Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


азамат     [28 Сентября 2015]

мечит элдин салымы менен курулса, мамлекет мечиттин курулушун текшере алабы? мечиттин документтери буткон

Ответ:

Кайсы каражатка Мечит курулбасын, мамлекет курулушту текшере алат. Биринчиден бул архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктер, анткени биринчиден коопту эмес имарат курулушу абзел. Кийин курулуп бүткөндөн кийин Мечиттин иши боюнча Дин маселеси боюнча мамлекеттик агенттик, жана коопсуздук маселе боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер боюнча Министрликтин атайын бөлүмү.

мир     [28 Августа 2015]

саламатсыздарбы, Сиздерге суроо берсек абдан кеч жооп болуп жатат, бул маселени чече аласыздарбы, анткени суроого жооп кеч болуп, биз бир аз кыйналып жатабыз

Ответ:

Саламатсынарбы урматту биздин сайттын колдонучулары. Ыкчам мөөнөттө сурооңорго жооп алгыңар келсе Контакты деген бөлүмдөө биздин эксперттердин уюлдук телефондору жазылган. Абдан шашылыш иш болсо (0554) (0772) 620484 телефонго чалсаңыздар болот.

Азам     [27 Июля 2015]

Здравствуйте! В случае роспуска местного кенеша, кто будет исполнять обязанности председателя? А также в случае отсутствия председателя работники аппарата местного кенеша как будут получать заработную плату ведь председателя нету который имеет право подписи на финансовые документы?

Ответ:

Азам здравствуйте. Ваш вопрос касается городского кенеша, потому что постоянно действующим аппаратом может похвастаться только городские кеңеши, в местных айыльных кенешах аппарата пока нет. В случае роспуска городского кенеша ответственный секретарь городского кенеша временно будет подписывать некоторые документы связанные с деятельностью аппарата городского кенеша. Например, подписать табель на выдачу заработной платы и т.д.

Бакыт     [16 Июля 2015]

Наше село является отдельно расположенным населенным пунктом. Может ли айыл башчы ввести своё делопроизводство отдельно от айыл окмоту, как его структурное подразделение, т. е. включив заведённые у него дела в общую номенклатуру дел айыл окмоту? Если можно ввести отдельно то на какое НПА ссылаться?

Ответ:

Уважаемый Бакыт делопроизводство айыл башчысы не может вести отдельно от айыл окмоту. Это не входит в его функциональные обязанности, он не является специалистом по делопроизводству и номенклатура дел ведется в самом айыл окмоту.

Саяк     [26 Июня 2015]

1.Жоопту катчы ооруп ооруканада жатса, ошол учурда сессия откороотургандай болсо, айыл кенештин протоколун ким жазып, кол коюп бериш керек. Мыйзам боюнча жоопту катчыдан башка эч ким секретарь боло албайбы?\\\\n2. Мыйзамда айыл окмотун орун басарына айыл кенештин детутаттары ишеним корсотпой коюп, жумуштан алып койсо болот, эмнегедир бул норма жоопту катчыга дал келбейби? А бирок айыл окмоттун милдетин аткарууга болот дейт. Ушул жонундоо тушундуруп беринизчи. Рахмат.

Ответ:

Биринчи суроо боюнча: Жоопту катчы узак мөөнөткө оруп кала турган болсо, айыл башчы анын милдетин башка кызматкерге жүктөп коюшу керек. Мындай маселелер мыйзамда жазылган эмес, анткени майдалап жазылса, кийин иштегенге тоскол болуп калышы мүмкүн. Экинчи сурооңуз боюнча: чын эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 51 беренесинде 4 менен 5 пунктарында бири бирине карама каршы келген нерсе жазылып калыптыр: "4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат. 5. Айылдык кеңеш ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет." Ошондо түшүнүксүз болуп калган, айыл башчынын орун басары бул административдик кызматка киреби же саясий кызматбы? Сурооңузга чоң рахмат, бул маселени мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен туралоо керек. Ошол агентиктерге билдирип коелу.

мир     [16 Июня 2015]

1. Сиздер билгендей КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттен тышкаркы фонд түзсө болот. Ал үчүн “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фондусу жөнүндө жобо” иштеп чыгуу керек. Сиздерде ушундай жобонун үлгүсү барбы? \n2. ЖОГОРУДАГЫ МЫЙЗАМДЫН 7-БЕРЕНЕСИНЕ НЕГИЗ ЫКТЫЯРДУУ САЛЫМДАР ТҮШҮНҮГҮ БАР. БИЗДИН АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН СЧЕТУНА ЭЛДЕН 300000 СОМ ЫКТЫЯРДУУ САЛЫМ ТӨГҮЛГӨН. УШУЛ АКЧАНЫ ТӨККӨН ЭЛДИН ПРОТОКОЛУ (300000ДИ) МЕНЕН АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН СЧЕТУНАН БЮДЖЕТТЕН ТЫШКАРКЫ ФОНДКО КОТОРСО БОЛОБУ?

Ответ:

Элден түшкөн 300000 сом ыктыярдуу төлөмдөрдүн колдонгон максаты бар, ал бюджеттин алкагында колдонот, анткени Бирдиктүү бюджеттик классификатордо бюджеттин киреше булагы ыктыярдуу салым деген булактар бар. Сиз жазган мыйзамдын 3 беренесинде Жергиликтүү бюджеттин кирешеси эмнеден турары жазылган, анын ичине ыктыярдуу салым дагы кирип кеткен. А бюджеттин киреше булактары мыйзам боюнчап бюджеттен тышкары фондко киргизилбейт. Андан сырткары "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамынын 30 беренесинеде минтип турат: "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддон, Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондунун, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулук акчаларынан жана взностордун эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддордон башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынат". Бир тармакты караган эки мыйзамдын бири бирине карама кааршы болуп жатканы, канча жылдан бери Бюджеттик кодекс кабыл алынып чечилиши керек болчу, тилеке кааршы ал ишке аша элек. Талдап көрсөк, бүгүн жергиликтүү бийлик бюджеттен тышкары фонддорду түзгөнгө мыйзам жол бербейт.

Caяк     [13 Июня 2015]

Катчынын же болок кызматкерлерин милдетин аткаруу учун талаптар коюлабы, же конкурска чейин талабы жок эле иштей берсе болобу. Канча моонотто убактылу милдетин аткарса болот, чеги барбы жана ким айыл окмоттун милдетин аткарууга буйрук чыгырат.

Ответ:

Жоопту катчы - бул айыл өкмөттөгү айыл башчыдан кийинки (орун басар кызматы жок болгондо) кызмат, ошондуктан бул кызматка талапкерлерге сөзсүз талаптар болушу абзел. Конкурска чейин ушул кызматты ээлегиси келген талапкер деле мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек. Мисалы^ жоопту катчы жогорку билимдүү, 3 жылдан кем эмес муниципалдык же мамлекеттик иштерде стажы болушу керек. Эмгек кодекси боюнча милдетти аткарууга 3 ай мөөнөт барилет, ушул мөөнөттүн ичинде конкурс жарыяланып адис тандалып алышы талап кылынат. Мыйзам боюнча, айыл башчы кандай бир себеп менен жумуштан чектетилсе жаңы шайлоо болуп, айыл башчы тандалганча анын милдетин жоопту катчы аткарат, деп жазылган, бирок ошол буйрукту ким чыгарарын мыйзамда таак жазылбай калган. Талас облусунун Шекер деген айыл өкмөтундө ушундай жагдайда аким жоопту катчысына буйрук чыгарбай, айыл өкмөтүнүн милдетин аткарууга башка адамды тартып келүүгө аракет кылган. Ошондо, буйрука ким кол коюш керек деген маселе туулган. Практикада бул укукту акимдер өздөрүнө таандык кылып алышкан.

азамат     [4 Июня 2015]

Саламатсыздарбы, эгерде бир тууган иниси жергиликтуу кенештин депутаты, эжеси жергиликтуу кенештин (айыл окмоттун жооптуу катчысы) жооптуу катчысы болсо мыйзамга каршы келбейби? Бир туугандар бири-бирине баш ийип калбайбы? Тезирээк жооп берсениздер абдан жакшы болот эле.

Ответ:

Айыл өкмөттүн жооптуу катчы кызматы менен депутаттык орунду бир туугандар ээлесе мыйзам бузуу болбойт. Буга тыйуу салынган эмес.

Чынара Байгазиева     [4 Мая 2015]

Саламатсыздарбы? Менде жакшы сунушум бар эле кантип кимге жеткирсем болот? Айыл шаар жергеси бут колдоно алат, себеби азыркы жаштарыбыз жаман жолдорго барып озуно кол салып коп азап чегишуудо. Ошонун бир аз болсо да азайта алабыз деген ойдомун, кайда кимге жеткирип колдо алсам болот?

Ответ:

Чынара саламатсызбы. Ушул көйгөйгө кайдыгер карабай сунушуңарды берейин дегениниз жакшы. Ойлоруңузду бул почтага салып жибергилечи, андан ары министрлике жеткирип же ММК чыгарып көрөюн. Балким ТВ каналдан атайлап передача даярдап калсак сизди чакырабыз. koom.kg@gmail.com Сизге рахмат.

Марат     [23 Апреля 2015]

Саламатсыздарбы! Менин сиздерге суроом бар эле. Азыркы учурда нарын облусунун копчулук жеринде айыл калкы мал багып, мурдагы бузулуп кеткен сарай, кыштоолорду кайра калыбына келтируу учун сарай, кыштоолордун ордун кайра менчикке беруу боюнча кайрылып жатышат. Алардын орду жайыт жеринде. Ошондуктан мыйзам боюнча айыл окмоту чечим менен ал сарайдын, кыштоонун ордун айыл тургундарына менчикке бере алат. Эгер бере алса кайсы мыйзамдардын негизинде.

Ответ:

Кыргызстанда акыркы жолу жерлерди инвентаризациялоо 1991- жылы өткөрүлгөн. Анда өлкөбүздөгү баардык жер аянттары такталып чыккан. Анын негизинде картадагы контурлар, жер аянтынын өлчөмү, колдонуу багыттары так белгиленип көрсөтүлгөн. Сиз сураган сарайлар жайлоодогу жана кыштоодогу конуштар ошол инвентаризациялык документтерде сарай катары так көрсөтүлсө, ал жерге айыл өкмөтү тийиштүү документтерди топтоп чечим чыгарып бере алат. Ошондуктан, айыл өкмөттө колдонулуп жаткан жерлердин картасы жана инвентаризациялык китептен карап чыгуу керек. Азыркы учурда көптөгөн айыл өкмөттөрдө жогоруда аталган инвентаризациялык китеп жок, андай учурда так маалымат алуу үчүн мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына кайрылуу керек. Жайыт жеринен жаңы сарай салууга чечим чыгаруу айыл өкмөттүн компетенциясына кирбейт, себеби жайыт жерлери мамлекеттик менчиги болуп эсептелинет.