Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Асан     [22 Мая 2020]

Саламатсыздарбы.Менин суроом : Айыл окмотундогу депутаттардын баарында окмот башчысында айыл башчысында жада калса китепканачы жана зав.клубдарда ,жайыт торага,бухгалтери ФПСтин жерлеринен 2-3-5 га арендада жерлери бар.жылыга аукцион кылып алардыкы коюлбайт.Депутаттар-- жана кызматкерлердин кимиси мыйзамдуу турдо ала алат эле же алганга укугум бар деп эле ала беришеби.Эгерде мыйзамдуу эмес, алганга болбосо кимге ,кайсы органга кайрылабыз.Жооп берип койгулачы.

Ответ:

Урматтуу Асан! Эгерде сиз жогоруда кызмат ордун атаган айыл өкмөттүн кызматкерлери болобу же эл шайлаган жергиликтүү кеңештин депутаттары болобу,ким болбосун бардыгы мамлекеттин менчиги болгон АЖМФ ( айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду) жерлерин мыйзамда белгиленген тартипте гана ижарага алып пайдалана алышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОдо “ жерлерди берүү жана шарттары аныкталган. АЖМФнын жерлерин башкарууга биринчи кезекте айыл өкмөттүн башчысы жооп берет. Урматтуу Асан, бул маселе боюнча сиз жергиликтүү бийлик органдарына, райондук агрардык өнүгүү башкармалыгына, райондун акимине жана прокуратурага кайрыла аласыз.

Толкунбек     [20 Мая 2020]

Саламатсыздарбы. Мен жашыл китеп алып, убактылуу пайдаланууга жер иштетип келем, донсоолорун туздоп, тал дарак менен короолоп, момолуу алча орук тигип, тал терек тиккем. Орук, алчалары момо берип калган. Эми талаада болгондуктан мал аралап, тал даракты кажып талкалап келет. Менин суроом ошол жердин чекесине айдоо эмес донсоо каптал жерди туздоп, кароол кылып, там салганга 2 сотых жерге кызыл китеп алсам болобу?

Ответ:

Урматтуу Толкунбек, КР Жер Кодесинин 73 беренин 2 пунктуна ылайк сиз айыл окмотко арыз менен кайрылып, бизге жазган сурооңузду ошол расмий жергиликтүү бийлике кайрылышыңыз керек. Кыргыз Республикасынын жер кодекси 73-статья. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун максаттары. 2. Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт" деп бекиткен. Ошондо, сизге мыйзам курулуштарды курууга жол берет.

Нургазы     [17 Мая 2020]

Саламатсынарбы урматтуулар, менде сиздерден сураныч жана отунучум бар. Мага жооп берип койсонуздар. Мен Президенттин 2018-2019 жылдардагы айыл жергесин онуктуруу жарлыгына ылайык кондитердик цех ачкам. Кондитердик цех айыл окмоттун балансындагы эски тегирменди ижарага алып, анын ичин жана сыртын ремонттоп туздуоп озумдун жаныман ишке киргизгем. Азыркы учурда жумушум жакшы канаттандыраалык. Ошол тегирмендин алдында тактап айтканда жанаша 3*9=27метр кв жер бар ушул жерге мен дагы чакан кондитердик дукон курсамбы дегем. Эми суроо? Ошол жерге 2019-жылы арыз жазып кайрылгам, оздоштурууго жана дукон салууга. Бирок, айыл окмот ал жерди аукционго коюп мыйзамдаштырып беруусун айтты. Ошол жерди чакан бизнести онуктуруу учун президенттин жарлыгына ылайык акционсуз алсам болобу? Жана башка кандай жолдору бар же токтомдор, положениялары бар? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Нургазы, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү  жобонун негизинде берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571  токтому  менен бекитилген. Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Типтүү жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Жобонун 11-пунту: "Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде: а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электри бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо; б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе; в) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта; г) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо".

Талант     [12 Мая 2020]

Саламатсыздарбы. Менде Бир суроом бар, былтыр 2019ж А/О 6-айлык отчетун берди, жыл буткондо 3-отчетун берди, кагазга печат басып кол койгон. 3 айлык отчет кана десем, бергенбиз деп женип салды, кагазды корсотсом адашыпбыз деп, шылтоолоп Бир жумада беребиз деп жатты, анан оруу чыгып карантин деп туруп алды, кандай чара корсо болот? 2019-ж элгеда берди аз Адам чакырып райондун бут жетекчилери келди.

Ответ:

Урматтуу Талант мырза, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" МЫЙЗАМЫнда (2011-жылдын 15-июлу № 101), 50 "Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары" аттуу беренесинде, 2) айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бир жолу кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет, деп белгиленген. Ошондон улам, 3 айлык отчет деген нерсе мыйзамда ЖОК.

Элдос     [10 Мая 2020]

Саламатсыздарбы! Менин муниципалдык кызматта 2 жылдык стажым бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Айыл өкмөт башчысы кызматына талапкерлигимди коюуга стажым жетеби. Жаңы мыйзам боюнча иш стажынын мөөнөтү көрсөтүлбөгөн экен.

Ответ:

Урматтуу Эльдос. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 48-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар. 1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. 2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат. 3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.

Нуртай     [1 Мая 2020]

Саламатсызбы? Айылдык Кенештин депутатынын депутаттык мооноттогу убактысы муниципалдык иш стажысына эсептелеби?

Ответ:

Урматуу Нуртай, айылдык Кенештин депутатынын депутаттык мооноттогу убактысы муниципалдык иш стажысына эсептелет.

Гуля     [28 Апреля 2020]

Бизде Кызыл Кыштак айылында суу уже токтолуп жатат суудун увакты белгисиз майда балалуумын увакты белгилуу кылып койсо голову суранамын

Ответ:

Урматтуу Гуля! Сиз бул сурооңузда ичүүчү суу тууралуу маселени көтөрүп жатсаңыз керек, бул маселе боюнча өзүңүз жашаган жердеги жергиликтүү бийлик органдарына, тактап айтканда айыл өкмөткө кайрылыңыз. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу алардын эң маанилүү милдеттерине кирет. Эмне себептен, канча убакытка чейин суу берүү токтотулат...ж.б ушул маселеге байланышкан башка суроолорго айыл өкмөт жооп берет.

айыл башчы     [26 Апреля 2020]

Саламатсыздарбы. Ден соолук ишинерге ийгилик. Менде суроо; 1. Айыл окмотуно караштуу, муниц. жерлерди да аукцион аркылуу берилеби же жон гана МФЖнын жери деп эле келишим мененби. 2.Анан дагы Картада Бак деп 10 га илгери отургузулган жерлер азыр бактар жок аз эле калган. Ортолорун иштетип айдоо кылып алды. Айдоо жер деп аны элдер ижарага алалы десе менчик деп бербей жатат. Болгону 1 га менчик экен. Эмненин негизинде менчикке чыгарып алды тушунуксуз. Ал жерлерди ортого ким алат. Кайра кантип ижарага берилет. 3. Клуб, эстеликке мектепке ж.б тиешелуу аз да болсо чектешкен жерлерди огороддорун чоюп озулоруно кийирип алышты. Кандай кылабыз. Кимдерге кайрылсак болот. А/О жер адис, юрист да жок. Ушуларга жооп кылсанар айыл элине чон жардам берет эленер.

Ответ:

Урматтуу айыл башчы, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген. Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Типтүү жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Жобонун 11 пункту: "Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде: а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электри бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо; б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе; в) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал объекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же объекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта; г) жер участок ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо".

Омуркулова Гульсайра Султановна     [22 Апреля 2020]

Кара-Талаа участкасынан Казан-Куйган айылы, Нарын району тургундарга 1996-жылы улуш жер болунуп берилген. 24 жылдан бери ошол жерлерибизди иштетип келгенбиз. 2020-жылы 16-апрелден бери ошол улуш жерлерибизди кайра болуштуруп, эл 24 жылдан бери иштетип алган жерлеринен айрылып ан-чонокко, такыр жерге тушуп калышты. Кээ бироо чоп бастырып алышкан Эми ошол улуш жерлерибизди ушинтип кайра болуп салган туурабы. Мыйзамдуубу. Жазгы талаачылык иштери башталганы турат. Дуйно жузу боюнча кырдаал ушундай болуп турганда элибизге кыйынчылык тушту. Карантин учуру. Жергиликтуу бийликтин кылганы туурабы? Улуш жерибизди кайра-кайра болуштуробуз деп элди кыйнаганы жакшыбы? Улуш жерибиздин 1996-жылы Госрегистр чийип берген картасы турат. Сиздерден туура жооп кутобуз.

Ответ:

Урматтуу Гульсара айым, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИнин (1999-жылдын 2-июну № 45), 4 "Жерге менчик" аттуу беренесинде: 3 пунктунда: Айылдык аймактын, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет. Ошондо, силерге үлүш аркылуу тийген жерлер жеке менчик болуп эсептелинет. Аны сиздер ушул эле Кодекстин 1 беренесинин 22 пунктунда: жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу бар деп белгиленген. Ошондуктан айыл өкмөт, бул жерлерди кайра бөлүштүрүгө укугу жок. Балким бул АЖМФнин жерлери болгондур. Өз укугуңарды коргойбуз, десеңер 0554620484 телефонуна чалып, документтерди карап, иликтеп чыгалы.

Уран     [22 Апреля 2020]

Саламатсыздар. Айыл окмоту улуш жерлерди кайра болуштурууго укугу барбы?

Ответ:

Урматтуу Уран мырза, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИнин (1999-жылдын 2-июну № 45), 4 "Жерге менчик" аттуу беренесинде: 3 пунктунда: Айылдык аймактын, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет. Ошондо, силерге үлүш аркылуу тийген жерлер жеке менчик болуп эсептелинет. Аны сиздер ушул эле Кодекстин 1 беренесинин 22 пунктунда: жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу бар деп белгиленген. Ошондуктан айыл өкмөт, бул жерлерди кайра бөлүштүрүгө укугу жок.