Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Акыл     [16 Марта 2014]

Саламатсызбы. Айыл кенешинин депутаты мектептин директору болуп иштеп жатат буга кандай чаралар корулуш керек жана айыл кенешинин торагасы канча убакытка шайланат

Ответ:

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына жакында эле киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарына, төмөндө көрсөтүлгөн кызматтарды кошпогондо, бир эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө уруксат берилет. Тактап айтканда, жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурлардамамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштыра албайт: 1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген (айыл өкмөтүнүн башчысы, шаардын мэри, райондун акими ж.б.) мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өзү депутаты болуп саналган айылдын, шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо; 2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине отчеттуу болсо; 3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо. Андан тышкары, депутаттык ыйгарым укуктарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга мындан ары тыюу салынат. Мындай учурда мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери, ЖОЖдордун ректорлору, кесиптик лицейлердин, колледждердин, мектептердин директорлору, ооруканалардын, поликлиникалардын башкы врачтары, балдар бакчаларынын башчылары жана башка республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүп жаткан уюмдардын жетекчилери депутат боло алышпайт («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын 22-бер., «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 5-бер.). Бирок мыйзамдын (ченемдик укуктук актынын) колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт. Жогоруда саналган чектөөлөрдү караган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзам 2013-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Демек, жогоруда аталган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда жана мекемелерде жетекчи кызматтарды ээлеген жана 2013-жылдын 3-майына чейин жергиликтүү кеңештин депутаттыгына көрсөтүлүп шайланган адамдарга мындай чектөө жайылтылбайт.

Бакыт     [16 Марта 2014]

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамында (31-берене. Шаардык жана айылдык кеңештердин компентенциясы, 13-пункт) "Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү" каралган. Ушул нормага түшүнүк берип кое аласыздарбы. Жергиликтүү Кеңеш канчалык деңгээлде бул маселеге кирише алат. Өкмөттүн 5.08.2011 № 451 токтомуна ылайык бизде жалпы 12 штат каралган, факт боюнча 17 адам иштеп жатат, маданият тармагынадагыларды кошпогондо. Айыл окмотунун штаттык-расписаниесиндеги кызмат орундарын, алардын аталыштарын ким аныктайт? Жергиликтүү Кеңеш аларды өзгөртө алабы жана кызмат орундарын эки айылды камсыз кылуу максатында 0,5 штат кылып эки кызматкер болушун чече алабы? Алдын ала ыраазычылык!

Ответ:

Штаттык расписаниени КР Өкмrvnny токтому менен калктын санына карата бекиткен. Бекитилген штаттын ичинден кана адистерди муктаждыгына жараша алса болот. Мисалы ветеринардын ордуна юрист алса болот. 0,5 ставка кылып бөлүгө ылайыксыз болот.

Кенеш     [25 Февраля 2014]

Частному лицу можно открыть бюро находок?

Ответ:

Бул маселе боюнча Юстиция Министрилигинин областык башкармалыгына кайрылып кеңеш алсаныз жакшы болот. Ошол жерден толук маалымат ала аласыз.

Мирулан     [20 Февраля 2014]

саламатсыздарбы, айылдык кенештин жардамы менен биз жергиликтуу ишкерлерге кандайча жардам берсек болот, мис, жер, салык жана башка толомдор болсо женилдиктер бере алабызбы, конкреттуу мыйзамдын негизинде сунуш бериниздерчи,

Ответ:

Жер маселеси боюнча айылдык кенештин укуктары КР Салык кодексинин 339, 344 беренелеринде так жана даана жазылган. Мулк салыгы боюнча да 330 беренеде көрсөтүлгөн. Ижара маселе боюнча айылдык кенеш баардыгын изилдеп чыгып чечим чыгарса болот. Ижарага жер, муниципалдык мулктү берсе болот. Айыл өкмөт менен айылдык кенеш ишкерлерге мыйзам чегинде кана жардам, колдоо көрсөтө алат.

Арапбай     [20 Февраля 2014]

Саламатсызбы Рита Рахмановна, Мага айыл окмотундо иштеп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агентинин 2006-жылдын 25-декабрындагы №П-86 буйругу менен «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын I класстагы инспектору» класстык чени берилген эле. Райондук кенеш жоюлуп кеткендиктен, учурда ошол буйрукту таппай жатамын. Сиздерден ошол буйрукту, тиркемелери менен табууга болобу? Жардам берсениз жакшы болот эле. Алдын ала рахмат. Озгон району, Арапбай

Ответ:

Сиз сураган буйрукту ГАМСУ и МО дон сурасам, алар бул документ эбак эле архивге өткөрүлгөн, ал жерге суроо (запрос) жиберсенен сизге көчүрмөсүн беришет.

Кенжебек     [19 Февраля 2014]

Саламатсыздарбы, бизде Өкмөтүн 8-июль 2013 жылдагы № 403 токтомуна ылайык, 7-10 миң чейинки штаттык курамдын негизинде, иш алып барууга мажбур болуп турабыз Рита эже айыл өкмөтүбүздө калктын саны 9681 киши, аралыктары 20 км болгон 4-айылыбыз бар, буга чейинки мыйзамга ылайык 14 кишиден турган штаттык курам менен иштеп келгенбиз өкмөтүбүздө орун басар жана 1 жетектөөчү адисибиз кыскарганы жатат, бизде орун басар болбосо иштегенге аябай оор болуп турат маселени чечүүгө кандай жардам бере аласыз.

Ответ:

Бул маселе жалпы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо алкагында көтөрүп чечпесе болбойт. Элиңердин жалпы санына карата штатты калыптабасаңар прокуратура органадары тарабынан жоопкерчилике тартылып каласынар.

Мирулан     [16 Февраля 2014]

Саламатсыздарбы, бизде жер боюнча аукцион отту эле, бирок баасы абдан кымбат болду мис, 1 гектар жер 36 000 сомго чейин болду. Эми айыл эли кайрадан жерлердин акысын толой албай жатышат. Бул аукцион айыл окмот тарабынан туура эмес откорулгон. Аукционду айылдык кенештин чечими мененби же кандай тартипте бузса болот, же кандай башка жолдору бар алдын ала рахмат айтуу менен жооп кутуп калам.

Ответ:

Мирулан эгер жер мамлекеттин фодусунун жери болсо анда ушул сайттын Законодательство деген бөлугундө Типовое положение об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных угодий деген документ илинип турат. Ошол документтин 67, 68 пунктунда ылайык женичүүдөн кийинки кишиге сунуш бересенер болот, эгер утуп алган кишилер келишимге кол коюдан баш тартып жатышса. Эгер жеңип алган арендаторлор жерди иштетип, анан ижара акысын төлөй албай жатышса, анда келишимди бузасынар, неисполнение арендных обязательств, деп. Кийин кайра конкурс уюштуруп жаны пайдаланучуну аныктайсынар.

Аза     [14 Февраля 2014]

Здравствуйте! подскажите пожалуйста, имеет-ли право Кондоминиум отказать о выдаче "справки с места жительства" за не уплату квартплаты?

Ответ:

Аза на Ваш вопрос ответил председатель ТСЖ со стажем и опытом. "Он должен заплатить. В НПА нет нормы про справки. Но это практика. Мы тоже не даем справку пока не заплатит. Это вынужденная мера."

нурлан     [12 Февраля 2014]

рахмат Рита эже, саламатсызбы, ижарага алган адам пайда корот, элге суу сатат, парктын жанында ал кишинин базары бар, базарга суу киргизет. созсуз конкурс менен беребиз. парктын сугат системасына, скважинанын ремонтуна вклад кылат, эл.энергиясын толойт. Дагы бир талаш суроо болуп калды, ЖКХ нын башчысы мун-к кызматка киреби? себеби депутатыбыз ЖКХга башчы болуп атат. Рахмат.

Ответ:

Мындан мурун Кумбель ААтан келген катка жооп жазганбыз, ошол мыйзамдарга ылайык ЖКХнын жетекчиси жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт. Ал тандашы керек же депутаттык мандатты, же ЖКХнын жетекчинин кызматын.

нурлан     [6 Февраля 2014]

рахмат, Рита эже, скважина ЖКХ нын балансында турат, парктын ичинде жайгашып сугатка пайдаланылат. Бирок азыр паркты сугарууга толук пайдалана албайбыз. себеби поливной системасына кошумча резервуар, трубопровод орнотуш керек. ЖКХ убыткада турат. Ижарага талап бар, айылда таза суу жокко эсе, калктын кудуктарына водовоздор суу ташып кызмат корсотот. Ижарага алуучуга парктын сугатын, скважинанын ремонтун жуктоп ижарага берсек деген сунуштар тушуудо.

Ответ:

Ал ижарага алган киши, бул скважинаны эмне кылып иштетет. Балким ал жерине эле кызыгып ижара келишимин тузгөну турат. Ал жеке ишкер скважинаны алганда анын тарифи дагы жогорулайт. Ошондон улам ижара алуучу адамдын кандай максатта бул скважинаны ижарага алган атканын билсенер жакшы болот. Кийин силерди эл атайын ижарага беришти, деп, күнөлөбөсүн. Жалпысынан айтканда бул объектини инвестиционный конкурска коюп, бүрөгө ижарага берсе болот. Бирок ошол келишимге парктын кызыкчылыгын коргой турган беренелерди аныктап өтүшүңөр керек.