Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Саб     [15 Сентября 2022]

ФПСтин жерине кирбеген айдоо жерден жарандарга улуш жер берсе болобу?

Ответ:

Урматтуу Саб. Үлүш жер беруу 2009 жылдын 5 февралында, №940-IV КР Жогорку Кенешинин Токтому менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра болүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен, жер үлүшторүн берүү токтотулган. Айыл өкмөттөрдө караштуу айыл чарба жерлери жок, жерлер же айыл чарба мамлекеттик фонддо (АФМФ) же жайыт, же менчик болот. Андай жерлер табылса, алар АЖМФ фондуна кириши керек.

Санжар     [15 Сентября 2022]

Саламатсызбарбы. Муниципалдык кызматчы айыл чарба кооперативине мучо болуп кошулса болобу. Правление жана рев. комиссиянын курамына кирбейт. Жон эле кооперативге мучо.

Ответ:

Урматтуу Санжар мырза. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгу мыйзамга ылайык 15-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка байланышкан чектөөлөр   1. Кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) мамлекеттик жарандык кызматчыга - муниципалдык кызматта турууга, муниципалдык кызматчыга - мамлекеттик жарандык кызматта турууга; 2) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө; 3) өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга; 4) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишеним берилген же башка өкүл болууга; 5) маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга; 6) кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сыйакыларды (акчалай жана башка сыйакыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер тиешелүү түрдө мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги катары таанылат жана тиешелүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өткөрүп берилет; 7) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө, алардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөктөшүүгө; кызматтык ишин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө; 8) аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна; 9) анын кызматы менен байланышкан, ал ыйгарым укуктуу болбогон милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө; 10) кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын түздөн-түз жеке кызыкчылыгын козгогон маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга; 11) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бөгөт болгон иш таштоолорго, митингдерге жана башка иш- чараларды уюштурууга же аларга катышууга; 12) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган, мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды, кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда жайылтууга же пайдаланууга; 13) референдумдун жана шайлоо өнөктүктөрүнүн мезгилинде кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга; 14) эгерде мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, камкорчулук же байкоочу кеңештердин, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын башка органдарынын башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан алардын бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө; 15) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш-сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш-сапарларга чыгууга; 16) жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин көпчүлүктүн алдында сынга алууга. 2. Ушул беренеде каралган чектөөлөр сакталбаган фактынын белгилениши кызматчыга карата ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 3. Кызматчы кызматын токтоткондон кийин бир жылдын ичинде төмөнкүлөрдү жасай албайт: 1) үчүнчү жактардын кызыкчылыгында анын компетенциясына кирген маселелер боюнча өзү мурда иштеген жери боюнча кайрылууга; 2) кызматта турган мезгилинде анын карамагына кирген иштер боюнча жеке же юридикалык жактын атынан аракеттенүүгө, бул ошол жеке же юридикалык жакка кошумча артыкчылык бермек. 4. Кызматчы мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында тура албайт. 5. Башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт. 17) медиатор катары иш жүргүзүүгө. (2022-жылдын 6-июну № 41 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык) Ошондо кооперативге жөнеле мүчө болсоңуз, ага эч кандай чектөө жок. Боло бериңиз.

Нурыйман     [15 Сентября 2022]

Мам.кызматкерлерди жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациядан өткөруудө, 3 этаптын бирөөсүнөн аз балл алып калса, мисалы экөөнөн 16 балл копьютердик тестирлөөдөн 0 балл болсо өтө береби?

Ответ:

Урматтуу Нурайым. Конкурстун үч этабынан кийин конкурстук комиссия чечим кабыл алат. Мисалы муниципалдык оорунду ээлегенге татыктуу же жок деп. Сиз кайсы позицияга баратасыз, ал позицияда компьютер керекпи же жокпу - комиссия карап чечет. Кадр маселеси боюнча абдан көп укуктук ченемдик актылар бар. Кызматтар дагы көп, сиз кайсы позицияга баратканыңар белгисиз. Жөнеле жооп берип кою мүмкүн эмес, сиз мамлекеттик кадр кызматына телефон чалып, кайсы позиция менен баратканыңарды түшүндүрүп так жооп алыңыз.

Депутат     [14 Сентября 2022]

Биз айыл аймакта 11 депутатбыз. Жергиликтүү кеңештин төргсына ишенбечилик көрсөтүп түшүрөлүк дегенбиз. Аны кантип мыйзам чегинде ишке ашырсак болот?

Ответ:

Урматтуу депутат. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 40-беренесмнде жергиликтүү кеңештин төрагасы жонундо 4 пунктунда жазылган: «Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.»

Нурыйман     [9 Сентября 2022]

Саламатсыздарбы ФПСтин жери боюнча №309 токтом не болтат ижарасы буткон жаранар кайра ижара алабы фондун жеринен?

Ответ:

Урматтуу Нурыйман. № 309 Токтом - иштебейле. Бул жылы бул токтом кеч чыгып, жергиликтүү элет каршы болуп - токтом иштеген жок. Эми каршылыкты көргөн өкмөт 75 % пайыз АЖМФ жерди өзүм таратам (райондук агрардык өнүгүү башкармалыгы аркылуу) деди эле, элет жериндеги калктын кыжыры келгенин көрүп 50 % түшүрү аракетин көрүп жатышат. Ошол нерсе ишке ашып калса 50 % жерлерди Айыл өкмөт аукцион аркылуу таратат, 50 % район айыл чарба кооперативдерге болуп беришет. Биздин уюмдун жеке пикиринде, бул туура эмес кадам, район жер маселелерине кийлигишпей, кооперативди иштеткиси келсе, арзан насыя аркылуу дыйкандар бириккиле, мындай жер жемиш отургузгула деп, мотивация аркылуу ишке ашырыш керек. Булар болсо өздөрү жер болүштүрүп чоң болгондон башка, колдорунан эч нерсе келбейт, тилеке каршы.

Кеңеш     [8 Сентября 2022]

Мен айылдык маданият үйүнө жетекчи болуп келгем. Менден мурун жетекчи болгон киши аккордеон жана башка жабдыктарды өткөрүп бербей жатат. Акт түзгөнбүз, ал мүлккө ким жооп берет, кимдин мойнунда болот? Кантип акт приемки - передачи уюштуруу керек?

Ответ:

Урматту Кеңеш мырза. Маданият үйүнүн жабдыктары муниципалдык мүлк болот (балким аккордеон - жеке мүлк болгондур, бербей атканына караганда). Муниципалдык мүлккө айыл өкмөт ээлик кылат жана жооп берет. Ошондуктан, сиз айыл өкмөткө кайрылып маданият үйүнүн мүлкүн өткөрүп берүү актысын түзүгө талап коюңуз. Алар бул ишке түздөн түз кызыкдар болушу абзел, анткени бул мүлккө жоопкерчиликти мойнуна алышкан. Айыл өкмөт комиссия түзүп, болгон жабдыктарды инвентаризациялап, актка киргизип сизге өткөрүп бериши керек. Сиз ошол акт боюнча алынган жабдыктарга кана жооп берип каласыз.

аfff     [8 Сентября 2022]

Саламатсызбы 1 августан баштап мам.жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы которулду, бирок которулгону менен вредность за компьютера деген пункт озунун кучун жоготту мурун 26000 сом алсак азыр 19500 сом алып калат экенбиз ушул айлык акы боюнча жогорку органдар органдарга сунуш же талап катары кат жузундо кайрылуу кылса болобу деги эле айыл окмотунун кызматкерлеринин айлык акысын карап чыккан атайын орган барбы? Анткени берилген информациянын негизинде жонокой специалист 30000-35000 сом алынат деген азыр болсо 20000 сомго жетпей калды же окмот эл козунчо эле айтып койгонбу?

Ответ:

Урматтуу afff. Бул суроо менен сиз расмий түрдө Каржы министирлигине кат аркылуу кайрылыңыз. Алар кат жүзүндө жооп беришет, эмнеге ар бир кошумча иштебей калганы жөнүндө. Сиз кат жазып жатканда, так суроолорду койгула, так маалыматты жазгыла. Балким сиздин сурооңуздүн негизинде, бир чоң нерсе табылып калат. Мисалы, билим берүүдө стажга коэффициент бар деп мыйзамга жазышкан, бирок Минфин, аны толөгөн эмес. Тың мугалимдер аны таап чыгып, Минфинди сотко берип, жалпы Кыргызстандын мугалимдери стажга караган каражатты төлөтүп алышкан. Сиз дагы расмий, суроолорду так коюп, Минфинге кат жибергиле. Жооп алганда мага Whatsapp 0554620484 аркылуу алардын жообун салып койгулачы. Элдерге маалымат катары жайылтып коем, а отписка берсе, мына Минфиндин отпискалары деп, алардын атагын чыгарып коем. Айлык алгандан кийин, жөнеле отписка жазбай, жакшынакай жооп даярдап жүрүшсүн.

Талант     [4 Сентября 2022]

Кандайсыздар. А/о башчысына Бир айылдын 5депутаты ишенбештик берсе, окмотко кандай чара колдонот башка уч айылда 26 депутат бар

Ответ:

Урматтуу Талант мырза. Сиздин сурооңузду тактоого тийиш. Анткени айыл башчыга чара көргөнү жатасыңарбы, же айыл өкмөт башчыгабы? Айыл башчы бул административдик кызмат, анын ишмердүүлүгүн айыл өкмөт баалап, жумуштан кетире алат. Анткени, ал айыл өкмөт тарабынан калктын макулдугу менен дайындалат. Айыл өкмөт башчы бул саясий кызмат, ага ишенбестик көрсөтүү үчүн (Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдын 53-берене, 3-пункт, 9-подпунк) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 добушу менен ишенбестик билдирилген учурда, кызматтан бошотууга мыйзам жол берет. АӨ башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулат.

Үпөл     [30 Августа 2022]

Саламатсыздарбы Кыргыз! Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы менен куттуктаймын. Сиздерге төмөндөгүдөй суроом бар.Айыл өкмөтүнүн жарандарына мал жандыктарын жазып берүүчү тактамасына,кол коюу үчүн жайыт комитетин кошуп жазса мыйзамга туура келеби, себеби жарандар жайыт жерлери үчүн салыктарын төлөбөй мал башына салыктар алууда. Мыйзамга туура келеби ушул боюнча жооп берип койсонуздар. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Үпөл айым. Мал жандыктардын саны ар бир айыл өкмөттүн чарба китебине жазылат, ошол жерден тактап справка бересиңер. Жайыт комитети дагы ошол чарба китептен маалымат алып, такташ керек. Жыл сайын инвентаризация кылып, АӨ тактап турат. Справкага жайыт комитетин дагы кошо албайсыңар, аны бюрократизация деп коюшат.

Бактыгуль     [12 Августа 2022]

здравствуйте. объясните пожалуйста что такое Представительный орган муниципального образования,

Ответ:

Представительным органом власти являются избранный народом ветвь власти. В муниципалитете (айыльный аймак или город) это местный айыльный кеңеш или городской кеңещ, то есть депутаты местного кеңеша.