Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


айыл башчы     [21 Июля 2018]

Саламатсыздарбы .Суроо томондогудой Эстелик жана муниц.жерге госакт чийилген бар каттоодон кийинчереек откон ,ошол эле жердин бир-беш сотыхка чейинкисин кошуналар жеке тургун мурунураак чийдирип госактыларын алган . Чийдирип алган бир эки бурч жер Короче накладка да.Муну кимдер териштирет кимге кайрылабыз жол жоболору кандай .Госактын ким жокко чыгарат,чийген госрегистр же басып алган тургшундарбы же коруп билип жургон козомол жургузбогон айыл окмотубу же анын кызматкериби! Кандай жаза кутуп турат.рахмат.

Ответ:

Урматтуу Айыл башчы! Алгач кандай гана жеке же юридикалык тарап болбосун, баары өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугуна ээ болуу үчүн айыл өкмөткө чечим алууга кайрылышат. Чечимди алгандан кийин гана мамлекеттик акт алуу үчүн мамлекеттик каттоо кызматына барышат. Айыл өкмөтү бир жер участогуна эки чечим чыгара албайт, бул Сиз келтирген факт айыл өкмөттөгү кызматкерлердин кесиптик деңгээлинин кандай абалда экендигин көрсөтүп турат. Мамлекеттик каттоо кызматы да текшерип, тактап чыккандан кийин гана мамлекеттик акты бере алат. Урматтуу айыл башчы, чынында эле ушундай фактылар болсо, анда сот органдарына кайрылууга туура келет.

Улан     [21 Июля 2018]

Менде бир суроо бар: айыл тургунунун айыл ичиндеги турак жай салууга жери 2003-ж системалык каттоодон откон азырда каттодо турат, а бирок айыл окмот кызматкерлери ага жаны участокко токтом чыгарып арх. долбоорун уй курганга болуп берип салды,ал системныйда отуп турган жерин кошунасына сатып жиберген .мыйзамда кандай каралган ,ким жооптуу,кандай чара колдонсо болот. кимге кайрылыш керек.Ушундай учурлар коп эле катталса керек.Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Улан! Сиздин маалыматыңызга таянсак, бир адамга турак-жай куруу үчүн жер участогу 2 жолу берилген экен. Албетте, бул көрүнүш айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин ишке жоопкерчиликсиз мамилесин, кесиптик деңгээлин төмөндүгүн көргөзүп турат. Бул иш боюнча жоопкерчиликти жаңы турак-жай берүү боюнча чечимди даярдагандар, биринчи кезекте айыл өкмөттүн башчысы алат. Бул маселенин мыйзамдуу тарабы, бирок кандайдыр бир обьективдүү себептер чыгып, анын аркасынан 2 жолу берилип кетиши да мүмкүн. Түп нуска документтер менен таанышып чыкмайынча бир жактуу баа берүүгө болбойт.

Асан     [21 Июля 2018]

Саламатсыздарбы. Биздин айыл окмоттун бухгалтери жаны келген Айлыктарды туура эсептебей жатат .Билимге карап айлык чыгарат,высокогорье да бар ага канча % кошулат иш стажым 11 жыл клуб башчымын.С.Чокморов окуу жайы жана Токмоктогу китепкананын окуу жайын буткондор айлыкка жогорку билимдуу деп жазылабы.Мага окуу жайлар боюнча М; колледж,техникум ,бутпогон техникумду ,бутпогон институт универлер жана 9-класс билими жана 11-классты бутургондор окмотто иштешет,ошол билим жонундо маалымат берип койсонуздар.тарификацияда карасам кээ бироонуку жогорку деп журот.М..С.Чокморов окуу жайы жана Токмоктогу китепкананын окуу жайын бутургондор.Меники мурдагы техникумду буткон эмесмин,бутпогон атайын орто деп жазылабы же орто деп элеби? Мен бухгалтерге ишенбей коз карандысыздарга эсептетсем болобу.

Ответ:

Урматтуу Асан! Маданият кызматкерлеринин штаттык кызмат орундарын, эмгек акысын ж.б. маселелерин райондук маданият бөлүмү тастыктайт, айыл өкмөттүн бухгалтери бул ишке таасир эте албайт. Ошондуктан түшүнбөгөн суроолоруңуз боюнча райондук маданият бөлүмүнө кайрылганыңыз оң болот.

????     [17 Июля 2018]

Мен озум айыл окмотто иштейм да анан бироонун ордуна иштеп жатам. Ал кызматкер эмгек оргоосуно кеткен. Бирок жаны эле орношкон болчу. Негизи мыйзам б.ча жумушка жаны кирип, кайра эмгек оргоосуно чыкса болобу

Ответ:

Урматтуу ??? Эмгек кодексинин 126-беренесинде “ иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкерге өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн” деп көрсөтүлгөн.

Предриниматель     [17 Июля 2018]

Здравствуйте, я хочу открыть торговую точку вдоль дороги, на муниципальной территории, и я обращался с заявлением в айыл окмоту, где мне ответили что необходимо сформировать данный земельный участок. Кто должен формировать муниципальный земельный участок, и что необходимо от заявителя (т.е. меня), включая материальные расходы?

Ответ:

Уважаемый предприниматель! Муниципальный земельный участок должен формировать органы местного самоуправления. Для возникновения полноценного права на муниципальную собственность ОМСУ должны пройти ряд необходимых процедур, которые фактически закрепляет это право. Кроме оценки остаточной стоимости и постановки муниципальной собственности на баланс айыл окмоту, включения объектов в реестр, необходимо для окончательного закрепления прав на объекты муниципальной собственности провести государственную регистрации в органах государственной регистрации. Для эффективного управления муниципальной собственности айыльный кенеш своим постановлением устанавливает, на каких правах и через какие процедуры предоставлять в собственность или пользование, в аренду. После этого айыл окмоту приступает управлении и распоряжении муниципальной собственности, т.е. ведение всех отношений с пользователями муниципальной собственности в соответствии утвержденным постановлением местного кенеша. Н-р: сдача в аренду, предоставление в пользование по договору и т.д. Таким образом, ОМСУ может предоставлять только сформированное муниципальное имущество. Действия заявителя и связанные с ним расходы возникнут позже.

Бактыяр     [17 Июля 2018]

Добрый день, меня зовут Бактыяр, и у меня следующий вопрос. Согласно налогового законодательства КР вся сумма налога на основе добровольного и обязательного патента поступает в местный бюджет айылного аймака, но при этом сбором и контролем за поступлением занимаются органы налоговой службы района. Как всем известно, некоторые сотрудники налоговой службы занижают суммы налога посредством уменьшения налоговой базы, тем самым уменьшается сумма поступлений по данному налогу в бюджет. Исходя из вышеизложенного, можно ли органам МСУ самим производить сборы и контроль по данным видам налогов, а также их первоначальное предоставление (выдача патента)? Спасибо Вам заранее.

Ответ:

Урматтуу Бахтияр! Бул маселе боюнча биздин сайтта абдан эле көп айталып келе жатат, таанышуу үчүн сайттын “законодательство” бөлүмүндө КР Өкмөтүнүн 2016-жылы чыккан №202 токтому, ага байланыштуу жобосу, “аналитика” бөлүмүндө “ Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” келишими, ал эми ”жаңылыктар” бөлүмүнөн ар кыл макалаларды таап окуй аласыз.Бул укуктук мыйзамдык актылар Сиздердин айыл өкмөткө салыкты өзүлөрү жыйнап чогултууга толук мүмкүнчүлүк берет. Эгерде ушул маселелер боюнча кандайдыр бир деңгээлде укуктук жана практикалык жактан жардамга муктаждык жаралса, бизге кайрылып жардам ала алсаңар болот.

Талант     [17 Июля 2018]

Саламатсынарбы. А/О мунспалдык жерин арендага алып здания салса болобу мисалы 5-10га чейин

Ответ:

Урматтуу Талант! Айыл өкмөттүн балансында турган муниципалдык жер аянты айыл өкмөт тарабынан аукцион же конкурс жолу менен ижарага берилгендиктен, ал жерлерге жеңил типтеги конструкциядагы имараттарды салууга гана мыйзам жол берет. Капиталдык курулуштарды салууга болбойт, ал үчүн аукциондон ал жер аянттын жеке менчикке сатып алуу керек.

Айто     [13 Июля 2018]

Саламатсыздарбы? Мен мамлекттик жана муниципалдык башкаруу адистигин бутургом. Учурда айыл окмотто иш-кагаздар боюнча катчы болуп иштейм. Менин суроом кыргыз тили адистигин кошумча алсам болобу, же созсуз кыргыз тилчи болуусу шартпы? Себеби бизде кыргыз тил адиси жок жана ал орун бош турат.

Ответ:

Урматтуу Айто жана байшка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери! Айыл өкмөттүн штаттык түзүмүндө адистердин саны так белгиленген. Ал орунга, силер кайсы адиске муктаж болсоңор ошону аласыңар. Эгер силердин айыл өкмөт кыргыз тилчиге муктаж болсо, анда ошондой адис аласынар. Ошондой орун бош болуп, сиз ишти кошумча мойнуңарга жүктөп алсаңар, ошол адистин 30 % кем эмес айлыгын кошумча кылып алсаңар болот. Ал үчүн сиз айыл өкмөт башчысына кайрылып, ал милдетти аткарууну өзүңүзгө фунционалдык милдетке коштуруп алып, аткара берсеңиз болот.

Улан     [11 Июля 2018]

Саламатсыздарбы. Ишиниздерге ийгилик. Биздей адамдарга кенештериниздерди берип турганыныздарга. Менде суроо жакында Окмот ЖК жерлерди трансформациялоо тууралуу талкууну жактырды. Президент кол койсо айылды кенейтууго калтырылган(расширение) аянттарды турак жай курууга огородко бере баштайбы? же 2009-жылга чейинки уй салып алгандарга эле шаардын чекесиндегилер элеби.Эгерде расширениенин документери болсо качан ,кимдер жана кандай тартипте бере башташат. Эгерде Кезекке тургандар аябай коп жаш уй було жана 18 жашка чыккан кыздар, балдар баары элее арыз жазып откоргон. Мыйзамда каралганбы кызга огород берилет деген. Мага жер берилуунун тартиптерин жана мыйзамда каралган кандай жагдайлар тууралуу жооп берип койсонуздар. Дагы суроо эгерде А/О тарабынан расширениеге полный документ даярдала элек болсочу. Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Улан! Бул токтом жакында Жогорку кенеш тараптан кабыл алынды. Эми президент кол койгондон кийин, мыйзамдуу күчүнө кирет, ошондо кана бул маселе кандай чечилерин так жазабыз.

Уланбек     [11 Июля 2018]

Саламатсыздарбы.Менин суроом томондогудой : АМФЖнын жеринен кайрак айдоо 3 га жерди аукцион аркылуу алгам. Бирок суу баскан жер, суу жакшы эле келет, тушум жакшы эле берет деп жер комиссиясы жер салыгын, соц.фондусун сугат айдоонукундай толотот. Ага кошумча ижара акысы да бар келишимде жазылуу. Ал жерге акчасын тогуп эле келе жатам.Табигый чоп бар жана беде айдалган бирок эки жылдан бери кун ысыктан, сууну убагында бербегендиктен эки жылдан бери чоп чыкпай куурап калды .Суу сурасан, сеники чөп койо тур, дан, эгин, картошка деп бербей жатып 70-80% эчтеке чыкпай калды. Аренда акыны А/О салыкчылар сурап жатышат. Актабай калды. Ошондо СПА башчысы куноолуубу же эмне кылыш керек, бары эле ары бери айтып жатат. Кандай кылып толобой койсом болот же созсуз эчтеке тушум албасам деле толошум керекпи. Кимдерге кайрылам. Алдын ала чон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Уланбек! Эч ким Сизди кайракы жерге жер салыгын сугат жердикиндей кылып төлөтүүгө мажбурлай албайт, ал эми 3 га жер аянтына ижара акы келишимде көрсөтүлгөн баада төлөнөт. Ижара акы кайсы учурда, кандай шартта төлөнбөй тургандыгы келишимде көрсөтүлөт. Салыкчылар менен көйгөй болсо, ушул сайттын контакты деген бөлүмүндө биздин телефондор жазылган, чалып койгула.