Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Бактыгуль 2019     [5 Августа 2019]

Саламатсыздарбы! Мен суроо берүүмдүн себеби, азыркы күндө биздин башкы адисибиз ден соолугуна байланыштуу больничныйга чыгып кетти. Анын ордун убактылуу милдетин аткаруучу кылып адисти милдеттендирди, эмгек кодескстин 4-разделдин 13-главасынын 167-беренесинде көрсөтүлгөн 30-пайыздан 70 пайызга чейин акы толонуп бересе болот деп, бирок биздин бухгалтерибиз каршы болуп атат, бирок бухгалтерлер оздору эмгек оргууго же больничныйга чыкканда биринин милдетин аткарса сөзсүз түрдө 0,5 ставка өздөрүнө төлөп алышат. Ушуга так маалымат бериниздерди суранам.

Ответ:

Урматтуу Бактыгүл айым. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИнин 74-статья. Убактылуу ордун ээлөө Өндүрүштүк зарылчылык иретинде кызматкер убактылуу жок болгондо, анын кызмат милдеттерин штаттык орун басары болуп саналбаган башка кызматкерге аткарууну жүктөөгө жол берилет. Убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпашы керек. 167-статья. Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес.

Алтын     [31 Июля 2019]

Саламатсызбы жооп берип коесуздарбы? Жолдошум экообуз 5жыл мурун баш кошконбуз. Уйлонгондон кийин Бишкек шаарынан бир болмолуу квартира алганбыз, ар кандай шарттарга байланыштуу жолдошум аны бир тууган карындашына каттатып турган. Биз эми барып ошол уйду менин атыма кантип откоруп алсам болот, же аты катталган адам доверенность берсе сатууга мумкунчулук болобу. Загс ала элекпиз, эми барсак алабыз деп журобуз.

Ответ:

Урматтуу Алтын айым. Эгер сиздин кайын сиңдиңиз өз ыктыяры менен сизге же жолдошуңузга генеральная доверенность берсе, сиздер аны башкага сатып же бир бириңерге каттатып алсаңар болот. Эгер ал өз ыктыяры менен бербесе, сиздерде кандай бир кагаз түрүндө расписка, же башка документ болсо сотко кайрылып алсаңыз болот. Эгер сиздер сатып берген жөнүндө эч кандай из калбаса, анда батир кайын сиңдиңизде калат дагы, сиздер ала албайсыз.

Акмат     [24 Июля 2019]

Бул сайтка бироо жарым баш багабы? Администратор кайда, суроомо жооп бересиздерби?

Ответ:

Урматтуу Акмат мырза. Бардык суроолорго жоопторду биз эксперттер менен талкулап, мыйзамдардарды анализдеп, толуктап жазабыз. Сиздин суроонор коп тараптуу экендиктен азыр кароодо.

Акмат     [10 Июля 2019]

Саламатсызбы! ЖОБО уй салуу учун берилген токтомду прокуратуранын протестинин негизинде озу жокко чыгара алабы же бир гана сот жокко чыгарабы?

Ответ:

Урматтуу Акмат мырза! 2009-жылдын 17-июлу № 224 Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө мыйзамында 21-берене. "Прокурордун каршылык билдирүүсү" 1. Прокурор чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келген, укуктук актыга карата мындай актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына, андан чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо аны жокко чыгаруу үчүн каршылыгын билдирет. 2. Каршылык билдирүү четке кагылган учурда прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте сотко кайрылууга укуктуу. 3. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Анын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну токтоосуз түрдө четтетүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларга прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу. Каршылык билдирүүнү караган учурда жана ага чейин каршылык билдирилген аткарылбаган актынын иш аракети токтотула турат. 4. Коллегиялык орган тарабынан каршылык билдирүүнү кароодо каршылык билдирген, аны кароодо катышууга укуктуу болгон прокурорго жыйналыш болуучу күн жөнүндө кабар берилет. Прокурор сотко кайрылган учурда ал сөзсүз түрдө катышуусу керек. 5. Каршылык негизсиз киргизилген учурда каршылык билдирүү ал каралганга чейин аны келтирген прокурор, же болбосо жогору турган прокурор тарабынан кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

Нузи     [2 Июля 2019]

Мен мектепте иштейм 9жыл стаж. 11300 айлык алчумун. Азыр декретке чыктым. Болжолдуу декреттик төгүүгө канча акча ала алам ( тоолуу район .Гүлчө) эсептеп бере аласыздарбы

Ответ:

Урматтуу Нузи! Доброго времени суток! Согласно Положению о Пособие по беременности и родам выдается женщинам: 1) при нормальных родах — на 126 календарных дней (70 календарных дней до родов и 56 календарных дней после родов); 2) при осложненных родах и рождении двух и более детей — на 140 календарных дней (70 календарных дней до родов и 70 календарных дней после родов). Пособие по беременности и родам выдается за все рабочие дни отпуска по беременности и родам, удостоверенные листком нетрудоспособности за время:1) срока действия трудового договора; 2) нахождения в основном и дополнительном оплачиваемых отпусках; 3) пребывания женщины в отпуске по уходу за ребенком до достижения ребенком возраста полутора или трех лет; 4) нахождения в отпуске без сохранения заработной платы, предоставленного по инициативе работодателя; 5) простоя по вине работодателя, а также по причинам, не зависящим от работодателя и работника (в случае письменного предупреждения работника и оплаты за время простоя). Пособия могут выплачиваться по доверенности либо по заявлению работников, перечисляться в банк или пересылаться через филиалы связи (в том числе и по временному месту жительства). Выплата пособия по беременности и родам, а также при усыновлении (удочерении) ребенка в возрасте до трех месяцев производится работникам: 1) за первые десять рабочих дней — из собственных средств работодателя (за счет дохода или фонда оплаты труда) в размере 100 процентов заработной платы (дохода), с одиннадцатого рабочего дня — в размере 10 расчетных показателей в месяц; 2) постоянно работающим и проживающим в высокогорных и отдаленных труднодоступных зонах, за все рабочие дни, — в размере 100 процентов заработной платы (дохода).

Asy     [26 Июня 2019]

Здравствуйте! Не могу найти 3 статью 47 пункт из Закона "Жер казынасы жонундо";

Ответ:

Урматтуу Asy! Пройдите по ссылке minjust.gov.kg, выберите пункт БАЗА ДАННЫХ НПА, там выберете нормативные правовые акты - в поиске напишите что ищите там все должно выйти

Мирлан     [24 Июня 2019]

Саламатсыздарбы мен Шайдан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы менин суроом төмөндөгүчө : Птица фабрикада иштеген эмгек стаж “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 сандуу мыйзамынын 31-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, эмгек стаж катары эсептелеби? Себеби Птица фабрика СССР учурунда мамлекеттик мекеме ишкана катары эсептелинеби.

Ответ:

Урматтуу Мирлан, сиз птицефабрикада иштеген мөөнөтунуз эмгек стажынызга кирет, бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы деп эсептелбейт. Птицефабрикалар мамлекеттик бюджеттен каржыланчу эмес, алар хозрасчетный ишканалар болчу. “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР 31-беренеси. 8. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Эмгек стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышкан уюмдардагы жарандардын иши, СССРдин жана КР Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет. 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 8) мамлекеттик жарандык кызматчы (мындан ары - кызматчы) - мамлекеттик органда административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти республикалык бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан КР жараны; 9) муниципалдык кызматчы (мындан ары - кызматчы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан КР жараны;

Нурзида     [24 Июня 2019]

Декреттик өргүүнүн формуласы барбы кантип эсептелет.

Ответ:

Согласно Положению о Пособии по беременности и родам - Выплата пособия по беременности и родам, а также при усыновлении (удочерении) ребенка в возрасте до трех месяцев производится работникам:1) за первые десять рабочих дней — из собственных средств работодателя (за счет дохода или фонда оплаты труда) в размере 100 процентов заработной платы (дохода), с одиннадцатого рабочего дня — в размере 10 расчетных показателей в месяц; 2) постоянно работающим и проживающим в высокогорных и отдаленных труднодоступных зонах, за все рабочие дни, — в размере 100 процентов заработной платы (дохода).

Равшанбек     [21 Июня 2019]

Саламатсызбы! Калктуу конуштагы жерлер жана муниципалдык жерлерди убактылуу ижарага пайдаланып жургон жарандардын ижара келишими буткондон кийин, кайрадан ижарага беруу учун конкурс же аукцион аркылуу беруу керекпи же туз берип койсо болобу?

Ответ:

Урматтуу Равшанбек. Ижаранын мөөнөтү бүтсө, кайрадан ижарага берүү үчүн конкурс же аукцион аркылуу берүү керек, келишимде мүмкүн ижарасын убагында төлөп турса, мөөнөтүн узартса болот, деп жазылса, анда келишимди узартып койсо болот. Закон КР "О муниципальной собственности на имущество" от 15 марта 2002 года № 37 кыргыз тилинде жок болгондуктан, расмий тилде мыйзам беренелерин көрсөтөлү. Статья 15. Предоставление объектов муниципальной собственности в пользование и аренду 1. Объекты муниципальной собственности могут быть предоставлены физическим и юридическим лицам в пользование и аренду. Органы местного самоуправления не вправе предоставлять в пользование и аренду общее имущество собственников помещений многоквартирного дома, включая земельный участок при многоквартирном доме. Предоставление объектов муниципальной собственности в пользование и аренду производится путем проведения торгов, которые могут проводиться в электронном формате в порядке, определяемом Правительством Кыргызской Республики, за исключением случаев, предусмотренных статьей 16 настоящего Закона, законодательством КР, решениями местных кенешей. 2. При проведении торгов и заключении договоров об аренде или пользовании недвижимым муниципальным имуществом сроком на один год и более применяются следующие процедуры: - орган местного самоуправления публикует объявление о своем намерении принимать заявки на право аренды или пользования недвижимой муниципальной собственностью. Письменное уведомление должно быть вывешено в общественных местах и опубликовано в местных средствах массовой информации; - в объявлении указывается собственность, ее местонахождение и описание, минимальная цена приобретения права аренды или пользования, условия или ограничения, установленные на право аренды или пользования, время и место проведения тендера. Объявление публикуется не позднее 30 дней до даты продажи; - конверты с запечатанными в них заявками вскрываются публично в доступном общественном месте. Право аренды или пользования предоставляется лицу, предложившему наибольшую цену и удовлетворяющему условиям, установленным для данной сделки. Общественности сообщается о результатах конкурса, включая имя (наименование) лица, выигравшего конкурс, цену и любые условия и ограничения по данной сделке посредством письменного уведомления, помещаемого в общественных местах, и посредством введения данной информации в местный реестр объектов муниципальной собственности на имущество. Статья 19. Компетенция органов местного самоуправления в сфере управления и распоряжения муниципальной собственностью Местный кенеш: устанавливает порядок пользования и распоряжения муниципальной собственностью, а также осуществляет контроль за ее использованием; Исполнительный орган местного самоуправления: управляет и распоряжается муниципальной собственностью; заключает договоры, связанные с управлением и распоряжением муниципальной собственностью.

Асыранов Жангазы Бакасович     [19 Июня 2019]

Саламатсызбы! Рита менин сиздерге кайрылганымдын себеби,ушул мезгилде менин эки уулум оздорунчо уй-булолуу болушту.Улуу уулумдун бир уул,бир кызы бар.Баласы торт жашта кызы алты айга толду.Кичуу уулумдун эки уул бир кызы бар.Улуусу оздорунчо Талас шаарында квартирада болунуп жашашат.Кичуусу мени менен.Улуу балам жана келиним азырынча ишсиз уйдо.Кунумдук тамак ашына биз жардам беребиз.Буга чейин сыртта иштеп келишти.2019-жылы май айынан баштап улуу баламдын балдарына пособия чыгарышып беришкен изилдоо актысы менен.Баламдын улушу 0,29га жери Айыл окмотунун оздук чарба китебинде мени менен кошо жазылган себеби озунчо тутун кылып болуу учун участогу жана турак жайы жок болгондуктан тутун кылып блууго болбойт экен. Кичуу уулум мени менен жашагандыктан анын балдарына пособия берилбейт экен себеби уй -булолук киреше ашып кеткендиктен . Бул Мыйзамга мен макулмун. Кичуу уулум оздук чарба китебинде озунчо тутун болуп катталган.Шартка байланыштуу турак жайга шарт азырынча жок . Мени кызыктырган суроо,Талас райондук социалдык тармактын кызматкери улуу баланыз Талас шаарында квартирада жашагандыгын биз барып коргонбуз. Балдарынын уй-булолук дарылоочу борборунда каттоодо бар экендиги тууралуу аныктамасыда тиркелген 2015-жылдан беркиси Талас шаарынын борбордук Поликлиникасында болгону уулунуздун, уй-булолук жашагандыгы тууралуу аныктамасында сиз менен чогуу болгондуктан сиздин уй-булонузко тийиштуу 1,45га жериниз менен жана озунуздун баардык кирешениз менен эсептеп пособия чыгарыш керек Мыйзамда ушундай жазылган.Уулунуздун озуно тийиштуу 0,29га улуш жеринин киреше булагы каралбайт деп жатышат.Ушул жагына туура Мыйзамдуулугуна маалымат берип койсонуздар. Айыл аймагынын соц. кызматкерине кичуу уулумдун балдарына пасобиясына аракет кылсам болобу? анткени ал озунчо тутун болуп катталган жана мени менен жашайт оздук чарба китебинде 0,29гаулуш жери 0,20участогу бар.Балам жана келиним уйдо алардын да иштеген иши жок бирок биздин баардык улуш жерибизди иштетип жатышат деген суроого ага да болбойт ал сиз менен жашагандыктан. Кимисине пасобия туура келет? Улуу уулума озунчо болунуп жашаганынабы? жээ мени менен чогуу турганынабы?Эки уулума тен социалдык кызматкерлердин тушундуруусундо Мыйзам жол бербейт экен Улуусунун уй жайы сырта болгону менен уй-булосу оздук чарба китебинде сиз менен.ал эми кичуу уулунуз тутуну болок болгону менен сиз мене чогуу жашагандыктан деп маалымат беришип жатышат.Бизди текшеруу органдары караса биз жооп берип калабыз туура эмес изилдоо актысы тузулгон Мыйзамга туура келбейт урматтуу Жангазы мырза деп жатышат. Ошол себептен маалымат алыш учун кайрылып жатам. Сиздерди терен урматтоо менен уй- буломдун атынан.

Ответ:

Урматтуу Жангазы Бакасович саламатсызбы. Көптөн бери сизге жооп узатпай койгонубузга кечирим сурайбыз. Эгер социалдык камсыздандыруу тарабынан бул мыйзамсыз десе, анда балдарыңар пособие алууга мыйзамдар жол бербейт. Азыр ар бир пособиени дыкат текшерип, кичинекей кылтык болсо дароо кылмыш ишин козгоого өтүп калышкан, ошондуктан мамлекеттик кызматкерлер, ар бир кадамын мыйзамга такап жасап калганы ошондон.