Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Эрмек     [14 Декабря 2018]

Салам ишинерге ийгилик . Айылдын таза суугуа акча жыят. акчага насос ремонт болот 2 адамга айлык берет светке акча толойбуз дейт ошол мыйзамдуубу. Кантсе Мыйзам чегинде акча жыйса болот.толук малымат берсенер

Ответ:

Урматтуу Эрмек мырза! Сууга төлөгөн акчадан ИСКАКБ өз иш чараларын жүргүзөт. Өзүнүн штат боюнча алган кызматкерлерге айлык төлөп бергенге укугу бар. Андан сырткары ремонт, амортизациялоо, светке ж.б. суу берүү үчүн чыгымдарына жумушаса болот. Кошумча салыктарга да төлөшү абзел.

Сабыл     [13 Декабря 2018]

Рита саламатсызбы.Биздин айыл окмотундо иштеген кызматкер-соц адиси 3(уч) айдан бери больничныйда.Азыркы убакта смета тузуудо,отчет жасоодо милдетин аткаруучу толук кандуу иш алып бара албай жатат.Мыйзам боюнча больничный канча айга чейин толонот.Тортунчу айдан баштап милдетин аткаруучуну кандай иштетебиз.

Ответ:

Урматтуу, Сабыл мырза! Сиздин сурооңузду юристерден тактап, Больничный 4 айга чейин созулушу мүмкүн. Бардык төлөмдөр 42-пунктка "Положение о порядке предоставления пособия по временной нетрудоспособности, пособия по беременности и родам" карата жүргүзүлөт.

Сабыл     [13 Декабря 2018]

Саламатсыздарбы.Айылдык Кенештин депутаты айыл окмотунон суроо-талап менен финансалык документтер (келишим.деф.акт,смета,конкурстун-тендердин документтерин,буйруктарды,акча каражаты которулганы жонундо,ишти откозуп алуу актысын) менен тааныштырууну талап кылып жатат.Суроо-талабы сессияда талкууланган эмес.Кээ бир документтерди корсотконубуздо телефонуна суротко тартып жатат.Айыл окмотунун финансы-чарбалык документин эсеп палатасы кана текшере алат дегенибизге кайсы мыйзамда жазылган деген суроо беришти.Тагыраак жазып корсотулгон мыйзамдарды атап берсениздер.

Ответ:

Урматтуу Сабыл! Албетте, айыл кеңештин депутатынын жазуу түрүндө кайрылып, айыл өкмөттүн финансылык документтер менен таанышууга укугу бар. Депутат бул маселе боюнча арызды айыл кеңештин төрагасынын наамына жазуусу керек, төрага же айыл кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы арызды канаантандыруу үчүн айыл өкмөткө кат жүзүндө кайрылат. Бул көрүнүш айыл кеңештин аталган туруктуу комиссиясы ачык-айкын иштебей жаткандыгын же болбосо депутаттын туруктуу комиссиянын отурумдарына жана сессияларына дайыма катышпай жаткандыгын көргөзүп турат. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 124-беренесине ылайык бюджетти түзүү жана аткарууну Эсептөө палатасы эки жылда бир жолу текшерүү жүргүзөт. Депутаттын бюджеттин аткарылышын текшерүү жүргүзүүгө укугу жок, ансыз деле бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу бийлиги болгон айыл өкмөт башчы бир жылда 4 жолу айылдык кеңеште отчет берип жатпайбы, ушул маселени карап жатканда жетиштүү деңгээлде суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүгү болот.

Светлана     [10 Декабря 2018]

Мне очень нужна помощь в наследственном деле. Судебные тяжбы идут уже 5 лет.Можете помочь. Столкнулась с большими проблема в этом вопросе

Ответ:

Уважаемая Светлана, можно конечно. Приходите по адресу: город Бишкек, ул. Табышалиева 3, это район проспекта Манас и улицы Боконбаева. Подробности можете узнать позвонив по телефону (0312)316447

Улукбек     [6 Декабря 2018]

Саламатсызбы ! Менин суроом томондогучо. Мамлекеттик сатып алуу иштерине, тактап айтканда тендерлик комиссиянын мучолору созсуз турдо айыл окмотунун аппаратынын кызматкерлери болушу керекби? Жергиликтуу тургундардан тендерлик комиссиянын тобунун мучосу болгонго укугу барбы ?

Ответ:

Урматтуу Улукбек, КР мыйзамынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 10 беренин, 4 пункт. Конкурстук комиссиянын курамына кеминде үч адам кирүүгө тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн бири ырастоочу сертификаты бар, сатып алуулар боюнча адис болууга тийиш. Сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн бардык адистеринин ырастоочу сертификаты болушу керек. Сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн конкурстук комиссияга кирбеген адистери конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо чечим кабыл ала албайт. 5. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясынын курамына кириши мүмкүн. 13-берене. Конкурстук комиссияны түзүү 1. Сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялоо алдында буйрук менен түзүлөт. 2. Ырастоочу сертификаты бар, сатып алуулар боюнча адис конкурстук комиссияга бир жолудан ашык кириши мүмкүн, бирок бир эле убакта бир нече конкурстук комиссиянын мүчөсү боло албайт. Тендердик комиссияга жергиликтуу тургундар, жарандык активисттер, айыл кенешинин депутаттары мучосу болгонго укугу бар.

совет     [4 Декабря 2018]

Мындай бир суроо бар, КР жер кодексинде 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашаган жарандарга жер үлүш берилсин деген жери бар, бирок бизде бироо чарбалык китепте квартирант болуп туруп жер үлүшүн алган . Ушуга жер берилеби же жокпу?

Ответ:

Урматтуу Совет! Ооба, Сиз туура белгилегендей жер үлүшү Кыргыз Республикасынын жарандарына 1996-жылдын 1-июлуна чейин тиешелүү аймакта туруктуу каттоодо тургандарга берилген. Эгер, Сиз сураган жаран чарбалык китепте жазылып каттоодо турган болсо, анда анын жер үлүшүн алууга укугу болгон. Жер реформасы жүргүзүлгөн учурда ал жаран жер үлүш алуучулардын тизмесине киргенин же кирбегенин архивдик документтерден карап көрүү керек. Азыркы күнгө чейин үлүш жерди алуу укугун колдонбой жүрсө, эми жер берилбейт.

Асыранов Жангазы Бакасович     [3 Декабря 2018]

Урматтуу Рита.Саламатсызбы 2018-жылдын 01.12.куну Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык онугуу министрилигинен Кыргыз почтасы аркылуу кат келди. Катта сиз биринчи жолку берген маалыматыныздагы корсоткон Мыйзамдуулуктун негизинде жазылыптыр. Сизге чон рахмат, ишинизге ийгилик. Ардайым кенешиниз кенен болсун. Бекмолдо айыл аймагынын кызматкерлердин атынан сизге чын ден-соолук каалайбыз. Урматтоо менен Жангазы.

Ответ:

Иштеринерге ийгилик каалайбыз!!!

Мир     [2 Декабря 2018]

Салам. Менин суроом огород жонундо. Огород сатып алгам, ал огород торт кишиден откон мен бешинчимин. Бирок эч документ жок, токтом да жок, айыл окмотто да жок экен, архивде да жок болуп чыкты, госрегистрга барсам огород айыл окмоттун балансында дейт, кандай кылсам болот кызыл китеп алыш учун?

Ответ:

Урматтуу Мир! Эн кызыктуусу, Сиз кайсы документтердин негизинде турак-жай салууга (огородго) жер участогун сатып алдыныз? Бул жер участогу мамкаттоо билдиргендей муниципалдык менчиктеги жерге кирсе, анда айыл өкмөтү мыйзамга ылайык иштерди жургузушу керек. Мисалы, ал жер участогу жер фондусунун «калктуу конуштун жерлери « категориясына тийиштуу болсо, мыйзамга ылайык кезек менен турак-жай курууга берилет. Эгер жогорудагы категорияга кирбеген жер участогу болсо, ал муниципалдык жер участогу болуусу мумкун, андай жерлерди айыл кенештин макулдугу менен айыл өкмөт аукцион же конкурс жолу менен ижарага бере алат. 2002-2004-жылдары республикада жеке менчикте турган жерлерди системалык каттоо жүргүзүлгөн, ошол жылдары бардык жер участкалары (огороддор) изилденип, тактоолор жургузулгон,чечим-токтомдору жокторго чечимдер чыгарылган. Ошол жылдардагы жерлерге чыккан чечимдер айыл окмотто, маммкаттоодо болушу керек, эгерде ал каттоого кирбей калган жер участогу болсо да айыл өкмөткө арыз жазып кайрылуу зарыл.

Израил     [29 Ноября 2018]

Саламатсыздарбы! Биздин ишканага контрактын негизинде МЧС жумушчу алынган, анын жумушу көп болгондуктан айлык майанасы келишимдин негизинде аз болуп калган, ошондуктан анын майанасын жогорулатту керек, кандай кылып айлык майанасын жогорулаттуу керек?

Ответ:

Урматтуу Исраил! Биринчиден, Сиз айткан ишкана муниципалдыкпы же айыл өкмөттүн аппаратыбы? Эгер айыл өкмөттүн аппаратындагы кызматка контракттын негизинде алынса, анда эмгек акысы жергиликтуу бюджеттен каржыланган. Экинчиден, жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн ашык болсо, же башкача айтканда дотацияда турбаган, өзүн-өзү каржылаган айыл өкмөттөрдөн болсо, анда жыл башында жергиликтүү бюджетти түзүүдө бул кызматкердин эмгек акысын жетиштуу денгээлге жеткидей кылып кароосу зарыл. Анын негиздүүлүгүн айыл кенештин туруктуу комиссияларында, андан кийин сессияда карап бекитип алуу керек.

Анара     [24 Ноября 2018]

Айыл өкмөттүн мөөрүнө жоопкерчилик боюнча ЧУА кайсылар?

Ответ:

Урматтуу Анара! Мөөр иш кагаздарындагы негизги реквизиттердин бири. Мөөрдө ишкананын аталышы, анын укуктук- уюштуруу формасы, катталган дареги, белгилер, символдор ишкананын салык төлөөчү катары идентификациялык номери ж.б маалыматтар так чегерилип жазылат. Мөөргө баарынан мурда ишкананын жетекчиси жооп берет, же ал өзүнүн буйругу менен мөөргө жоопкерчиликтүү адамды дайындайт. Жоопкерчиликтүү адам анын сакталышына жана колдонулушуна жооп берет. Мөөр сөзсуз турдө сейфте сакталуусу керек. Мисалы: айыл өкмөттун башчысы буйругу менен мөөргө болгон жоопкерчиликти жооптуу катчыга бекитип берет, ошондой эле айыл кенештин төрагасы да ушундай буйрук чыгарып жооптуу катчыга жоопкерчиликти бере алат. Кайсы бир учурларда жетекчилердин мөөрдү эч кимге бербей өз жанына алып жургөнүн көрүүгө болот, албетте бул жакшы көрүнүш эмес. Жетекчилер иш ордунда убактылуу жок болгондо же иш сапарга чыккан учурда тийиштуу документтерге мөөр бастыруу учун келген жарандар көпкө кутуп калышы мумкун, бул биринчи кезекте мекемедеги уюштуруу иштеринин кандай жолго коюлганын көрсөтөт. Мөөр тууралуу атайын чыккан ЧУА жок.