Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Израил     [11 Июля 2018]

Cаламатсызбы! 1989 жылы мамлекет үй салып береген, ал үйдун эсине эч канадай документ берилген эмес, болгону 1993- жылы өкмөт тарабынан ордер берилген, эми ал үйдүн эсине кандай жол менен токтом чыгарсак болот?

Ответ:

Урматтуу Израил! Сиз берген суроого тактоолор зарыл болуп жатат, бул эмне болгон үй, менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүк берилгенби, эгер ошол учурда менчиктештирилбей калган болсо, анда сотко кайрылуу керек.

Жылдыз     [11 Июля 2018]

Здравствуйте! Каким образом граждане (я) могут получить официальный документ Постановления или Решения Жалал-абадского горкенеша о тарифах на проезд в общественном транспорте с последними изменениями? Требуется официальный список тарифов на проезд именно в маршрутках города Жалал-Абад для всех категорий граждан. Спасибо!

Ответ:

Уважаемая Жылдыз! На основании Постановлении Правительства Кыргызской Республики от 26 февраля 2010 года № 117 “ Об источниках официального опубликования нормативных правовых актов Кыргызской Республики” нормативно - правовые акты представительных органов местного самоуправления должны опубликоваться : “ а) в соответствующих печатных изданиях, определяемых представительными органами местного самоуправления из числа печатных изданий, наиболее распространенных на территории айылного аймака, города, района, области, прошедших регистрацию в установленном порядке; б) на официальном веб-сайте органа местного самоуправления или местной государственной администрации, или полномочного представителя Правительства Кыргызской Республики в соответствующей области, или уполномоченного государственного органа по делам местного самоуправления.” Кроме того, представительные органы местного самоуправления должны и обязаны вывешивать все необходимые для населения информации в информационном стенде городского кенеша. А также любой гражданин имеет полное право в индивидуальном порядке письменно обращаться в городской кенеш и получать ответ установленном в законном порядке, согласно Закона "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики".

Токтосун     [9 Июля 2018]

Саламатсызбы! Мен томондокучо суроо сурайын дедим эле. Буга чейин айыл окмотуно стажым жетпейт деп койбой калдым эле. Мыйзамдакы 2 жыл мамлекеттик кызмат же болбосо 2 жыл муниципиалдык кызмат стажым сырткары, билим беруу мекемелеринде Жана жеке формадагы уюмдун жетекчилик кызмат 3 жыл дегени бар эмеспи ошол стажга коомдук жаштар уюмунун жетекчилиги киреби ал жерде 2015тен бери же болбосо мен эки жыл мугалим кесипте андан сон жергиликтуу кенеште 2017 февралдан тартып депутат болуп журуп муниципиалдык кызматка оттум эле ошол эле жылдын сентябрынан тартып. Эми кайта кайрылсам дагыда болсо жетпейт деп жатышат. Ушул суроомо жооп берип койсонуздар Рахмат сиздерге

Ответ:

Урматтуу Токтосун! Сиз суроону жазганда так берсеңиз, биз дагы так жооп бергенге шарт түзүлөт эле. Үтүр точкасыз маалыматтын барын жазасыңар, анан биз туура жооп бере албай калабыз. Сиздин бардык документтериңизди толук таанышып карап көрмөйүнчө таак жооп берүү кыйынчылык жаратып жатат. Мисалы "жаштар уюмунун жетекчилигинен" айлык акы алып иштедиңиз беле? Айлык акы алсаңар ал дароо билинет, далилдесе болот. Же мугалим болуп иштегем дедиңиз, мектептин жетекчиси болсоңуз ал стажга кирет. Ошондуктан мүмкүнчүлүгүңүз болсо документтериңиздин көчүрмөлөрүн топтоп туруп өзүңүз жашаган райондогу шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылсаңыз, ал жактан толук жооп ала аласыз.

Универсал     [9 Июля 2018]

Саламатсызбы. Менин суроом томондогудой айлык маянаны бухгалтерибиз аздан чыгарып жатат окшойт, ишенбоочулук пайда болууда. Мен эмгек китепчесин алып алып кайсы мекемеге же болбосо кимдерге кандай документацисын сурайм а/о бухгалтеринен, ар кайсы мекеменин бухгалтерлери, райфинотделдегилер деле эсептеп бере алабы? Банкоматтан ар бир айлыктын которулган жонундо 1-2 жылдын маалыматын чек выписканы кайдан алсам болот. Кандай жолдор менен. Эгерде кийинки эсеп менен мурункусунан айырма чыкса, азыраак чыгып журсо ошол жылдардан беркини кошуп береби же сотко кайрыламбы? Ушул маселени толугураак жалпак тил менен жооп берсениздер .Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Универсал! Эгер Сиз айыл өкмөттүн кызматкери болсоңуз жакшы билесиз, айыл өкмөттө иштеген муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жыл сайын комиссия тарабынан каралып, анан буйрук менен бекитилет. Сиз эч жакка кайрылбай эле ал буйрук менен айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жана каржы бөлүмүнүн башчысына кайрылып толук таанышып алсаңыз болот. Эгерде буйруктагы эсептөөлөр менен макул болбосоңуз тийиштүү органдарга кайрылууга укугуңуз бар. Чын айтканда, айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнүн башчысынын башы эки болсо, ошондо кана бурмалоого барат. Айлыктан азайтуу болбошуу керек.

Байаман     [5 Июля 2018]

Айыл окмотунун баласындагы ынгайсыз жерлерге келишим тузуунун улгусу?

Ответ:

Урматтуу Байаман! Айыл өкмөттүн балансында турган жерлер муниципалдык менчиктеги жерлерге кирет, ал жерлерди кандай пайдалануу боюнча айыл өкмөт жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген планга ылайык иш алып барат. Анда ал жерлерди аукцион же конкурс аркылуу пайдаланууга берилери көргөзүлөт. Калган иштерди айыл өкмөттүн жер боюнча комиссиясы мыйзамга ылайык жүргүзөт.

Акыл     [27 Июня 2018]

Саламатсыздарбы бир адамдын үйүнө, башка бир адамдын токтому чыгып калган, ал токтомду өз эсине кантип өзгөртсө болот?

Ответ:

Акыл мырза саламатсыңарбы. Биздин түшүнүгүбүз боюнча, үйдүн ээсинин токтому жок. Эгер ошондой болсо эч кандай өз ээсине өзгөртүп бере албайсыз. Ката чыккан токтомду жокко чыгаруууга эле болот, а чыныгый ээсинин дагы өзүнө карата чыккан токтому болушу керек. Ар бир жер цчасткасына 1 токтом чыгат. Адашып калгандар (техникалык адашуу болсо) сот аркылуу кана оңдогонго мүмкүнчүлүк бар.

Айша     [24 Июня 2018]

Саламатсыздарбы 2003-2004 жылдары системалык каттоо учурунда жер боюнча токтомдорду чыгарууда мисалы бир эле айылдын 3/2 тургундарынын аты жону ката жазылып калган гос регистрге да ката кеткен, ким жооп берет айыл окмотунун укугу барбы аты жонун тууралап бергенге. Бул ката айыл тургундарынын катасы эмес, окмоттун шалаакы мамилеси болгон эмне учун биз ага толоп озум экендигимди аныкташым керек, сотко акча толонуу керек экен.

Ответ:

Урматтуу Айша! Ооба, ал жылдарда жүргүзүлгөн системалык каттоонун негизинде айыл ичинде жарандарыбыз колдонуп жүргөн турак-жай курууга берилген жер участкалары, алардын аянты, турак-жайы, дагы толгон-токой архивдик материалдар иликтенүүдөн өткөн. Ал маалыматтардан жер участкасынын канчасы жеке менчикке берилгени, канчасын документсиз колдонулуп келе жатканы аныкталган, андан кийин гана айыл өкмөтү такталган маалыматка таянып чечим чыгарган. Ал чыккан чечимдер менен айылдын калкынын бир айдын ичинде айыл өкмөттө келип таанышып, тактоо киргизүүго мүмкүнчүлүгүгү болгон. Бардык маалымат айыл өкмөттөрдө көрүнүктүү жерде таанышуу максатында илинген болуучу. Ал учурда биздин жарандар бул маселеге анчалык көңүл бурбай, маани берген эмес. Азыркы учурда документтерге болгон талап күчөгөн мезгилде ошондогу кеткен калпыстыктарды сезип отурабыз. Айыл өкмөттөр чарбалык китептеги жана архивдик маалыматтарга таянып чечим чыгарышкан, мисалы: жер ээсинин аты-жөнү толук жазылбай калышы мүмкүн ( фамилиясы жазылса, инциалы жазылбай калган) . Мындай багыттагы каталар кетирилген болсо, анда айыл өкмөткө эле кайрылуу керек. Калган учурда сотко кайралып чечкен оң болот, себеби менчик ээси сотко өзүнүн менчигинин маселесин чечүү үчүн кайрылат. Азыр күнөөлүүнү издөөнүн зарылчылыгы жок.

Асыранов Жангазы Бакасович     [19 Июня 2018]

Урматтуу! Рита сиздерге кайрадан кайрылууга туура келип жатат.2018-жылдын 6-июнунда сиздерге Алыскы тоолу аймакта жашаганымдыктан эмгек акыма кофсиент кошулабы? деген суроомдун жообунун негизинде Кыргыз Республикасынын юстиция мнистерствосунун кабыл алуу почтасынан 1997-жылкы 25-июнундагы Окумоттун №377токтомун баардык корсоткучу менен электрондук почта аркылуу алдым. Сиздерге кайрылган катты Окумоттун №377 токтомун айыл аймагынын башкы бухалтерине тапшыргам14-июнунда.Ал мага Талас райндук казына башкармалыгынын башчысы жолдош Ниязалиев Жусупка корсотсом, ал бул токтом менен бир сыйра таанышып мыйзамдуулугун карап коробуз деп алып калган. Кече 18-июнда эмне болду деп сурасам биз толоп бере албайбыз . Себеби айыл аймагынын кенсеси жайгашкан жерге карайбыз мындай маселе Кыргызстан боюнча толтура деген кана жоопту ошол башкармалыгынын юриси жооп бериптир. Эми мен кай жакка кайрылам Окумоттун токтому кучун жоготконбу Айыл аймагынын кенсеси жайгашкан деген мыйзам кабыл алынганбы.Ушул жагын тактап беруунузду суранам.Урматтоо менен. Кыргыз Республикасынын финансы мистерствосунун жарандарды кабыл алуу почтасына дагы кайрылуу жазып, бугун жоноттум, бирок интернет байланыш жок деп жазылып калды. Каттоого алынганын билген жокмун.

Ответ:

Урматтуу Жангазы Бакасович. Бул сурооңузду Мамлекеттик кадр кызматына жиберсеңиз, расмий түрдө жооп узатышат. Ошол жоопко ылайык жергиликтүү бийлик толөп берүүгө мажбур болушат, же толөгүсү келбесе, анда мыйзамды өзгөртүшөт. Мамлекеттик кадр кызматында интернет кабылдамасы бар, ошол жерге баарын так жазып жибергиле. Каттын аягына байланыш телефон номеринерди жазып койгула, түшүнбөстүк болсо сизге тактоо иретинде телефон чалышат.

Нурлан     [18 Июня 2018]

Саламатсыздарбы, менин суроом томондогучо, Менин кызым жашы 18 сегиз жашка чыга элек, кызымды Москва чогуу алып кетейн дегем, бирок доверенность алыш керек экен, доверенност кантип кимдер тарабынан алышым керек, жол жобосун айтып коюунуздарды суранам, Рахмаат.

Ответ:

Нурлан мырзы саламатсынарбы. Бул жерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошолордун ишине тийиштүү суролорго жооп беребиз. Сиздин маселеңиз боюнча айта турган болсок, экинчи ата-энесинен ишеним катты аласыз. Сиз атасы болсоңуз, энесинен ишеним кат аласыз. Ал катты нотариустан алуу абзел.

Нургул     [13 Июня 2018]

Саламатсыздар, менин суроом томонкучо: айыл окмоттун салык кызматкери бошоп кеткендиктен иш ордуна конкурс жарыяланып, бирок талапкерлер конкурстан отпой жатышат. Ушул иш ордуна айыл окмоттун бир кызматкерине убактылуу (конкурс болуп женуучу аныкталганга чейин) 30% толоо менен буйруктун негизинде алсак болобу? Кадровый службадан сурасак болбойт деп жатат. Кандай кылсак болот? Ишиниздерге ийгилик.

Ответ:

Урматтуу Нургул! Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 167- беренесинде Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы тууралуу төмөнкүдөй айтылган:» Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес «Жогоруда Эмгек кодексиндеги бул тыянакты мамлекеттик кадр кызматы эмне себептен мыйзамсыз дегени түшүнүксүз. Албетте, конкурстан өтүп жаңы салык кызматкери келгенче айыл өкмөттө салык чогултуу токтоп калбайт да, ошондуктан убактылуу башка кызматкерге бул милдетти жүктөөгө туура келет. Бирок, ал милдетти жүктөгөн кызматкер Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесиндеги талапка жооп бергендей болуш керек.