Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Уланбек     [10 Марта 2018]

Салам. Менин суроом томондогудой: айылыбызда 1994-жылдары 0,15 га огород элдерге берилген азыркыга чейин колдонуп келе жатат. Кээ биринин токтом, чечимдери жок, жон эле пайдалангандар да бар. Инвентаризация кылганда А/О алып коелу десек, бир айылдык болуп жаман коруп жатышат. Айыл окмоттогулор токтому жокторго, токтом чыгарбай жатат. Район, обл.архивдерде докум.жок. Эмне кылуу керек? Жооп берсенер.

Ответ:

Урматтуу Уланбек! 1994-жылы жергиликтүү бийлик кандайдыр бир мыйзамдарга таянып, жер участкаларын турак-жай салуу үчүн берген болуусу керек, чечимди бирөөнө берип, башкасына бербей коюшу мүмкүн эмес. Эгер ошол кездеги чечимдер архивде табылбай жатса, 2003-2005- жылдары бүт республика боюнча системалуу каттоо болуп өткөн. Анда ар бир жер участкасы иликтенип, ээлери аныкталган, чечими жокторго айыл өкмөтү фактический ээлегенине байланыштуу чечим чыгарган. Ошол системалык каттоонун жыйынтыгында бардыгы такталган, ошол документтердин бир экземпляры айыл өкмөткө колдонууга берилген, бир экземпляры мамлекеттик каттоонун райондук башкармалыгында сакталууда калган. Айыл өкмөттөгү экземпляры менен айыл өкмөттүн жер адисине кайрылып таанышууга болот. Эгер ал системалык каттоонун жыйынтыгында да ал жер участкаларынын ээлери көргөзүлбөй, бош жаткан участок катары калып калса, анда колдонучулардын сотко кана кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар. Сотко салык төлөнүп, ошончо жыл колдонуп келатканын далилдеши керек. Ошол жол менен кана менчигин өз атына бекитип документ алганга мүмкүнчүлүгү бар. Айыл өкмөт кайра токтом чыгарып бере албайт, антсе соттолуп кетет.

асан     [10 Марта 2018]

Суроо: айыл кенешинин 2014-жылкы токтомун кантип жокко чыгарса болот? Себеби айылдын бир депутат баласы озунун чоон атасынын атын курулуп буто элек объектке коюп алыптыр, элге айтпай жон эле кол койдуруп, а элдер айылдын атында эле калса деп, эми аран чырдап жатышат. Жооп болсо сонун болмок. Депутаттар оз билгенин кыла беришеби? Кимге, кайсы органдарга кайрылсак болот, териштирууго?

Ответ:

Урматтуу Асан! Айыл кеңештин 2014-жылы чыгарган токтому областтык юстициядан каттоодон өткөн болсо, ал мыйзамдуу күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт болуп эсептелет . “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы боюнча айылдык кеңеш өзүнүн ченемдик укуктук актыларын чыгарууга, ошондой эле жокко чыгарууга же токтотуп турууга укугу бар. (Караңыз, ушул мыйзамдын 10-беренеси 1-б.5-абзацы). Мыйзамдын беренесин жакшы окуп, озүңөргө ылайыктуу чечим чыгаргыла. Бул маселе боюнча силерге эч бир орган жардам бере албайт, кайрылууңардан жыйынтык болбойт. Мурунку жана азыркы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын башка айылдын жашоочулары келип шайлап беришкен эмес да, аларды силердин айылдын жашоочулары-шайлоочулары өзүлөрү шайлашкан эмеспи, демек мыйзамга ылайык иш-аракеттерди өзүңөрдөн баштагыла.

универсал     [10 Марта 2018]

Саламатсыздарбы. Менин суроом: маданият кызматкерлери, китепканачылар эмнеге командировочный алышпайт? Бухгалтерибиз район ичине толонбойт, деп жатат. Биз район борборуна барып келуу 200 сом турат. Кээде 3-4 жолу барасын. Дагы башка район ичиндеги семинарларга барабыз, оз чонтоктон. Областка толоп беришет. Ушул жагын кандай кылабыз? Экинчи суроо: Отпускной берилбейт эмне учун? Беруунун жол жоболору барбы?

Ответ:

Урматтуу универсал. Биздин мамлекетибиз жергиликтүү оз алдынча башкаруу системасын жакшы түшүнбөй, көп учурда жергиликтүү бийлик кандай бир кызматты аткара албайт, деп өз карамагына алып алаган. Ал кызматтарга: билим берүү, саламттыкты сактоо, маданият, китепкана кирет. Бул иш орундар мамлекеттин казынасынан, тагыраак айтканда Республикалык бюджеттен каржыланат. Бул суроону, райондук маданият бөлүмүнө кайрылып, жооп алгыла. Ошолор ушул маселеге жоопкерчиликтүү.

асан     [8 Марта 2018]

суроо: Стимгрант менен салынып, бутпой калган объектиге кимдер жооп берет? 4-жылга кетти, айыл окмот да кетти. 80% буткон, кайра акча береби мамлекет?

Ответ:

Урматтуу Асан мырза. Стимгрант бул мамлекет тарабынан силердин кандай бир маанилүү объектини бүтүрүп алуу үчүн берилген каражат. Бул келишим түзүлүп жатканда айыл өкмөтү өз салымын көрсөтөт, а жетпей калган каражатты мамлекеттен сурайт. Мамлекет каржылагандан кийин, ал объектте жумуштар 100 % аткарылып бүтүшү керек. Эгер аткарылбай, бүтпөгөн объектке кирип калса, анда сиздердин айыл өкмөтүңөр "кара тизмеге" кирип, кийин стимгрант алууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошондуктан, бул объектини 100% бүтүрүшүңөр керек, өз (жергиликтүү бюджеттин) каражатыңардан.

Бакыт     [7 Марта 2018]

Багыш мырза [22 Февраля 2018] Сиздерге сайт тууралуу суроо бериптир, мен да ушул суроонун жообун күтүп жаткам. Менин оюм боюнча сайт керек, анткени айылдык кеңештин токтомдору жарыяланышы керек, токтомдордун долбоорлору талкууга коюлушу керек, азыр мыйзамдарда талаптар бар ЖӨБО өзүнүн сайтына жарялайт деген. Мисалы Бюджеттик кодекстин 125-беренеси, 4-пунктунда бир канча пунктчалары бар. Негизи сайтты иштетүүгө канча акча каржаты керектелет? Болжолдуу сумманы билсек сунуштайлы дедик эле. Чоң рахмат, ишиңиздерге ийгилик!

Ответ:

Бакыт мырза, кайталап суроо берип калыпсыңар, жооп жазып коеюн. Сайтты 100 доллардан (7000 сом) 1000 долларга (70000 сомго) жасатсаңар болот. бир жылга домен, бул аты, жана хостинг - бул сейф, деп койсо болот биригип бир жылга 6000 сомдун тегереги болот. Анан, 12 айга, ошол сайтты бирөө жүргузүшү керек. Бирөөгө кошумча кылып берген күнү дагы каражат карап беришинер керек, келишимдин негизинде. Ошондо жалпы чыгашаңарды эсептеп алсаңар болот.

Айша     [6 Марта 2018]

Саламатсыздарбы биздин томонку суроолорубузга жооп берип койсонуздар. КР окмотунун 01.03.2017-жылдагы №131 токтомундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө алынды - муниципалдык кызматчыларга класстык чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тийиштүү жылга каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылары кандай тушунсо болот? Муниципалдык кызматчыга кызматтык маяналырына класстык чин (атайын чинден тышкары) жана баалоонун негизинде эселуу коэффициентти бир эле убакта бир эле кызматчыга толоп берсе болобу? Биздин айыл окмотто кызматчыларды баалап алардын айлыгын класстык чин учун дагы, баалоонун негизинде эсселуу коэффициент кошуп кобойтту. Туурабы? Эскертуу алган кызматчы бааланбай калабы ? Эскертуунун мооноту канча?

Ответ:

Урматтуу айша айым. Мамлекеттик кадр кызматынан, сиздин сурооңузга жоопту орус тилинде алдык, ошол бойдон илип коелук. Кийинки суроолоруңарды кыргыз тилинде жооп бергенеге аракеттенебиз. Ответ: Каждый орган МСУ должен предусматривать в бюджете своего органа на следующий год расходы связанные с увеличением выплат за классные чины, а также расходы связанные с присвоением следующего шага в сетке оплата труда. Присвоение следующего шага в сетке оплата труда при этом может осуществляться ежегодно по итогам оценки деятельности в соответствии полученными оценками. Классные чины также могут присваиваться по итогам оценки деятельности, но при этом с соблюдением сроков нахождения в классном чине в соответствии с положением о присвоении классных чинов (для младшего инспектора – 1 год, для остальных по 3 года). Например: в следующем году у восьми муниципальных служащих предусматривается повышение шага в сетке оплаты труда, а также у двоих подошел срок присвоения очередного классного чина. В этом случае орган МСУ высчитывает необходимую сумму для увеличения надбавок при предусмотренных шагах в сетке оплаты труда, а также средств, необходимых для выплат по планируемым к присвоению классным чинам и закладывает в бюджет органа МСУ на следующий год. Согласно Положению о порядке определения размера должностных окладов государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики, утвержденному постановлением Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131, должностной оклад служащего рассчитывается путем умножения минимальной базовой ставки на коэффициент кратности по должности (приложение 5 к постановлению) и поправочный коэффициент органа (приложение 6 к постановлению). Размер минимальной базовой ставки в настоящее время утвержден вышеуказанным постановлением (Правительством Кыргызской Республики по представлению Министерства финансов Кыргызской Республики) в размере 5000 сомов. Например, главный специалист (группа С-Б) айыл-окмоту по итогам оценки получил третий шаг, так его должностной оклад высчитывается следующим образом: 5000 х 1,0 х 2,07 = 10350 сомов. Далее к должностному окладу прибавляются надбавки за классный чин (приложение 7 к постановлению) и за выслугу лет (приложение 8 к постановлению). Также могут быть учтены надбавки за ученую степень, за высокогорье и иные, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики. Служащий, который получил любое дисциплинарное взыскание тоже оценивается руководителем, но при этом можно присвоить следующий шаг в сетке оплаты труда при положительном получении оценки, но при этом классный чин не присваивается. Срок действия дисциплинарного взыскание составляет один год, но по итогам годовой оценки, комиссия может рекомендовать снятие наложенного ранее дисциплинарного взыскания, но не ранее шести месяцев.

Дуулат     [6 Марта 2018]

Саламатсызбы? Жергиликтуу кенештин депутаты МТС муниципалдык ишканасын жетектегенге мыйзам жол береби, рахмат.

Ответ:

Эгер МТС муниципалдык ишкана болсо, анда жол бербейт, анткени Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 22-берене "Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун айрым кызмат орундары жана иштин түрлөрү менен коошпогондугу" п.2. Депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт, деп аныкталган.

deka     [5 Марта 2018]

Правильно ли понимание поправок в закон о МСУ от 16 февраля 2018г. Что оказав недоверие торога, его можно переизбрать большинством голосов, а не две третьих.

Ответ:

Да, норму про необходимость принятия участия в выборах председателя местного кенеша двумя третьми - убрали. Оставив норму что его можно избрать большинством от общего числа депутатов. Если в МК 31 депутат - 16 голосов, 21 - 11 депутатов, 11 - 6 депутатов.

deka     [5 Марта 2018]

Здравствуйте.Может ли один человек быть директором сразу в трех общественных организациях

Ответ:

Одно и то же физическое лицо может быть одновременно учредителем и директором в нескольких общественных организациях. Запрета на это законодательство не содержит.

Байзак     [2 Марта 2018]

Саламатсыздарбы? Бизде айылда кочолорго ат кою талаш тартыш журуп жатат. Кочого ат коюга кандай талаптарга жооп беруусу керек. Бул боюнча кайсыл мыйзам бар.

Ответ:

Жооп: Урматтуу Байзак! “ Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамында көчөлөрдүн аты дагы географиялык аталышка кирет. Көчөгө ат коюу айылдык кеңештин токтому менен бекитилет. Көчөгө ат коюга байланышкан бардык чыгашалар жергиликтүү бюджеттен каржыланууга тийиш ( аталган мыйзамдын 7, 12-беренесин караңыз). Жаңы көчөгө ат коюу үчүн ошол чөлкөмдө жашаган калк менен жолугушуп чогулуш өткөрүп, алардын ой-пикирин, сунуштарын угуу зарыл, андан кийин чогулуштун протоколун айылдык кеңештин туруктуу комиссиясында карап, ал боюнча чыккан чечимди сессияда бекитүү керек. Өзүн –өзү каржылай албаган айыл өкмөттөрдө каражат тартыштыгына байланыштуу тоскоолдуктар жаралат, ошол учурда жергиликтүү бийлик көчөгө атты коюу демилге менен чыккан тарапка кайрылып, алардын мүмкүнчүлүгүн колдонсо болот. Ушул каражат маселесинен көп учурда мурда коюлган аттар унутулуп калган учурлар кездешет. Көчөгө ат коюп алып, жергиликтүү бюджеттен каражат табылбаса же демөөрчүлөр каржылабаса, анда мындай ишти баштоонун эмне зарылдыгы бар? Чынбы, ошондуктан “жети өлчөп бир кесүү” керек.