Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Асел     [15 Июня 2017]

Саламатсыздарбы, мен 2012-жылы конкурстун негизинде айыл окмотуно башкы адис эсеп бухгалтери болуп дайындалгам.2013-жылы КР Окмотунун № 403 токтомунун негизинде эсеп бухгалтери кыскартылып жумуштан бошотулгам. Бирок ошол эле токтомдо корсотулгондой бошотулган кызматкерлерди ишке орноштурууга мумкун болбогондо гана бошотуш керек эле. Мен кадр кызматына барып кенеш алганда ошол эле токтомдун негизинде кайра жумушка алынасын деп айтышып, ошол токтомду негиз кылып буйруктун негизинде кайра башкы адис салыкчы болуп жумушка алынгам.Ушул кезге чейин иштеп келе жатам. 2017-жылы кадр кызматы текшеруунун жыйынтыгы менен ошол кезде буйрук менен бошотпош керек болчу, буйрук туура эмес чыккан деп кайра конкурстан отосун деп, милдетин аткаруучу деп буйрук чыгарып коюшту. Менин суроом кайра конкурстан отушум керекпи?

Ответ:

Урматтуу Асел айым саламатсыңарбы. Буйрук туура эмес чыккан деп кайра конкурстан өтөсун деп айтканы туура эмес. Буйрукту ким чыгарса, ошол орган ондош керек. Милдетин аткаруучу деп буйрук чыгарып коюшкандары туура эмес. 2017-жылы кадр кызматы текшеруунун жыйынтыгынын кочурмосун бизге салып жиберсениз жакшы болот эле. Биз кадр кызматы менен дагы ушул маселени талкуулап чыгалы. Сиз атапкеткен КР Окмотунун № 403 токтомунун негизинде туура эле жумушка алынгансыз. Кайра конкурска катышпайсыз, туура эмес чыкан буйрукту гана ондош керек. Буйрукту кайсыл орган чыгарса, ошол орган гана озгортоо алат. Айыл окмоттун башчысына с алам айтып коюнуз. Сизди терең урматоо менен Мелис Зарлыкович.

Шайыр     [15 Июня 2017]

Саламатсыңарбы. Суром томондогучо: айылдык кенештин депутаттары келишимди жокко чыгарса чечим кайсыл убакта кучун жогот? Жана айылдык кенештин депутаттары чыгарган чечимди кайсыл орган текшериши мумкун, жокко чыгаралабы?

Ответ:

Урматтуу Шайыр айым саламатсыңарбы. Биринчиден эмне келишим жөнүндө сурап жатасыз? Мисалы эмгек келишимди жергиликтүү кеңештин депутаттары жокко чыгаралбайт. Ал сот аркылуу кана жок болот. Экинчиден, депутаттар баардыгы юрист эмес, тескеринче депутаттардын чыгарган чечимдерин мыйзамдуулук жактан карап туруш керек, анткени кийин мыйзамдарга туура келбеген чечим чыгарып коюшса, арткаруу бийлик өз башы менен жооп берет. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чыгарган укуктук-ченемдик актылары прокуратура тарабынан текшерилиши мүмкун. Анткени, прокуратура мыйзамдуулукту көзөмөлдөйт. Айтып кетчү нерсе, бир бириңерди прокуратурага жазып чырды көбөйтбөй, алдын ала мыйзамдуу же мыйзамсыз, деп сүйлөшүп алууга көнгүлө.

Айнагуль     [14 Июня 2017]

Рита эже Здравствуйте. Скажите пожалуйста Если есть Договор между айыл окмоту и СООППВ (Деятельность частная собственность) на текущий ремонт, капитальный ремонт, имеет ли айыл окмоту перечислить денежные средства На расчетный счет СООППВ на проведения ремонта. Если нет то просим дать обоснование.

Ответ:

Айнагуль айым здравствуйте. Айыл окмоту может перечислить средства на текущий ремонт, капитальный ремонт, на расчетный счет СООППВ на проведения ремонта, так как основные средства (труболинии, колонки и др.) являются муниципальной собственностью айыл окмоту. Но для этого эти средства должны быть предусмотрены в бюджете.

АлаБука     [12 Июня 2017]

Менин суроом. Орууканага дарыланганы барсан соз фондон карызы жок деген справка сурайт, ошол туурабы? Карызың жок болсо, дарыланганга уруксат берет. Мыйзамда барбы ушул нерсе?

Ответ:

Урматтуу Ала -Букалык окурман. Соцфондон карызың жокбу деп справканы сураганы мыйзамдуу, анткени сиз социалдык фондко төлөгөн төлөмдүн бир бөлүгү келерки пенсияга чогулса, кандай бир бөлүгү социалдык камсыздоого кетет ФОМС (фонд обязательного медицинского страхования). Ошол каражат саламаттыкты сактоого жумшалып, кандай бир чыгымдарын мамлекет көтөрүп алат, башка бөлүгүн сиз өзүңүз төлөйсүз (сооплата). Ошондон улам, сиздин карыздарыңар бар болсо, толук чыгымды өзүңөр төлөп каласыңар.

Чаек айыл окмоту     [12 Июня 2017]

Саламатсыздарбы? Бизде азыркы учурда арендага жана сатыка чыгара турган жер участоктору бар, бирок Чаек айыл окмотундо коз карандысыз баалоочуну чакыруу тартибин билбей жатабыз? Тендерге жарыя кылабызбы? Же туз эле келишим тузобузбу, деген суроо болууда?

Ответ:

Урматтуу Чаек айыл өкмөтүнүн өкүлү. Көз карандысыз баалоочунун кызматына тендер жарыялаш керек. Кайсы усул менен өткөрүү, аны «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамында так жазылуу.

Эрмек     [10 Июня 2017]

Саламатсыңарбы. А/О башчысы, бюджетте каралган нерсени - акча жок деп аткарбай койсо, кайсыл жерге кайрылабыз. Ал өзу билемдик менен башка ишин аткарса. 2 суром: А/О башчыга канча жолу командировка каралат же канча күн бир айда?

Ответ:

Урматтуу Эрмек мырза саламатсыңарбы. Бюджетке кирген нерсени акча жок деп аткарбай койсо жергиликтуу кенешке кайрылсаныз болот. КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 50-беренесинде айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарында 2 пунктунда жазылган: айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет; 2. Канча жолу А/Ө башчыга командировка берилет же канча күн бир айда деген мыйзамда көрсөтүлбөйт, бирок командировкага деген бюджеттин статьясынан каралган каражаттан ашпашы керек.

Шергазы     [10 Июня 2017]

Саламатсыздарбы? Сиздерге чон рахмат. Себеби сиздер биринчилерден болуп мени туура тушундунуздөр. Анткени менин документтеримди ушул себептер менен конкурска өткөрбөй коюшту. Менда сиздерге кошулам. Анткени бул жерде маселе жергиликтуу өз алдынча башкаруу боюнча болуп жаткандыктан ушул чөйрөдөгү мыйзамдар менен жөнгө салынышы керек деп ойлойм. Ал жерде ачык, даана жазылып жатпайбы Айыл аймак башчысынын орун басары жөнүндө.

Ответ:

Урматтуу Шергазы мырза саламатсыңарбы. Сизге дагы чон рахмат. Силерге окшогондор менен биз укуктук мамлекет тузгөнгө салым кошуп жатабыз деп ойлойбуз.

Талантбек     [9 Июня 2017]

Саламатсыңарбы. Суроом томондогучо: айлдык кенештин депутаты окмотко кагаз турундо кайрылса арыз же отунуч менен, канча кундо жооп беришке милдеттуу? Жана А/О башчысы же катчысы бардык документерди корсотууго милдетуубу? Айтарым, бекитип договор тузуп койсо, бир эле депутат ишенбе коргоз дегенге укуктубу?

Ответ:

Талантбек мырза саламатсыңарбы! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамынын 10-статья. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп берүү мөөнөтү. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп даярдоо эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн эсептөө мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы суроо-талапты алган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоошу почта байланыш бөлүмүнө же автордун өзүнө, же анын чабарманына же өкүлүнө берген же электрондук байланыш каналдары боюнча жөнөтүү катталган күнү аяктайт. Эгерде ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык суроо-талап башка мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына кайра жиберүүгө муктаж болсо, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн эсептөө ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүгө милдеттүү башка мамлекеттик орган же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы суроо-талапты алган күндөн башталат. Эгерде эки жумалык мөөнөттө суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбосо, кийинкиге жылдыруунун себебин көрсөтүү менен бул тууралу суроо-талап жиберген адамга билдирилет. Кийинкиге калтыруу эки жумалык мөөнөттөн ашпоосу тийиш. Суроо-талапка ушул статьяда белгиленген мөөнөттө жооп бербөө же жооптун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарландырбоо суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат. А/О башчысы же катчысы бардык документерди корсотууго милдетуу эмес, керектуу документтерди же кочурмолорун алыш учун официалду турдо кайрылышыңыз керек. Көйгөй маселе болсо, биринчи аны жергиликтүү кеңештик ошол маселеге тиешеси бар турукту комитетине чыгарып, анан жергиликтүү кеңеште карасаңар, ошол жерге документ алып келинет сөзсүз. Силер А/О ар бир кадамын аңдышкан абысындай болуп текшере бербейсиз. Депутаттар көп, ревизор болгусу келишет, документти колго алганда деле ичиндеги нерсени түшүнүшпөйт. Ошондуктан, суроону жергиликтүү кеңештин келерки жыйынына алып чыксаңар, алдын ала аны комитетте карап, ошондо АО финансы бөлүмүнүн башчысы баарыңарга түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

Руслан     [8 Июня 2017]

Здравствуйте! На сессии было принято решение создать муниципальное предприятие при А/О, согласно ст.62 закона о местном самоуправлении.1) Каким образом происходят финансовые и др.взаимоотношения А/О с предприятием. т.е может ли А/О передавать фин.средства предприятию для введения деятельности? 2)По линии АРИС мы собираемся приобрести экскаватор для жайыт комитета.По договору техника будет на балансе а/о и передано в оперативное управ-е к жайыт комитету. Мы бы хотели чтобы техника работала на муниц-м предприятии и приносила прибыль. Как это должно происходить? 3)Может ли преприятие участвовать в тендерах,например в тендере по поставке продуктов в дет.сад своего аймака и др.тендерах своего а/о, а так же других организаций? 4) Есть ли привилегии в тендерах для гос.и муниц-х пред-й, ведь деньги же останутся у государства? Можете ответить подробно с ссылкой на НПА?

Ответ:

Руслан здравствуйте. Начнем по порядку отвечать на Ваши вопросы: 1) Взаимоотношения органа местного самоуправления и учрежденного им муниципального предприятия или акционерного общества законодательством определены следующим образом: в учредительных документах муниципальных предприятий предусматриваются порядок взаимоотношений органа местного самоуправления и муниципального предприятия, право органа местного самоуправления решать вопросы создания предприятия, определения предмета и целей его деятельности, его реорганизации и ликвидации, назначения руководителя предприятия, осуществления контроля за использованием по назначению и сохранностью принадлежащего предприятию имущества, в том числе утверждение сметы расходов и тарифов на предоставление услуг и иные права, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики. А/О могут передавать финансовые средства муниципальному предприятию для решения вопросов местного значения. 2) По линии АРИС приобретенный экскаватор для жайыт комитета будет на балансе А/О. Данная техника может работать на муниципальном предприятии и приносить прибыль, но на это нужно решение айыльного кенеша, где должно быть указано, что данная техника будет использована для нужд местного населения и в том числе и для жайыт комитета. То есть постановление айыльного кенеша должно установить правило и назначение использования данной техники. 3) Муниципальное предприятие может участвовать в тендерах, если это предусмотрено в его уставе. Для участия в тендере на предприятии необходимо иметь отдел закупок в соответствии с законом « О государственных закупках». В данном законе определены все привилегии для местных предприятий. Закон Вы можете скачать или изучить в разделе «Законодательство».

Шергазы     [8 Июня 2017]

Саламытсыздарбы? Менин суроом: Айыл аймак башчысынын орун басарына канча жыл стаж талап кылынат. Себеби Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын 51-беренесинин 2-пунктунда Айыл өкмөт башчысына коюлган талаптар жөнүндө жоболор, орун басарга да колдонулаары айтылган. Ал эми Айыл Өкмөт башчысына коюулуучу талаптарды караганда (48-берене) 2жыл стаж талап коюлган. Конкурстук жарыяда 3 жыл стаж талап кылышууда. Кайсынысы туура?

Ответ:

Урматтуу Шергазы мырза саламатсыңарбы. Сиз Азаматсыз. Бул дал келишпестикти кантип таптыңыз. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 32-беренесинде "Коллизияларды чечүүнүн тартиби" п.3. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат. Ошондо бул эки бирдей юридикалык күчкө ээ болгон мыйзамдардын ичинен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамы силердин чөйрөнү жөнгө салуучу болуп эсептелинет. Ошондуктан, ошол мыйзамга таянуу керек. Бирок, мамлекеттик кадр кызматы жумушка алуу мыйзам бул негизги чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзам биздики, ошондуктан 3 жыл деген норманы колдонобуз дешет. Бул маселе менен Жогорку кеңешке кайрылабыз. Сизге рахмат.