Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Карим     [21 Февраля 2018]

Саламатсыздарбы? Мен айыл окмотто бухгалтер болуп эмгектенем. КР Минтрудтан бир айга орто эсеп менен айтканда 168 саат иштешибиз керек, бирок биз кээбир кундору 12-14 саатка чейин, кээде субота жана воскресение кундору да иштейбиз. Табельге 8 сааттан эле белгиленет . Биз мыйзам чегинде ашыкча саат эмгектенген учун акча ала алабызбы? Кызматтык сапарда жургондо субота же воскресение кунго табельге саат коюлабы? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Карим! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 90- беренесине ылайык бир апталык жумуш убактысы 40 саатты түзөт. Демек, өзүңүз белгилегендей 5 жумушчу күндүн жумуш убактысы 8 сааттан болгондо бир аптада 40 саатты түзүп жатпайбы. Ал эми бир айдын 4 аптасында 160 саат жумуш убактысы болот. Табелге ар бир иш күнүнө 8 сааттык иш убактысы белгиленет. Кайдан 168 саатты КР эмгек жана социалдык коргоо министрлиги белгилеп жатат билбейбиз, биздин ал документ менен тааныштыгыбыз жок, мүмкүн болсо карап көрүү үчүн бизге салып жиберсеңиз. КР эмгек кодексине ылайык иш берүүчү тарап менен кызматкердин ортосунда ишке кабыл алып жатканда эмгек келишими түзүлөт. ( Эмгек кодекси 3-бөлүк, 7-глава). Мына ушул түзүлгөн эмгек келишиминде шарттардын баары так жазылат жана аны эки тарап аткарууга милдеттүү болот. Бирок, урматтуу Карим мырза, айыл өкмөттөгү иштин табияты таптакыр башкача болот, көп учурда ойлогон ойду турмуш башкача нукка буруп коет. “Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле “ дегендей айыл өкмөттө иштегендер “күндүн чыкканы менен батканына гана жооп бербейт”, калганынын баарына жооп берет, башкача айткантда айыл өкмөтү муниципалдык да , мамлекеттик да иштердин аймактагы абалына толук жоопкерчиликтүү. Ошондуктан, ЖӨБО аппараты эмгек келишиминде көрсөтүлгөндөн тышкары көптөгөн иштерди эл үчүн деп, жер үчүн деп жумуштан кийин, дем алыш жана майрам күндөрү иштеп келе жатышат. Мисалы: ишембилик, шайлоо өткөрүү ж.б.толгон –токой жумуштар. Уюштуруу иштери жакшы жолго коюлган айыл өкмөттөрдө бир апталык 40 сааттык жумуш убакыт ичинде мүмкүн болгон баардык иштерди натыйжалуу аткарууга жетишсе болот. Кызматтык сапарга чыкканда ага атайын буйрук даярдалып, ал боюнча тиешелүү төлөмдөр төлөнүп берилет (командировочный, суточный), бирок табелге сааттар коюлбайт, анткени ал күндөрү сиз иште болгон жоксуз.

канат     [21 Февраля 2018]

Саламатсыздарбы? Сиздерге суроом томондогудой: 1) биринчи топтогу майып адамга кандай женилдиктер каралган? Бизде жайыт комитетинин бухгалтери жайытка налог деп келип жатат. эгер майып адамдарга женилдиктер болсо тушундурмо берип койсоз

Ответ:

Урматтуу Канат! Жайытты пайдалануу боюнча мыйзам актыларында майыптарга жеңилдик берүү каралган эмес. Жайыт комитетинин бухгалтери жайытты пайдаландыгы үчүн ижара акыны төлөөнү талап кыла алат. Майыптыгы бар жарандарга жайытты пайдалануу үчүн жеңилдиктерди жайыт комитети айыл кеңеш аркылуу сессияда карап чыккандан кийин гана бере алат.

Анара     [19 Февраля 2018]

Декреттик оргууго кеткен муниципалдык кызматкердин ордуна убактылуу кабыл алынган кызматкер бир жылдан ашык иштесе эмгек оргууго чыгабы, кандай шарттар менен чыгат?

Ответ:

Урматтуу Анара! Сиздин биздин сайттын жигерлүү окурманы болгонуңуз абдан кубандырат, акыркы учурда эле бир нече суроолор менен кайрылдыңыз, дайыма ушундай көптү билүүгө ынтызар боло бериңиз. Ал эми Сиздин бул сурооңузга жоопту Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-главасындагы 109,116-135 ж.б. беренелерин окуп чыксаңыз толук жооп ала аласыз жана ал тууралуу билимге да ээ болосуз.

Урмат     [17 Февраля 2018]

Саламатсыздарбы! Биздин айыл окмотундо пенсияга чыккан адамдар эмгектенишет. Орг техника менен жакшы иштей албай кыйналышат. Жакшы билимдуу жаштар жумуш таппай журушот. Пенсиядагы адамдарды кандай кылып же кайсы мыйзамдын негизинде тынчтык жолу менен жумуштан четтетууго болот. Рахмат.

Ответ:

Урмат мырза, сиз Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын биздин сайтын “Законодательство” деген жерден бир сыйра карап чыксаныз болот. Ошол мыйзадын 47-беренесинде көрсөтүлгөн “Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу” 5) кызматчы ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде: а) баалоонун натыйжалары менен бышыкталган квалификациясынын жетишсиздигинде; 12) мамлекеттик кызматта туруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген чектик курака жеткенде; 2. Кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруусунун чектик курагы 65 жашты түзөт.

deka     [16 Февраля 2018]

Подскажите пожалуйста,может ли быть айыл окмоту или кенеш гарантом частному предприятию в получении кредита.Что часто происходило в прошлом.

Ответ:

Глава айыл окмоту, или депутат местного кенеша как частные лица могут выступить гарантом или залогодателем кредитополучателю. Но выступать как муниципальный служащий или от муниципального органа они не могут.

Айша     [16 Февраля 2018]

Саламатсыздар, мага айыл окмоттун иш кагаздары боюнча адисинин функционалдык милдетине эмнелер кирет? Тушундуруп койунунуздарчы.

Ответ:

Урматтуу Айша! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-майындагы №183 токтому менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамалары бекитилген. Аталган токтомду сиз “Законодательство” деген разделден “Постановления Правительства КР” деген жерден табып, кочуруп алсаныз болот.

Нурик     [15 Февраля 2018]

Саламатсыздарбы бизде томондогудой суроо болуп жатат: айыл окмотту депутаттар ишенбоочулук корсотуп кайра артка кайтарып алышса премьер министр же башка жогорку жактагы кызматкерлер жаны айыл окмот шайлоосу жок эле дайындап койууга укуктары барбы? Кызматтан алынган айыл окмот сот аркылуу кайра ордуна келе алабы?

Ответ:

Урматуу Нурик, Кыргыз Республикасынын ” Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамында 49-беренесинде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби так жазылган. 8 пунктта. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 9 пунктта. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот. 10 пунктта. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт. Премьер министр же башка жогорку жактагы кызматкерлер жаны айыл окмот шайлоосу жок дайындап койууга укуктары жок. Айыл өкмөтүнүн милдеттерин орун басары же жооптуу катчысына жүктөлөт. Кызматтан алынган айыл окмот сот аркылуу кайра ордуна келе албайт, себеби ал саясий муниципалдык кызматкер болуп эсептелген учун.

Анара     [13 Февраля 2018]

декреттик оргууго кеткен адамдын ордуна убактылуу кабыл алынган кызматкер биринчи жолу иштеп жатса эмгек китепчеси ачылабы?

Ответ:

Урматтуу Анара! Албетте,сөзсүз түрдө эмгек китепчеси ачылышы керек. Ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 65- беренесинде эмгек китепчеси тууралуу төмөндөгүдөй айтылган: “ Белгиленген үлгүдөгү эмгек китепчеси кызматкердин эмгектик ишмердиги жана иш стажысы жөнүндөгү негизги документ болуп саналат. Эмгек китепчелеринин формасы, жазып толтуруу жана сактоо тартиби, ошондой эле эмгек китепчелеринин бланкаларын даярдоо жана иш берүүчүлөрдү аны менен камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.Эгерде ушул уюмдагы иш кызматкер үчүн негизги иши болуп саналса, иш берүүчү уюмда 5 күндөн ашык иштеген бардык кызматкерлерге, эмгек китепчелерин жазып толтурууга милдеттүү. Эмгек китепчесине ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу жана кызматкерди иштен бошотуу, ошондой эле эмгек келишимин токтотуунун негиздери жөнүндө маалыматтар киргизилет. Эмгек китепчесине эмгек келишимин токтотуунун себептери жөнүндө жазуулар ушул Кодекстин же башка мыйзамдын баяндоолоруна ылайык жана тиешелүү статьяга, пунктка шилтеме жасоо менен жүргүзүлөт. Эмгек келишимин токтоткондо эмгек китепчеси кызматкер иштен бошогон күнү (иштин акыркы күнү) берилет. Эгерде эмгек китепчеси иш берүүчүгө тиешесиз себептер боюнча (кызматкер жок болсо, болбосо ал эмгек китепчесин алуудан баш тартса) иштин акыркы күнү берилбесе, иш берүүчү кызматкерге эмгек китепчесине келишинин зарылдыгы, болбосо аны почта аркылуу жиберүүгө макулдугун берүү жөнүндө почта кабарламасын жиберет. Иш берүүчү кабарлама жиберилген күндөн тартып эмгек китепчесин кечиктирип берүү жоопкерчилигинен бошотулат. Кызматкерди бошотууда кызмат берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек китепчеси өз убагында берилбегендиги үчүн кызмат берүүчү эмгек китепчесин бербей кармаган ар бир күн үчүн кызматкерге ар күндүк орточо эмгек акысын төлөп берет”.

ЗАРИНА     [13 Февраля 2018]

Здравствуйте. Если депутат пропускает неоднократно сессию можно ли его исключить из депутатов? И один депутат выехал за пределы республики на заработки как быть с ним??? На какой закон можно сделать ссылку.?

Ответ:

Уважаемая Зарина здравствуйте. Если депутат пропускает неоднократно сессии местного кенеша или он выехал за пределы республики на заработки, его исключить из депутатов местного кенеша нельзя. Раньше можно было, если он четыре раза подряд пропускал сессии местного кенеша, но решением Конституционной палаты Верховного суда КР от 10 июня 2015 года №8-р признано, что часть 3 статьи 3 Закона КР "О статусе депутатов местных кенешей" в части предоставляющей местному кенешу право возбуждения вопроса об отзыве депутата, считать противоречащей частям 1, 2 статьи 2, пункту 2 части 1 статьи 52 и части 1 статьи 112 Конституции КР. Если Вы пройдетесь по ссылке указанных в Законе КР "О статусе депутатов местных кенешей", то Вы найдете решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 10 июня 2015 года №8-р и можете прочитать его. Теперь Статья 3. «Досрочное прекращение полномочий депутата местного кенеша» изложена следующим образом: Полномочия депутата местного кенеша прекращаются досрочно в случаях: утраты депутатом гражданства КР; избрания или назначения депутата на должность, занятие которой по закону не совместимо с исполнением депутатских полномочий; избрания его депутатом другого кенеша, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Законом и законом, регулирующим сферу организации местного самоуправления; признания судом депутата недееспособным или безвестно отсутствующим, а также умершим; вступления в силу обвинительного приговора суда о лишении свободы лица, являющегося депутатом; (абзац седьмой утратил силу в соответствии с Законом КР от 17 февраля 2015 года N 34) выезда на постоянное место жительства за пределы Кыргызской Республики; роспуска местного кенеша. Полномочия депутата местного кенеша прекращаются досрочно также по решению соответствующего кенеша в связи: с прекращением членства депутата в местном сообществе соответствующей административно-территориальной единицы; с подачей письменного заявления о сложении им депутатских полномочий или выхода из фракции. См. также: Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 10 июня 2015 года №8-р См. также: Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 4 июня 2014 года №32-р

Анара     [12 Февраля 2018]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-майындагы №183 токтому толугу менен бере аласыздарбы?

Ответ:

Ушул сайттын Законодательство деген болүмүнө, Постановления Правительства деген жагына "Типовые должностные инструкции" деп илип коебуз.