Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Акмат     [1 Июня 2022]

Камсыздандыруудан уйлорду откоруу үчүн инвалидер канча толош керек.

Ответ:

Урматтуу Акмат мырза. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн төмөнкү адамдар толук же жарым-жартылай бошотулат: 1) турак жайлардын менчик ээлери - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана Ленинградды коргоонун катышуучулары: - I, II, III топтогу майыптыгы аныкталган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөөдөн бошотулат; - I, II топтогу майыптыгы бар тыл кызматкерлери - камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөөдөн бошотулат; - III топтогу майып тылда иштегендер - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат; - Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү - камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөөдөн бошотулат; 2) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган турак жайлардын менчик ээлери: - майыптыгы боюнча I, II топтогу майыптар - камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөөдөн бошотулат; - III топтогу майыптыгы бар адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат; - Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандардын каза болгон жесирлери - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат; 3) турак жайлардын менчик ээлери - Афганистандагы согуштук аракеттердин катышуучулары: - майыптыктын I, II топтору ыйгарылган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөөдөн бошотулат; - III топтогу майыптыгы бар адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат; 4) турак жайлардын менчик ээлери: - майыптыктын I, II топтору ыйгарылган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөөдөн бошотулат; - III топтогу майыптыгы бар адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат; 5) турак жайдын менчик ээлери - жалгыз жашаган улгайган жарандар - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат; 6) аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 50 пайызга бошотулат. Турак жайдын менчик ээсинде бир нече турак жай бирдиги болгон учурларда, жеңилдиктер турак жайдын 1 бирдигине гана колдонулат.

Талант     [1 Июня 2022]

Саламатсыздарбы! Айыл окмотунун жооптуу катчысы, айылдык кенештин ишин алып барат, эгерде айылдык кенештин жооптуу катчысы жок болсо деген мыйзамда бар. Ошол жооптуу катчы, айылдык кенештин ишин толук кандуу жургузбой, депутаттар тарабынан ишенбоочулүк корсотулсо, жооптуу катчынын ордуна убактылуу башка адамды алууга болобу? Кадр кызматы болбойт дейт. Ушул маселеге кенири маалымат берип койсонуздар. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Талант мырза. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын Жергиликтүү кеңештердин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу деген 38-беренесинде "1. Шаардык кеңештердин ишин Министрлер Кабинети аныктаган типтүү нормативдердин негизинде шаардык кеңештер түзүүчү - аларды аппараттары, айылдык кеңештердин ишин айыл өкмөттөрүнүн аппараттары камсыз кылат. Калкынын саны 6001 адамдан ашык болгон айылдык кеңештердин ишин айылдык кеңештердин жооптуу катчылары камсыз кылат" деп турат. Эгер силердин АО жашоочулардын саны 6000 кем болсо, анда АО жоопту катчысы алып барууга милдеттүү деп мурунку мыйзамда камтылган, азыркы мыйзамда андай жазылбай калыптыр. Бирок аткарылышы керек. Ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө укугуңар жок. Жергиликтүү кеңеш шайлап алган АО башчысына кана кайрылып чара көрүүнү талап кыла алат, эмгек кодексинин негизинде. Ордуна башка адам алалбайсыңар.

Simba     [31 Мая 2022]

Саламатсызбы, муниципалдык кызматынын отличнигин алууга созсуз турдо диплом талап кылынабы? Анткени мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери айтышкан экен, эгерде иштеген жеринизден эле иштейт деген кагаз болсо болду, ошонунун негизинде эле сыйлык берилет деп.

Ответ:

Урматтуу Симба. Биринчиден, сиз муниципалдык кызматта 6 жылдан кем эмес иштеген болсоңуз, жергиликтүү өз алдынча башкарууга эбегейсиз салым кошсоңуз сиз ошол тармактын отличниги деген наамга ээ болуга укугуңуз бар. Эми суроо, сиз дипломсуз кантип муниципалдык кызматкер болуп жүрөсүз? Экинчиден, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп жергиликтүү өз алдынча башкарууга эбегейсиз, зор мааниге ээ болгон салым кошконго жетишсеңиз, дипломсуз деле отличник болуга мүмкүн. Отличник төш белгини алганга чейин, талапкер ГАМСУиМОнун грамотасын алган болушу керек. Муниципалдык башкаруунун отличнигин ыйгаруу жөнүндөгү ЖОБОдо сөзсүз диплом болушу керек деген талап жок.

Колпочова Айнагуль     [30 Мая 2022]

Саламатсызбы! Мен айыл окмотуно адис кызматына 2014-жылы конкурстун негизинде отуп келгенмин.2019-жылдан 2021-жылдын орто жылына чейин айыл окмотунун жооптуу катчынын кызматын кошо аткарып иштеп келгенмин. Азыркы мыйзам боюнча жооптуу катчынын кызмат орунуна которулганга мыйзам жол береби? Жооптуу катчын кызматына которулнага мумкунбу? . Рахмат

Ответ:

Урматтуу Айнагүл айым. Биз 25-майда Акмат мырзага ушундай маселе боюнча жооп узатканбыз. Ал жерде мыйзамдардын беренесин дагы көрсөтүп бергенбиз. Азыркы мыйзамдар боюнча иштеген адистер автоматтык түрдө резерв кадрга кирет, деп белгилеп коюшуптур. А резервден дайындоо бул АО башчысынын функционалына кирет. Ошол жетекчи өзү дайындап алат. Конкурс деген түшүнүктү ЖОК кылышкан.

Акмат     [30 Мая 2022]

Саламатсыздарбы! Жайлоодон малдар, жылкылар келип элдердин чөп орок жерлерин талкалап зыян келтирсе, келген малдарды кароолдор тарабынан камап коюшкан. Камалган малдардын ичинен өлүп калса, эмне чара колдонуш керек? Ким күнөлүү болот, маалымат берип койсонуздар.

Ответ:

Урматтуу Акмат. Ар бир маанилүү же актуалдуу маселе боюнча, АО жобо иштеп чыкса жакшы болот. Мисалы, малды камагандан соң 5 сааттын ичинде айылдык whatsapp рассылкага маалыматты, сүрөтү менен жайылтууну милдеттендирүү. Ал жобонун талаптарын так аткарган адам, жоопкерчиликтен бошотулат. Маалымдабай калса, ошонун кесепетинен мал өлүп калса, анда камап койгон адам күнөлү болот, деп. Ал эрежени, коомдук угуга коюп, элдер өздөрү сунуштаса, ошол эреже мааниге ээ болот, баары аны карманат, жана иштейт. Жобону болсо жергиликтүү кеңеш бекитип коюш керек.

ИМРАН     [29 Мая 2022]

РАХМАТ РИТА ЭЖЕКЕ ЖООБУНУЗГА. ИШИНИЗДЕРГЕ ИЙГИЛИК!!!!

Ответ:

Урматтуу Имран. Силерге рахмат, дайым элиңердин муктаждыктарын эң ыңгайлуу жана сапаттуу жол менен чечип, сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, албан ийгиликтерди жарата бериңиздер.

Самибаева     [27 Мая 2022]

Жергиликтуу кенеш айып салуу жонундо, айып акылардын олчомун бекитууго укугу барбы?\nМисалы келишимди бузуп эрте кочуп келген чабандарга штраф 5000 сом деген сыяктуу?

Ответ:

Урматтуу Самибаева. КР Укук бузулар жөнүндөгү кодексинин 238-беренесинде айдоо жерлерин тепсөө: "Айдоолорду атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет". Эрте көчүп келүү үчүн, деп айып сала албайсыңар, эрте келген мал айдоону тебелесе кана айып пул салынат.

Депутат Арым     [26 Мая 2022]

Саламатсыздар. Биздин депутатар арасында эки ара болуп атабыз. Бир эки айылдык депутаттар айыл окмот башчысын каралоо менен жогорку органга ээлеген ордун бошотсун деген арыз менен кайрылышкан. Ошо менен эле бирге жалган жол менен эл арасынан кол койдуруп арызга тиркеп беришкен. Айыл окмот тарабынан, каралагандыгы учун кандай чараларды корсо болот? Алдын ала чоон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Арым. Өзүңөр шайлап алган депутатка ишеним көрсөтө албасаңар, анда силер тандаганды билбейсиңер, же ишти баалаганды билбейсиңер. Эң маанилүү ыкма, 1 кварталда бир жолу глава элди чакырып, жасаган иштери боюнча отчет бергени. Эл калыс, суроолору болсо жооп алышат. Көп иштерди алдыга жылдырса - эл колдоп берет. Бийлик элдин колунда деген ушул. Каралагандар, өздөрү четке чыгып калышат. Коомдук угуу деп койгула, главанын отчету десеңер болот. Эгер ошондой отчетту даярдайм десеңер 0554620484 телефон аркылуу кайрылгыла, сонун кеңеш беребиз. Урматтоо менен, Рита Карасартова

Адыл     [25 Мая 2022]

Саламатсыздарбы! Менин суроом томондогучо. Мектепке 2 га жер аянты менен гос акт тузулуп берилген. Эми ошол жер аянтынын 2 сотых жерине мечит курабыз деп жатат. Ушул мыйзамдуубу жооп берип койсонуздар.

Ответ:

Урматтуу Адыл. Жер мектепке болүнүп берилсе, ал жерге мектеп кана салынууга уруксат. Экинчиден, билим берүү мекемелеринин жанына диний объектилерди салууга тыйуу салынган. Болбойт, мыйзамдаштырабыз деп бекер убара болбогула.

Акмат     [25 Мая 2022]

Саламатсыздарбы! Айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп убактылуу конкурстан адистике өтүп келген кызматкер иштейт. Иштегенине үч жыл болду эми мен жооптуу катчылыкка конкурстан өтпөй эле бекитилсем болот экен, деп иштеп жатат. Бул кызматка конкурстан өтпөй туруп келүү мүмкүн эмес го, ушул тууралуу маалымат берип койсонуз. Aлдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Акмат. Ошол кезде силердин жетекчи КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамдын 23-беренесинин "Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби" п.17. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта, баалоонун жыйынтыгы боюнча кызматчыны кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого укуктуу, ылайык, конкурстан өтүп келген кызматкерди, өйдорөк позицияга отургузуу укугу менен колдонуп, дайындаган турбайбы. Азыр, бул мыйзам жокко чыгып, жаңы Конституция ишке кирип, башкарууда ВЕРТИКАЛ күчөп 2021-жылдын 27-октябры № 125 КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө МЫЙЗАМ кабыл алынган. Ал жерде 10-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви деген беренеде, "Кадрлар резервине төмөнкүлөр кирет: 1) бул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар". Бүгүн стат катчы болуп иштеп турган адис, автоматтык түрдө резервде болуп эсептелинет экен. Ал үч жылдан бери жооптуу катчынын милдетин аткарып жүрсө, анда ушул кызматтык оорундун квалификациялык талаптарына туура келет, ошондуктан, конкурсуз эле ишти уланта берет. Жаңы мыйзамга ылайык, конкурс өткөрүлбөй калган.