Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Канат     [16 Октября 2017]

Саламатсыздарбы? Айыл окмот башчысы кошумча иш менен иштей алабы мисалы ОсООдо? Чон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Канат! Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын "Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын укуктары" аттуу 20-беренеде кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу болгону жазылган: жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктуу.

Алик     [14 Октября 2017]

Саламатсызбы, бизде айыл окмотто 4 бош ваканция бар. 4 айдан бери жарыяны газетага чыгарабыз, бирок кадр службадан тесттен отпой жатышат. Ошондуктан, тестке катыштырбай эле, комиссия аркылу жумушка алса болобу? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Алик! Да, ахыбалыңар жакшы эмес экен, азыркы мыйзам боюнча татыктуу, билимдүү, замандын талабына төп келген кызматкерлерди тандалып алынышы керек. Мыкты кадр-кызматкерлер эмгектенген жерде ийгиликтер жана өнүгүү болот. Бекеринен “ кадрлар баарын чечет” деп айтылбаганын турмуш көргөзүп жатпайбы. Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниипалдык кызмат тууралуу” мыйзамына ылайык мунициалдык кызматка кирүүнүн тартибине ылайык конкурстук негизде гана жүзөгө ашырылат (23-берене).  Демек, мыйзамга туура келбеген шартта кабыл алууга болбойт.

Азамат     [13 Октября 2017]

Саламатсыздарбы, Жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен КР мамлекеттик каттоо кызматынын муниципалдык менчикти каттоо боюнча 2017-жылдын 15-мартында эки тараптуу тузулгон меморандумду кайдан таап окусак жана кочуруп алсак болот? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Азамат! Сиз сураган меморандумду биздин сайтыбыздын үстүндө ЗАКОНОДАТЕЛЬСТВО деген баскыч бар. Ошону бассаңар Конституция КР, Кодексы деген разделдер чыгат. Разделдердин соңуна чыксаңар ДОКУМЕНТТЕР деген раздел бар. Ошол разделдин аяңкы документи "Меморандум ГАМСУМО и ГРС.pdf" - ушуну бассаңыз документ компьютерге жүктөлөт.

Азамат     [13 Октября 2017]

Саламатсызбы Рита Эже! 1. Айылдардагы комокторду кечки саат 11ден кийин жабуу кандай ишке ашырылат? 2. Айыл окмотунун мини футбол таласын акча толотуп иштетууго ким кайрылат? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Азамат! 1. Айыл ичиндеги чакан жана орто бизнеске кирген дүкөн жана башка кызмат көрсөткөн түйүндөрдүн иште мөөнөтүн жергиликтүү бийликтин чектөө коюу укугу жок, албетте алар мыйзамдуу иш жүргүзүп жатышкан болсо. Кыргызда “ кеңешип кескен бармак оорубайт” деп айтылгандай, айылдагы дүкөндөрдүн түнкүсүн иштебей коюсу боюнча маселени жалпы элдик жыйынга алып чыгып кароо керек, дүкөндөрдүн ээлеринин катышуусунда, аларды катыштырбай маселе кароого болбойт. Жалпы элдик жыйындан кийин айылдык кеңештин сессиясына алып чыгып кароого болот. Дүкөн иштеткен жарандар, биринчиден иш орун жараткандар, экинчиден жергиликтүү бюджетке 3 салыктын түрүн төлөөчүлөр, үчүнчүдөн соода жаатында элге кызмат көрсөткөндөр, буларды эстен чыгарбаш керек. 2. Биринчиден, мини футболдук талаа муниципалдык менчиктеги обьектке кирет, экинчиден аны карап күтүү керек.Ошондуктан айыл өкмөтү айыл элинин, өзгөчө жаштардын талабына ылайык мини футбол талааны максаттуу колдонуунун стратегиясын иштеп чыгуусу зарыл. Мыйзам муниципалдык менчиктеги обьекттерди ижарага берүү менен колдонууга жол берет, кайсы бир кызыккан тарап менен келишим түзүлүп, анда ижара акынын көлөмү көрсөтүлүшү керек. Ижара акыны айыл өкмөтү айыл кеңешке алып чыгып токтом менен бекитип алат. Мындай обьектини дайыма карап көзөмөлдөп турбаса, тез арада жарактан чыгып калуусу мүмкүн.Ошондуктан натыйжалуу пайдалануу үчүн жолдорду кароо керек. Тажрыйба көргөзгөндөй, мини футбол талаа кечки убакта көп колдонулат, демек ал жерде электр жарыгынын , андан тышкары сууга чайкануу, кийим которуу үчүн чечинүүчү ж.б. керектүү жайлар болуусу да мезгилдин талабы. Ошондуктан, ушундай жана башка шарттардын болуусу үчүн каражат сарпталат, мындай шартта акча төлөп ойноо керек. Акы төлөп ойноодон түшкөн каражат мини талааны кармап күтүүгө жеткендей болгону ылайыктуу, жергиликтүү бюджетке жүк болбош керек.

Мирлан     [12 Октября 2017]

Саламатсыздарбы, мен айыл окмотто ФЭБ башчысымын, мага райондук администрациянын токтомун жибериптир. Токтомдо аскерге чакыруучуларды медициналык кароодон откоруу учун жана аскерден качкан жарандарды издоо учун Райондук Аскер комиссариатынын талабына ылайык 20 литр ГСМ жана 5000 сом каражат берууну жагын айыл окмот башчыларына милдеттендирген. Менин суроо томондогудой, жергиликтуу бюджеттен Райондук Аскер комиссариатына акча каражат жана куйуучу май берууго мыйзам жол береби же жокпу ?

Ответ:

Урматтуу Мирлан! Жыл сайын эки жолу райондук мамлекеттик администрация жазгы жана күзгү аскерге чакырууну уюштуруу тууралуу токтомун чыгарат. Ал токтомдун долбоорун райондук аскер комиссариаты даярдап келет. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 20-беренеси “мамлекеттик ыйгарым укуктар” деп аталып, анын 7–пунктунда: “ аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү” деп көрсөтүлгөн. Бул жерде өзүңөр көргөндөй каражат жагынан материалдык жардам көрсөтүү тууралуу жазылган эмес, жергиликтүү бюджеттен каражат айыл өкмөттөр менен мамлекеттик коргоо комитетинин райондогу өкүлү аскер комиссариатынын ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин гана берилиши керек. Ал келишим түзүлбөгөндөн кийин акимчиликтин мындай токтомдорун аткаруу айыл өкмөттөрү үчүн мыйзамсыз болуп эсептелет.

Канат     [12 Октября 2017]

Где можно найти список дотационных айыл окмоту за 2015-2016 гг.?

Ответ:

Урматтуу Канат! Список дотационных айыл окмоту за 2015-2016 гг. вы можете найти на сайте http://www.gamsumo.gov.kg или позвонить в Государственное агентство по делам местного самоуправления и межэтническим отношениям при Правительстве КР (ГАМСУМО) по телефону + 996 (312) 664656.

Тилек     [11 Октября 2017]

Саламатсызбы! Мен август айында РФ жана Кытайдан техника алгам өзүм колдоонуга. Мага азыр салык кызматынан кат келди салык НДС төөлө деп.

Ответ:

Урматтуу Тилек мырза саламатсыңарбы. Биринчиден, сиз РФ жана Кытайдан негизги каражаттарды (техника) биздин өлкөнүн аймагына киргизип жатканда бажыдан эле төлөтүш керек болчу. Экинчиден, бул маселе КР Салык кодекси менен жөнгө салынат. Кодекстин 259-беренесинде "Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС (НДС) төлөөдөн бошотуу" эки кана багытта бул салыктан бошотулат: п.1. КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат. п. 3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, айыл чарбалык товар өндүрүүчү жана айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив өзүнүн өндүрүштүк максаты үчүн жана товардык-сервистик кооперативдин мүчөлөрү үчүн импорттоочу жана/же чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттоочу негизги каражаттар ал чарбакер субъект КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат. Ушундан улам, сиз бул салыктан бошотулуш үчүн: же КНС төлөчү болуп катталган болушуңар керек, же айыл чарбалык, товардык сервестик ишканаңар болушу керек. Эгер сизге бажы төлөп жатканда бул салыкты алышпаса, азыр алганга укугу жок. Ошол август айында сиз чек арадан өтуп жатканда салык алынышы керек болчу. Сурооңузга чоң рахмат. Эгер салык кызматы, жок бул туура эмес десе, ушул сайттын КОНТАКТЫ бөлүмүндө биздин уюлдук телефондор жазылган, чалыңыз. Салык кызматы менен бул маселени мыйзам чегинде чечкенге даярбыз. Терең урматтоо менен, Рита Карасартова

Эмиль     [11 Октября 2017]

Здравствуйте! Я налоговый инспектор сельской управе Чельпек. Мы хотели провести контрольное обследование хронометраж в магазине реализующей продукты питания целью увлечении ставки патента. Вопрос- мы обязаны ли зарегистрировать предписания органах прокуратуры? (утвержденном правиле регистрации проверок ПП КР № 417 от 27.07.2016 года обследование хронометраж не указано).

Ответ:

Здравствуйте Эмиль! Спасибо за вопрос. Во первых, подписали ли Ваш АО договор по налоговым полномочиям, согласно Постановления Правительства № 202? Если да, то согласно порядку проведения хронометражного обследования утвержден ПП КР от 30 декабря 2008 года № 736 в главе №2 "Условия и порядок проведения хронометражного обследования" говорится что, "основанием для проведения хронометражного обследования является предписание, подписанное руководителем (его заместителем) и заверенное печатью органом налоговой службы". Также хочется отметить что хронометражное обследование проводится органами налоговой службы совместно с представителями органов местного самоуправления и отраслевой бизнес-ассоциации, аккредитованной в уполномоченном налоговом органе, с целью определения средней доходности по отдельным видам деятельности и регионам, необходимой для применения специального налогового режима. То есть вы сами не можете провести контрольное обследование хронометраж. Вы не обязаны регистрировать предписания в органах прокуратуры.

Магомед     [9 Октября 2017]

Здравствуйте! продолжаю свой вопрос по потраве. Айыльный кенеш может утвердить штрафные санкции за потраву посевов и назначить сумму штрафов? второй вопрос: при айыльном аймаке могут ли создаваться группа объездчиков, которые бы охраняли посевы от потравы и мородерства (воровство)? и как может финансироваться такая деятельность?

Ответ:

Ответ: Уважаемый Магомед! Айылный кенеш может утвердить сумму штрафа за потраву посевов, но оно должен соответствовать нормам в Административного кодекса (см. Административный кодекс). При айыл окмоту можно создавать группу объездчиков для охраны посевов от потравы …, финансировать от местного бюджета данную группу не допускается. Есть определенные примеры, например: владельцы земельных участков объединяются и каждый за свои земельные участки добровольно сдают взносы ( наличными или сельхоз продукцией). Посевы охраняются в течении 9-10 месяцов. ( 1 га*100 сом*10 мес.= 1000 сом). На основании добровольной объединении фермеров и крестьян айыл окмоту заключает договор с объездчиками (желательно из числа безработных граждан, как трудоустройство) и таким образом создают тройственный союз крестьянин-айыл окмоту-объездчик. Самое главное- это желание владельцев земельных участков (долевая или арендная земля), их потребность.

рустом     [6 Октября 2017]

Саламатсызбы айыл окмоту озунун бюджетинен тендер аркылуу эски техника сатып алса болобу. Рахмат

Ответ:

Урматтуу Рустом! Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 « Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамы ылайык сатып алуучу орган болгон айыл өкмөтү Сиз сураган эски техниканы сатып алса болот, аталган мыйзамдын ( 14-берене,4-п.) конкурстук документтерди иштеп чыгуу учурунда сатып алуучу(айыл өкмөтү) :сатып алуулардын предметине, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык мүнөздөмөлөрүнө кеңири сыпаттама...” берүүсү керектигии айтылган.