Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Максат     [25 Сентября 2018]

Айыл окмотто жетектоочу адис болуп эмгектенем. Жер, коммуналдык маселелер жана озгочо кырдаалдар боюнча башкы адиси декреттке чыгып, анын ордуна сырттан квалификациялык талаптарга жооп берген кызматкер чыкпагандыктан, мага айкаштырып иштоого айыл окмот 2017 -жылдын 1-августтунан буйрук чыгарган. 2018-жылдын 1-июнга чейин озумдун негизги ишим менен айкаштырып 30% кошумча маяна алып иштеп келдим. 2018- сентябрь айынын 1 (биринен) баштап кезектеги эмгек оргууго чыгып жатам. Башкы адистик кызматты айкаштырган 10 (он) ай эмгек оргуумо кошулабы же кошулбайбы? Чоон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Максат! КР Эмгек кодексинин 334- жана 335-беренелери боюнча эмгек өргүүгө кошумча күн кошулбайт. Эмгек өргүүсүнө негизги иш орду боюнча күндөр берилет.

Алик     [24 Сентября 2018]

Саламатсыздарбы, менин суроом төмөндөгучө. Район же шаардын борбордук (центральный) жолдорго оор жук ташуучу (фура) машиналарды киргизбөө учун, кайсы мыйзамга таянып чечим кабыл алсак болот, же болбосо 15 тоннадан ашык жук ташыган автомашиналарды киргизбөө учун кандай чара көрсөк болот. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Алик! КР “ Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамынын 17-,18-, 19- жана 22-беренелеринен Сиз сураган суроолорго жооп таба аласыз.

Жигит     [21 Сентября 2018]

Биздин айылдын кызы конушу айылга турмушка чыкан. 30 жылдан ашты азырда конушу айылда жашайт, бирок 2005 жылкы чечим менен ага жер участогу берилген. Ошол мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Ушундай корунуштон 10 чакты бар, конушу айыл окмоторго турмушка чыкан, бирок биздин айылдан огород алган?

Ответ:

Урматтуу Жигит! Кыргыз Респуьликасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 1-пунктунда:“Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет” деп көрсөтүлгөн. Демек, кыз болобу же эркек болобу, ал биздин өлкөнүн жараны, кыздар турмушка чыккандан кийин турак –жай курууга берилген жерлеринен ажырап калышпайт, алардын наамында сакталып калат. Бирок, 2005 жылы ошол эже силердин айыл аймагыңарда туруктуу каттоодо турушу керек. Эгер каттосу кошуна айыл аймагында болсо, анда бул кишиге жер участогу берилбейт, бул мыйзамсыз болуп калат.

Эрмек     [19 Сентября 2018]

А/О ишчилеринин чогулушуна А/О депутаты катышса болобу?

Ответ:

Урматтуу Эрмек! Айыл кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн бардык иш-чараларына катышууга толук укугу бар, себеби айыл өкмөттүн иш-чаралары ачык формада өтүшү керек. Андан тышкары айылдык кеңештин депутаттарынын чогулуштарга катышуусу тууралуу КР “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү “ мыйзамынын 17-беренесинен толук маалымат ала аласыз.

Эрмек     [18 Сентября 2018]

А/О депутаты айыл башчы боло алабы? Айыл башчыда, депутата бир мезгилде?

Ответ:

Урматтуу Эрмек! Сиз сураган жагдайда айыл кеңештин депутаты айыл башчы болуп иштей албайт. Бул тууралуу толук маалыматты КР “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” (22-берене) жана “ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” (5-берене) мыйзамдарынан кенен тааныша аласыз. Ал мыйзамды ушул эле сайттын "Законодательство" деген бөлүмүнөн табып алсаңыздар болот.

Асыранов Жангазы Бакасович     [17 Сентября 2018]

Саламатсызбы Рита. Сизге электрондук почта аркылуу баардык маалыматтарды жоноттум. Кабыл алсаныз дарегин жазып койсонуз. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык онугуу министирилиги менен маалыматты тактап беруунузду суранабыз убакытыныз болсо. Алардын электрондук кабыл алуу почтасына дагы бугун маалыматты жоноттум. Министирликтин орун басары Зууракан Каденовага. Урматтоо менен.

Ответ:

Почтабызга катыңар келиптир. Жообун алары менен сизге жазып коем. Рахмат.

talant     [15 Сентября 2018]

Салам . Менин суроом А/О депутаты тендирлерге камисяга кошулса болобу же Окмото иштегендер эле болобу бизде депутатар мыйзамда жок деп жатат кошпой жатат комисяага

Ответ:

Урматтуу Талант! Сиздин берген сурооңузга Кыргыз Республикасынын « Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамынын 10 - беренесинен жооп издедик, анда сатып алуучу уюм ( бул жерде айыл өкмөтү) сатып алууларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти алган атайын бөлүмүнө жүктөйт жана ар бир конкурс боюнча өзүнчө конкурстук комиссия түзүүсү айтылган. Андан тышкары конкурстук комиссия жөнүндө төмөнкүлөр жазылган” : 4. Конкурстук комиссиянын курамына кеминде үч адам кирүүгө тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн бири ырастоочу сертификаты бар, сатып алуулар боюнча адис болууга тийиш. Сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн бардык адистеринин ырастоочу сертификаты болушу керек. Сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн конкурстук комиссияга кирбеген адистери конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо чечим кабыл ала албайт. 5. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясынын курамына кириши мүмкүн. 6. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси, сатып алуу бөлүмү жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү ушул Мыйзамдын жоболорун, мамлекеттик сатып алуулар жагындагы ченемдик укуктук актыларды бузуулар үчүн жекече жоопкерчилик тартат. Жогоруда көргөзүлгөндөй, сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн адистеринин ырастоочу сертификаттары болуусу керек, демек бардык жоопкерчиликти алар өзүнө алышат. Айылдык кеңеш сатып алуучу уюм болбогондуктан депутаттарды комиссиянын курамына кошуунун зарылчылыгы жок.

Гулнура     [14 Сентября 2018]

Саламатсыздарбы сиздерден дагы жардам керек болуп жатат КР "Этика кодексинин" кыргызчасы барбы, кантип тапсак болот сайттарды орусчасы эле бар экен. рахмат. Иштериниздерге ийгилик, ден соолук.

Ответ:

Урматтуу Гулнура! Сиздин сурооңуз боюнча 2 документти биздин сайтка жүктөп коебуз: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси, 2.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын типтүү этикалык кодекси. Жакынкы күндөрү колдонуп окуп каласыз, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Нурдин     [14 Сентября 2018]

Работник умер естественной смертью /инфаркт/ в рабочее время при выполнении трудовых обязанностей, вопрос - кто несет затраты на погребение /ритуальные услуги/.

Ответ:

Нурдин мырза здравствуйте. Если смерть человека наступила на работе, то обязательно необходимо провести служебное расследование. Если комиссия выявит что она наступила в связи с деятельностью, то работодатель будет нести эти расходы. В противном случае, если смерть наступила в связи с имеющимся заболеванием человека, то нет. Спасибо за вопрос.

Асан     [12 Сентября 2018]

Саламатсызбы. Менин суроом томондогудой. ЖК жерлерди трансформациялоо боюнча 3 окууда жактырып президентке кол коюга жиберилди деп уктук. Ошондо шаар четиндеги жерлергеби же бут Кыргызстан боюнча трансформацияга респ.документтери даярдалып, откон кеткен жерлер да киреби. Ошондо кол коюлса уй салууга жерлер бериле баштайбы. Берилуу тартиби мыйзамы кандай. Рахмат.

Ответ:

Асан мырза саламатсыңарбы. Азыркы ЖК даярдалып жаткан документ, үй салынып калган жерлерди мыйзамдаштыруу аракетин көргөн жатышат. 31 июл 2009 жылы жерлерди трансформациялоого мораторий киргизизүү жөнундө мыйзам кабыл алынган. Ошол убакыттан кийин салынган үйлөргө айып салынат, мыйзамдашууга ошол убакытка чейин үй салынып калгандар кирет. Мыйзам чыкканда так билинет. Жаңы жерлерди там салууга берилет деген маалымат жок.