Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Уланбек     [25 Апреля 2019]

Саламатсызбы Самыйбек ава. Ден соолук ишинизге ийгилик каалоо менен бирге суроо берейин дедим эле. Айылдын четинде илгерки тонолуп бочкалары таратылып кеткен заправканын жери бар .Ал жер эч кимдин менчиги эмес бош турат.А/о баланста да эмес. Мамлекеттик муниципалдыкда каттоодо жок, безхоз. Бирок картада контуру заправка деп турат. Сураган эл бар, коруп, үй салып, бак тигип дегендей. А/о кайсы мыйзамга такап, менчикке же ижарага бериш керек. Рахмат.

Ответ:

Жооп: Урматтуу Уланбек! Айыл өкмөтү сиз айткан заправканын ээлеген жер аянтын тактоо үчүн мамлекеттик каттоо органынан ал жерге менчиктин ээси жок (бесхозный) тууралуу тыянак алуусу зарыл.Тыянак алынгандан кийин муниципалдык менчикке каттоо үчүн иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл, айылдык кеңешке алып чыгып, ал муниципалдык жерди кандай максатта колдонууну токтом менен бекитип алуу керек. Андан кийин максатына ылайык ижарага берүү же сатуу жолдору менен колдонуп баштайт. Эң башкысы, айыл өкмөтү бардык иштерди КР “ Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык иштерди жүргүзөт. Муниципалдык менчик деп табылгандан кийин кана айыл өкмөт ал мүлктүн тагдырын чече алат.

Алик     [23 Апреля 2019]

Урматтуу Самыйбек байке! Айылдык кенештин ыйгарым укуктары, АОнун ыйгарым укуктары, комчулуктун ыйгарым укуктары кайсылар!

Ответ:

Жооп: Урматтуу Алик! Сиз сураган жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөттүн жана жергиликтүү коомчулуктун ыйгарым укуктары жана милдеттери Баш мыйзам – Конституция баш болуп, бир нече укуктук-ченемдик актыларда көрсөтүлгөн. Ал укуктук –ченемдик актылар төмөнкүлөр: - КР Бюджеттик Кодекси; - КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы; - КР “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамы ; - КР “ Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө “ мыйзамы; - КР “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы ; - КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы. Бул суроого толук жооп жазуу көп орунду жана убакытты ээлегендиктен, өзүңүз жогорудагы мыйзамдарды кунт коюп окуп, таанышып чыгыңыз.

Асан     [22 Апреля 2019]

Саламатсыздарбы. Мен сиздерге бере турган суроом: улуш жер тарагандан кийин коп киши системалык кадастр жер чиймеси госрегистрда башка, колундагы жер куболукто башка болуп калган. Мен ушул жерди пайдаланып журом деп, мурдагы жер адистерине тааныш билиш кылып ар жерди муруун эле чийдирип алган. Аны туура эмес госрегистр картасы менен азыркы жер адиси салыштырып, башка жер экен деп, бошот жерди десе, бербей жатат. Алар менен кандай жол аркылуу мурунку ээсине кайтарып берилет. Соттошолу десе тууганы. Же сот эле чечеби? Экинчи суроо, айылдын четинен улушко тийген жерди 0,15 турак жай салганга деп, мурунку окмоттор берип салган, ал жерди алган киши фундамент куюп салган, муну да сотко бериш керекпи? Чоон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Асан! Мыйзам боюнча жер үлүшү жерди пайдалануу күбөлүгүндө көрсөтүлгөн аянтка дал келиши керек. Эгерде сүйлөшүү жолу натыйжа бербесе, анда сотко кайрылуу керек. Үлүшкө берилген жер аянтына трансформация болмоюнча эч кандай курулуш жүргүзгөнгө болбойт. Элге түшүндүрү иштерин жүргүзү абзел, мыйзамга туура келбеген нерсени кайра буздурууга милдеттентип коюшат.

Айтымат     [22 Апреля 2019]

Саламатсыздарбы! Менин суроом томондогучо, биздин айыл окмотубуздун калктын саны 6330 адам жашайт. 1250 тутун бар. Биздин айыл окмотуно 2 штаттык бирдикте жер адисин алсак болобу? Себеби жалгыз жер адиси кээде жетишпей калат иштерге.

Ответ:

Урматтуу Айтымат! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен айыл өкмөттө жашаган калктын санына жараша аткаруу органы болгон айыл өкмөттүн штаттык бирдиги аныкталат. Өкмөттүн токтомуна ылайык тийиштүү сандагы муниципалдык кызматкерлерди жергиликтүү бийлик ( айыл өкмөтү) мыйзамда көргөзүлгөн талаптар боюнча кызматка ала алат. Айыл өкмөттө аткарылуучу иштердин көлөмүнө анализ жүргүзүлүп,ошондон кийин аткаруучу иштер абдан эле көп болсо, анда квалификацияга жооп бере турган бир же эки адисти иштетүүнү айыл өкмөт башчы өзү чечет. Бирок, ошол эле учурда айыл өкмөтү аткара турган башка иштер аксабашы керек. Эң башкысы, айыл өкмөт жергиликтүү маанидеги бардык маселелер сапаттуу жана толук аткарып , калкка жеткиликтүү кызмат көрсөтүлүшү керек.

Байышбек Сабиров     [19 Апреля 2019]

Озунун менчик жери жок, ата-энесинин турак жайында жашаган уй-булолуу киши оз алдынча ата-энесинен болунуп айыл окмотунун башка чарба китебине кожолук болуп катталса болобу?

Ответ:

Урматтуу Байышбек! Болбойт, анткени турак-жай сала турган жериңиз , анан үйүңүз жок болсо, кантип сизге чарба китепке өзүнчө кожолук кылып каттамак эле. Мындай шартта мурункудай эле ата-энеңиз менен бир даректе чарбалык китепте каттоодо тура бересиз.

Айыл башчы     [17 Апреля 2019]

Саламатсыздарбы .Мен айыл башчы болуп иштейм.Айыл окмот башчысы кошуна айылдан шайланган.Жайыт комитетине АРИС долбоору аркылуу Беларус 82-2 эксковатор погрузчик 2 жыл мурун келген.Ал жайыттын жумуштарын жасайт бирок элдердин жумушун да жасап шабашка кылат.Трактористи да тоотпойт .депутаттардыкын да бекер жасайт.жайыт башчысы а_О башчысы бухг. азыркыга чейин канча акча кандай жумуш аткарды отчету жок.Бири келсе бири жок шылтоо айтып жатышат.Кандай мыйзамдын негизде трактор иштеш керек эле.ушул жагын жооп берип койсонор .Рахмат

Ответ:

Урматтуу Айыл башчы! Жайыт комитети аркылуу келген трактор-эксковатор биринчи кезекте муниципалдык менчиктеги мүлк-кыймылдуу мүлк болуп эсептелет. Жергиликтүү бийлик органдары болгон айылдык кеңеш менен айыл өкмөтү КР “ Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө “ мыйзамына ылайык муниципалдык мүлктү колдонуунун, башкаруунун жана пайдалануунун эрежесин иштеп чыгуусу керек, андан кийин ошол документте жазылган эрежелерге ылайык иш алып баруусу керек. Сиздин маалыматыңыз боюнча силерде андай муниципалдык мүлктү колдонуунун эрежелери түзүлгөн эмес же түзүлсө Сиз аны менен тааныш эмессиз. Өзүңүз айыл башчы болуп иштеп туруп, бул маселени жергиликтүү бийликтен сурап, толук маалымат алууга укугуңуз бар.

Аркадий     [16 Апреля 2019]

Меня зовут Аркадий Рогальский. Я являюсь членом правления Кыргызской Горной Ассоциации. Объединение юридических лиц «Кыргызская Горная Ассоциация» (КГА) было создано в 1996 году и прошло перерегистрацию в 2016 г. Предметом деятельности Кыргызской Горной Ассоциации является взаимовыгодное сотрудничество органов государственной власти Кыргызской Республики, недропользователей, инвесторов и профессионального сообщества геологов и горных инженеров.\n\nДеятельность по добыче и промывке золота индивидуальными старателями в значительной части находится в теневом обороте. Для выведения из теневого оборота, легализации и наведения порядка в добыче и промывке, а также в скупке и продажи шлихового золота в Кыргызской Республики, в 2015 году Правительством КР были разработаны и приняты «Положения об индивидуальной старательской добыче россыпного золота на территории Кыргызской Республики» №524 от 23 июля 2015 года и “Временного положения о порядке выдачи разрешения на закупку шлихового золота и золотосодержащего концентрата в Кыргызской Республике» № 894 от 29 декабря 2015г., в соответствии со статьей 29 Закона Кыргызской Республики «О недрах», а также в соответствии с главой 6.13 Среднесрочной и долгосрочной стратегии развития горнодобывающей промышленности Кыргызской Республики.\n\nЯ состоял в Рабочих группах по написанию Положения о старательской деятельности и Стратегии развития горнодобывающей промышленности.\n\nОднако стоит признать, что низкая осведомленность местных сообществ и местных самоуправлений о принятых НПА и механизмах реализации деятельности на их основе не позволяет в должной мере перевести рынок старательской деятельности в легальное русло. \n\nВ связи с чем, прошу Вас дать имеющиеся у Вас данные:\n\n1. Количество старателей с подразделением по регионам республики, вплоть до районного или аймакского уровня;\n\n2. Количество добытого ими металла с подразделением по типам покупателей: местная ювелирная промышленность, Национальный Банк Кыргызской Республики и экспорт. \n\nДанная информация нужна для обоснования путей легализации данного вида экономической деятельности в разрабатываемом Горном Кодексе и Положения о малом горном предпринимательстве.\n\nВсего наилучшего, \n\nАркадий Рогальский

Ответ:

Здравствуйте, Аркадий Рогальский. Мы отправили запрос на получения статистических данных в правительственные учреждения. Как только они нам вышлют документ, мы его выложим в разделе СТАТЬИ.

Адылбек     [14 Апреля 2019]

Ассалоому алейкум урматтуулар. Мен жашмын, бирок менин айылымдагы айыл окмотторун иштегенин корсом кыжырым келет, анткени даайым мас адамдар, кетсин десе песияга 4 ай калды деп, кетирбей койду. Мен ага деле макулмун, бирок мен айыл окмот болуп элге кызмат кылсам дейм, мага кенениреек жооп берип койосуздарбы.

Ответ:

Урматтуу Адылбек, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу» мыйзамында 48-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар корсотулгон: Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барКыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. 49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби 1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат. Айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу деп эсептелет. 2. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнүн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айыл кеңешинин биринчи сессиясы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. 3. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет. Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде: - катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт; - эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт; экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт. 4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. 5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет. 6. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. 7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн: 1) жеке арызынын негизинде; 2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен; 3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде; 4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда; 5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда; 6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда; 7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда; 8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда; 9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда; 10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча. 8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот. 10. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

Акыл     [12 Апреля 2019]

Саламатсыздар. Ар бир айыл окмотто штатта эгер автомашина болсо айдоочу каралган. Бирок ушул айдоочуну штатка кайсы токтом же буйрук менен кабыл алынат? Билишимче 90 -жылдардыгы мыйзам же токтом болуш керек, таба албай жатам, мумкун болсо жооп берип коюунуздарчы.

Ответ:

Урматтуу Акыл! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен өлкөдөгү айыл өкмөттөрдүн штаттык бирдиктери ( жашаган калктын санына жараша) бекиген, анда Сиз көрсөткөн айдоочунун да штаттагы орду болот. Айдоочу техникалык персоналга киргендиктен аны кызматка алуу же бошотуу айыл өкмөттүн башчысынын буйругу менен жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын токтом болбойт.

Мирлан     [8 Апреля 2019]

Протоколом заседания земельной комиссии по распределению приусадебного участка по Ак-Суйскому а/о от 31.07.2015 г. и распоряжения №155 от 11.08.2015 г. Ак-Суйским а/о Московского района Чуйской области был предоставлен земельный участок по ИЖС. \n11 августа 2018 года мы обратились в Московское районное управление по землеустройству и регистрации прав на недвижимое имущество с заявлением об оформлении землеустроительного дела и предоставлении государственного акта о частной собственности. Однако, указанное управление отказало в оформлении землеустроительного дела и предоставлении государственного акта о частной собственности, в связи с отсутствием генерального плана застройки ИЖС. \nВ п.3 ст. 22 Закона КР "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ними" отказ в регистрации прав на недвижимое имущество на основании отсутствия генерального плана застройки ИЖС не прописан. \nЗаконен ли отказ вышеуказанного управления в оформлении землеустроительного дела?

Ответ:

Отказ районного управления по землеустройству и регистрации прав недвижимого имущества является законным. Органы местного самоуправления земельные участки должны были предоставлять только после изготовления плана детальной планировки или генерального плана населенного пункта, в данном случае ими это работа не проделана.