Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Бектенов     [14 Мая 2018]

1. КБФнын жерлерин 49 жылдык мөөнөткө жер участогун арендага алып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп бүткөндөн кийин, жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун менчикке өткөрүп алууга укугу барбы?\n2. Ижара алуунун максаты КБФ нын жерине капиталдык курулуш салуу максатында төмөндөгү кадамдарды жасоого мыйзам уруксат береби?

Ответ:

Урматтуу Бектенов мырза! Сиз айтып жаткан КБФ (толук аталышы- кайра бөлүштүрүү фонду) жерлеринин азыркы аталышы АЖМФ ( айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду). Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1- беренесинин 29-пунктунда: айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусу - айыл чарба жерлеринен (жайыттардан бөлөк) жана мамлекеттик менчикте турган жерлерден түзүлгөн жер участоктору деп көрсөтүлгөн. Демек, бул жерлер 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилбейт жана жеке менчикке да өтпөйт, андай болгон соң АЖМФнун жерлерине трансформация болмоюнча эч кандай капиталдык курулуштарды салууга болбойт.

saidullo tokhtasinov     [14 Мая 2018]

25 жаштан откон жарандар аскердик билет алусу боюнча кандай мыйзам чиккан

Ответ:

Урматтуу Сайдулло мырза саламатсыңарбы. Сиздин сурооңузга КР "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамында, 21 "Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу" беренесинеде: "1. Жыйырма беш жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу. 2. Мобилизациялык резервдин жыйындары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү суммада жарандардын акчалай салымды төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт. Төлөнгөн акча каражаттарынын 15 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жана 7 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине которулат. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 3. Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди карап-күтүүгө жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, Тартиптик уставдын талаптарына ылайык аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк кылуу чыгымдарына жумшалат. 4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет. Мобилизациялык резервдин жыйындары аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине коюлат. 5. Жыйырма бештен кырк жашка чейинки курактагы, мурда ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу". Жакшы окууп, түшүнүп алып аскердик билет алууга кам көрүңүз.

Талант     [12 Мая 2018]

Жолдо коп журом машинам менен жолдо гайлер ток то-то берет дакмент сурайт бар так десен аптечкан барбы же шылтоо ар нерсе сурайт ошол мыйзамдуубу же бир эле нерсе сурайш керекпи

Ответ:

Урматтуу Талант мырза. Албетте ар бир токтотунун артында бир маселе бар. Укугуңар тебеленбеш үчүн мыйзамдарды билишиңер керек. Мисалы ГУОБДДнин кызматкери турган жери мыйзамдуу экендигин билиш үчүн, алардан дислокациясынын картасын талап кылышыңар керек. Ал документ күндө кызматкерлерге берилиши керек, ушул участокто болот, деп. Андай эрежелер көп, бирок ар бир адам мыйзамдуулукту талап кылуу үчүн, өзү мыйзамды бузбашы керек. Ошондуктан аптечканы салып койгула ичин толуктап. Жол эрежени бузбагыла. Эгер, кайсы бир эрежелер сиздин оюңарда туура эмес болсо, аны сүрөткө тартып, эмнеси тураа эместигин жазып, социалдык тармакка илип койсоңор, окурмандар тураа жака жеткирип коюшат.

Анара     [10 Мая 2018]

Саламатсыздарбы! Мен дагы Сиздерге суроолорго жооп берип жаткандыгыныздар учун ыраазычылык билдирем. Откондо Сиздерден жарандар эски уйду бузуп ордуна жаны уй салууда айыл окмот тарабынан чыгаруучу токтомду кайсы ЧУАга таянып чыгарылат деп сурагам. Бирок райондук архитектура жарандарды айыл окмотко жиберип эски уйду бузуп ордуна жаны уй салганга уруксат беруу тууралуу токтом чыгартып келгиле деп жиберип жатат. Ушул боюнча биз архитектурага кандай жооп берсек болот кайсы ЧУАларга таянсак болот? Рахмат!

Ответ:

Урматтуу Анара! Райондук архитектурадан токтомду кандай жазып чыгарууну, андай токтомдор болсо көчүрмөсүн сурап алгылачы.Эгер бар болсо, анын мыйзамдуулугун карап чыгалы, мүмкүн туура айтып жатышса, ал ишин колдоого алалы,ал иш кийин башкаларга үлгү болуп калат.

Гулнура     [10 Мая 2018]

Нарын районуна караштуу Он - Арча айыл окмоту сиздерге дагы бир жолу чон рахмат.

Ответ:

Гулнура, айыл өкмөттүн иштерине күйүп бышкан аракетиңизде ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн, дайыма жигердүү болуп байланышып туруңуз.

Гулнура     [10 Мая 2018]

Саламатсыздарбы сиздерден сураныч дагы бир жолу биздин маселебизди карап берип коесуздарбы. АЖМФнын камсыздандыруу толомдорун айыл окмот чогултуп бергенге милдетуу эмес дегенди кантип соц. фонддун кызматкерлерине далилдеп берсек болот. Кайсы токтомдун негизинде себеби ушул кунго чейин соц. фонддун кызматкерлери айыл окмот чогултуп бериши керек деп бизден талап кылууда. Биз алар менен эч кандай келишим тузгон эмеспиз. Милдеттуу турдо чогултуп бересинер деп жатышат антпесе счетунарды жаап салабыз деп атышат. Чон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Гулнура! Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн 2014-жылдын 1-июлуна чейин айыл өкмөтү чогултуп берүүгө милдеттүү болгон, мындан кийин бул милдетти аткаруу , тактап айтканда АЖМф жерлерине социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө ижарачылардын өзүлөрүнүн милдетине киргени мыйзамда көрсөтүлгөн.Ал мыйзам биздин сайтта илинип турат. Силердин райондук социалдык фондунун кызматкерлери чогултуу тууралуу талаптарын жазуу түрүндө берүүсүн сурангыла, кайсы мыйзамдарга таянып жазарын көрөлү. Гулнура, мүмкүн болсо айыл өкмөтүңөрдүн атын толук жазсаңыздар жакшы болот эле, себеби макул болсоңуздар бул ишти мониторинг кылып аягына чейин көз салып берели. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 20- беренесиндеги берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарда :" 12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо " деп жазылган. Демек, айыл өкмөттөр бул милдетти мыйзамда каралган нормаларга ылайык аткарышмак, башкача айтканда соц.фонд менен айыл өкмөттүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде. Негизи жок айыл өкмөттүн счетун эч ким жаба албайт, бул жерде жөн эле коркутуу болуп жаткандай сезилет.

Эрнис     [10 Мая 2018]

Салам алейкум, Жайыт жерлеринин арендасы буто элек,бирок айдоо жерине трансфармация болуп келди,жайыт жеринин келишимдери китептери жокко чыгабы же жокпу,биз кайра аукционго койо алабызбы.ФПСтын жерине карап калабы.РАХМАТ.

Ответ:

Урматтуу Эрнис! Жайыт комитети жайытты пайдалануу боюнча келишимди бир жылдык мөөнөткө түзөт, эгер жайыт жери трансформация болуп айыл чарба багытындагы сугат жерге айланса, анда жайыт пайдалануучу келерки жылга чейин жайыт катары пайдалана алат. Ошол чыккан трансформация тууралуу токтомдо ал жердин мындан ары кандай багытта колдонуусу так көрсөтүлөт. АЖМФ жерлерине кирген болсо, мыйзамга ылайык аукцион же конкурс аркылуу ижарага берилет.

Назарбек     [9 Мая 2018]

Ата мекенге кызмат кылуу (бир жылдык служба)өтөө жана ошол эле жерде контракт менен (келишимдик негизде) кызмат кылуу (иштөө) мамлекеттик кызмат үчүн кетеби себеби конкурстарга катышууга мен учун суроолорду жаратууда (улук кызмат оруну үчүн)

Ответ:

Урматтуу Назарбек мырза саламатсыңарбы. Сиздин сурооңузга жоопту 2 мыйзамдан көрсө болот. КР "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын п.2 мамлекеттик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык иши. Мамлекеттик кызмат өзүнө мамлекеттик жарандык кызматты, аскердик кызматты, укук коргоо кызматын жана дипломатиялык кызматты камтыйт; п.5. аскердик кызмат - мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрдө жана мамлекеттик органдарда жарандардын жалпы аскердик милдеттерин аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү. КР "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамында: Аскердик кызмат - жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жалпыга тиешелүү аскердик милдетин аткаруусу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү, деп белгиленет. Ошондон улам аскердик кызмат толугу менен мамлекеттик кызматка кирет, сиз аскерден кандай бир даражага жетсеңер анын баарын эске алынышы керек, алдыга жылууга кандай бир стаж керек болсо - жалпы мамлекеттик кызмат стажына кирет.

Анара     [7 Мая 2018]

Эски уйду бузуп, ордуна жаны уй салуу учун айыл окмот кайсы ЧУА негизинде токтом чыгарат

Ответ:

Урматтуу Анара! Эски үйдү бузууда айыл өкмөт тарабынан эч кандай ченемдик укуктук актылар (ЧУА - орусчасы НПА) чыгарылбайт. Жаңы үйдү райондук архитектуранын долбоорунун негизинде салып бүткөндөн кийин, эгер үйдүн техникалык паспортунда алымча-кошумча кыла турган өзгөрүүлөр болсо, райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын тыянагынын негизинде жаңы чечим чыгарып берүүсү мүмкүн.

Гулнура     [3 Мая 2018]

Саламатсыздарбы биздин берген суроолорго талыкпай жооп берип жаткандарыныз учун чон ыраазычылык билдирем. Менин сиздерге берген суроом: АЖМФ жерлеринин камсыздандыруу толомдорун айыл окмоттордун адистери чогултуп бериши керекпи, же соц. фонддун адистери оздору чогултушу керекпи?

Ответ:

Урматтуу Гулнура! АЖМФнын жерлеринин камсыздандыруу төлөмдөрүн ижарачылардан чогултуу айыл өкмөттүн кызматкерлеринин милдетине кирбейт, бул ишке биринчиден ижарачылар өзүлөрү төлөөгө милдеттүү болсо. экинчиден социалдык фонддун кызматкерлери кызыктар болушу керек. Эгерде социалдык фонд ушул маселе боюнча айыл өкмөт менен кызматташкысы келсе, анда келишим аркылуу бул төлөмдөрдү чогултуп берсеңер болот. Бул иш чарага кандай бир акы төлөө белгилеп клоюшуңар керек, мисалы чогултулган каражаттардын 0,3-0,5 % айыл өкмөткө калат, деп.