шаардык мэрияга) берсе болот. Ошондо столбаны коюп, зым тарткан (жол куруу) ишкер (АО же мэрия) электр энергияны ортомчу бөлүштүрү компаниядай болуп иштеп калат. Мисалы, 70 тыйындык энергияны ортомчу компаниялар (АО же мэрия) 60 тыйындан алып - 70тен элине сатып калат, ортодогу 10 тыйын, жанагы кетирген (столба коюп, зым тарткан) чыгымдарды жабат жана узак мөөнөттө пайда көрүп турушу керек, анткени ошол столбаларды, зымдарды, трансформаторлорду карап, тейлеп турууга каражат кетет. Ошондо, АО столбаны коюп, зымдарды өзү тартуу үчүн: каражаты бар болушу керек, жергиликтүү кеңештин макулдугун алышы керек, жана АО алдын ала электр энергияны бөлүштүргөн мамлекеттик ишкана менен келишим түзүп алышы абзел.