Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Азамат     [5 Апреля 2017]

Мелис Зарлыкович, кирпич завод менен АО ортосунда тузулгон соц пакет практикасынан айтып бере аласызбы? Алдын ала рахмат

Ответ:

Азамат мырза саламатсызбы. Негизи социалдык пакет деген түшүнүк кең байлыкты өндүрүп жаткан муниципалитетде болот. Кирпич завод деп жазыпсыз, эгер ошол өндүрүш мекеме сиздердин айылга социалдык пакетти калыптандуруга даяр болсо буну социалдык корпоративдик жоопкерчилик, деп коет. Аны мекеме өзү аныктайт: кимге, канча, кантип берерин. Эгер мекеме чыныгый туура саясатты жүргүзгүсү келсе, анда эл менен аныктайт, кайсы маселени чечкенге каражатымды жумшайм, деп. Элдин пикирин угуп, анан өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап чечим чыгарат. Мисалы: өрөндөгү эң талантту өспүрүмдү колдо, деп. Ошондо мектеп менен талкуулап, критерийлерин аныктап эң татыктууларына же стипендия, же кандай бир сыйлык, же окусуна кандай бир керектүү белекти ыйгарып турса болот. Эгер критерийлерин так аныктабаса, коррупцияга айланып кетип, кийин чыр чатактын негизи болот. Бул жаштарга карата мисал. Ошондой эле карыларга карата, бала бакчага, маданият тармагына же социалдык камсыздоо багытында кандай бир жакшы долборлор болушу мүмкүн. Бирок негизгиси, бул кирпич заводунун өз ыктыяры менен болушу керек.

Азат     [1 Апреля 2017]

Саламатсыздарбы? Жакында айыл окмот башчыларын назначение аркылуу болот деген чечим чыгабы? Чыкса кайсы убакытта кучуно кирет? Чоон рахмат.

Ответ:

Азат мырза саламатсынарбы. Азыр Жогорку Кенеште шайлоо жонундо мыйзамдын долбору каралып жатат. Долбордо айыл окмот башчыларын эл туз шайлоо менен шайлап алууга мумкунчулук пайда болот. Ага чейин аткаруу бийликтин башчысын депутаттар тандашат.

Азамат     [30 Марта 2017]

Мелис байке саламтсызбы? 1. Жарандар, муниципалдык ишканалардын жетекчилери арызды Кенештин торагасына жазабы же АО башчысынабы? 2. 2016-тузулгон келишим сук тушкондо токтотулса, акт сверканын негизинде ОсОО дебитордук карызы менен Гарант письмо жазып, буто элек объектиге акчаны толук алуусу мыйзамдуубу?

Ответ:

Азамат, 1 суроого жооп: Жарандар, муниципалдык ишканалардын жетекчилери арызды кимге тиешелуу болсо ошол органга жазат. Мисалы муниципалдык ишкананын тарифтерин, жыйындарын бекитуу боюнча Айылдык Кенешке кайрылат. Болок чарбачылык суроолор болсо аткаруу бийлике (айыл окмотуно) кайрылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КР Мыйзамында толук жазылган. «Законодательство» деген разделге кирип ошол мыйзамды карап чыксанар болот. 2 суроого жооп: Эмне келишим экенин тактап жазсанар жакшы болмок, анткени Дем беруучу гранттын аркасы менен жасала турган иштер бир жылдын ичинде аяктап, откорулуп берилиши керек. Башка оздук каражатынарга иш кылып келишим тузсонор, келишимге толуктоо киргизип, кийин объектинер буткондон кийин акт приемки - передача аркылуу толомдорун жиберсенер жакшы. Жок азыр толонушу керек деген маселе турса, ошондой пункту, келишимге толуктап киргизип коюнуздар, анткени кийин келишим аткарылбай калса, соттон маселе келишимдин негизинде кана каралат. Келишимде бар болсо чечилет, жок болсо, жокко сот жок деп коюшат.

Бексултан Зарлыкович Умралиев.     [28 Марта 2017]

Кенештин торагасына компенсация кандай, качан, жана канча толонуш керек.

Ответ:

Бексултан Зарлыкович саламатсынарбы. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 37- беренесинде “ Жергиликтүү кеңештин төрагасы” жонундогу 10 пунктта айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат. Бирок мыйзамда канча деп жазылган жок. Мурунку мыйзамда так жазылган, айыл окмоттун башчысынын бир кундук маянасынын олчомундо, бирок бир жылда 10 жолудан ашык эмес деп жазылган.

Kасым     [27 Марта 2017]

Айыл окмот жерлерди аукцион жолу менен ижарага беребиз деп жатат. Эгер элдер катышпаса аукцион жоко чыгып, конкурс болбой калса, ошол жердин акысы бир тепкичке арзандайы?

Ответ:

Урматтуу Касым мырза! Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган типтуу жободо так жазылган, Биздин сайтта «Законодательство» деген болугунон таап жана окуп чыксанар болот .Сизге жооп аукцион боюнча; 38. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт. 45. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат. Ар бир кийинки баа учурдагы бааны; аукциондун арымын; жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун; арымына; ылайык кийинки бааны жарыялайт. 46. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат. 47. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө лротоколго кол коюуга тийиш. Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат. Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет. 48. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат. 49. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими түзүлөт. 50. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет: а) бир катышуучу катышса; б) ушул Типтүү жобонун 48-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса; в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө. 51. Ушул Типтүү жобонун 50-пунктуна ылайык белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат. Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 15 проценттен кеп эмес. Эгер экинчи тоорук ушул Типтүү жобонун 50-пунктунун; а-пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

Эрмек     [27 Марта 2017]

Жаны шайланган окмот башчы, башка окмото жашаса шайланган айыл аймака келип жашашы милдетуубу же каттап иштесе болобу служебныйда. Барып келген жол акысын окмотон толонобу? Кененирек жооп берсенер.

Ответ:

Эрмек. Айыл окмот башчысы башка айыл окмотто жашашы болот, кочуп келгенге милдетуу эмес. Барып келгенге жол кире толонбойт. Алыс болсо квартирага чыкса болот.

Дони     [24 Марта 2017]

2007жылы окмот участкага токтом чыгарган, архитектура деле чертёж сызып берген, бирок 2013жылы прокуратура жокко чыгарган деп жатат. Анан ал жер аренда деп, жатат. Токтом кучун жоготобу? Ал жерде барыныкы эместа? Эмнеге жокко чыгарылган жарымы?

Ответ:

Урматтуу Дони. Сиздин суроонузга жооп беруу учун суроонузду тактап жибериниз. 1. Эмне жер, категориясы эмне, ээси ким? 2. Прокуратура токтомду жокко чыгаралбайт, ал сот аркылуу кана жокко чыгат. 3. Аренда болсо, аренда экенин эмне тастыктайт? Ижарага алынган жерге кантип токтом чыккан? 4. Барыныкы эместа - адна кимдики? ТУШУНУКСУЗ суроонуз. Суролордуу так жазбасанар, туура жооп бере албайбыз.

Эрмек     [24 Марта 2017]

Жаны окмот "Мен эски окмотун ишин билбейм" деп жатат. Эмнеге окмот болгондон кийин барына жооп береби, акча маселеси болсода, бутпогон иштерди да. 2 суроо. Окмотту канча депутат бошото алат, бир эле сесияданбы, толугураак жазсанар.

Ответ:

Урматтуу Эрмек мырза! Жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы өз кызматтык милдетин аткарууга шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому чыккандан баштап киришет. КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 50-беренесинде айыл өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарында,ал айыл өкмөттүн ишине жетекчилик кылары жана анын жыйынтыктарына жооптуу болору жазылган. Демек, жаңы айыл өкмөт башчысы өзүнөн мурун иштеген айыл өкмөттүн ишин улантуучу болуп эсептелет. Жергиликтүү маанидеги бардык маселелер боюнча айыл кеңеш менен чогуу талкуулап чечип алып иш жүргүзө берсе болот. Эгерде айылдык кеңеш же айыл өкмөтү тарабынан мурда кабыл алынган кайсы бир укуктук-ченемдик актылар (токтом, чечим, буйрук ж.б.) бүгүнкү күнү иштөөгө тоскоолдук жаратып жаткан болсо, анда аны мыйзам чегинде кайра карап чыга алат. Жогорудагы аталган мыйзамдын 49-беренесинде “ айыл өкмөт башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби “тууралуу толук маалымат ала аласыз. Бул берененин 7- пунктунда айыл өкмөт башчысына айыл кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ИШЕНБЕСТИК БИЛДИРГЕН учурда деп көрсөтүлгөн.

Азамат     [24 Марта 2017]

Мелис байке! 1.Соц пакетти кирпич заводтордон кантип алабыз,2. Жергиликтуу кенеш кантип коэфициенттерди бекитет. ар бир айылдын картасын тузуу керекпи жана аларды кантип жалпылаштырабыз(17 айыл болсо Айыл аймакта)

Ответ:

Урматтуу Азамат мырза! Кыргыз Республикасынын «Кен байлыктар жөнүндө” кодексинде “социалдык пакет - бул жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын обьекти жайгашкан аймактагы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу менен аткаруу органынын ортосундагы макулдашуу, ал жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде даярдалат” деп айтылат. Конкурстун негизинде кен байлыкты иштетүү үчүн лицензия алган компания жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен кандайдыр бир суммага соцпакет берүүгө милдеттүү. Соцпакетте акча каражаттарынан тышкары жергиликтүү жарандарды жумушка орноштуруу, аларга татыктуу эмгек акы төлөө жана жакшы иштөө шарттарын түзүүнү караса болот. Албетте алардын (компаниялар) жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктык жана салык эмес төлөөлөрүн унутпөө керек. Кыргыз Республикасынын “ Салык” кодексинин 339-беренесинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкаларын бекитүү укугу жергиликтүү кеңештери берилгени айтылган .Ушул берененин 4 пунктунда төмөнкүдөй жазылган: Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан экономикалык-пландалуучу зоналардын өзгөчөлүктөрүнө жараша, өтүп жаткан жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө 3 жылда бир жолу төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 1) Бишкек шаарында - 0,6дан 3кө чейин; 2) Ош шаарында - 0,3төн 3кө чейин; 3) башка калктуу конуштарда - 0,3төн 1,2ге чейин. Айыл аймактагы калк жашаган айылдарды өзгөчөлүктөрүнө карата зоналарга бөлүп караса да болот. Мисалы: калк көп жашаган, магистралдык чоң жолдун боюнда жайгашкан же инфраструктурасы толук иштеген айылдарга жогорку коэффициенти, жогоркудай өзгөчөлүктөрү жок айылдарга төмөнкү коэффициенти койсо болот. Бул жерде терең жана толук анализ жасоо керек.

Руслан     [22 Марта 2017]

Саламатсыздарбы? 1 суром: Айыл окмотун башчысын депутаттар эмес эл шайлайт, деп сунуш болду эле, ал ишке ашабы? 2 суроом: Айыл окмотунун башчысына талапкер болуу учун взнос толош керекпи? Мумкун болсо кененирээк айтып берсениздер? Чоон рахмат!

Ответ:

УРМАТТУУ РУСЛАН МЫРЗА! Сиздин эки сурооңузду окуп чыгып бириктирип, анан бир эле жооп берүүнү ылайык көрдүк. АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫН ЖАЛПЫ ЭЛ ШАЙЛАШЫ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕ БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ӨТӨ ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕЛЕРДИН БИРИ. Биздин өлкөнүн кыска тарыхында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болгон айыл өкмөттүн башчысын жалпы эл аркылуу шайлануусу 2001-2005- жылдары болуп өткөн .2009- жылдан баштап мыйзамдарга өзгөрүү киргенден кийин айыл өкмөт башчысын шайлоо пазыйпасы жергиликтүү бийликтин эл өкүлдөрү болгон депутаттарга тийген эле. Ошентип, өзүңуз жакшы билгендей азыркы кезде депутаттар айыл өкмөт башчысын шайлап келе жатышат. Кийинки мезгилде Жогорку Кеңеште депутат К. Бокоев тарабынан айыл өкмөт башчысын шайлоону кайрадан жалпы элдик шайлоого өткөрүү тууралуу мыйзам даярдалып жалпы коомчулукка талкууга коюлуп жатат. Жакында республиканын аймактарында ушул маселеге арналаган талкуулар өткөрүлгөнү ММК маалым болду. Эгер коомчулуктан колдоо таап, андан кийин Жогорку Кеңештен депутаттар мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдү кабыл алышса, буюрса болжол менен 2020-жылдан баштап айыл өкмөт башчыларын эл шайлаганына да күбө болобуз. Бул боюнча толук маалыматты биздин МСУ.кж сайтынын жаңылыктар бөлүгүнөн кенен тааныша аласыз. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзаымынын 48- беренесинде айыл өкмөт башчысына коюлуучу талаптарда талапкерлердин акчалай взноз төлөөсү каралган эмес. Демек, талапкерлер эч кандай акча каражаттарын төлөбөйт.