Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Гулнура     [8 Марта 2019]

Саламатсызбы! Менин үйүм жерим жок, куйөм менен ажырашып да кеткенмин, эки балам бар, өкмөт тарабынан ушуларга кантип жер алсам болот, же өзумө?

Ответ:

Урматтуу Гулнура! Сиз өзүңүз туруктуу каттоодо (прописка) турган жериңиздеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына турак-жай салуу үчүн жер участкасын алуу арызы менен кайрылууңуз керек. Аткаруу органы болгон айыл өкмөтү Сиздин арызыңызды карап чыгып, жер участкасын алуучулардын тизмесине кезекке коет. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 33-беренесине 2-пункттуна ылайык : “ Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогун акысыз берүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана жер участогун берүү кезектүүлүк тартибинде берилет”. Мына ошондуктан, айыл өкмөттөн жазган арызыңызга жооп алышыңыз керек, анда турак-жай салууга жер участогунун бары-жогу, кезекте канчанчы болуп каттоого турганыңыз ж.б. маалыматты ала аласыз.

Анара     [4 Марта 2019]

Саламатсыздарбы! Айыл окмот кандай учурда озунун токтомун жокко чыгара алат? Эгер токтом чыгарылган адам арыз менен кайрылса жокко чыгара алабызбы?

Ответ:

Урматтуу Анара! Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлиги болгон айыл өкмөтү ченем жаратуучу орган болуп эсептелет. КР Айыл өкмөт башчы өзүнүн буйругун өзү жокко чыгара алат, себеби айыл өкмөттүн башчысы кызмат адамы катары өзүнүн чечимдерин, тескемелерин жана буйруктарын жокко чыгаруу укугуна ээ. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн мыйзамга каршы келген актысын жокко чыгарбаса, анда “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесине ылайык ал жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартылат. Ал эми прокурордук чара көрүү ( каршылык кат,эскертме, сунуштама) актылары айыл өкмөт башчысынын Конституцияга,кодекске, мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келген чечимин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу үчүн негиз боло алат. Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган учурда, прокурор сотко кайрылууга укуктуу. Ошондуктан, айыл өкмөт башчы чечим чыгарарда “ жети өлчөп бир кескени “ абзел.

Кыдырбек     [4 Марта 2019]

Саламатсыздар. Мен айыл окмотто салык кызматкер болуп иштеп жатып катчыга конкурстан отуп келип 2 ай болду иштеп жатам. Эмгек оргууго 11айдан кийин чыгамбы?

Ответ:

Урматтуу Кадырбек! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 126-беренесинде төмөнкүдөй көрсөтүлгөн: “Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкерге өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн. ...Иштеп жаткан экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык иш жылынын кандай убагында болбосун берилиши мүмкүн. Эгерде жамааттык же эмгек келишиминде башкача каралбаса, негизги өргүүнү биринчи иш жылында 11 ай өткөнгө чейин аванс менен алууга укугу бар кызматкерге иш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу берилет. Эгер кызматкер бир айдан кем эмес иштеген учурда, анын пайдаланылбаган эмгек өргүүсүн компенсациялоо укугу пайда болот”. Ооба, сиз иштеп баштаганыңызга 2 ай болгондуктан эмгек өргүүсүнө 11 айдан кийин чыгасыз.

Бейшенбаева Анара Осконбаевна     [28 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы! Бизге КРОнун 16.10.2018-жылдагы № 360-б буйругун жибересиздерби?

Ответ:

Урматтуу Анара Өскөнбаевна! Сизден келген суроо келгенден кийин КР Юстиция министрлигинин сайтына расмий түрдө илинбегендигинен таба албай жаттык, ошондуктан жооп создугуп кетти. Эми, бул буйрук менен биздин сайттан тааныша аласыз. Кунт коюп окуп чыгып, күнүмдүк ишиңерде колдоно бергиле, ийгилик каалайбыз. Законодательство разделинде, эки тилде тең илинип турат.

Зарина     [28 Февраля 2019]

Здравствуйте уважаемые коллеги, необходима консультация по тендеру по методу на понижение цены, говорят в стороне Иссык-Куля этот метод используется хорошо, дайте контакты к кому можно обратиться. Заранее спасибо.

Ответ:

Уважаемая Зарина! Ответ на Ваш вопрос даст Закон "О государственных закупках" Статья 20. Конкурс методом на понижение цены. 1. Порядок проведения конкурса методом на понижение цены определяется Правительством Кыргызской Республики. (Приказ Министра вывесим на этом сайте в разделе законодательство). 2. Закупающая организация может проводить закупку товаров и услуг методом на понижение цены: 1) если эти товары и услуги имеют установленные стандарты качества и конкретное описание услуг; 2) если имеется конкурентный рынок не менее трех поставщиков для обеспечения эффективной конкуренции. 3. Конкурс методом на понижение цены проводится посредством веб-портала государственных закупок в режиме реального времени, где закупающая организация устанавливает начальную цену, которую готова заплатить за товар или услугу, а поставщики предлагают свои ценовые предложения, постепенно снижая ценовую планку. 4. Критерии, используемые закупающей организацией при определении победителя конкурса, должны быть выражены в количественном и денежном выражении. 5. Победителем конкурса методом на понижение цены является поставщик, предложивший наименьшее ценовое предложение. В случае если наименьшее ценовое предложение представлено несколькими поставщиками, победителем признается поставщик, предложение которого поступило ранее предложений других поставщиков ."

Талантбек     [27 Февраля 2019]

А/О сатып алуу жонундо кумондуу иштер болуп жатат. А/О депутаты сертификаты болсо сатып алууну текшерсе болобу, себеби анча мынча нерселер фирма менен суйлошуп кымбатырак жарыялап, акчасын алып оздору бутуруп жатат.

Ответ:

Урматтуу Талантбек! Айыл кеңештин депутатынын айыл өкмөтүнүн финансылык жана сатып алуулар боюнча иштерини текшерүү укугу жок. Эгерде айылдык кеңештин депутаты сатуу алуулардан күмөн санап, ишеним артпаган учурда бул маселени айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына, андан кийин айылдык кеңештин сессиясына алып чыгып кароого болот, ал боюнча атайын токтом кабыл алып, анын негизинде тийиштүү текшерүү органдарына кайрылуу мыйзамдуу болот. Компетенттүү текшерүү органдары силердин кайрылууңардын негизинде текшерүү жүргүзүп, сатып алуулардын кандай деңгээлде мыйзамдуу болгонун аныктап, жыйынтыгында айыл кеңешке жооп беришет. Практика жүзүндө айыл өкмөттөрү үчүн мындай сатуу алуулар боюнча сертификаты бар эл өкүлү-депутат текшерүүчү болбой, кайра жардам көрсөтүп турса абдан пайдалуу да, натыйжалуу да болмок.

Талант     [27 Февраля 2019]

Саламатсынарбы ишинерге ийгилик. Менин суроом А/О ижарага эн коп канча жылга жер алса болот? Кайсыл мыйзамдын негизинде?

Ответ:

Урматтуу Талантбек! Азыркы мезгилде жергиликтүү бийликтин аткаруу органы – айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерин жана муниципалдык жерлерди ижарага берип келе жатат. АЖМФнын жерлерин айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого” ылайык иш алып барышат. Бул жобо менен биздин сайттын “законодательство” бөлүмүнөн тааныша аласыз. Ал эми муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамы боюнча жүргүзүлөт. Бул мыйзам дагы сайтта илинген, жакшылап кунт коюп окуп чыгыңыз, “ миң уккандан бир көргөн артык “ дегендей өзүңүз окуганга эмне жетсин. Бул мыйзамдар менен таанышып чыккандан кийин кандай шартта, канча убакытка, кимдерге жерлерди берсе болорун билип аласыз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Нурлан     [26 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы! Сиздерге ийгилик каалап, менде бир суроо бар. СООППВнын структурасы кандай болуш керек, ар бир абонент менен келишим түзүш керекби? СООППВга байланыштуу ЧУАларды атап койсонуздар жана аларды кайдан тапсак болот?

Ответ:

Урматтуу Нурлан! Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ( ИСКАКБ – орусчасы СООППВ) структурасы ал аткара турган иш-аракеттердин көлөмүнө жараша болот. Ал биринчиден суу колдонуучулардын санына, суу камсыздоодо керектелген объекттердин, техникалык каражаттардын ж.б. көптөгөн факторлорго байланыштуу болот. ИСКАКБ ар бир суу колдонуучу абонент менен келишим түзүп иш алып баруусу керек, анда эки тараптын жоопкерчилиги, милдеттери так жана даана көрсөтүлөт. Ал эми ИСКАКБ ишмердүүлүгүнө байланышкан ченемдик – укуктук актылар биздин сайттын "законодательство" бөлүгүнө илип коебуз. Бул тармакты укуктук жактан жөнгө салган: "Ичүүчү суу жөнүндө" КР мыйзамы, ""Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" КР мыйзамы, ИСКАКБнин Уставы, жана ишкананын кардарлар менен келишими. (типтүү келишим "законодательство разделинде илинип турат").

алик     [21 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы!!! Иштериниздерде ийгилик! Менин суроом төмөндөгучө: СООППВ кызматкерлери киреше салыгын, соц төлөмдөрду жана налог төгушөбу?

Ответ:

Урматтуу Алик! Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинде ( ИСКАКБ орусчасы – СООППВ) иштеген адамдардын эмгек акысынан киреше салыгы жана социалдык фондго болгон төгүмдөр гана кармалат. Башка салыктын түрлөрү алынбайт.

Мирлан     [20 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы менин суроо төмөнкүдө. Жергиликтүү бюджеттен жаңы туптөлгөн конуштарга мамыча орнотуп электр чубалгы тартып бере алабызбы? Ушул боюнча жооп берип койсойсоңуздар. Рахмат

Ответ:

Урматтуу Мирлан! КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамындагы жергиликтүү маанидеги маселелерде (18-берене) электр чубалгыларын тартуу, трансформаторлорду орнотуу каралган эмес, демек бул максатка жергиликтүү бюджеттен каржылоо мыйзамсыз болуп калат. Аталган мыйзамда “жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” маселеси көргөзүлгөн, албетте бул эмне иш экени түшүнүктүү. Бирок, кийинки мезгилде жергиликтүү бийлик тарабынан жогорудагыдай иштер жасалып жатат, ал өз кезегинде башка түйшүктөрдү алып келүүдө, аларга төмөнкүлөрдү кошууга болот: жергиликтүү бюджеттен каржылоонун мыйзамсыздыгы, каражаттын жетишсиздиги, сатып алуу процесстерин жүргүзүү, монтаж жүргүзүү иштери, ал аткарылган иштердин сапатын текшерүүнүн жоктугу (санын текшерүүго болот)...ж.б. Айтор, акырында бүткөрүлгөн ишке акт түзүлүп, муниципалдык менчикке кабыл алынат. Бул объекттерди тейлөөгө атайын уруксаты жок болгондуктан, айыл өкмөт айласыздан аймактагы райондук электр тармактарына өткөрүп берүүгө мажбур болуп, “кызылдай акчага” алынган мүлкүн бекер баланстан баланска өткөрүп берет. Башка айласы жок болгондуктан ушундай кадамга барат. Кээ бир учурда сапатсыз бүткөн объекттерди райондук электр тармактары алуудан баш тартышат. Мында кайра оңдотүү үчүн каражат коротуп, жергиликтүү бюджет чыгым тартат. Чындыгында калктуу конуштарга электр мамыларын, чубалгыларын орнотуу мамлекеттик электр ишканалардын милдети, алар тараптан бул маселер чечилбей жаткандыктан, калк эң жакынкы бийлик органы болгон айыл өкмөткө кайрылып талапты коюп келе жатышат. Башкысы, жергиликтүү бийлик жаңы конуштарды калкка берип жатканда алдын ала барын эске алышы керек, жакшылап тушүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Болбой эле, ушул эң маанилүү маселелердин бири дегенге токтолсоңор, сиздердин өрөөндү тейлеген электр компания менен келишим түзүп алсаңар болот. Биз мынча каражатка силердин электр жолуңарды салып беребиз дагы, силердин баланска өткөрүп беребиз, силер бизге ошол өлчөмдөгү каражатка көчөлөрдүү жарыктандырууга электр энергиясын камсыздап бересиңер. Товар алмашуу келишим түзүп алсаңар мыйзам чегинде болот. Бишкек шаарынын жаңы конуштарына электр жол тартып жатканда, ошондой келишим түзүшкөн.