Акыйкат [23 Мая 2021]
Туруктуу комиссия тууралуу кененирээк маалымат берип койсонуз.
Ответ:
Урматтуу Акыйкат айым. 2011-жылдын 15-июлу № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын, 32-чи "Жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары" беренесинде:
1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
Ушул беренени кылдат окуп чыксаңыз, туруктуу комиссиянын иши эмнеси менен жалпы жергиликтүү кеңешке маанилүү экенин билесиз. Туруктуу комиссиядан каралбаган маселе, сессияга чыкпаш керек. Кайсы маселелерди карайбыз десеңиз, ушул мыйзамдын 18 беренесинде Жергиликтүү маанидеги маселелер, деп сиздерге таандык маселелерди камтып кеткен, окуп чыгып, ошол 25 пунктун кайсынысы сиздердин туруктуу комиссияга таандык экендигин карап, иш планыңарга киргизип алсаңар болот.
Акыйкат [23 Мая 2021]
Эгер айыл өкмөткө эркек депутат өтүп кетсе, кийинкиси добуш менен аял киши турат. Ошондо аял келеби, же эркек келеби.
Ответ:
Урматтуу Акыйкат айым. 2011-жылдын 14-июлу № 98, КР "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын, 62-беренесинде, Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо, П.3. Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат. Ушул мыйзамга ылайык, депутаттык корпуста 30 % квота сакталса, калган мандаттар эркекпи же аялбы - ким көбүрөөк добуш алса ошол келет дегенди билдирет. Жаңы келген депутат квотаны бузбаган болуш керек. Резервде айым калбай калган кана учурда, кийинки келген эркектерге квотаны карабай келгенге жол берилет.
Антикоррупция [22 Мая 2021]
Айыл окмот болом деген талапкер, айылдык кенеште депутат озуно озу добуш береби? Же мандатын тапшырыш КЕРЕКБИ?
Ответ:
Урматтуу Антикоррупция, айыл өкмөт болом деген талапкер депутат болсо, албетте өзүнө өзү добуш бере алат. Айыл аймактын башчысы болуп шайланып калса, мандатын тапшырат, анын ордуна эркек болсо кийинки эркек талапкер депутат болуп келет, айым болсо оордуна кийинки эң көп добуш алган айым келет.
Уланбек [16 Мая 2021]
Дагы бир жолу саламатсыздарбы. Суроом төмөндөгүчө: Айылдын күңгөй тарабында 90 - жылдардын аягы 2000- жылдарда суу тартыштыгы, күн ысыктын айынан 100 гектардай жер айдалбай калып А.Ө. документ даярдап мамлекет тарабынан 2004-жылы сугат үлүш, аренда жерлер кайрак жер категориясына которулган. Андан бери жакшы эле иштетип, азыр да суу келип жер иштетип келе жатабыз. Суроо: СПА сууну биз жакка берет заявка боюнча. Ал товар сатуучу, биз алуучу. Айыл эли ал жер кайрак суу берилбеши керек, налог аз төлөшөт, сотко бериш керек СПАны дешет. 2.Мыйзам боюнча Кайрактын түрлөрү бар экен дейт. Негизи кайрак жерге суу берилбеши керекпи. 4.Эгерде А.Ө сугат жерге кайра которсо, тез эле оңой болобу? Кийин дагы аябай суу тартыш болуп же жерлер күйүп иштетилбей калса ким күнөөлүү болот СПА суу бербей койгону үчүнбү же А.Ө которуп салганы үчүнбү? 5.Кайрадан сугаттан Кайракка ким которуу жүргүзөт, тез жана оңой бүтөбү? Ушуларга толук жооп берсенер жакшы болот эле. Эл күтүп жатат.
Ответ:
Урматтуу Уланбек мырза. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы, № 19 токтому менен бекитилген "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө" ЖОБОго ылайык кайрак жерди, сугат категорияга которуу оңой эле болот. Аны райондук мамлекеттик администрация эле которуп коет. Бирок суугат жерди кайра кайрак категориясына которуу үчүн КР өкмөттүн токтому керек болот. СПА кайрак жерге деле сууну бере берет, суу түтүктөрү бар болсо. Суу аз болуп жетишпей калса, суу жок жоопкерчилик кана деген деле туура эмес, анткени болгон сууну беришетда. Колдон келсе тамчылатып сугаруу системаны орнотуп алгыла, бара бара суу тартыштыгы албетте болот.
Талант [15 Мая 2021]
Айыл өкмөт башчыны депутаттар канча добуш менен колдоп бериши керек, өтүп кетиши үчүн? Эки жолу добушка ээ болбой калса кандай болот?
Ответ:
Урматтуу Талант мырза. КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, П.3. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Ошондо силерде 11 депутат болсо, анын 8 сессияга катышышы керек, 6 добуш алган талапкер өтөт.
Экинчи суроого жооп: П.6. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Ошондо эки жолу тең 6 добушка ээ болбой калган болсо, кайра депутаттарды шайлоо болот.
Уланбек [6 Мая 2021]
Саламатсыздарбы. Суроого жооп берип койгонунар үчүн чоң рахмат. Өткөндөгү суроого тактоо кошумча: Азыркы мыйзам окуулардан өтүп кабыл алынса а.ө башчысын шайлоодо аким гана талапкерди сунуштайбы. Жергиликтүү кеңештин депутаттары сунуштай алабы, өзүн өзү көрсөткөндөр ж.б не болот. Бул жагы кандай болот. Алдын ала чоң рахмат.
Ответ:
Урматтуу Уланбек мырза. Ал демилге ишке ашпайт деген үмүттө туралы. Анткени баарын бир адам чечет деген нерсени көргөнбүз, андан баш тартып, эл өзү шайласын дегенге өткөнбүз. Элим жаңы эле шайлаганды үйрөнүп калганда - кайра бузуп, депутаттар эле шайласын деген. Эми депутаттарга дагы ишенбей аким сунуштап, бекиткенге жетпейбиз деген үмүт менен туралы. Бул 25 жылга артка кетүү болот. 452 айыл аймагы жана 33 шаардын жетекчиси кандай иштесе, ошончо эл борбордогу бийлике нааразы болуп турса - бул жакшылыка алып келбейт. Эл өзү шайласа - жаманы дагы, жакшысы дагы өзүнүкү экенин бтлип, жоопкерчилик өз башымда деп калышат. Ошол чыныгы келечек алдындагы жоопкерчилик болуп эсептелет. Азыр айыл өкмөт же шаардын жетекчисин депутаттар шайлайт, ушул нерсени колдоонуп - эң мыкты, кесипкөй, көрөкөч, данышман, данакер, эрктүү, келечекти көрө билген, өнүгүүгө туура кадамды жасай билген адамды тандап аласыңар деп ишенем.
Уланбек [4 Мая 2021]
Дагы бир жолу саламатсыздарбы. Менин суроом төмөндөгүчө: Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо жергиликтүү кеңештин депутаттары А/Ө башчылыгына талапкерлерди жашыруун добуш берүү менен болот. Биздин айыл аймакта 3 айыл бар.11 депутат шайланды. Бир айыл, бир округ-5 депутат, ал эми эки айыл биригип бир округ - 6 депутат. Ар бир айылдан А/Ө башчылыкка бирден талапкер, ошондо 3-ө чыгып жатат. Суроо: Биринчи шайлоодо 3 талапкер тең өтпөй калса кандай болот? А/Ө башчылыкка кайра шайлоо болобу? Мурунку койгон талапкерлер кайра шайлоого талапкерлигин коё береби? Аким да сунуш берип көргөзөт дейт, аким көрсөткөндү шайлайбы адм ресурс менен? Аким көрсөткөндү шайланбай койсо, кеңеш таркатылабы? Чооң рахмат жооп күтөмүн.
Ответ:
Урматтуу Уланбек! Эгерде айыл өкмөт башчысын шайлоо процедурасы Кыргыз Республикасынын” Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 49–беренсинде көрсөтүлгөн. Ушул беренинин 3-пунктунда Сиздин суроого толук жооп берилет: Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
Ал эми талапкерлер бир жолу гана айыл өкмөт башчысынын шайлоосуна талапкерлигин кое алат, экинчисине катыша албайт. Бул азыркы мыйзамдагы иштеп жаткан нормалар.
Бирок, азыркы учурда Жогорку кеңеште мыйзамга өзгөртүү киргизүү жүрүп, талкуулар болуп жатат. Анда жергиликтүү бийликтин аткаруу бийлигинин башчысы- айыл өкмөт башчысын шайлоодо талапкерди райондун акими сунуштап, ал сунуштаган талапкерлерди жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлануу варианты каралууда. Бул мыйзамдын авторлору Жогорку кеңештин депутаттары – З. Эсенаманов менен А.Карашев.
Акмат [22 Апреля 2021]
Айыл окмот башчысын кимдер сунуштай алат, ушул боюнча маалымат берсениз.
Ответ:
Урматтуу Акмат мырза, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 49-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
Ушул мыйзамга ылаык, депутат, депутаттардын тобу, бардык депутаттык корпус жана аким сунуштаганга укугу бар. Акимдин сунушу үстөмдүк болот деп ойлобогула. Анын сунушу депутаттын сунушундай эле күчү бар.
Тынычбек [22 Апреля 2021]
Жаны конуштарга статус беруу боюнча жол жоболорун айтып берсениз.
Ответ:
Урматтуу Тынычбек мырза. КР 2008-жылдын 25-апрели N 65, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" МЫЙЗАМЫна ылайык
2-глава "Администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин чечүүдө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары"
9-берене. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин компетенциясына:
- администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүү жана жоюу;
- алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу;
- администрациялык-аймактык бирдиктердин чегараларын белгилөө жана өзгөртүү;
- калктуу конуштардын категорияларын аныктоо;
- администрациялык-аймактык бирдиктердин аталыштарын жана кайра аталыштарын бекитүү кирет.
10-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары
Өкмөт:
- Жогорку Кеңешке администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын администрациялык борборлорун белгилөө
жана которуу, чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, калктуу конуштардын категорияларын, администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу
конуштардын аталыштарын жана кайра аталыштарын аныктоо тууралу сунуштарды киргизет;
- Жогорку Кеңешке калктуу конуштарды республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын категориясына киргизүү тууралу сунуштарды
киргизет;
- Өкмөттүн алдында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча комиссия түзөт;
- Өкмөттүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча комиссиянын корутундуларынын негизинде тийиштүү жергиликтүү кеңештердин
пикирин эске алуу менен Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелери боюнча сунуштарды киргизет.
11-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары
Областтын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы:
- тийешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен, өкмөткө тийиштүү областтын чектеринде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана
калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу,
калктуу конуштардын категорияларын, алардын аталыштарын жана кайра аталыштарын, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын
аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;
- ушул беренеге ылайык райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын сунуштарын карайт.
Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тийешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен, областтын жергиликтүү
мамлекеттик администрациясына тийиштүү райондун чектеринде админстрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана
жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын,
админстрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталышын жана кайра аталышын, ошондой эле алардын аталыштарынын
транскрипцияларын аныктоо боюнча сунуштарды киргизет.
12-берене. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары Жергиликтүү кеңештер:
- жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен өкмөткө тийешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруунун чектеринде админстрациялык-аймактык
бирдиктерди, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборун белгилөө жана которуу,
калктуу конуштардын категорияларын, админстрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталышын жана кайра аталышын аныктоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;
- ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык областтын же райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына өз сунуштарын киргизет.
13-берене. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн зарыл керектүү документтер жана материалдар
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн Өкмөт Жогорку Кеңешке:
- киргизилип жаткан сунуштун максатка ылайыктуулугунун тийиштүү негиздемесин жана сунуштамасын, өзгөртүлчү аймактын өлчөмү, ушул аймакта
жашап жаткан калктын саны, негизги ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын тизмеги, алардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, ар биринде
иштегендердин саны, жергиликтүү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын түзүмү жана штаттык саны, кайра уюштурууга байланыштуу алардагы өзгөрүүлөр
жөнүндө маалыматтарды, аталышынын жана кайра аталышынын маселелерин, ошондой эле маселени маңыздуу чечүү үчүн керектүү бардык башка
маалыматтарды жана каралып жаткан маселе боюнча тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирлерин камтыган сунуштаманы; - администрациялык-аймактык
бирдиктердин жаңы чегаралары, маселени маңыздуу чечүү үчүн мааниси бар башка географиялык маалыматтар көрсөтүлгөн схемалык картаны. Картага
өкмөттүн өкүлү, ошондой эле аймакты кабыл алуучу жана өткөрүүчү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын жетекчилери кол коюшат, коюлган колдор мөөрлөр менен ырасталат;
- жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөрдүн жана кайра атоолордун илимий калыс баасынын жана экономикалык эсептөөлөрүнүн актысын тапшырат.
Нурдан [18 Апреля 2021]
Саламатсыздарбы. Жергиликтуу кенештин жаны шайланган депутаты, эгер мектептин директору болсо, экоону тен алып, иштесе болобу? Экинчи суроо: жергиликтуу кенештин торагасы ошол эле учурда мектептин директорлук кызматын аркалай алабы? Алдын ала рахмат.
Ответ:
Урматтуу Нурдан мырза. Закон КР от 13 января 2000 года № 3 "О статусе депутатов местных кенешей"
Статья 5. Несовместимость статуса депутата местного кенеша с некоторыми должностями и видами деятельности
Депутат местного кенеша не может состоять на государственной службе или иной муниципальной службе в случаях:
1) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он занимает руководящую должность, расположен в пределах территории того же айылного аймака или города, что и представительный орган местного самоуправления (местный кенеш айылного аймака или города), депутатом которого он является;
2) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, подотчетен представительному органу местного самоуправления (местному кенешу айылного аймака или города), депутатом которого он является;
3) если избрание, представление к назначению, освобождение руководителя государственного органа или органа местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, относится к полномочиям того представительного органа местного самоуправления (местного кенеша айылного аймака или города), депутатом которого он является.
Депутатские полномочия также нельзя совмещать с должностью руководителя государственного или муниципального предприятия, оказывающего услуги населению соответствующего айылного аймака или города за счет средств республиканского и местного бюджетов.
Депутат местного кенеша не может использовать свой депутатский мандат в целях, не связанных с депутатской деятельностью.
Одно и то же лицо может быть депутатом лишь в одном айылном или городском кенеше.
Ушул беренеге ылайык аркалай албайт.