Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Адилет     [13 Сентября 2017]

Жаны шайланган айылдык депутаттарын ишеним корсотпой таркатса болобу? Кандай жолдору бар?

Ответ:

Урматтуу Адилет мырза! КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 39-беренесинде Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын токтотулушу тууралуу толук жазылган. Бул мыйзамды биздин сайттыбызда Законодательство бөлүмүндө таба аласыз.

торгой     [13 Сентября 2017]

биздин айыл окмотундо налогтун орду бош болгондуктан кассирге жуктолгон жана налоктун 30% эмгек акыдан толонудо. бош ваканция башка адиске жуктоодо канча убакытка чейин жуктосо болот жана 30% дагы толоно берелеби.

Ответ:

Урматтуу Торгой мырза! Сиздин сурооңуз боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде 74-берене "Убактылуу ордун ээлөө" пунктунан жообун таба аласыз. Эмгек Кодекси биздин сайтыбызда Законодательство бөлүгүндө жайгашкан.

Осмонов Айбек     [11 Сентября 2017]

Айылдык кенештин депутатын чакыртып алуу тартиби кандай?

Ответ:

Урматтуу Айбек мырза! Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү " мыйзамынын 24- беренесинин 2-п. депутаттык мандат кандай учурларда токтотулушу тууралуу төмөнкүдөй жазылган:" 2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн: 1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде; 2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда; 2-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; 3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо; 4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда); 5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда; 6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 7) катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаганда; 8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 9) кеңеш таркатылганда;" Азыркы мыйзамдарда шайлоочулардын депутатты чакырып алуу процедуралары көрсөтүлгөн эмес.

Болот     [7 Сентября 2017]

Саламатсыздарбы биздин айыл окмотто окмотубуз алты айлык бюджеттинин аткарылышынын отчетуну берди. Бирок бюджет боюнча туруктуу ком канаттандырарлык эмес деп таап биз депуттатар да баарыбыз отчетуну кабыл албай койдук. Эмики кадам кандай болуш керек?\n Биз окмоттко убакыт бере алабызбы кайра карап чыкканга же 6 айлык ушуну менен жаабылбай калып кетеби \n жакында 9 айдын отч бериш керек, кандай кылып эгер 6айдыкы жабылбай турса деген суроолор, же окмот озу билип ..... калбайт \nРахмат.

Ответ:

Урматтуу Болот! Мыйзамдарга ылайык айыл өкмөттүн башчысы жылына экиден кем эмес айылдын аймагындагы иштердин жалпы абалы,бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкары фонддун каражаттарынын пайдаланышы, калкты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө айылдык кеңештин алдында отчет берет.(“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамдын 44-беренеси 9-п.1-б.,50-б.,2-п.1-б.) Быйылкы жылдан баштап күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык айылдык кеңештер жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угат жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитишет.Ал эми аткаруучу орган-айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду жергиликтүү кеңештердин кароосуна беришет.(КР Бюджеттик кодекси 16-глава 78-б.,4-п., 79-б.,3-п. ) Ушул кодекстин жоболорунда көрсөтүлгөндөй айылдык кеңеш отчетту караган учурда аны терең изилдеп, иликтеп, бардык жагдайларды аныктап, кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чараларды бекитип берип, айыл өкмөткө жаңы талаптарды кою менен отчетту кабыл алуусу керек. Бюджеттин аткарылышында кетирилген каталарды кийинки кварталдын жана жылдын жыйынтыгын кароо учурунда көзөмөлдөп алса болот. Болот мырза, сиз берген суроодо эмне себептен бюджеттин аткарылбай калганы тууралуу так маалымат жок болгондуктан, туура тыянак кылуу мүмкүн эмес.

торгой     [7 Сентября 2017]

Биздин айыл окмото Аппараттын МОП 0,4 ставка менен короолчу жана библиотекада 1ставкада толук кароолчу болуп 1киши иштейт ушул жумуш ордунан кайсынысынан эмгек оргуго чыкса болот жэ экоонон чыкса болобу

Ответ:

Урматтуу Торгой! Сиз айткан эки кызматта иштеген бир киши негизинен 1 ставкада толук иштеген жеринен гана эмгек өргүүгө чыга алат.

Маматшарип     [7 Сентября 2017]

Саламатсыздарбы? 1990-жылдарда калктуу конуштун жерлерин кенейтуу максатында жерлер берилген экен бирок ал калктуу конуштарда архитектура тарабынан ген план тузулбоптур 2002-жыдагы системалык каттоо мезгилинде да тилекке каршы каттоодон отпой калган айылдарда ген планы жок азыркы кундо ген план жасатууга архитектурага карылсак токтом сурап жатат.кайсыл мыйзамдын негизинде токтом кылса болот ушул маселеге жардам берип койсонуздар, терен ыраазычылык билдируу менен Маматшарип

Ответ:

Урматтуу Маматшарип ! Калктуу конуштар үчүн берилүүчү жер аянттары мыйзамдарда каралган бардык документтер болгондон кийин гана ал жерлер жарандарга берилиши керек. Сиздердин ЖӨБО мыйзамдагы бардык процедураларды кайра башынан , ал жерди трансформациялоодон баштап ар бир жаранга турак-жай салууга чечим чыгарганга чейинки иштерди жасоосу керек. Мыйзамсыз башталган иш аягында ушундай кыйынчылыктарды жаратат. Ошондуктан КР “Жер кодекси” баш болгон мыйзамдарга ылайык иш жүргүзгүлө.

Магомед     [6 Сентября 2017]

Здравствуйте. На балансе айыл окмоту имеется автомашина, для того что бы его передать в оперативное управление жайыт комитету, глава может своим решением передать? Или необходимо решение сессии депутатов? И какова процедура передачи?

Ответ:

Уважемый Магомед! Автомашина, который Вы говорите, является движимым имуществом местного самоуправления. Для эффективного управления муниципальной собственности ОМСУ крайне важно правильно распределить ответственность между исполнительным органом (айыл окмоту ) и представительным органом ( айылный кенеш ) и четко соблюдать ее. Айылный кенеш через свои постановление устанавливает « правила игры», то есть политику в этой области и принципы управления муниципальной собственностью, т.е. кому, что, на каких правах и через какие процедуры предоставлять или пользование и аренду. В данном случае, айыл окмоту вносит свои предложение на сессию айылного кенеша об предоставлении автомашину на распоряжении жайыт комитети, а потом после принятия постановлении айылного кенеша заключает договор с жайыт комитети на праве оперативного управления.

Мелис     [5 Сентября 2017]

Мелис байке, донордук уюмдар менен курулган кичи футбол аянтчасын АО башчысы жооптуу адамга келишим менен откоруп берген. Ал киши саатына акча алып иштете алабы? Алса кантип? Алдын ала рахмат

Ответ:

Урматтуу Мелис мырза! Футболдук талаа бул муниципалдык менчикте объект, демек аны колдонуунун тартибин жана эрежесин Айылдык Кенеш бекитет, андан кийин Айыл Окмоту келишимдин негизинде жеке же юридикалык тарапка ижарага бере алат. Келишимде корсотулгон талаптарга ылайык ижарачы (арендатор) футболдук талааны колдонуп иштете алат. Бааны ижарачы (арендатор) озу кое алат. Бааны Айылдык кенеш карап бекитип бериши мумкун. Жергиликтуу бийлик айыл жарандарынын социалдык катмарына карата женилдиктерди сунушта алат.

алик     [30 Августа 2017]

Айыл окмоттун кызматкерлери оздорунун вункционалдык милдеттерин так аткарышпаса, жетекчинин айткан тапшырмаларын оз убагында аткарбаса айыл окмот башчысы статя менен жумуштан кетире алабы, кайсы статянын негизинде. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Кыргыз Мамлекетини Эмгек кодексинин 83-берене жана Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз мамлекетинин мыйзамында 34-берене, озгочо 6-пункт нормалары сакталбагандыгы негизинде жумуштан бошото алышат. Биздин сайтыбызда Законодательство пунктунда бардык беренелерди жана кодекстерди таап аласынар.

Магомед     [25 Августа 2017]

Здравствуйте! у нас возник следующий вопрос, на 33га землях ФГСУ посевов сахарной свеклы произошло 100% потеря урожая. При сложившейся ситуации для выращивания сахарной свеклы и ведения крестьянского хозяйства был получен лизинговый кредит. Вопрос: как можно правильно получить в айыл банке отстрочу. Продлить сроки погашения суммы выплаты лизинга. Вопрос: какие необходимо для этого должна предоставить постоянная аграрная комиссия айыльного кенеша документы и ответить на данное заявление.

Ответ:

Уважаемый, Магомед! На основании поступивших заявлении арендаторов земель ГФСУ местная власть в лице Айыл Окмоту составит временную комиссию об изучении фактов изложенные в заявлении с привлечением районных служб (Районный департамент аграрного развития, Районный отдел МЧС, Районный управление водного хозяйства (РУВХ), Гос.Регистр, Соц.Фонд). После составление Акта подтверждающих о потери урожая Айыл Окмоту направит документы на рассмотрения в Аильный Кенеш. В Аильном Кенеше сначала данные документы должны рассматриваться: 1. на заседании постоянной комиссии по земельным и аграрным вопросам; 2. на заседании постоянной комиссии по бюджету; Каждый из них выносят свои решения ( освобождения от уплаты земельного налога, арендной платы и о пролонгации страховых взносов Соц.Фонда) и потом эти материалы будут рассматриваться на сессии Аильного Кенеша с вынесением соответствующего постановления. После всех этих процедур местная власть сможет обратиться в Банк по вопросу по предоставлению отстрочу. Местная власть не правомочен внести изменения в договор между Банка и Заемщика.