Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Сланбек     [15 Октября 2019]

Саламатсынарбы. Айыл окмоту тарабынан мурун кабыл алынган чечимдерди, токтомдорду айыл окмоту озгортууго же жокко чыгарууга укугу барбы? Кайсы мыйзамга таянсак болот?

Ответ:

Урматтуу Сланбек мырза. КР "Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамында (2009-жылдын 20-июлу № 241) 17-берене. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп табуунун тартиби  1. Эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаны редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат. Ченемдик укуктук актынын текстинин жаңы редакциясын баяндоодо ченемдик укуктук актынын аталышында; жаңы редакция; деген сөздөр колдонулбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу менен бир эле учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акты күчүн жоготту деп табылууга тийиш. Калган учурларда ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет. 2. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен ишке ашырылат. 3. Эгерде референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда башкача каралбаса, референдумдун натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат. Ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү жана (же) толуктоочу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт. 4. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш. 5. Күчүн жоготту деп табылууга - ченемдик укуктук акт, ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери жатат; алып салынууга сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр жатат. 6. Структуралык элементтерди күчүн жоготту деп табууда алардан кийинки структуралык элементтерди кайрадан саноо жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон структуралык элемент ошол структуралык элементке кийин өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсепке алынат. 7. Ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат. 8. Эгерде ченемдик укуктук актыда мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп тапкан башка ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготту деп табылса, мурункулардын күчү кайрадан жаңыртылбайт.

Ленин айыл окмоту     [11 Октября 2019]

Жеке менчиктеги улуш жерлерге коп жылдык бак-даракты тигууго болобу?

Ответ:

Урматтуу Ленин айыл өкмөтүнүн өкүлү. Ооба, көп жылдык бак-даракты тигуугө болот. 7 марта 2019 жылы № 33 жер кодексине 50 беренесине өзгөрүлөр киргизилген. 50-статья. Жер участогунун менчик ээсинин жана жерди пайдалануучулардын милдеттери 1. Жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу төмөндөгүлөргө милдеттүү: 1) жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланууну камсыз кылууга; 5-1) сугат айдоо жерине көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын өстүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөткө чектеш жер участокторунун менчик ээлеринин макулдугун алууга;

Жоке     [10 Октября 2019]

Саламатсыздарбы. Мен дарственной тартулоо жолу менен жерди эжемен алганмын.Мамкаттоодон жерди тартулоонун негизинде катталганмын.Мен жер алуу брюнча кезекте турам. Кезегим келиптир. Турак уй куру учун жер тилкесин аламынбы? Же жерин бар деп бербейби тартуулоодон алган жерин бар екен деп!

Ответ:

Урматтуу Жоке мырза! Кыргыз Республиканын Жер Кодекстин 34-беренеде "Жер участогун акысыз пайдаланууга берүүнүн тартиби" жер участогун акысыз пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коммуналдык жерди пайдалануучулары ушул тууралу ошол участок жайгашкан жердеги ыйгарым укуктуу органга өтүнүч киргизгенден кийин жарандын кезеги келгенде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер келип түшкөн учурдан тартып үч айдын ичинде каралат жана негиздүү чечилет. Демек кезегиңиз келсе ыйгарым укуктуу орган ошол жер масалесин чечишет.

наргиза     [4 Октября 2019]

айыл ичинде 400 букага сарай салынып жатат. кандай чара корсо болот, 400 бка кармаса абдан сасыйт

Ответ:

Урматтуу Наргиза! Сарай салганга керектуу иш кагаздары бар бекен, Айылдын тургундарынан макулдулугу барбы, ж.б. документтерди бар болгонун биринчи тастыкташ керек. Эгерде жок болсо анда салууга болбой. Эгерде бар болсо, аны арыз катары жазсаныз болот.

Орунбек     [3 Октября 2019]

Муниципалдык менчиктеги жерди аукционго койбой 49 жылга кандай кылып алсак болот

Ответ:

Урматтуу Орунбек мырза. Сиздин сурооңуз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571  токтому  менен бекитилген  "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" типтүү жобо менен жөнгө салынат. Ошол типтүү жөбөдо: 3. Жер участоктор ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер участокторду ижарага берүү мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт. Ушул типтүү жобону карап чыксаныз болот.

Мирлан     [24 Сентября 2019]

Саламатсыздарбы менин суроом Cиздерге томонкудой, Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу балдар бакчаларына тамак аш сатып алуу учун конкурс жарыялаганбыз, конкурска эки ишкер катышты. Бир ишкерди женуучу деп аныктады конкурстук комиссия. Бирок ишкерлердин бироосу конкурстук комиссиянын чечимине даттанып финансы полициясына 2018-2019-жылдырдагы тендерлерди текшерип беруу боюнча арыз менен кайрылды. Бугунку кундо финансы полициясы арыздын негизинде 2018-2019-жылдардыгы тендердик документтерди текшерип жатат. Ушул мыйзамдуубу же жокпу ?

Ответ:

Урматтуу Мирлан мырза! Конкурска чейинки процедурада, конкурска катышышы келген ишкерлер "Бардык этаптарды мыйзам төрөндө өтүүгө" деген документтерге кол коет. Ошол документтердин арасында Даттануу процесс да этаптары бар. Мамлекеттик сатып алуу мыйзамына ылайык 48-беренеде "Даттанууга укук" даттануу катын мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга берүүгө укуктуу. Анда сатып алуу процесс убактылуу токтолуп текшерүү жүргүзүлөт. Финансы полициясына арыз жазганда, алар Мамлекеттик сатып алуу мыйзамына таянып мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга жибериши керек эле. Тендер боюнча толук маалымат жазбагандыктан жооп төмөнкүдөй. Толук маалымат үчүн Мамлекеттик сатып алуу боюнча укук эксперттерге кайрылсаңар туура болот (0312 - 62 - 03 - 74, 0312 - 62 - 02 - 22).

Кылычбек     [11 Сентября 2019]

АЖМФ жерлери эн узак канча жылга берсе болот ?

Ответ:

Урматтуу Кылычбек мырза! Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл чарба багытындагы жерлер 5 жылга ижарага берилет, бута кайрак айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлер, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлер кирбейт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу мөөнөттөрү төмөнкү учурларда узартылышы мүмкүн: - ижарага алган жер участоктору боюнча ижара акысын, салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убагында төлөсө; - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдаланса жана агротехникалык талаптарды сактаса. 5. Айыл аймагынын чегиндеги жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин өлчөмү жана конкреттүү ижара мөөнөттөрү Жер комиссиясы тарабынан аныкталат.

Асылзат     [11 Сентября 2019]

1.Айыл аймагында жайгашкан мун.менчик объектилеринин баштапкы документтери жок болгондуктан кандай турдо каттоодон откорсок болот?\n2.Айыл аймагында жашоочуларга жер улуштору берилген алар убагында каттоодон отпой башка учунчу тарапка сатып жиберишкен, ушул учурда жаны алган уй ээси докменттерин тууралап баштанганда госрегистрдин специалисттин чакырып жерин ченетет ар бир келген госрегистр кызматерлери ар башкача ченеп койуп жатышат ген.планы бар ушул учарда кимге кайрылып так маалымат алса болот?

Ответ:

Урматтуу, Асылзат айым! Муниципалдык менчикти каттодон өткөруугө баштапкы документтер жок болгон учурда мамлекеттик каттоо депатаментинен муниципалдык объектилердин ээси жок деген маалымкат алыш керек. Эгерде ал жакта эч кимдин атында катталбаса анда сотко кайрылсаныздар болот. Мамлекеттик каттоо департаментине кат аркылуу кайрылуунуз керек, себеби генералдык пландын негизинде тактап беруулөру зарыл.

Майя     [11 Сентября 2019]

Айыл ичиндеги жерлерди присельный пастбище деп жазылып калган кантип Промышленность или ИЖСке которсо болот?

Ответ:

Урматтуу Майа айым! Айылдык кенешине кайрылып сессиянын токтому менен жерди которуу жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясына кайрылуунуз керек. Трансформацияны КР өкмөтү жузөгө ашырат.

Айзада     [11 Сентября 2019]

Саламатсызбы! Менин суроом, городской свалкага жакын жашайм, ж. /м. Калыс-Ордодо. 2020-жылы завод курулуп бутобу же жон эле сартировочное линия болобу? Завод курулса тутун каптабайбы?

Ответ:

Урматтуу Айзада айым. Калыс Ордо жаңы конушта таштандыны кайра иштетип чыгуу боюнча завод курулары жөнүндө маалыматым жок экен. Эгер завод курулат десе, анда түтүн каптайбы же жокпу эч нерсеге карабайт, курушат. Негизи ошол жер чоң свалка болчу, элдер ошого карабай үй салып алышкан. ТЭЦтен деле түтүн чыгат, бирок аны жабууга мүмкүн эмес. Туура технология менен салынса, көп түтөбөшү керек. Сиздер муниципалитеттен сурап, ошол нерсени көзөмөлгө алсаңыздар, иштин сапаты жакшырат, иш батырак алдыга жылат. Активдүү жарандар болсоңуздар, кайдыгер болбосоңуздар - иш оңолот.