Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Айперим     [2 Февраля 2018]

Здравствуйте, я хотела бы узнать как можно найти вакансии в вашей команде? У меня соответствующее образование и большой интерес к деятельности МСУ. Спасибо

Ответ:

Айперим здравствуйте. В нашей команде для поддержания правовой помощи органам МСУ работают только 3 энтузиаста. Работа оплачивается только тогда, когда есть проект. В настоящее время, начиная с августа 2017 года, вся команда работает в режиме волонтерства. Отсюда следует что оплачиваемой вакансии у нас нет. Но Вы можете с нами сотрудничать, если у Вас есть большое желание помочь органам МСУ. Мы же оценив Ваш вклад, при получении контракта или проекта, можем взять Вас на оплачиваемую работу. Спасибо Вам за проявленный интерес к нашей работе.

Шер     [2 Февраля 2018]

Саламатсызбы. Мен 2015-жылдын ноябрь айында статист (жетектоочу адис) болуп жумушка орношком. Азыркы кундо башкы адис кызматына которула аламбы. жана башкы адис кызматына кандай талаптар коюлат.

Ответ:

Урматтуу Шер! Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесинде “ Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби” тууралуу айтылып, анда “п.16. Бош кызмат ордун ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротациялоо тартибинде ээлөөгө жол берилет.п.17. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта, баалоонун жыйынтыгы боюнча кызматчыны кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого укуктуу”-деп көрсөтүлгөн. Демек, сиздин талапкерлигиңиз талапка дал келсе, кайрадан конкурстан өтүүнүн зарылчылыгы жок. Башкы адис кызматына баратсаңар, Мыйзамды окуганды үйрөнгүлө. Жогоруда белгиленген мыйзамдын 14-беренесинде "Квалификациялык талаптар" бардык кызмат орундардын талаптары так белгиленген. Сиз жазган башкы адис кызматынын талаптары п.3 белгиленген. 3) башкы кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Мыйзамдарды ушул эле сайттын Законодательство бөлүмүнөн таап окусаңар болот.

Тилеген     [30 Января 2018]

Менин 3 суроом бар.\n1.Айыл окмотуно 2016жылдын 2-февралында башкы адис кызматына (улук кызмат орду) конкурс менен өтүп азыркы күндө иштеп жатам. кызматкерлерди баалоодо жылдын аягында мен бааланышым керек беле? себеби 11ай иштедим жана эн жакшы корсоткуч бердим. 2. Мен айыл өкмөтүндө 2000жылдан бери иштегем, 2012жылга чейин узгултуксуз жана ортодон бош калып кайра 2016-жылы февралда ишке кирип ушул убака чейин иштеп келе жатам.. 2000-2012жылдары жер, турак жай муниципалдык менчик боюнча кызматкер болуп иштеп келдим. 2006 жылы ГАМСУнун аттестациялоо комиссиясынан аттестациядан отуп эмгек китепчеме 1-класстагы муниципалдык кызматтын инстектору деген чинди ыйгарышып жазып беришкен. эмгек китепчемдеги чинге ылайык 1-класстагы мун.инспекторго 600сомдон айлык акыга кошулуш керек эле бухгалтериядан ошол ГАМСУнун буйругун корсотсон гана толоп беребиз деп жатышат. азыр 400сомдон кошуп берип жатышат. буйрукту корсотушум керекпи аны кайдан ала алам же эмгек китепчемдеги жазуу жетиштуубу? 3. Улук кызмат ордума чин 3-класстагы мун.кенешчи ылайык келет экен. ал учун мыйзамга ылайык 3жыл баалоо жыйынтыгын кутушум керепи же жогорудагы эмгек стажым (17жыл стаж) учун досрочно алсам болобу?

Ответ:

Урматтуу Тилеген! Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020- жылдарга карата чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык 2014- жылдан бери баалануу жургузулуп келе жатат. Сиз 11айдан бери эн жакшы корсоткучту берсениз, ал сиздин жетишкендигиниз. Сиздин 1-класстагы муниципалдык кызматтын инспектору деген чин тууралуу жазуу эмгек китебинизде болсо, анда кайсы буйруктун негизинде берилгени да жазылмак. Ошол жазуу жетиштүү болот, ал боюнча мурун кошумча төлөм төлөнүп келсе, анда анын тууралыгы текшерилген. Сизге чин берилген токтомду айыл өкмөттүн архивинен да көтөрүп карасаңар болот, ошол жылдардагы айыл өкмөттүн буйругунун негизинде берилчү. Үчүнчү сурооңуз боюнча, так жооп берүү мүмкүн эмес, анткени маалымат так болушу керек. Мисалы: азыр сиз 1-класстагы муниципалдык кызматтын инстектору ченге ээ болсоңуз, улуулашуусу боюнча кийинки алуучу чениңиз муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси; анан - муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси; - муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси; Бирок Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндөгү жобонун п. 18. Ушул Жобонун 16 жана 17-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөр мамлекеттик жарандык кызматчы, муниципалдык кызматчы кыйла жогорку административдик кызмат ордуна дайындалган учурларга колдонулбайт. Ошондон улам, сиз дал келген административдик кызматка дайындалсаңыз, анда сизге сиз көргөзгөн чен мөөнөтсүз ыйгарылып берилиши керек. Бул жобо ушул сайттын Законодательство бөлүмүндө илинип турат.

Максат     [28 Января 2018]

А/О депутатов тура эмес деп кылынган ишин кандай жол менен кабыл албаса болот. 2суроом. Депутата камися тузуп АО ишин текшерсе болобу кылынган иштерин мисалы: мектепке эмерек алса кумон санаса

Ответ:

Урматтуу Максат! Жергиликтуу бийлик эки бөлүктөн: эл өкүлдөрү (депутаттар)– айыл кенеши жана аткаруу бийлиги –айыл өкмөтүнөн турат. Айыл өкмөтү айылдык кеңеш чыгарган токтомдорду аткарууга милдеттүү, бир гана учурда аткарбайт кое алат, эгер ал токтомдор мыйзамсыз чыкса. Айылдык кеңештин депутаттары өз компетенциясына ылайык өздөрү мүчө болгон туруктуу комиссияларында айыл өкмөттүн иштери менен толук тааныша алышат. Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттары аткаруу органы болгон айыл өкмөттүн чарбалык–экономикалык иштерине кийлигише албайт. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинде айылдык кенештин депутаттарынын компетенциясы менен кенен тааныша аласыз. Бул мыйзамды биздин сайттын «Законодательство» бөлүмүнөн таап окуп чыгыныз.

talant     [28 Января 2018]

А.О тендирлер де чон сумага берип жатат кайсыл жол менен кыскартсак болот. Анан камисяга Окмото иштеген дер тандап жатат адиси мыйзамда айылдык кенештин депутаты болбойт деп жатат мыйзамда кандай жазылган. Так малымат берип койгула сураныч.

Ответ:

Талант мырза. Аткаруу органы болгон А/О бир жылдык сатып алуулар боюнча бир жылдык планды иштеп чыгып, аны жергиликтүү айылдык кеңешке алып чыгып бекитет. Мына ошондо, депутаттар талкуулап, ой пикириңерди киргизип планды бекитип бересиңер. Сессияда талкуу жакшы болуп депутаттар толук көңүл буруп кабыл алынган план, А/О ишине көмөк болот. Анчалык көңүл бөлүнбөй, үстүртөн формалдуу каралган план, кийин көптөгөн түшүнүксүз суроолордуу жаратат. Бул "жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап" дегенди билдирет. Айылдык кеңештин депутаты деле эмес, ар бир жарандын сатып алуу планы менен танышууга, ой пикирин жана сунушун киргизүүгө укугу бар. Бул ачык айкындыктын аркасы менен ишке ашат. Ал эми, сатып алуу боюнча комиссияны А/О түзүмүн, курамын айыл өкмөт башчысы мыйзамдардагы талаптарга ылайык өзүнүн буйругу менен бекитет. Депутаттар комиссияга мүчө болуга мыйзамда тоосколдуктар каралган эмес. Иш жакшы жүргөн жерде атандаштык болбой, тескеринче биргелешип иш алып баруу болот. Ишиңизге ийгилик!!!

Кеңеш     [22 Января 2018]

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамында: 31-берене Шаардык жана айылдык кеңештердин компентенциясы, 2-бөлүк, 13-пункту “Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү” деген норма каралган, 2011-жыл 5-август № 451 Өкмөттүн токтому боюнча калктын саны 5 миң-7 миң болсо 10 штат. Суроом ушул адистердин кызмат орундарынын аталышын же керектүү адисти ким аныктап берген. Өкмөттүн токтомунда адистердин саны гана көрсөтүлгөн да. Бизде айыл өкмөт, жооптуу катчы, ФЭБ башчысынан бөлөк: башкы адис – 3; жетектөөчү адис – 2; адис – 2. Мисалы бизде вет адис, ӨКМ боюнча адис жана МКТ боюнча адис деген кызмат орундары бар, ушуларды айыл өкмөткө керектүү башка адистерге алмаштырса болобу. Вет адистин ордуна – юрист, МКТ ж/а ӨКМ адистин ордуна – сатып алуулар боюнча адис жана долбоорлор менен иштей турган инвестиция боюнча адис кылып.

Ответ:

Урматтуу Кеңеш! Сиз абдан туура баамдагандай, жогорудагы токтомдо 3 кызматкердин орду так көрсөтүлгөн, калгандарынын санын гана көргөзгөн. Эмне себептен мындай болгон? Айыл өкмөт менен айылдык кеңеш бул жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, алар КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 18 жана 20-беренесинде көргөзүлгөн милдеттери аткарууга, жергиликтүү калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү. Ушул багытта айыл өкмөт өзүнүн штаттык курамын талаптарга жооп берерлик кылып түзүп, анан айылдык кеңештин сессиясына алып чыгып бекитет. Айыл өкмөттүн штаттык курамы аткара турган бардык иштерге жарактуу жана жөндөмдүү болуусу керек. Кыргызда "кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, ушул жерден жергиликтүү бийликтин эки органы чыныгы күчүн жана жүзүн көргөзө алат.

Акылбек     [19 Января 2018]

Саламатсыздарбы, КР Окмотунун 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтому кучун жоготконбу? Эгерде жоготкон болсо айыл окмотунун типтуу тузумдору жана штаттары кайсыл токтомго ылайык бекитилет?Сиздерден сураныч мумкунчулук болсо томонку дарекке leylekokmotu@mail.ru токтомдун копиясын жонотуп коюшунуздарды суранам.

Ответ:

Урматтуу Акылбек! Сиз атаган токтом күчүн жогото элек, башка мыйзам актылары чыга элек. Ошондуктан КР Өкмөтүнүн 2013-ж 8.07. № 403 токтомун бар болсо колдоно бергиле.

Багыш     [19 Января 2018]

Здравствуйте! Нужен образец Договора СООППВ с населением на Кыргызском языке

Ответ:

Уважаемый Багыш! По Вашему запросу мы нашли Договор на кыргызском и разместили его в разделе Законодательство в пункте Документы

Эмилбек     [18 Января 2018]

Айыл окмоттун штатын айылдык кенеш кыскартып же кошо алабы?

Ответ:

Урматтуу Эмилбек! Айылдык кеңешке мыйзамда андай укук берилген эмес, айыл өкмөттөрдүн штаттык түзүмү КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде түзүлөт (2013-ж. 08.07. №403). жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү

Руслан     [16 Января 2018]

Здравствуйте! На балансе а/о есть автомашина нива,которая находится в нерабочем состоянии. Постановлением кенеша решено продать ее. Думаем продать через аукцион. Подскажите какова процедура реализации транспорта,имеем ли право продать через аукцион, и по остаточной стоимости, нужна ли оценка оценщиков.

Ответ:

Урматтуу Руслан! Биринчиден, айыл өкмөттүн балансындагы мунициалдык менчикте турган кызматтык автомашинанын жарактуу же жараксыз абалын аныктоо керек, ал үчүн аткаруучу орган (айыл өкмөтү) атайын техникалык каражатты баалоо жана экспертиза борборун менен келишим түзөт. Ал борбордун отчетунда автомобилдин учурдагы базар баасы аныкталат. Экинчиден, баа аныкталгандан кийин айыл өкмөтү автомашинаны сатуу же башка шарттардарда колдонуу (ИСКАКБ, Коммуналдык чарба... ж.б. өткөрүп берүү) тууралуу айыл кеңешке кайрылат. Айыл кеңеш сессияда, ага чейин туруктуу комиссияларында карап, талкуулагандан кийин токтом чыгарып, кайра токтомду аткарууну айыл өкмөткө милдеттендирет. Ошондон кийин гана автомашинаны сатууга болот.