айылдык жигит [24 Мая 2017]
Биринчиден чоон рахмат! Мурунку суроомо кошумча, келгенден кийин депутат ишин жургузсо болобу же депутатыктан чектетилеби элдер наразы болсо?
Ответ:
Урматтуу айылдык мырза жигит! Эгер депутат кайсы бир мөөнөткө иш сапарга же мисалы дарыланууга ( ж.б. шарттуу себептер менен дагы) барып келгенден кийин өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгүн уланта алат.Сиз берген суроодо депутатты депутаттык мандатынан ажыратуучу себептерди көрө алган жокпуз. Депутат өзүнүн шайлоочулардын алдында бир жылда бере турган отчетунда элге-шайлоочуларга эмне себептен убактылуу аймактан чыгып барып келгендигин айтып кетиши абзел. Жүйөөлүү себептер менен болсо, албетте шайлоочулар туура түшүнүп кабыл алышат. Негизинен айылдык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөй эле аткарат. Депутаттык ишмердүүлүктү депутат коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
Ильич [24 Мая 2017]
Саламатсыздарбы? Сиздерге ыраазычылык билдирем! Суроом, биз тендерге катышып, башка айылдык кенештин депутаты экен - жеке ишкер, ошол женуучу болду. Келишим менен акчаны которуп бердик. Прокуратура мыйзамсыз деп жатат, кайсы жагы мыйзамсыз болуп калат?
Ответ:
Ильич мырза саламатсыңарбы. Сиз эки сүйлөм менен түшүндүрүп берген нерсеңизди, эмнеси менен мыйзамсыз экенин биз айта албайбыз. Прокуратура мыйзамсыз кылыптырсыңар дегенде - кайсы мыйзамдын, эмне беренеси бузулуптур деп, сурап алсаңар болмок. Эми прокуратура тарабынан кетирилген каталарды оңдо боюнча эскертүү кат берилип, каталар так жана даана көрсөтүлүшү керек. Ошол эскертүү каттын көчүрмөсүн бизге салсаңар, биз карап беребиз.
Кубан [23 Мая 2017]
Саламатсыздар, айыл окмотто бош кызмат оруну - ВУС (аскер учет) кызматына конкурс жарыялангандыктан, документтеримди алпарсам билимин туура эмес деп албай жатышат, билим атайын орто болуш керек экен. Мен профессионалдык училищаны (компьютер боюнча) бутком. Билимим атайын ортого жатпай калабы, анда кайсыга жатат? Мумкун болсо бугун жооп берип кое аласыздарбы, себеби, документтер конкурска жөнөтүлгөн жатат.
Ответ:
Кубан мырза саламатсыңарбы. Училищеден алган билим орто билим болуп эсептелинет. Атайын орто билим алуу үчүн техникумду бүтүрүш керек.
Адилет [23 Мая 2017]
Саламатсызбы? Айылдын жаштары биригип коомдук фонд ачканбыз. Фондтун башкармалыгына уч киши дайындалган. Расчетный счеттору бар, юридикалык жактан документери бар. Ошол фондто башкармалыкта эмгектенген уч кишинин эмгеги кандай стажка кирет.
Ответ:
Адилет мырза. Фондтун башкармалыгында иштеген адамдардын ишмердүүлүгү жалпы эмген стажына кирет, эгер ошол фондто иш жүрсө, айлык маяна төлөнсө, социалдык камсыздандыруу төлөнсө.
Шайыр [21 Мая 2017]
Максат, менин билишимче комиссияга кошулса болот. Бизде дайым депутаттар кошулат, жок дегенде 2су.
Ответ:
Урматтуу Шайыр айым саламатсыңарбы. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз, кайдыгер болбой, башкаларга өз тажрыйбаңарды таркатканыңызга.
Максат [21 Мая 2017]
Айылдык кенеште кабыл алынган токтомдор сессия учурунда төрага окуп берүүгө милдеттүүбү, кандай токтом кабыл алынганын? Айылдык кенештин Регламентине киргизип койсо болобу?
Ответ:
Максат мырза саламатсыңарбы. Төрага токтомду добушка коердун алдында сиздерди (депутаттарды) сөзсүз түрдө токтомдун мазмуну менен тааныштырып, андан соң гана добушка коет. Мындай маселелер айылдык кеңештин регламентин кабыл алып жатканда эле каралат, ошондуктан айыл кеңештин регламенти менен кайрадан карап чыгуу зарыл, эгер жок болсо киргизип койсоңор болот. Чечим кабыл алуу эрежеси сөзсүз түрдө регламентте бар. А токтом - бул ченемдик укуктук акт. Анын мазмунун билбей туруп кабыл алсаңар бул кылмыш.
Максат [21 Мая 2017]
Саламатсызбы! Мен айылдык кенештин депутатымын. Тендер өткөрүү комиссиясына мени А/О башчысы кошуп койуптур - ушул туурабы? Катышканга болобу? Биз окууга барганда юристер айткан эле катышканга болбойт деп, болбосо кайсыл мыйзамда корсотулгон?
Ответ:
Максат мырза саламатсыңарбы. Сиздин сурооңузга кийинки жоопту даярдадык. КР мыйзамдарында депутаттар тендер өткөрүү комиссиясына мүчө боло албайт деген тыйуусу жок. Бирок ошол тендерде ал кишинин жакындары катышса, же өз кызыкчылыгын аркаласа, ал жоопкерчиликти комиссиянын мүөсү катары тартат. Ошол жоопкерчилике даяр болуңуз. Мен билбей калыптырмын, деген нерсе мааниси жок.
deka [21 Мая 2017]
Добрый вечер! Можно немного Вам пожаловаться,называть А/А не буду.Нарушения айыльного кенеша на лицо, после выборов, депутаты местного кенеша, начали действовать в своих интересах, кто-то трудоустроил супругу в аппарат, кто-то по совместительству на руководящей должности МП. Со стороны кенеша бездействие, вопросы поднятые на сессии касающиеся этой темы, остаются открытыми. Получается законы не нам писаны. Что-то же нужно предпринять!Помогите пожалуйста,стыдно перед избирателями. А о прозрачности и отчетности и говорить нечего, у нас все секретно, конечно в газету, интернет может и отправлена информация, а стенды? Население представления о токтомах не имеют, особенно пожилые жители.Что бы был порядок в айыльном аймаке, должен быть порядок среди депутатов нашего созыва, а как это сделать. Спасибо что вы есть!
Ответ:
Уважаемый deka здравствуйте. Понимаем Ваше отчаяние, так как сами часто сталкиваемся с подобными ситуациями в различных айыльных аймаках. Но не стоит опускать руки и думать что все можно быстро решить. В вашем случае надо шаг за шагом работать с местным кеңешем. Для этого Вы сами должны быть готовы противостоять различным гонениям, а они начнуться когда Вы начнете высказывать свое мнение отличное от мнения большинства. Но как говорили наши предки "Ак ийилет, бирок сынбайт" если Вы тесно будете работать с населением, то народ пойдет за Вами. Но эту работу надо проводить через желание менять ситуацию, а не для зарабатывания себе очков. Желание менять ситуацию, должно привести к изменениям. Мы готовы некоторые моменты помогать решать на другом уровне, но это должно быть конкретной проблемой, с конкретными шагами для улучшения. Если Вы будете писать общими словами что все плохо, рецепта как сделать лучше - нет.
deka [20 Мая 2017]
Здравствуйте. Может ли депутат один, написать обращение в счетную палату, по поводу проверки муниципального предприятия (жкх), изложив причину в обращении, нужно ли предоставлять документы подтверждающие нарушения.
Ответ:
Здравствуйте Deka!
В Законе «О статусе депутатов местных кенешей» в статье 12. «Право депутата ставить вопрос о проверке деятельности предприятий, учреждений и организаций» прописано, что депутат местного кенеша вправе ставить в местном кенеше и его органах вопрос о необходимости проведения проверки деятельности расположенных на его территории предприятий, учреждений, организаций независимо от форм собственности, а также деятельности государственных органов за исключением судов и судей, и органов объединений граждан, за исключением финансово-хозяйственной деятельности.
Местный кенеш вправе рекомендовать уполномоченным государственным органам провести проверки по фактам, изложенным депутатами. При этом проверки должны проводиться в соответствии с действующим законодательством.
О результатах проверок и предложениях по ним уполномоченный государственный орган информирует местный кенеш или его орган, по рекомендации которых осуществлялись эти проверки.
По результатам проверок уполномоченным государственным органом вносится предложение об устранении выявленных недостатков и нарушений руководителям (собственникам) предприятий, учреждений, организаций и органов, деятельность которых проверялась, а также вышестоящим органам, ставится вопрос о привлечении к ответственности лиц, по вине которых произошло нарушение.
В случае выявления нарушений законодательства Кыргызской Республики депутат может обратиться по этому поводу в соответствующие государственные органы. Отсюда получается что Вы можете этот вопрос поставить перед местным кеңешем и убедить этот орган своими подтверждающими документами. Вы можете как депутат обратиться в счетную палату или другие соответствующие органы надзора.
айылдык жигит [20 Мая 2017]
Саламатсынарбы. Менин суроом томонкучо: айылдык кенештин депутаты чет олкого иштегени кетсе эмне кылыш керек? Арыз жазабы же барып келсе боло береби 2-3 айга?
Ответ:
Урматтуу айылдык жигит !!! Айылдык кеңештин депутаты чет өлкөгө 2-3 айга чыгып кетсе, айылдык кеңештин төрагасына арыз жазып кайрылышы керек, себеби ал убактылуу туруктуу комиссиянын жыйындарына, кеңештин сессияларына катышпайт,ушул мезгилде өзүнүн депутаттык милдетин аткара албаганын эскертет.