Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Изат     [7 Февраля 2019]

Айылдык кенештин депутаттары айыл окмоттун кадр маселесине кийлигише алабы?

Ответ:

Урматтуу Изат мырза. Айылдык кенештин депутаттары айыл өкмөттүн башчысын кана шайлайт. А айыл өкмөт башчысы эмгек кодекстин негизинде кадр саясатын жүргүзө алат. Депутаттар кийлигишүүгө укугу жок.

Изат     [7 Февраля 2019]

Глава айыл окмоту может отменить свой приказ

Ответ:

Уважаемый Изат мырза. Да, глава айыл окмоту может отменить свой приказ.

Израил     [1 Февраля 2019]

Саламатсыздарбы! Айыл аймагында калктын саны 5000, эки айыл бар. Бир айылда айыл башчысы бар, экинчи айылды аппарат кызматкерлерине жүктөп койгон. Аппарат кызматкерлеринин жумуш көп болгондуктан жетишпей жаткандыктан келишим менен экинчи айылга айыл башчы алсак болобу? Алдын ала чоң рахмат!

Ответ:

Урматтуу Израил! Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык бекитилүүсүн жакшы билесиз. КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамында : айыл башчысы - айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткаруучу дайындалуучу кызмат адамы. Ал муниципалдык кызматкер болуп эсептелет. Ал эми кошумча штат менен иштеген адамдар муниципалдык кызматкер болуп эсептелбейт. Ушул эле мыйзамдын 52-беренесинин 1-пункттунда:” Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилсе болот” –деп жазылган. Сиздердин шартта өзүнчө жайгашкан айылда гана айыл башчысы болушу керек, ал эми айыл өкмөттүн административдик борбору турган айылга айыл башчысы болушу мүмкүн эмес. Ошол себептен айыл өкмөт башчы аппараттагы кызматкерлерине, алардын иш нускамаларына ылайык келген учурда кошумча милдет катары жүктөй алат. Жаңы айыл башчы алуунун зарылдыгы канчалык? Тажрыйбада кээ бир айыл өкмөттөр көчө жана кварталдык комитеттер менен иштеп, аларга ыйгарым укуктарды бөлүп берип, айыл маселелерин чечип жүрүшөт. Иш жакшы пландалган жерде кыйынчылыктар деле аз болот, ошондуктан уюштуруу иштериңерди кайра карап чыгууңар керек. Ишиңерде ийгиликтер боло берсин.

Нурлан     [31 Января 2019]

Здравствуйте! Подскажите какие сатьи относяться мсу в Законе о нарушениях (мыйзам бузуулар)

Ответ:

Кодекс Кыргызской Республики «О нарушениях» с 1 января 2019 года. Глава 13. Нарушения против порядка управления в сфере охраны нравственности и историко-культурного наследия, законодательства о языках Примечание. 3. Дела о нарушениях, предусмотренных статьей 65-1 настоящего Кодекса, рассматриваются органами местного самоуправления. Статья 65-1. Нарушение требований законодательства о языке Кыргызской Республики 1. Размещение вывесок на зданиях юридических и физических лиц, объявлений, прейскурантов и других наглядных информаций с текстами, не соответствующими нормам литературного языка (алфавит и орфографические правила), - влечет предупреждение. 2. Действие, предусмотренное частью 1 настоящей статьи, не исправленное в течение месяца или совершенное повторно в течение шести месяцев после вынесения предупреждения, - влечет наложение штрафа 1 категории. 3. Размещение наружной рекламы в городских, сельских населенных пунктах с текстами, не соответствующими нормам литературного языка (алфавит и орфографические правила), - влечет наложение штрафа 1 категории. Глава 14. Нарушения против порядка управления в сфере охраны благоустройства Примечание. 1. Дела о нарушениях, предусмотренных статьями 66-79 настоящего Кодекса, рассматриваются органами местного самоуправления. Глава 16. Нарушения против порядка управления в сфере обеспечения безопасности производства и строительства Примечание. 2. Дела о нарушениях, предусмотренных статьями 95 и 96 настоящего Кодекса, рассматриваются уполномоченным органом в сфере архитектуры, строительства и комиссиями органов местного самоуправления. Глава 19. Нарушения против порядка управления в сфере обеспечения безопасности движения и эксплуатации автомототранспорта и электротранспорта Примечание. 2. Дела о нарушениях, предусмотренных статьями 119 и 120 настоящего Кодекса, рассматриваются уполномоченным органом в сфере автомобильного транспорта в отношении объектов, находящихся в государственной собственности и комиссиями органов местного самоуправления в отношении объектов, находящихся в муниципальной собственности. Глава 24. Нарушения против порядка управления в сфере охраны атмосферы, земли, недр, вод, других природных ресурсов Примечание. 3. Дела о нарушениях, предусмотренных статьей 173 настоящего Кодекса, рассматриваются уполномоченным органом в сфере сельского хозяйства и комиссиями органов местного самоуправления. 5. Дела о нарушениях, предусмотренных статьями 177-183 настоящего Кодекса, рассматриваются уполномоченным органом в сфере сельского хозяйства и комиссиями органов местного самоуправления.

Динара     [29 Января 2019]

Если дачи находятся на территории айылного аймака можно ли на сходе жителей дачного кооператива избрать старосту и заработную плату старосте производить за счет местного бюджета?

Ответ:

Уважаемая Динара! Понятие “дача “ означает, что это загородный дом для городских жителей, как правило, не используемый его владельцами для постоянного проживания. Так называемое понятие, “садоводческое кооперативное обществj”- это место не для проживания. Дача - не имеет статуса населенного пункта, тем самым проживающие там гражданt не претендует на постоянные прописки. Поэтому айыл окмоту не имеют право избрать старосту, а также оплатить ему заработную плату.

сүйүнтбек     [28 Января 2019]

Саламатсыздарбы! Сураныч!! Менин суроомо жооп берип койосуздарбы. Айыл статусун алыш үчүн эмне документтер керек жана кайсыл органга кайрылыш керек?

Ответ:

Урматтуу Сүйүнтбек! Бүгүнкү күндө республикада расмий макамы жок көптөгөн калк жашаган пункттар бар. Бул маселе боюнча башында ошол калк жашаган пункттун жашоочулары чогулуш өткөрүп, анын чечими менен жергиликтүү бийлик органдарына (айылдык кеңеш менен айыл өкмөткө) кайрылуусу керек. Айылдык кеңеш айыл макамын берүү маселени сессияда карап, ал боюнча токтом кабыл алып, токтомдун аткарылышын айыл өкмөткө милдеттендирет. Айыл өкмөтү аткаруучу орган катары бул маселе менен райондук акимчиликке кайрылат. Ал маселе райондук деңгээлде колдоо тапкандан кийин, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө каралат. Даярдалган бардык документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы административдик – аймактык жайгаштыруу жана географиялык аталыштарды маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссияга жөнөтүлөт. Белгилей кетүүчү нерсе, бул калк жашаган пункттар “ Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүштөрү жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесинде көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келүүсү керек. Ушул эле мыйзамдын 9-беренесине ылайык, калк жашаган пункттарды аныктоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына кирет.

Израил     [25 Января 2019]

Саламатсызбы! Муниципалдык кызматкер эмгек өргүүсүнө чыканда, ордуна иштеген кызматкерге 30% эмгек акы төлөп берсе болобу? Fлдын ала чоң рахмат.

Ответ:

Урматтуу Израил! Эмгек кодексинин 167-беренеси. "Кесиптерди (кызмат орундарын) айкалыштыргандагы жана убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандагы эмгек акы". Бир эле иш берүүчүдө эмгек келишиминде шартталган өзүнүн негизги жумушу менен катар башка адистикте, квалификацияда же кызмат орунунда негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акы төлөө жүргүзүлөт. Кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес.

Руслан     [24 Января 2019]

Саламатсызбы, Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин сугат жана кайрак жерин Урөөнчүлүк,асыл тукум, эксперементтик чарба, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдерине канча жылга ижарага берүүгө мумкун

Ответ:

Урматтуу Руслан! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы№ 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобонун 3 – пунктунда : “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл чарба багытындагы жерлер 5 жылга ижарага берилет, буга кайрак айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлер, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлер кирбейт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу мөөнөттөрү төмөнкү учурларда узартылышы мүмкүн: - ижара акысын, салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убагында төлөсө; - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдаланса жана агротехникалык талаптарды сактаса” деп көрсөтүлгөн. Демек, 20 жылдык мөөнөткө чейин берилет.

Канжар     [23 Января 2019]

Саламатсызбы менин суроом томондогучо айыл окмотунун сапар чыгымдарын толоодо Кыргыз Республикасынын окмотунун 2016-жылдын 11-майындагы №241 токтомунун негизинде кунумдук толоолор учун сапарга чыккан кызматкерлерге 500 сом толонуу керекпи Толук тушундуруп кетсем биздин айыл окмот райондун борборунан 60-70 км алыстыкта жайгашкан . Райондун борборуна барып келуудо эртен менен катсе ал жерге тунобой кайра кечке уйуно келип калат. Негизи кунумдук толоолор кандай жолдо толонуу керек . Алдын ала рахмат .

Ответ:

Урматтуу Канжар! Сиз көрсөткөн токтомдо болгону мурда чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августагы № 471- токтомуна кандай өзгөрүүлөр киргизилгени көргөзүлгөн. Ал токтом ““Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” деп аталат. Анда Кыргыз Республикасынын чегинде кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун нормалары тууралуу төмөнкүдөй айтылган,:1) суткалык акы төлөө - республиканын региондорунда командировкада болуунун ар бир күнүнө 500 сом; Бишкек шаарында - 600 сом; 2) командировка өтүүчү жерге чейин жана кайра кайтуу жол кире чыгымдардын, анын ичинде аталган чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен транспорттогу жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн ордун толтуруу иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча жүргүзүлөт. Билеттер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдар ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык өлчөмдө кайтарылат.” Ушул тиркемеге ылайык силердин айылыңар райондун борборунан 60-70 км алыстыкта жайгашкан болсо 58 сом өлчөмүндө жол кире төлөнөт

асан     [21 Января 2019]

айыл окмотунун токтому же буйругуна прокуратарадан протест келтирилсе буйрук менен жокко чыгарылыбы же токтом мененби

Ответ:

Урматтуу Асан! Айыл өкмөт башчы өзүнүн буйругун өзү жокко чыгара алат, себеби айыл өкмөттүн башчысы кызмат адамы катары өзүнүн чечимдерин, тескемелерин жана буйруктарын жокко чыгаруу укугуна ээ. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн мыйзамга каршы келген актысын жокко чыгарбаса, анда “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесине ылайык ал жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартылат. Ал эми прокурордук чара көрүү ( каршылык кат,эскертме, сунуштама) актылары айыл өкмөт башчысынын Конституцияга,кодекске, мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келген чечимин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу үчүн негиз боло алат. Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган учурда, прокурор сотко кайрылууга укуктуу.