Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Адыл     [29 Марта 2022]

Саламатсыздарбы!2016-жылы айылдык кенештен айылга статус берүү боюнча токтом чыккан.Эми ушул токтомду жаны шайланган депутаттар жокко чыгара алабы.Эгерде жокко чыгара албаса кандай кылыш керек, ушул боюнча кенири маалымат берип коюунузду суранам.алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Адыл! Мурунку чакырылыштагы айыл кеңештин курамы айылга статус берүү тууралуу токтом кабыл алышкан болсо, анда ал токтомдун эмне себептерден ишке ашпай тургундыгын тактоо зарыл, мүмкүн мамлекеттик бийлик органдарында каралып же каралышы күтүлүп жаткандыр. Айылдык кеңештин атынан депутаттык суроо- талап менен бул маселени караган бийлик органдарына кайрылгыла, ал жактан жооп келгенден кийин ал токтомдун аткаруу мөөнөтү узартуу же токтотуу маселеси такталат. “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамы ченем чыгаруучу органга (бул жерде- айылдык кеңеш) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын (токтомдорун) чыгарууга, ошондой эле жокко чыгаруу же токтото турууга укук берет. ( “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы 10-берене. 1-б.5-абзацы). Эгер мурун чыккан токтомду жокко чыгарам десеңер, ал токтомдун мыйзамсыз чыкканын негиздеп кана, ишке ашырсаңыз болот.

Усонов Аманбек     [14 Марта 2022]

Мен Усонов Аманбек Кемин районунун Кичи-Кемин айылынын жашайм. 2021 жылдын март айында Кичи-Кемин айыл окмотуно караштуу Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан (АЖМФ) 5га жер ижарага 5 жыл мооноту менен алгам. Быйыл айылдык кенештин депутаттары келишимдин мооноту буто элек экенине карабай алып койду. Ал жер кароосуз калган жер болчу, мен ал жерди айдап, туздоп, кымбат гербицидтерди чачып, соя сээп келгем. Быйылкы жылы жакшы тушум алыштын аракети катары, Мен ал жерге былтыр куз айында, отоого каршы гербицидтерди жана сояга карата винаминдештирилген удобренияларды чачып даярдап жургом.

Ответ:

Урматтуу Аманбек мырза, сиздин ижарага алган жериңизди эчким алып коюга мүмкүн эмес. Айыл өкмөтүңөр жаңы шайланыптыр айтып кой, сотко берем, жерди дагы кайтарасыңар, бир жылдык таппай калган пайдамды дагы толөп бересиңер деп. Депутаттар бул маселеге кийлигишкенге укугу жок. Баарын айыл өкмөт чечет. Менин телефонум 0554620484 глава АО барып мага чалып койсоңуз болот, ага мыйзамды түшундүрүп берейин. Жеринерди иштете берсеңер болот, ижара мөөнөт аяктаганча ал сиздин жериңиз.

Байсалова Айзаада Нуркалиевна     [10 Марта 2022]

Мен Нарын районунда Кызыл -Жылдыз айылында Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде директор жана айылдык кеңештин депутатымын. Аты жөнүм Байсалова Айзаада Нуркалиевна эмгек стажым 23 жыл. 31 процент менен депутат болгом. 2022-жылдын 10- мартында мени райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы директорлук кызматыман КР Эмгек кодексинин 83-статья 5- пункт менен бошотту. Кеп башынын болсун. 2021-жылы 28 -апрелде "согуш" берген кароолчуга бөлмө бөлүп бересиң деп. Мектептин кызыкчылыгы үчүн окуу процессине тиешеси, таасири жок бир башында швейный цех иштейт (цехте 20 аял иштейт), бир башында 12 метр кв. бөлмөнү кароолчуга өндүрүштүк кеңешмеде карап, буйруктун негизинде бергеним үчүн "согуш" алгам. Эмгекти коргоо мыйзамына таянып, кызматкерге шарт түзүп беруу директордун компетенциясына кирет болчу. 2022-жыл 16-февралда 1)өз арызы менен бошоп кеткен мугалим эмгек китепчесин айылга барганда алам, азыр шаардамын, мектептин сактоосунда сактап бер деп өтунгөн. 8-февралда алып кетти. Ал адамдын эч кандай доомат арызы жок.2) КТУ боюнча ашыкча алып алгансың деген доомат менен экинчи "согуш" берилген. 2022-жылдын 10- марты менен бүгүн кызматтан алышты.1) ооруган мугалимдин ордуна 10 саат менен замен өттү деп, болбосо мага заменге акы төлөп берген жок, директор замен сабак бергенге болбойт деп. 2). 120 токтомду аткарууга алган эмессиң, буйруктар компьютерден терилген эмес, шнурланган журналга жазылган буйрук жарабайт деген негиз менен. Директор 12 сааттан ашык албайт босого саат менен тарификация өткөрүүдө, ал эми замен албасын деген мыйзамды таппай койдум, районо эмгек акымды төлөгөн жок, мамлекетти деле чыгымга келтирген жокмун. 2) компьютерге терип буйрук чыгарып туруу үчүн мектепке компьютер берилген эмес. Бир нерсени талап кылгандан мурда шарт түзүп бериш керек. Эн негизгиси буйрук туура, өз учурунда чыгарылып жаткан. Ушул эки негиз менен жумуштан бошотуу туурабы? Мектептин аянтына күрөш залы салынып бүткөндөн кийин, ошол жердин бөлүнүп менчикке кетишине каршылыгымды билдиргем. Калса мектеп менен кошо өкмөттүн балансында калсын деп. Мыйзам бузуп жаткандарга чара көрүлбөй, тескерисинче колунда барларга карап, мени каршы болуп атат деп предлогдор менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кызматыман кетирүү боюнча мыйзамдуулугу менен жооп берип жардам бериңиздер.

Ответ:

Урматтуу Айзаада Нуркалыевна. Биринчиден, бул сайт жергиликтүү башкарууга укуктук консультация берүүгө багытталгандыктан, ошол тараптагы суроолорго жооп берейин. Алдын ала кечирим сурайм, мыйзамдын беренесин орус тилинде жазам, анткени Минюстун сайтында кыргыз тилинде бул мыйзам жок экен. Аны которуп отурбай болгон мыйзамдын текстин илейин. Закон КР "О статусе депутатов местных кенешей" от 13 января 2000 года № 3, Статья 25. "Охрана трудовых и иных прав депутата" гласит: "Депутат местного кенеша не может быть по инициативе администрации предприятия, учреждения, организации, независимо от форм собственности, уволен с работы (кроме случаев полной ликвидации предприятия, учреждения, организации), а также переведен в порядке дисциплинарного взыскания на нижеоплачиваемую работу (должность) без предварительного согласования с соответствующим местным кенешем. Кыскача айтканда, жергиликтүү кеңештин депутаты кандай ишкана болбосун, депутат болуп турганда жергиликтүү кеңештин макулдашуусуз жумуштан чектетүү же ылдыйрак позицияга жылдырууга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан, бул райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин чечимин сотко бериңиз, биз байкоо жүргузүп жардам беребиз. Тиги муниципалдык, социалдык объектиге (мектепке) болүнгөн жер боюнча макул болбогонуңуз ЭҢ ТУУРА чечим болгон. Кийин бирөө жарым арызданса, жетекчи катары коррупция беренеси менен сизди жоопко тартмак.

Санжар Анарбекович     [9 Марта 2022]

Саламатсыздарбы. Айыл окмоттон берилчу форма 50 аныктамасы 6 айдан ашып кеткен олгон адамдарга берилгени мыйзамдуубу же мыйзамга туура келбейби.

Ответ:

Урматтуу Санжар Анарбекович! Азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы – айыл өкмөтү КР “ Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын “ мамлекеттик ыйгарым укуктар” деген 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык “ жарандарга мыйзамда каралган жарандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк ж.б абалын тактаган документтерди берүүгө” деген иштерди аткарып келүүдө. 50 Формасындагы маалымдама мураска кирүүчүлөргө жашаган жеринен берилет, демек айылдын жашоочулары айыл өкмөттөн келип алышат. Өлгөн адамдын мураскерлери 6 айга чейин айыл өкмөткө келип бул форманы алуулары керек. Бир, носу бар. Эгер каза болгон адам менен чогу бир үйдө жашап, пропискасы бир болгон үй-үлө мүчөлөрүнө ал 6 айлык мөөнөт чек эмес, мөөнөт өтүп кетпейт алар үчүн. Калган, мен мураскер болом дегендер сот аркылуу кана өтүп кеткен мөөнөтүн ордуна келтире алат. Терең урматтоо менен, Самыйбек Эсенбеков.

Адыл     [9 Марта 2022]

Саламатсыздарбы! Менин суроом сатып алуулар боюнча конкурстук комиссиянын курамы боюнча тушунук берип койсонуздар,башкы бухгалтер комиссиянын курамына кире алабы жана эмгек оргууго чыкканда канча кунго чыга алат 5 жылга 10 жылга кундор кошулабы?

Ответ:

Урматтуу Адыл! Айыл өкмөттун башчысы сатып алуулар боюнча конкурстук комиссияны өзүнүн буйругу менен түзгөндүктөн, ошондуктан жаралган жагдайга ылайык компетенциясы жана функционалдык милдетине карата комиссияга айыл өкмөттүн кызматкерлерин кошо алат. Айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтери башка муниципалдык кызматкерлер сыяктуу 30 күндүк эмгек өргүүсүнө чыга алат (КР “ Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамы 29- берене. Терең урматтоо менен, Самыйбек Эсенбеков.

Бексултан     [7 Марта 2022]

Менин Суроом томонкучо, эгер карт материал жана гипроземдин заключениясы боюнча жер тилке (участок) населенный пунктун ичинде болсо, бирок ал жерде турак жай салынбаса (пустой жер), бугунку кундо айыл окмоту озуно карашту населенный пунктун ичинде экен, деп очередь менен турак жай курууга бере алабы?

Ответ:

Урматтуу Бексултан! Айылдын ичиндеги бош, колдонулбай турган жер участкалары тууралуу сурооңузга жооп алгыңыз келсе, өзүңуздүн айыл өкмөтүнө кайрылып, андагы айылдын башкы планын (генплан) карап көрүңүз, анда айыл ичиндеги жерлердин кандай багытта колдонору так көргөзүлөт. Мүмкүн ал жер участкасы социалдык же маданий багыттагы объекттерди куруу ( мисалы: бала бакча, балдар аянтчасы, мини футбол аянтчасы, маданият үйү, музей ж.б.) үчүн каралгандыр. Эгерде баш планда турак-жай курууга каралган болсо, кезекте турган жарандарга мыйзамдагы нормаларга ылайык кезегине карап бере берсе болот. Терең урматтоо менен, Самыйбек Эсенбеков.

Ответсекретарь     [2 Марта 2022]

Когда граждане жалуются по каким-либо поводам на работу айыл окмоту в соответствующие государственные органы, эти органы могут провести проверку. При этом проверка часто проводится в отношении всей работы МСУ в целом, а не только по вопросу, в отношении которого поступила жалоба. Правомерно ли проверять всю деятельность целиком или государственные органы должны ограничиться только вопросом, вызвавшим недовольство жалобщика?

Ответ:

Уважаемый ответсекретарь, в первую очередь проверяющие должностные лица должны ознакомить вас с доводом заявителя и провести проверку фактов и нарушений законодательства по доводам заявителя. Проверяющие органы не имеют права выходить за рамки доводов заявителя, но если для проверки доводов заявителя потребуется рассмотрение других вопросов, то проверяющие органы вправе производить проверку деятельности органов МСУ в части, непосредственно касающейся содержания заявления. С Уважением, Мелис Зарлыкович.

Уланбек     [21 Февраля 2022]

Саламатсыздарбы. Менин суроом: 309 -токтомдун негизинде ФПСтин жерлеринин 75% акимият урөн чарба, асыл тукум чарбаларына бергени жатат. Калган 25% айыл өкмөту кандай срок менен, кандай тартипте берилет экен? Жобосу иштелип жатыптыр. Ал эми введения айыл өкмөтү деген жерлерди кандай тартипте, канча мөөнөткө, ижара акысын ким чечет кандай кылып алса болот?

Ответ:

Урматтуу Уланбек мырза. АЖМФ (мурунку ФПС) жерлерин айыл өкмөтү КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243, токтому менен жактырылган "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОго" таянып ишке ашырчуу. Ал ЖОБО ушул сайттын Законодательство бөлүгүндө Постановления Правительства деген жерден окуп алсаңар болот. Азыр 309 токтом кабыл алынган күнү деле 25% айыл өкмөткө таандык АЖМФнин жерлери, мурунку эле тиртипте берилет, анткени система жакшы эле иштеп келаткан. Терең урматтоо менен Рита Карасартова

Камчыбек     [20 Февраля 2022]

Как должна использоваться техника переданная в оперативное управления в Пастбищных комитетах?

Ответ:

Уважаемый Камчыбек, согласно Закона КР «О муниципальной собственности на имущество» Статья 19. Компетенция органов местного самоуправления в сфере управления и распоряжения муниципальной собственностью Местный кенеш: устанавливает порядок пользования и распоряжения муниципальной собственностью, а также осуществляет контроль за ее использованием; Исполнительный орган местного самоуправления: управляет и распоряжается муниципальной собственностью. Таким образом местный кенеш должен установить порядок пользования и распоряжения техникой переданной в оперативное управления в пастбищный комитет. Если данная техника оказывает услуги населению, должны быть разработаны и утверждены тарифы. С уважением, Мелис Зарлыкович.

Мирлан     [18 Февраля 2022]

Саламатсыздарбы менин суроом төмөнкүдөй учаткалык инспекторго ( райондук ички ичштер бөлүмүнүн кызматкери) ГСМ ( күйүүчү май) жергиликтүү бюджеттен берсек мыйзамдуу болобу?

Ответ:

Урматтуу Мирлан мырза. 2021-жылдын 20-октябры № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамга ылайык, Жергиликтүү маанидеги маселелер аттуу 27-берененин п.17 "коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү" деген маселе белгиленген. Бул эмнени билдирет. Силердин айылдык аймакта каражат бар болсо, бюджетти карап жатканда ушул маселеге каражат бөлүп берсеңиздер болот. Бухгалтер бир служебный унаага канча бөлүп берсе болорун билет, ошого такап жергиликүү кеңеш аркылуу бөлүп берсе болот. Айыл аймак дотациялык болгон күнү ал маселе бюджетте каралабы же жок, республикалык деңгээлде чечилет. Терең урматтоо менен, Рита Карасартова