Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Аниса     [27 Января 2020]

Саламатсыздарбы. Мен декреттен 2019 жылы июльда жумушка чыккам. Декретке кете электе оценка деятельности боюнча экинчи кадамда элем. Азыр декреттен кийин кадам кайра башталабы же учунчу кадам менен кете береби? Положениеден таба албай койдук. Рахмат

Ответ:

Урматтуу, Аниса айым. Сурооңорго чоң рахмат. Оценка деятельности деген суроого көп положениялар бар, алар должность аркылуу бөлүнөт. Сиздин сурооңорго так жооп бериш үчүн, ким болуп иштейсиңер, ошону тактап бергилечи. Алдын ала чоң рахмат.

Эрмек     [25 Января 2020]

А/О налогдо иштеп арыз жасып кеткен 6-7 айда ордуна башка бироо иштеп жаткан, кайра келсе ордун бошотуп береби? Же конкурс негизинде кайра ишке алабы?

Ответ:

Урматтуу Эрмек мырза. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан өз арыз жазып кеткенден кийин, мурунку конкурстан өткөн нерсеси жокко чыгат. Кайра мамлекеттик же муниципалдык кызматка келем десе, кайра конкурстан өтүшү абзел. Эгер тиги 6-7 ай иштеп аткан кызматкер конкурстан келген болсо, анда бул А/О вакансия жок болуп эсептелет. Эгер ал милдетин аткарган (и.о.) статуста иштеп жүрсө, анда А/О конкурс жарыялап ар бир каалаган, билими, тажрыйбасы туура келген жаран конкурска катышып, бул вакантту орунга келүүгө укугу бар.

Каныкей     [24 Января 2020]

Саламатсызбы! Мен балам 3 жашка чейинки 137 беренеси менен оргуу алгам билим беруудон балам 3 жашка толду. Менин суроом томонгучо: ушул 137 беренедеги оргууну дагы 6(алты) айга ден соолугума байланыштуу узартсам болобу?

Ответ:

Саламатсызбы урматтуу Каныкей айым. Балаңыз 3 жашка толгон болсо, бала багуу өргүүнү узарта албайсыз, мыйзам боюнча 3 эле жылга берилет. Бирок Эмгек кодексинин 133 беренесине ылайык, эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө мүмкүн, бул өргүүнүн узактыгын жетекчилик менен чечишип алышыңыз керек. Эгерде 6 айга жетекчилик макул болсо, бала багуу өргүүсү эмес, эмгек акысы сакталбаган өргүүгө кетсеңиз болот.

Токтайым     [23 Января 2020]

Саламатсыздарбы? Менин мамлекеттик службада иштегениме алты жыл болду. Былтыр выслуга летке 15 процент кошкон эле. Быйыл кайра по закону декретте жургон эки жылым стажка кошулбайт деп, кайра 10 процентке азайтып жатышат. Мумкун болсо жооп берип, статьяларын, кайсы положениеде бар экенин жазып коесуздарбы.

Ответ:

Урматтуу Токтайым, Эмгек кодесинин 137-статья. "Бала багуу боюнча өргүү", Кызматкерге арызы боюнча баласы үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча ал үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн өргүү кандай болбосун убакта жана кандай болбосун узактыкта берилиши мүмкүн. Бала багуу боюнча өргүүнү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы иш жүзүндө багып жаткан камкорчусу да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланылышы мүмкүн. Аялдын же ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын арыздары боюнча алар бала багуу үчүн өргүүдө жүргөн учурда толук эмес иш убактысынын шартында же үйүндө иштей алышат. Ушул көрсөтүлгөн кызматкерлерге бала багуу үчүн өргүү учурунда иш орду (кызмат оруну) сакталат. Бала багуу боюнча өргүү жалпы иш стажына, ошондой эле адистиги боюнча иш стажысына киргизилет (жеңилдик шартта, кызмат иштеген жылдары үчүн пенсия чектегенден башка учурларда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленгенден бөлөк учурларда). Декретте жургөн эки жылыныз стажка кошулбайт деген туура эмес.

Жоке     [22 Января 2020]

Саламатсызбы. Муниципалдык кызматтагы кызматкерлер жыл жыйынтыгы менен премия алса болобу?

Ответ:

Саламатсыңарбы урматтуу Жоке. Муниципалдык кызматтагы кызматкерлер жыл жыйынтыгы менен премия алса болот, бирок ал төлөм жергиликтүү кеңеш менен бекилиши керек жана сметага көрсөтүлүшү керек. Муниципалдык кызматкердин ишинде натыйжалуулугун №131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики" КР Өкмөтүнун Токтомуна ылайык өлчөп алуу керек.

Эрик     [19 Января 2020]

1.Айыл окмот часный садике навес салган мыйзамду болбобу? 2. А/О то 31 депутат 4 айыл бар. Бир айылда 10 д, 2 айылда 8 ден 1 айылда 5 салмакту болбой жатат 5 депутат кыйналып калып жатабыз, анча нерсеге кол салганда уткузуп койот экенсин 10+8 болгондо эле 2 айыл утуп койот кандай жолу бар мыйзам боюнча.

Ответ:

Урматтуу Эрик мырза. 1) Айыл өкмөт менчик бала бакчага навес салганга мыйзам жол бербейт. Бир жолу бар, ал ишти мамлекеттик/муниципалдык - жеке кызматташтыктын алкагында ишке ашыруу. Бирок анын өзгөчө процедуралары бар. Айыл өкмөттө муниципалдык бала бакча жок болсо, ал тендер жарыялайт, паланча каражат бөлүп берем, ушунча баланы бала бакчага алууга, деп. Ошондо жеке бала бакчалар атандашуунун алкагында утуп алышса, ошол каражат жеке бала бакчага кетиши мүмкүн. 2) Ар бир чечим сүйлөшү жолу менен чечилиш керек, келгиле бир жолу бир айылдын муктаждыгын чечели, кийинкисинде башка айылдын, деп. Эптеп өз айылыма каражатты тартайын деген туура эмес. Сиздерде айылыңардын өнүктүрүү планы болуш керек. Ошол планга карата каржылоо дагы ачылыш керек.

Айша     [14 Января 2020]

Саламатсыздарбы? Биздин айыл окмотто чыгашадан ашкан киреше коломдуу эле сумма,андан тышкары озубуз бюджетке чыгармачылык менен иштеп тушургон салыктык эмес кирешелер бар. Суроо ушул бюджеттен премия алууга акыбыз барбы? Токтомдордо тушунуксуз жазылган. Жооп берип коесуздарбы.

Ответ:

Урматтуу Айша айым. Сиздин сурооңузга расмий тилинде жооп узатып коелу, кечирим сурайбыз, которгонго убакыт болбой жатат. Органы местного самоуправления могут устанавливать к должностным окладам муниципальных служащих иные надбавки и выплаты, утвержденные местными кенешами, при наличии возможностей местного бюджета. Постановление ПКР №131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики". Руководители бюджетных учреждений должны осуществлять свои фактические расходы на заработную плату, в том числе на премии и другие виды поощрений или вознаграждений, материальную помощь, только в пределах фонда заработной платы, который утверждается в сметах ежегодно (премии тоже должны утверждаться).

Гулнура     [14 Января 2020]

Саламатсыздарбы. Айыл окмоттун структурасы кандай? Мисалы: Айыл окмот - катчы- айыл башчы - ФЭП башчысы- башкы адис - жетектоочу адис - адис болобу?

Ответ:

Урматтуу Гулнура айым, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2017-жылдын 31-январы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" 6.4. Айыл өкмөтү Башкы кызмат орду Б-А Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б-Б Жооптуу катчы Улук кызмат орду У-А Бөлүм, сектор башчысы У-Б Башкы адис Кенже кызмат орду К-А Жетектөөчү адис, Староста(*) К-Б Адис, Инспектор

Гулнура     [9 Января 2020]

Саламатсыздарбы. Айыл окмотундогу кайра болуштуруу жерлердин аренда акысын ким чогултушу керек? Айыл окмотто иштеген жер адисиби же салык адисиби? Айрымдар айтып жатышат жер адиси чогултат деп. Ушул суроо так жооп берип коесуздарбы. Сиздердин жооп бизге ото маанилуу. Сиздерге чон рахмат жана иштериниздерге ийгилик.

Ответ:

Урматтуу Гулнура! Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (кыскартылганы АЖМФ, орусчасы – ГФСУ, эскиче аталыштары КБФ – ФПС) жерлеринин ижара акыларын жыйноо милдети айыл өкмөттүн кызматкерлеринин кимисинин кызматтык милдетине (иштик нускама боюнча) кирсе, ошол кызматкер тарабынан жүргүзүлөт. Бирок, негизги туура жолу ижара акыны жерди иштетүүгө алган ижарачы өзү банкка барып келишимде көргөзүлгөн мөөнөттөн кечиктирбей төлөөгө милдеттүү. Ижарачы келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө үстүдөгү жылдын 1-ноябрына чейин ижара акыдан башка дагы жер салыгын жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшү керек. Айыл өкмөттүн жооптуу кызматкери болгону төлөмдөрдүн туура, так жана өз учурунда төлөнгөнүнө көзөмөл жүргүзөт.

Кубанычбек     [6 Января 2020]

Айыл өкмөт башчысына ишенбестик берүү тартиби кандай жүргүзүлөт? Жашыруун түрдөбү же ачык болобу?

Ответ:

Урматуу Кубанычбек мырза,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесинде «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартибинде, 7 пункта. “Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн” 9 подпунктта айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда, мында, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы ишеним көрсөтпөөнүн мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат деп жазылган. Жашыруун же ачык түрдөбү добуш беруу, бул аыйл кенеш өзу сессиядан чечет.