Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Акыл     [27 Июня 2018]

Саламатсыздарбы бир адамдын үйүнө, башка бир адамдын токтому чыгып калган, ал токтомду өз эсине кантип өзгөртсө болот?

Ответ:

Акыл мырза саламатсыңарбы. Биздин түшүнүгүбүз боюнча, үйдүн ээсинин токтому жок. Эгер ошондой болсо эч кандай өз ээсине өзгөртүп бере албайсыз. Ката чыккан токтомду жокко чыгаруууга эле болот, а чыныгый ээсинин дагы өзүнө карата чыккан токтому болушу керек. Ар бир жер цчасткасына 1 токтом чыгат. Адашып калгандар (техникалык адашуу болсо) сот аркылуу кана оңдогонго мүмкүнчүлүк бар.

Айша     [24 Июня 2018]

Саламатсыздарбы 2003-2004 жылдары системалык каттоо учурунда жер боюнча токтомдорду чыгарууда мисалы бир эле айылдын 3/2 тургундарынын аты жону ката жазылып калган гос регистрге да ката кеткен, ким жооп берет айыл окмотунун укугу барбы аты жонун тууралап бергенге. Бул ката айыл тургундарынын катасы эмес, окмоттун шалаакы мамилеси болгон эмне учун биз ага толоп озум экендигимди аныкташым керек, сотко акча толонуу керек экен.

Ответ:

Урматтуу Айша! Ооба, ал жылдарда жүргүзүлгөн системалык каттоонун негизинде айыл ичинде жарандарыбыз колдонуп жүргөн турак-жай курууга берилген жер участкалары, алардын аянты, турак-жайы, дагы толгон-токой архивдик материалдар иликтенүүдөн өткөн. Ал маалыматтардан жер участкасынын канчасы жеке менчикке берилгени, канчасын документсиз колдонулуп келе жатканы аныкталган, андан кийин гана айыл өкмөтү такталган маалыматка таянып чечим чыгарган. Ал чыккан чечимдер менен айылдын калкынын бир айдын ичинде айыл өкмөттө келип таанышып, тактоо киргизүүго мүмкүнчүлүгүгү болгон. Бардык маалымат айыл өкмөттөрдө көрүнүктүү жерде таанышуу максатында илинген болуучу. Ал учурда биздин жарандар бул маселеге анчалык көңүл бурбай, маани берген эмес. Азыркы учурда документтерге болгон талап күчөгөн мезгилде ошондогу кеткен калпыстыктарды сезип отурабыз. Айыл өкмөттөр чарбалык китептеги жана архивдик маалыматтарга таянып чечим чыгарышкан, мисалы: жер ээсинин аты-жөнү толук жазылбай калышы мүмкүн ( фамилиясы жазылса, инциалы жазылбай калган) . Мындай багыттагы каталар кетирилген болсо, анда айыл өкмөткө эле кайрылуу керек. Калган учурда сотко кайралып чечкен оң болот, себеби менчик ээси сотко өзүнүн менчигинин маселесин чечүү үчүн кайрылат. Азыр күнөөлүүнү издөөнүн зарылчылыгы жок.

Асыранов Жангазы Бакасович     [19 Июня 2018]

Урматтуу! Рита сиздерге кайрадан кайрылууга туура келип жатат.2018-жылдын 6-июнунда сиздерге Алыскы тоолу аймакта жашаганымдыктан эмгек акыма кофсиент кошулабы? деген суроомдун жообунун негизинде Кыргыз Республикасынын юстиция мнистерствосунун кабыл алуу почтасынан 1997-жылкы 25-июнундагы Окумоттун №377токтомун баардык корсоткучу менен электрондук почта аркылуу алдым. Сиздерге кайрылган катты Окумоттун №377 токтомун айыл аймагынын башкы бухалтерине тапшыргам14-июнунда.Ал мага Талас райндук казына башкармалыгынын башчысы жолдош Ниязалиев Жусупка корсотсом, ал бул токтом менен бир сыйра таанышып мыйзамдуулугун карап коробуз деп алып калган. Кече 18-июнда эмне болду деп сурасам биз толоп бере албайбыз . Себеби айыл аймагынын кенсеси жайгашкан жерге карайбыз мындай маселе Кыргызстан боюнча толтура деген кана жоопту ошол башкармалыгынын юриси жооп бериптир. Эми мен кай жакка кайрылам Окумоттун токтому кучун жоготконбу Айыл аймагынын кенсеси жайгашкан деген мыйзам кабыл алынганбы.Ушул жагын тактап беруунузду суранам.Урматтоо менен. Кыргыз Республикасынын финансы мистерствосунун жарандарды кабыл алуу почтасына дагы кайрылуу жазып, бугун жоноттум, бирок интернет байланыш жок деп жазылып калды. Каттоого алынганын билген жокмун.

Ответ:

Урматтуу Жангазы Бакасович. Бул сурооңузду Мамлекеттик кадр кызматына жиберсеңиз, расмий түрдө жооп узатышат. Ошол жоопко ылайык жергиликтүү бийлик толөп берүүгө мажбур болушат, же толөгүсү келбесе, анда мыйзамды өзгөртүшөт. Мамлекеттик кадр кызматында интернет кабылдамасы бар, ошол жерге баарын так жазып жибергиле. Каттын аягына байланыш телефон номеринерди жазып койгула, түшүнбөстүк болсо сизге тактоо иретинде телефон чалышат.

Нурлан     [18 Июня 2018]

Саламатсыздарбы, менин суроом томондогучо, Менин кызым жашы 18 сегиз жашка чыга элек, кызымды Москва чогуу алып кетейн дегем, бирок доверенность алыш керек экен, доверенност кантип кимдер тарабынан алышым керек, жол жобосун айтып коюунуздарды суранам, Рахмаат.

Ответ:

Нурлан мырзы саламатсынарбы. Бул жерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошолордун ишине тийиштүү суролорго жооп беребиз. Сиздин маселеңиз боюнча айта турган болсок, экинчи ата-энесинен ишеним катты аласыз. Сиз атасы болсоңуз, энесинен ишеним кат аласыз. Ал катты нотариустан алуу абзел.

Нургул     [13 Июня 2018]

Саламатсыздар, менин суроом томонкучо: айыл окмоттун салык кызматкери бошоп кеткендиктен иш ордуна конкурс жарыяланып, бирок талапкерлер конкурстан отпой жатышат. Ушул иш ордуна айыл окмоттун бир кызматкерине убактылуу (конкурс болуп женуучу аныкталганга чейин) 30% толоо менен буйруктун негизинде алсак болобу? Кадровый службадан сурасак болбойт деп жатат. Кандай кылсак болот? Ишиниздерге ийгилик.

Ответ:

Урматтуу Нургул! Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 167- беренесинде Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы тууралуу төмөнкүдөй айтылган:» Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес «Жогоруда Эмгек кодексиндеги бул тыянакты мамлекеттик кадр кызматы эмне себептен мыйзамсыз дегени түшүнүксүз. Албетте, конкурстан өтүп жаңы салык кызматкери келгенче айыл өкмөттө салык чогултуу токтоп калбайт да, ошондуктан убактылуу башка кызматкерге бул милдетти жүктөөгө туура келет. Бирок, ал милдетти жүктөгөн кызматкер Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесиндеги талапка жооп бергендей болуш керек.

Анара     [12 Июня 2018]

Баатыр эне ордени менен сыйлоого кеткен эненин документтери кайра отпой келди. Себеби анын бир кызы туруктуу Каракол шаарында жашайт жана бул тууралуу справкасын алып келген. Иштеген жери, кызматы деген жерин толтурууда ал кызы убактылуу Россияда иштегендиктен Убактылуу Россияда иштейт деп болгону фактыга жараша жазылган. Мындай учурда кандай кылыш керек, себеби Россияда убактылуу болгондуктан ал жактан справка берилбейт экен. Мындай учурда ким куноолуу болот?

Ответ:

Урматтуу Анара! Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарга көргөзүүнүн жана тапшыруунун эрежелери ж « инструкциясынын 7 –п. баатыр энеге көргөзүлгөн жарандын балдары бөлөк жашаган учурда туруктуу жашап жаткан жеринен, иштеген жана окуган жеринен маалымдама тапшыруусу айтылган. Демек, бир кызынын иштеген жери так жана туура көргөзүлбөгөндүктөн документтери кайра кайтарылган. Бул жерде күнөө кимден кеткени өзү эле көрүнүп турбайбы, каталык сыйлоо баракчасын толтурган тараптан кеткен. Ошол Россияга кеткен кызы же жашаган жагынан справка, же иштеген жеринен справка, же таптаакыр болбосо кыргыз диаспорасынан, ушул мамлекетте эмгек миграцияда жүрөт деген справканы (диаспоранын справкасы расмий документ болуп кабыл алынат) тиркеши керек.

Анара     [12 Июня 2018]

Коп балалуу энелерди сыйлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 19.08.1996-жылдагы № 285 буйругу менен бекитилген нускаманы бере аласыздарбы

Ответ:

Урматтуу Анара! Сиз сураган көп балалуу баатыр энелер тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын негизинде иштелип чыккан инструкция менен биздин сайттын «законодательство» бөлүмүн «указы» деген жеринен толук тааныша аласыз.

Эркинбек     [12 Июня 2018]

Саламатсызбы, тендер боюнча штат жок, кошумча айлыкка коштурсак болобу.

Ответ:

Урматтуу Эркинбек! Ооба , айыл өкмөттүн аппаратынын штаттык бирдигинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис деп көргөзүлбөйт, бул милдетти айыл өкмөттүн башчысы атайын окуп билим алган, сертификаты бар муниципалдык кызматкерине аткарууга милдеттендирет, анын иштик нускамасына (функционалдык иш милдетине) киргизилет.

эрме     [11 Июня 2018]

А/О сатып алынган буюмдарын айылдык депутатар текшерсе болобу Тентерден берген сатып алууларды корсо болобу кайсыл жол менен мисалы: 100минге 400 минге буткорулду деп койутат

Ответ:

Урматтуу Эрме! Жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн сессиясында жана туруктуу комиссиялардын жыйындарында жергиликтүү кеңешке отчет берүүчү же көзөмөлүндө турган ар кандай органдын же кызмат адамынын отчетун же маалыматын угууга укуктары бар. Отчет алуу же маалымат угууну текшерүү менен алмаштырбагыла, депутаттардын текшерүү жүргүзүү укугу жок, бирок тийиштүү мамлекеттик органдарга текшерүү жүргүзүү боюнча кайрыла алышат. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын менен толук маалыматты сессияларда жана жыйындарда таанышып, ал боюнча айыл кеңеш белгилеген тартипте жарыя кылууга укуктуу.

максат     [10 Июня 2018]

орозо айыныздар менен.Мен салыкчы болуп айыл окумотундо иштейм.Райондун салык инспектору кээ бир убакта бизге окумоттун жумушу силер аткарууга тийишсинер деп бизге туура эмес мамиле жасашат.Барбай койсон баардык кагаздарды берип жиберишет.Ушул туурабы.Биз айыл окумотунун кызматчысы болгондуктан айыл окумотунун берген тапшырмасын аткарабыз.Республикадан областан,акимчиликтен келген иш кагаздарга оз убагында аткарып билдируу берип турабыз. Ал эми райондун салык кызматкерлери эмне жумуш аткарышат мен тушунбойм.Баардык салык жыйынын биз элге тушундуруп банка токтуртобуз.айыл окумотуно берилген планды аткарууга аракет жазайбыз.Райондун салык кызматкери бизге келип башчыбыздай маиле кылганы туурабы?

Ответ:

Урматтуу Максат! Айыл өкмөттүн киреше боюнча адиси (салыкчысы) биринчи кезекте муниципалдык кызматкер болуп эсептелет жана көпчүлүк учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарга кирген иштерди аткарып келет(караңыз: КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамы 20-берене). Бүгүнкү күндө мамлекеттик салык кызматы көптөгөн мыйзам актыларынын чыкканына карабастан бул ыйгарым укуктарды жергиликтүү бийликке мыйзам чегинде өткөрүп бере элек. Айыл өкмөттүн киреше адиси (салыкчысы) өзүнүн иштик нускамасына ( функциональные объязанности) ылайык ишин алып барат. Райондук салык кызматы менен айыл өкмөттүн ортосунда ыйгарым укуктарды аткаруу тууралуу келишим түзүлгөндөн кийин райондук салык кызматынын инспекторлору усулдук, уюштуруучулук, консультативдик жана башка тийиштүү жардамдарды көргөзүүгө милдеттүү болушат. Эки мекеменин ортосунда өнөктөштүк мамиле болуусу керек, алардын силерге келип үстөмдүк кылууга укугу жок.