Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Калыс     [18 Мая 2018]

Менин суроом мындайча. Башкы адиске башка бош турган башкы адистин жумушун милдеттендирген туурабы.

Ответ:

Урматтуу Калыс! Азыркы учурда көптөгөн айыл өкмөттөрдүн аппаратында бош жумуш орундары (вакансия) бар, ал ар кандай себептерге байланыштуу. Айыл өкмөттүн кызматкерлерине жумуш берүүчү болуп айыл өкмөттүн башчысы эсептелет, ошондуктан ал бош турган жумуш орундарына конкурстан жаңы кызматкер өтүп келгенче аппараттагы башка кызматкерине ал милдетти убактылуу аткаруучу кылып коюга укугу бар. Бул боюнча убактылуу милдетти аркалап жаткан кызматкердин макулдугу сөзсүз болушу керек, андан кийин гана буйрук чыгат, аткаруучу милдеттери такталат ж.б.

Назгуль     [17 Мая 2018]

Здравствуйте , если айыл окмоту выделяет материальную помощь малоимущим жителям , инвалидам , пенсионерам и т.д. на основании заявлений и в честь праздников , облагается ли данная материальная помощь подоходным налогом?

Ответ:

Уважаемая Назгуль! Материальная помощь не облагается подоходным налогом, так как указанный вид получения дохода не указана в статье 167 Налогового кодекса КР.

Эрнис     [17 Мая 2018]

Ассаламу алейкум.Жайыт комитетинин башчысына айылдык кенештин депутаты боло алабы.айылдык кенеш озунун чыгарган токтомдорун кайсыл мыйзамдын негизинде жокко чыгара алат,юстицядан каттоодон откон болсо,

Ответ:

Урматтуу Эрнис! Айыл кеңештин депутаты жайыт комитетинин башчысы болгону мыйзамдарга ылайык болбой калат, себеби жайыт комитети ал депутат болгон айылдык кеңешке отчет берип жатпайбы. Жайыт комитети көрсөткөн кызматы боюнча айыл аймактын калкына кызмат көрсөтөт, ошондуктан депутаттык ыйгарым укуктарын ал кызмат менен айкалыштырууга тыюу салынат. Айылдык кеңеш " КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы боюнча мурдагы айыл кеңеш чыгарган токтомдорду жокко чыгарууга же токтотуп турууга укугу бар.

Руслан     [17 Мая 2018]

Могу ли я получить информацию про мэрии города Узген (Бюджет, отчеты, муниципальная собственность и т.д.)?

Ответ:

Уважаемый Руслан! На основании Закона КР " О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики" от 19 февраля 2013 года №22 вы имеете полное право получит указанную вами информации. Данный закон Вы найдете нашем сайте в разделе " законодательство".

Эркин     [16 Мая 2018]

Здравствуйте. В случае выражения недоверия 2/3 голосов главе а/а, нужно ли обосновывать депутатам свое решение акиму района. если депутаты дважды не приняли отчет главы и не удовлетворены его работой по общему состоянию дел в айылном аймаке.

Ответ:

Уважаемый Эркин! Если депутаты почитают работу главы айыл окмоту по результатом года неудовлетворительной или обнаружат факты неисполнения или ненадлежащего исполнения своих обязанностей, они могут принять решение о выражении недоверия двумя третями голосов от общего числа депутатов местного кенеша. В своем постановлении айыл кенеша конкретно должен указать факты неисполнения или ненадлежащего исполнения своих обязанностей со стороны главы айыл окмоту,по каким причинам. Претензии должен быть обоснованным, если отсутствует такие факты, то это является нечто преследованием или что-то непонятным. Тогда данный факт отражает несовершенство работы в айылном кенеше.

Асель ЧС     [15 Мая 2018]

Айыл өкмөтүндө социалдык кызматт боюнча адис жарым ставка менен иштөөгө укугу барбы?

Ответ:

Урматтуу Асель айым! Албетте, айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча адиси- биринчи кезекте муниципалдык кызматкер болуп эсептелет, экинчиден мыйзам боюнча алганда мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирген иштерди аткарат. Айыл аймакта социалдык маселелер өтө арбын болгондуктан көпчүлүк учурда бул адистер штаттык бирдикте башкы адис болуп иштеп жүрүшөт. Анан ушунчалык маанилүү иштер көп болсо, кантип жарым ставка менен иштесе болот? Айыл өкмөтүңөрдө кызматкерлерди баалоо жүргүзүлүп жаткан учурда ар бир адистин кандай иш алып барып жатканы билинет, ошонун жыйынтыгы менен соц. адистин иштик нускамасына өзгөртүүлөр киргизилет. Аткара турган иштин көлөмү таптакыр эле азайып кетсе, анда айыл өкмөттүн комиссиясынын жыйынтыгына жараша Сиз айткан жарым ставкага иштесе болот.

Тилек ФЭБ башчы     [14 Мая 2018]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жыллын 23-февралындагы № 91 “Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамасынын кыргыз тилинде толук турдо кайдан алсам болот?

Ответ:

Урматтуу Тилек! Сиз сураган типтүү кызматтык нускаманын кыргыз тилиндеги вариантын азырынча табуу мүмкүн болбогондуктан, тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып издетип жатабыз. Алар тараптан кандай жооп келери менен дароо сайтка илип маалымат үчүн чыгарып коебуз. Сиздин сурооңузду унутпайбыз.

Бектенов     [14 Мая 2018]

1. КБФнын жерлерин 49 жылдык мөөнөткө жер участогун арендага алып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп бүткөндөн кийин, жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун менчикке өткөрүп алууга укугу барбы?\n2. Ижара алуунун максаты КБФ нын жерине капиталдык курулуш салуу максатында төмөндөгү кадамдарды жасоого мыйзам уруксат береби?

Ответ:

Урматтуу Бектенов мырза! Сиз айтып жаткан КБФ (толук аталышы- кайра бөлүштүрүү фонду) жерлеринин азыркы аталышы АЖМФ ( айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду). Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1- беренесинин 29-пунктунда: айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусу - айыл чарба жерлеринен (жайыттардан бөлөк) жана мамлекеттик менчикте турган жерлерден түзүлгөн жер участоктору деп көрсөтүлгөн. Демек, бул жерлер 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилбейт жана жеке менчикке да өтпөйт, андай болгон соң АЖМФнун жерлерине трансформация болмоюнча эч кандай капиталдык курулуштарды салууга болбойт.

saidullo tokhtasinov     [14 Мая 2018]

25 жаштан откон жарандар аскердик билет алусу боюнча кандай мыйзам чиккан

Ответ:

Урматтуу Сайдулло мырза саламатсыңарбы. Сиздин сурооңузга КР "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамында, 21 "Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу" беренесинеде: "1. Жыйырма беш жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу. 2. Мобилизациялык резервдин жыйындары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү суммада жарандардын акчалай салымды төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт. Төлөнгөн акча каражаттарынын 15 пайызы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине жана 7 пайызы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын эсебине которулат. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 3. Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары аскерлерди карап-күтүүгө жана камсыздоого, окуу жыйындарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, Тартиптик уставдын талаптарына ылайык аскер кызматчыларын сыйлоого, ошондой эле өкүлчүлүк кылуу чыгымдарына жумшалат. 4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет. Мобилизациялык резервдин жыйындары аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине коюлат. 5. Жыйырма бештен кырк жашка чейинки курактагы, мурда ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жана медициналык кайра күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча аскердик кызматка жарактуу деп таанылган жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу". Жакшы окууп, түшүнүп алып аскердик билет алууга кам көрүңүз.

Талант     [12 Мая 2018]

Жолдо коп журом машинам менен жолдо гайлер ток то-то берет дакмент сурайт бар так десен аптечкан барбы же шылтоо ар нерсе сурайт ошол мыйзамдуубу же бир эле нерсе сурайш керекпи

Ответ:

Урматтуу Талант мырза. Албетте ар бир токтотунун артында бир маселе бар. Укугуңар тебеленбеш үчүн мыйзамдарды билишиңер керек. Мисалы ГУОБДДнин кызматкери турган жери мыйзамдуу экендигин билиш үчүн, алардан дислокациясынын картасын талап кылышыңар керек. Ал документ күндө кызматкерлерге берилиши керек, ушул участокто болот, деп. Андай эрежелер көп, бирок ар бир адам мыйзамдуулукту талап кылуу үчүн, өзү мыйзамды бузбашы керек. Ошондуктан аптечканы салып койгула ичин толуктап. Жол эрежени бузбагыла. Эгер, кайсы бир эрежелер сиздин оюңарда туура эмес болсо, аны сүрөткө тартып, эмнеси тураа эместигин жазып, социалдык тармакка илип койсоңор, окурмандар тураа жака жеткирип коюшат.