Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Бектемир     [17 Апреля 2018]

Айыл өкмөтү, Акимият жөнүндө мыйзамдарды так туурасын кайдан окуп билсе болот? Ссылка болсо жазып койсоңуздар.

Ответ:

Бектемир мырза саламатсыңарбы. 2011-жылдын 15-июлу № 101 КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы, 2011-жылдын 14-июлу № 96 КР "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамы. Бул мыйзамдар ушул сайттын Законодательство деген бөлүгүнөн таба аласыз.

Бектемир     [17 Апреля 2018]

Саламатсызбы Айыл окмот башчысын жумуштан ала алат, жана кандай учурда Аким жумуштан бошотот? Райондун акими эмне жумуштарды кылат? Негизги милдети кандай?

Ответ:

Бектемир мырза саламатсыңарбы. Сиздин берген сурооңузга жоопту КР "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамында так көрсөтүлгөн. Тактап кетсек 9-берене "Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы". 11-берене "Акимдин ыйгарым укуктары". Бул мыйзам ушул сайттын Законодательство деген разделинен алсаңыз болот. Окуп, сиздердин мамлекеттик администрацияңар эмне иш менен алек болгонго милдети жана укугу бар экенин билип аласыңар.

Жаз     [16 Апреля 2018]

Саламатсыздарбы, жергиликтуу оз алдынча башкаруу орган кызматкерлери менен айыл окмот башчысы кантип эмгек келишим тузот, жана ким тарабынан тузулот, кайсы жерден улгусун алсам болот. РАХМАТ ишиниздерге ийгилик.

Ответ:

Урматтуу Жаз! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин III-бөлүмүндөгү 53-78 беренелерде эмгек келишиминин кандай түзүлүүсү, эмнелерди камтылышы тууралуу толук жазылган. Өзүңөрдүн ишиңердин шартына карата келишимди түзүп алууңар керек.

Бакыт     [15 Апреля 2018]

Сатып алуулар жөнүдө мыйзамында сатып алуулар боюнча жылдык план жергиликтүү кеңеште бекитилет деген түздөн-түз жазылган норма жок экен. Сиздердин talant [28 Января 2018] жана Tolik [28 Марта 2018] аттуу колдонуучуларга берген жоопторуңуздарда жергиликтүү кеңеш аркылуу бекитилет деп жатасыздар. Сатып алуулар ж-дө Мыйзамынын 12-беренесинин 1-3-пункттарында жергиликтүү кеңеш жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр. Ушул маселе боюнча дагы бир жолу түшүндүрмө берип коюуңуздарды суранам, анткени айыл өкмөткө сатып алуу планын бюджет менен чогуу сунуштагыла дегенде, алар, андай норма жок деп коюшу мүкүн болуп жатат. Кайсы башка ченемдик-укуктук актыларга шилтеме кылсак болот?

Ответ:

Бакыт мырза саламатсыңарбы. Туура, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамында так ушундай талап жазылган эмес. Сатып алуулардын планын мамлекеттик сатып алуучу уюм бекитет. Бирок жергиликтүү бийликте эки канаты бар, бирөө аткаруу экинчиси мыйзам чыгаруу. Ошондо аткаруу бийлиги бир жылдык сатып алууларды пландаштырууда жергиликтүү кеңешти тартып, алар менен талкуулап анан бекитип алышса, кийин өйдө-ылдый маселелер азыраак болот. Аткаруу бийлик өзү бекитсе, кийин өзү жоопкерчиликти тартканга даяр болушу керек. Макулдашуунун аркасы менен бекиген план, чыр-чатака жол бербейт. Бул акыйкат башкаруунун принциби. Сатып алуулардагы көйгөйлөрүңөрдү жазып коюп тургула, системдүү маселени чогу чечкенге баралы, сизге рахмат.

Руслан     [13 Апреля 2018]

Здравствуйте. В каких случаях и по каким вопросам в местном кенеше проходит тайное и открытое голосование? В каком законе это есть?

Ответ:

Уважаемый Руслан! Местный кенеш могут принят решения открытым или закрытым голосованием. Открытое голосование проводится путем поднятием руки депутатами айылного кенеша в подсчета голосов председательствующим, который объявляет принято решение или не принято. Тайное голосование проводится тогда, когда депутаты заполняют бюллетеня и отпускают в опечатанную урну. Счетная комиссия составляет протокол подписанными всеми членами счетной комиссии и озвучивается председателем счетной комиссии на сессии. Председательствующий на сессии объявляет, принято решение или нет. Протокол о результатах тайного голосования утверждается постановлением айылного кенеша.

шерзат     [12 Апреля 2018]

Саламатсыздарды. Менин суроом мен жашаган дарек жаны чек болгондуктан жашоочулардын саны кобойгондугуно байланыштуу электр энергиянын кубаттуулугун кобойтуу керек, б.а. жаны трансформатор коюу керек ошол трансформаторду орнотуучу жерге тиешелуу жактардан же жергиликтуу бийликтен куболондуруучу документтерди алуу керекпи.

Ответ:

Урматтуу Шерзат! Ооба, жергиликтүү бийликтин аткаруу органы болгон айыл өкмөтү трансформаторду орнотуу үчүн жер аянтына чечим чыгарып бериши керек. Жаңы турак-жай конуштарынын башкы планында (генплан) трансформатор, электр мамылары ж.б. орду такталып көргөзүлөт, ошондуктан архитектура,мам.каттоо органдарын тыянагы ( заключение) болгондон кийин , айыл өкмөтү өз чечимин чыгарат.

Жаз     [12 Апреля 2018]

саламатсыздарбы айыл окмотторуно келе беруучу текшенруучулордон кантип кутулабыз текшеруучулор келе берип тажатты бир текшеруучу келип мындай документация жургузгуло дейт ,экинчиси мындай эмес деп оздорунукун айтат биз айыл окмоттор чынында эле тепки жей берип тажадык бизди ким сактайт ким коргойт , айтыныздарчы чек барбы\\n\\n рахмат ишиниздерге ийгилик

Ответ:

Урматтуу Жаз! Албетте, сиз жүрөктү өйүгөн эң оор суроолордун бирин бердиңиз, ооба бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарда текшерүүлөр болуп келген жана мындан ары да боло берет. Бирок, бардык текшерүүлөр мыйзамдын алкагында болуусу керек. 2016-жылдын 31-мартында №32-"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган, ушул мыйзамда текшерүүлөрдүн шарттары, эрежелери так жана даана жазылган. Бул мыйзамды биздин сайттын " Законодательство" бөлүмүнөн таап , кунт коюп окуп чыгыңыз.

Руслан     [10 Апреля 2018]

Мною на должность председателя Жайыт комитета был представлен депутат местного кенеша,который избран на общем собрании.Имеет ли он право одновременно быть депутатом и председателем ЖК? Согласно бюджетному кодексу плата от пастбищ является источником доходов местного бюджета, и в финансовом плане ЖК подконтролен айыл окмоту. Согласно закона о пастбищах местный кенеш утверждает план сообщества по использованию пастбищ и отчет об их использованию,т.к ЖК подотчетен кенешу. Действует ли на него ст.5 Закона о статусе депутатов местного кенеша. Я не разобраться в данной коллизии. Разъясните пожалуйста по каждому НПА.

Ответ:

Уважаемый Руслан здравствуйте. Депутат Вашего местного кенеша не может быть представлен на должность председателя жайыт комитети. Это регулируется Законом КР "О местном самоуправлении" Статья 22. "Несовместимость статуса депутата местного кенеша с некоторыми должностями и видами деятельности" 1. Депутат местного кенеша не может состоять на государственной службе или иной муниципальной службе в случаях: 1) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он занимает руководящую должность, расположен в пределах территории того же айылного аймака или города, что и представительный орган местного самоуправления (местный кенеш айылного аймака или города), депутатом которого он является; 2) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, подотчетен представительному органу местного самоуправления (местному кенешу айылного аймака или города), депутатом которого он является; 3) если избрание, представление к назначению, освобождение руководителя государственного органа или органа местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, относится к полномочиям того представительного органа местного самоуправления (местного кенеша айылного аймака или города), депутатом которого он является.

весна 2018     [10 Апреля 2018]

Cаламатсыздарбы: а/окмотунун уставын бутурууго кандай документтерди даярдашым керек? Себеби биз а/о уставын бутурууго а/кенештин токтомун, уставдын оригиналын, бергенбиз бирок экинчи жылга айланып баратат.

Ответ:

Урматтуу весна 2018. Уставды юстиция министрлигинен бекитүүгө сиздер Уставдын оригиналын мөөр менен тастыкталган, жергиликтүү кеңештин токтомун ошол уставды бекитүү боюнча жана мамлекеттик пошлинаны төлөнгөндүгүн тастыктаган документти жиберсеңер, бекип келиши керек болчу. Сиздер кайсы район, кайсы айылдык аймак экенин жазып койсоңор, биз телефон чалып, алардын жообун жазып коет элек. Бул жерге ачык жазгыңар келбесе, жеке почтама жиберип койгула, жообун сиздерге билдирип коебуз. melis-msu@mail.ru

Аксы     [6 Апреля 2018]

Бизде жок экен миграция кайсыл жерден табам? Жардам бергиле Ошто же Жалалабаттагы адреси менен.

Ответ:

Урматтуу Аксынын тургуну. КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Оштогу филиалы Курманжан Датка көчөсүндө мэриянын аркасындагы имаратта жайгашкан. Мэрия тарабынан кирсе болот. Тел: 03222 2-50-87 Кайрылып, баарын мыйзамдаштырып алгыла.