Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Тургун     [1 Октября 2021]

Саламатсызбы! Менин суроом мындай: жарабай калган мектептин имаратын снос(бузуу) боюнча тартибин айтып коюңузчу! Кайсы документтерди бүтүргөндөн кийин гана бузганга болот? Ыракмат!

Ответ:

Урматтуу Тургун, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19 беренин негизинде жергиликтүү кеңеш муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибин аныктайт. Экотехинспекциянын жана МЧСтин корутундусун алгандан кийин бузганга болот.

Венера     [29 Сентября 2021]

Саламатсыздар менин суроом томондогучо.Быйылкы шайланган айылдык кенештин депутаттары былтыркы жана мурдагы жылкы берилген материалдык жана гуманитардык жардамдар боюнча отчет бер деп жатышат. Алар ушуга укуктуубу? Кандай кылсам болот? Экинчи суроом мен озум жетектоочу адисмин жооптуу катчыга сынакка катышайын дегем бирок эгер тесттен отпой калсам кайра ордумда эле иштей берсем болобу же жумуштан бошошум керекпи ?

Ответ:

Урматтуу Венера, былтыркы жана мурдагы жылкы берилген материалдык жана гуманитардык жардамдар боюнча отчет мурдагы АК берилсе, ошол отчеттун кочурмосун берип койсонор болот. Андай отчет жок болсо, айылдык кенештин депутаттары кагаз турундо кайрылышы керек, ошондо гана сиз маалымат бересиз. Экинчи суроонуз боюнча, жооптуу катчыга сынакка катышай эле койсонуз болот. Сизди 2016-жылдын 30-майы № 75 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-берене. «Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби» 17 пункт. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта, баалоонун жыйынтыгы боюнча кызматчыны кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого укуктуу.

Адыл     [28 Сентября 2021]

Саламатсыздарбы! Тамарка, үлүш жана аренда жерлеринин салык толомдорун кандай жол менен которууго болот?

Ответ:

Урматтуу Адыл, тамарка, улуш жерлеринин салык толомдорун которуу бул айылдык кенештин компетенциясына кирет. 2011-жылдын 15-июлу № 101 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 31-берене. «Шаардык жана айылдык кеңештердин компентенциясы» 4 пункт. жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык Кодесинде 337-берене. « Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары» 6 пункт. Жергиликтүү кеңештер айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календардык жылдын ичинде бирден кем эмес көбөйтүүгө укугу бар.

Акмат     [28 Сентября 2021]

Саламатсыздарбы Мелис байке! МСУнун онугуусуно чон жардам кылган айыл тургунуна сый иретинде АК 10 мин сомго токтому чыккан. Фин эконом отдел негиз жок, кантип берем деп бербей жатат. Мыйзамда кандай каралган?

Ответ:

Урматту Акмат, суроонузга кеч жооп бергенге кечирим сурайм, сиздин суроонуз боюнча коп адистер менен кешешип бирдиктуу ой-пикирге келе албадык. Бирок 2021-жылдын 20-октябры № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын 39-берене. Жергиликтүү кеңештин чечимдери 2 пункт. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ. Мурунку мыйзамда деле ушундай жазылган. Ошондуктан аткаруу бийлик чыкан токтомду аткарышы керек, же болбосо токтомду сот аркылуу жокко чыгарыш керек, мыйзамдуу эмес теп ойлосо.

Адыл     [16 Сентября 2021]

Акысыз эмгек өргүүгө канча убакытка чыкса болот жана жумуш орду сакталабы?

Ответ:

Урматтуу Адыл, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 133 беренеси «Эмгек акы сакталбаган өргүү» : Үй-бүлөдөгү шарттар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. Иш берүүчү кызматкердин арызынын негизинде төмөнкүдөй учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана жеңилдиктери боюнча аларга теңештирилген адамдарга, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандарга - бир жылда 14 календардык күнгө чейин; өлкөнү коргоодо алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн айынан же фронтто болгондугуна байланыштуу дартка чалдыгып курман болгон аскер кызматкерлеринин ата-энелерине жана жубайларына - жылына 14 календардык күнгө чейин; иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - жылына 60 календардык күнгө чейин; кызматкерлерге - бала төрөлгөн, никеге катталган, жакын туугандары каза болгон учурларда - 5 календардык күнгө чейин; ушул Кодексте, башка мыйзам актыларында, болбосо жамааттык келишимде каралган башка учурларда. Кызматкер айлыгы сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде анын жумуш орду (кызмат орду) сакталат.

Аскар     [16 Сентября 2021]

Саламатсыздарбы! Эмгек өргүүгө жылына бир жолу чыгат деп белгиленген.6-9 айдан кийин дегенге кандай тушунсо болот? Жылдын башында эмгек өргүүгө чыккан болсо, 9 айдан кийин чыга алабы өргүүгө? Тушунук берип койсонуздар

Ответ:

Урматтуу Аскар, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 126 беренеси: «Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн тартиби» Акы төлөнүүчү өргүү жыл сайын берилүүгө тийиш. Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкерге өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн. Үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгонго чейин акы төлөнүүчү өргүү кызматкердин арызы боюнча төмөнкүдөй берилүүгө тийиш: 1) аялдарга - кош бойлуулук жана төрөтү боюнча өргүүгө чыгардын алдында же түздөн-түз андан кийин; 2) 18 жашка чейинки кызматкерлерге; 3) айкалыштырып иштегендерге, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалыштырып иштегенине 11 ай толгонго чейинки мезгилге туура келсе; 4) 3 айга чейинки жаштагы баланы (балдарды) багып алган кызматкерлерге; 5) мыйзамдарда каралган башка учурларда. Иштеп жаткан экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык иш жылынын кандай убагында болбосун берилиши мүмкүн. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн биринчи жана үчүнчү пункттарында баяндалгандан башка учурларда, өргүүнү иш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу, бирок 14 календардык күндөн кем эмес берүүгө уруксат берилет. Эгерде жамааттык же эмгек келишиминде башкача каралбаса, негизги өргүүнү биринчи иш жылында 11 ай өткөнгө чейин аванс менен алууга укугу бар кызматкерге иш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу берилет. Эгер кызматкер бир айдан кем эмес иштеген учурда, анын пайдаланылбаган эмгек өргүүсүн компенсациялоо укугу пайда болот.

Айжан     [14 Сентября 2021]

Добрый вечер! Местный кенеш может вынести главе айыл окмоту замечание, выговор и т д. Если да то как???

Ответ:

Уважаемая Айжан, так как местный кенеш является работодателем для главы айыл окмоту, то на него распрастраняются нормы трудового кодекса. Статья 20. Основные права и обязанности работодателя Работодатель имеет право: - поощрять работников; - привлекать работников к дисциплинарной и материальной ответственности в порядке, установленном настоящим Кодексом, иными законами; Статья 146. Дисциплинарные взыскания За нарушение трудовой дисциплины, то есть противоправное неисполнение или ненадлежащее исполнение работником по его вине возложенных на него трудовых обязанностей, работодатель вправе применить следующие дисциплинарные взыскания: 1) замечание; 2) выговор; 3) увольнение по соответствующим основаниям. Глава айыл окмоту может быть досрочно освобожден от занимаемой должности акимом за невыполнение или ненадлежащее исполнение законов, нормативных правовых актов Президента и Правительства, установленное органами прокуратуры, или делегированных государственных полномочий - с согласия большинства от общего числа депутатов айылного кенеша, а в случае повторного факта нарушения, невыполнения законов, нормативных правовых актов Президента и Правительства, установленного органами прокуратуры, - с уведомлением депутатов айылного кенеша, при этом если глава айыл окмоту обратился в суд с заявлением о законности принятого решения, назначение новых выборов приостанавливается до окончательного рассмотрения его заявления судом; в случае выражения недоверия двумя третями голосов от общего числа депутатов айылного кенеша, при этом если глава айыл окмоту обратился в суд с заявлением о законности выражения недоверия, назначение новых выборов приостанавливается до окончательного рассмотрения его заявления судом;

Каныбек     [14 Сентября 2021]

Здравствуйте! Если глава айыл окмоту не выполняет свои обязанности, постановления-поручения депутатов то какие меры каким образом правильно можем принять в отношении главы айыл окмоту?

Ответ:

Уважаемый Каныбек, так как местный кенеш является работодателем для главы айыл окмоту, то на него распрастраняются нормы трудового кодекса. Статья 20. Основные права и обязанности работодателя Работодатель имеет право: - поощрять работников; - привлекать работников к дисциплинарной и материальной ответственности в порядке, установленном настоящим Кодексом, иными законами; Статья 146. Дисциплинарные взыскания За нарушение трудовой дисциплины, то есть противоправное неисполнение или ненадлежащее исполнение работником по его вине возложенных на него трудовых обязанностей, работодатель вправе применить следующие дисциплинарные взыскания: 1) замечание; 2) выговор; 3) увольнение по соответствующим основаниям. Глава айыл окмоту может быть досрочно освобожден от занимаемой должности акимом за невыполнение или ненадлежащее исполнение законов, нормативных правовых актов Президента и Правительства, установленное органами прокуратуры, или делегированных государственных полномочий - с согласия большинства от общего числа депутатов айылного кенеша, а в случае повторного факта нарушения, невыполнения законов, нормативных правовых актов Президента и Правительства, установленного органами прокуратуры, - с уведомлением депутатов айылного кенеша, при этом если глава айыл окмоту обратился в суд с заявлением о законности принятого решения, назначение новых выборов приостанавливается до окончательного рассмотрения его заявления судом; в случае выражения недоверия двумя третями голосов от общего числа депутатов айылного кенеша, при этом если глава айыл окмоту обратился в суд с заявлением о законности выражения недоверия, назначение новых выборов приостанавливается до окончательного рассмотрения его заявления судом.

Бексултан     [14 Сентября 2021]

Доброго времени суток! Мой вопрос заключается в следующем, на территории айыл окмоту где я проживаю могу ли я законным путем взять (или как можно это назвать) земельный участок для строительство кошары? Какими путями, и есть ли позволяющий это сделать нормы закона в земельном кодексе или в других случаях?

Ответ:

Уважаемый Бексултан, на территории айыл окмоту где вы проживаете для получения земельного участока для строительство кошары вы должны обратиться в айыл окмоту, которые должны рассмотреть ваше заявление и принять решение. Если имеются свободные земельные участки, земельная комиссия должна определить как вам предоставить данный участок. В Земельном Кодексе в статье 77. « Использование земель населенных пунктов» прописано: 1. Земли населенных пунктов используются в соответствии с градостроительной документацией и правилами застройки и землепользования. 2. Генеральные планы населенных пунктов определяют основные направления использования земель населенных пунктов для промышленного, жилищного и иного строительства, благоустройства и размещения мест отдыха населения. 3. Правила застройки и землепользования разрабатываются на основе утвержденной градостроительной документации и определяют правила использования участков земель местного самоуправления. 4. Проект земельно-хозяйственного устройства территории населенных пунктов определяет основные направления использования не подлежащих застройке и временно не затрагиваемых земель населенных пунктов и утверждается в порядке, устанавливаемом Правительством Кыргызской Республики. 5. Предоставление прав на земельные участки для застройки в границах населенных пунктов производится на основании местного нормативного акта - правил землепользования и застройки и утвержденной градостроительной документации. Как написано в Земельном Кодексе, предоставление прав на земельные участки производится на основании местного нормативного акта, т.е. местный кенеш должен принять постановление. С уважением, Мелис Зарлыкович.

Эламан     [11 Сентября 2021]

Саламатсыздарбы! Айыл аймакта жайыттын жеринен үй курууга деп участка берилип кеткен экен, участкага берүү боюнча айыл окмотунун чечимин кайра жокко чыгарса болобу?

Ответ:

Урматтуу Эламан, КР «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жайыт бул мал жайып оттотулуучу максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү. Жайыттар Кыргыз Республикасынын менчигинде гана турат. Жайыттын жерине үй курууга болбойт, мындай иш аракеттер мыйзамсыз. Айыл окмотунун чечимин кайра жокко чыгарыш керек.