Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Чынара     [11 Сентября 2019]

Aйыл окмотунун карамагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерди сатуу райондук мамлкеттик администрацисыннын ыйгарым укугуна киреби?

Ответ:

Урматтуу Чынара! Aйыл окмотунун карамагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерди сатуу райондук мамлкеттик администрацисыннын ыйгарым укугуна кирбейт. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНУН 2011-жылдын 23- сентябры № 571 ТОКТОМУНУН негизинде жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун 3- беренсинин 7-пунктуна ылайык Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Типтүү жобого ылайык жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы бекитет.

Токтайым     [11 Сентября 2019]

С какого возраста можно уходить на пенсию учителю с непрерывным стажем 35 лет?

Ответ:

Уважаемая Токтайым, согласно Закона «О государственном пенсионном социальном страховании»  Статья 9. Возраст и стаж, необходимые для получения пенсий 1. Право на пенсию по возрасту имеют мужчины, достигшие возраста 63 лет, женщины - 58 лет. Расчетный страховой стаж для назначения полной пенсии по возрасту на общих основаниях составляет: для мужчин - 25 лет, для женщин - 20 лет. 7. Женщины, родившие пять и более детей и воспитавшие их до восьмилетнего возраста, имеют право на пенсию по возрасту по достижении 53 лет и при страховом стаже 15 лет. Статья 9-1. Досрочная пенсия по возрасту 1. Лица, имеющие страховой стаж, превышающий на 15 лет требуемый стаж для назначения пенсии, предусмотренный пунктом 1 статьи 9, имеют право на пенсию по возрасту: мужчины - с 60 лет, женщины - с 55 лет.

Айка     [11 Сентября 2019]

На работу в айыл окмоту на должность инспектора ВУС пришла учительница, учительский стаж 19лет, будет ли входить муниципальный стаж?

Ответ:

В общий стаж работы, дающий право на получение ежемесячной надбавки к должностному окладу за выслугу лет, включаются: - время замещения политических, специальных, административных государственных должностей, а также время замещения политических и административных муниципальных должностей; - время замещения государственных должностей в военной службе, правоохранительной службе и дипломатической службе; - время работы в аппаратах партийных, советских, профсоюзных и комсомольских органов, в министерствах, ведомствах, предприятиях, учреждениях и организациях, связанных с исполнительно-распорядительными функциями и состоящих на государственном бюджете бывшего СССР; - время работы в министерствах, государственных комитетах, административных ведомствах, предприятиях, учреждениях и организациях, связанных с исполнительно-распорядительными функциями и состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики в период с 31 августа 1991 года по 17 декабря 1999 года; - время прохождения переподготовки и повышения квалификации лицами, замещающими государственную и муниципальную должности, по направлению государственного органа, органа местного самоуправления; - трудовая деятельность по замещению временно отсутствующего государственного гражданского служащего и муниципального служащего (действует со дня вступления в силу Закона Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" от 30 мая 2016 года № 75); - время прохождения срочной службы в Вооруженных Силах СССР и Кыргызской Республики; - время работы в загранучреждениях Кыргызской Республики, межгосударственных органах управления с участием стран- участниц Содружества Независимых Государств, Евразийского экономического союза, в торговых представительствах и представительствах государственных органов Кыргызской Республики за рубежом, а также в органах управления или исполнительных органах международных организаций и объединений, в случае, если назначение служащего на должность в этих органах осуществлялось решением государственного органа или должностного лица Кыргызской Республики; - время частично оплачиваемого отпуска по уходу за ребенком до достижения им возраста трех лет работникам, состоящим в трудовых отношениях с государственными органами, органами местного самоуправления. Работа в образовательных учреждениях не входит в стаж государственной и муниципальной службы.

Кайрат     [10 Сентября 2019]

Саламатсызбы? Суроо :Жергиликтуу бюджетти которуу максатында айыл окмот ГФСУ нун жерин озу иштетип айыл чарба тармагында иш кана ачуу жолдору барбы?\nСебеби копчулук айыл окмоттор дотацияда негизги киреше булагы салыктар. Салыктардан башка кошумча киреше булактары барбы?

Ответ:

Урматтуу Кайрат! Биздин өлкөнүн мыйзамдарында жергиликтүү бийликтин аткаруу органы болгон айыл өкмөтү АЖМФнын жерлерин өз алдынча иштетүүгө жана айыл чарба багытындагы ишкана – мекемелерди түзүүгө болбойт көрсөтүлгөн эмес. АЖМФ жерлери- мамлекеттин менчиги, ал жерлерди жергиликтүү бийлик органдарына жергиликтүү бюджетти колдоо, көтөрүү, толуктоо үчүн берилген. Айыл өкмөтү ал жерлерди аукцион, конкурс аркылуу ижарага берүү менен жергиликтүү бюджетке салык эмес төлөмдөрдү түшүрөт, жер салыгын жана камсыздандыруу взносторун жыйнайт. Аукцион аркылуу АЖМФнын жерлери канчалык жогорку баа менен ижарага берилсе, ошончолук бюджетке көп киреше түшөрү белгилүү эмеспи. КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “ мыйзамынын 18-беренесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү маанидеги маселелерине айыл чарба жерлерин иштетүү маселеси кирген эмес, ошондой эле “АЖМФ жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана эрежелери тууралуу типтүү жободо” айыл өкмөтү бул жерлерди башкарууда ижара берүүчү катары каралган, демек айыл өкмөтү өзү бир мезгилде эле ижара берүүчү жана ижара алуучу боло албайт. Бирок, АЖМФнын жерлерине кызыгуу болбой, аукцион, конкурс аркылуу ижарага эч ким албай калып, жер пайдаланылбай калуу коркунучу жаралган учурда , айыл өкмөтү өз мүмкүнчүлүгүнө жана жоопкерчилигине алып жерди иштетсе болот. Ооба, өзүн-өзү каржылай албаган ( дотацияда турган) айыл өкмөттөрдүн кирешесинин негизги булагы болуп салыктар (жергиликтүү жана мамлекеттик), салык эмес төлөмдөр жана теңдөөчү гранттар эсептелет. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн айыл өкмөт салык чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп алууга баруусу керек, ал бардык салыктык базаны жана ресурстарды тактоого, иликтөөгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жоке     [16 Августа 2019]

1.Саламатсызбы улуу урматуум. Суроо томондогудой. Базардын жер тилкесине тиешелуу турган муниципалдык жерди уй куруу же общественный баня куруу учун жерди аукцион аркылуу сатса болобу? Бирок пайдалануу багыты мурун базардын жер тилкеси болгон.азыркы кундо местный кенеш баня курулсун деп багыты корсотулуп, аукционго коюлуп жатат. Канчалык денгелде мыйзамдуу. ? \n2.суроо Аукцион до женип алган адам баня курбай магазин же уй куруп кайсо мыйзамдуулукту бузуп койбойбу

Ответ:

Урматтуу Жоке! Сиздин сурооңуз бир аз түшүнүксүз болуп жатат, ошондуктан биздин эксперт-серепчилерге телефон аркылуу кайрылып, суроону тактоо керек болуп жатат. ( Эсенбеков С. 0550533539)

Эркин     [16 Августа 2019]

Здраствуйте. Подскажите может ли а/кенеш через адвоката обратиться в суд на отмену решения главы а/о о предоставлении земельного участка.

Ответ:

Уважаемый Эркин, спасибо Вам за Ваш вопрос. Ответом на него будет "ДА", а/кенеш может через адвоката обратиться в суд на отмену решения главы а/о о предоставлении земельного участка, если данное действие было совершено с нарушениями или противоречат основополагающим нормам предоставления земельных участков.

Жанышбек 2     [5 Августа 2019]

Саламатсызбы Рита. Мен тактай турган нерсе, биздин айыл окмот башчыбыз, кундо аппараттык жыйын откорот, жыйында жон суйлобостон айкырып кыйкырып суйлот жада калсе анча мынча согунуп суйлот, айыл башчыларыбызга кун жок. Ушул айыл окмот башчыбызга кандай чара корсок болот. Баарын билип туруп айылдык кенешинин депутаттары да коз жумуп коюшат. Эч кандай чара корушпойт.

Ответ:

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилди КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын КОДЕКСИ (Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2017- жылдын 14-августундагы № 38 токтомунун редакциясына ылайык) Этика кодекси администрациялык кызмат орундарын ээлеген КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына (мындан ары - кызматчылар) жайылтылат. Кызматчылардын этикасы - мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлеген адамдардын моралдык, маданий жана кесиптик көрүнүшүнө карата коомдун талаптарын чагылдырган жүрүм-турум ченемдеринин жана эрежелеринин жыйындысы. Этика кодексинде кызматчылар үчүн этика ченемдери төмөнкүдөй максаттарда белгиленет: Этика кодекси төмөнкүдөй негизги жоболорду камтыйт: - кесиптик милдеттүүлүгүн; - коррупцияны алдын алуусун; - жүрүм-турум маданиятын. Жүрүм-турум маданияты 11. Кызматтагы субординация жана өз ара мамилелер Кызматчы кесиптештери менен өз ара аракеттенүүлөрдө ак ниеттүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ыңгайлуу моралдык климатты калыптандырууга, өз ара жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүлөргө үлгү болууга тийиш. Кызматчы кесиптештерине урматтоо менен мамиле жасоого, аларды ачык сындабоого, жетекчинин чечимине шектенүүлөрдү ачык айтууга укуксуз. Жетекчинин чечимине макул болбогон учурда кызматчы өзүнүн позициясын жазуу түрүндө баяндоо менен ага кайрылууга укуктуу. Кызматчылар субординацияны сактоого, кызматтык мамилелердин алкактарынан чыкпоого, кесиптештерине карата урмат-сый көрсөтүүгө жана аларды кемсинткен сөздөрдөн карманууга тийиш. Кызматтык жүрүм-турумунда кызматчы адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет деген конституциялык жобого жараша адамдын жынысы, курагы, расасы, этноско таандыктыгы, тили, социалдык, мүлктүк же үй-бүлөлүк абалы, саясий же диний ынанымдарынын белгилери боюнча кодулоо мүнөздөгү сүйлөөлөрдүн же аракеттердин кайсы болбосун да түрлөрүнөн карманышы керек. Жамаатта жетекчи өзүнө баш ийген кызматкерлерге карата урматтоо мамилесин көрсөтүүгө, үлгү болууга, алардын ишин моралдык колдоо жана уюштура билүүгө, кесиптик жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жана баш ийген кызматкерлердин убактысын баалай билүүгө тийиш. Жетекчи баш ийген кызматкерлердин муктаждыктарына көңүл бурууга, алардын өтүнүчтөрүнө жооп берүүгө, жамаатта иштиктүү абалды колдоого тийиш. Кызматтык мамилелерде кызмат боюнча баш ийген жана кызмат боюнча кенже адамдар жетекчилер жана кызматы боюнча улук адамдар менен биринчи саламдашат, ал эми кызматчылардын абалы бирдей болгондо ким өзүн кичи пейил жана тарбиялуумун деп эсептесе биринчилерден болуп саламдашат.  Урматтуу Жанышбек! Ар бир мекемеде этика комиссиясы бар. Сиз этика комиссиясына кайрылуунуз зарыл. Этика комиссиясы талкуулап чечим чыгарыш керек . Андан тышкары профсоюздук жыйналышта да бул маселени талкуулоо керек. Профсоюздук жыйындын чечимин Кыргыз Республикасынын кадр кызматына кайрылууга укугунуз бар. Эгерде этика комиссиясы жана профсоюздук жыйындан натыйжа чыкпаса социалдык тармактарга жөнөтүнүз.КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинде көрсөтүлгөн.

Бактыгуль 2019     [5 Августа 2019]

Саламатсыздарбы! Мен суроо берүүмдүн себеби, азыркы күндө биздин башкы адисибиз ден соолугуна байланыштуу больничныйга чыгып кетти. Анын ордун убактылуу милдетин аткаруучу кылып адисти милдеттендирди, эмгек кодескстин 4-разделдин 13-главасынын 167-беренесинде көрсөтүлгөн 30-пайыздан 70 пайызга чейин акы толонуп бересе болот деп, бирок биздин бухгалтерибиз каршы болуп атат, бирок бухгалтерлер оздору эмгек оргууго же больничныйга чыкканда биринин милдетин аткарса сөзсүз түрдө 0,5 ставка өздөрүнө төлөп алышат. Ушуга так маалымат бериниздерди суранам.

Ответ:

Урматтуу Бактыгүл айым. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИнин 74-статья. Убактылуу ордун ээлөө Өндүрүштүк зарылчылык иретинде кызматкер убактылуу жок болгондо, анын кызмат милдеттерин штаттык орун басары болуп саналбаган башка кызматкерге аткарууну жүктөөгө жол берилет. Убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпашы керек. 167-статья. Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес.

Алтын     [31 Июля 2019]

Саламатсызбы жооп берип коесуздарбы? Жолдошум экообуз 5жыл мурун баш кошконбуз. Уйлонгондон кийин Бишкек шаарынан бир болмолуу квартира алганбыз, ар кандай шарттарга байланыштуу жолдошум аны бир тууган карындашына каттатып турган. Биз эми барып ошол уйду менин атыма кантип откоруп алсам болот, же аты катталган адам доверенность берсе сатууга мумкунчулук болобу. Загс ала элекпиз, эми барсак алабыз деп журобуз.

Ответ:

Урматтуу Алтын айым. Эгер сиздин кайын сиңдиңиз өз ыктыяры менен сизге же жолдошуңузга генеральная доверенность берсе, сиздер аны башкага сатып же бир бириңерге каттатып алсаңар болот. Эгер ал өз ыктыяры менен бербесе, сиздерде кандай бир кагаз түрүндө расписка, же башка документ болсо сотко кайрылып алсаңыз болот. Эгер сиздер сатып берген жөнүндө эч кандай из калбаса, анда батир кайын сиңдиңизде калат дагы, сиздер ала албайсыз.

Акмат     [24 Июля 2019]

Бул сайтка бироо жарым баш багабы? Администратор кайда, суроомо жооп бересиздерби?

Ответ:

Урматтуу Акмат мырза. Бардык суроолорго жоопторду биз эксперттер менен талкулап, мыйзамдардарды анализдеп, толуктап жазабыз. Сиздин суроонор коп тараптуу экендиктен азыр кароодо.