Нурдин [20 Августа 2021]
Саламатсыздарбы. Айыл окмотундогу иш кагаздар жургузуучу адиси, айылдык кенешке депутат болгон. Ушуга мыйзам жол береби?
Ответ:
Урматуу Нурдин, айыл окмотундогу иш кагаздар жургузуучу адис муниципалдык кызматкер болуп эсептелбейт, ошондуктан айылдык кенешке депутат боло алат.
Санира [20 Августа 2021]
Муниципалдык менчиктеги жерге мал базар курулган,базарга кирген малдын башына, автоунааларга акча алынат. Бюджетке 100% тушкудой кылып кантип мыйзамдаштыруу керек? Жол жобосун айтып койсонуздар?
Ответ:
Урматтуу Санира, мал базарды ким курган? Мумкун ал жерди айыл окмот ижарага бергендир. Биринчи ден жер азыр кимдин карагында турганын такташ
керек. Ишкерлер ижарага алып иштетсе, анда алар жер салыгын толош керек, автоунааларда акча алса, анда патент алыш керек. Ошол салыктардын толомдору
100% жергиликтуу бюджетке тушот. Сиз айыл окмоттон муниципалдык менчикте турган жерди кимге, кантип берилгенин малымат алышыныз керек. Ошого карата
тактап, кененирек жооп берели. Муниципалдык менчикте турган айыл чарба эмес жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары
жөнүндө типтүү жобонун негизинде берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы 571 токтому менен бекитилген.
Тургун [20 Августа 2021]
Саламатсызбы! Айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык жерлерди жеке адамдарга 49 жылга менчикке бергенге мыйзам жол береби? Мисалы: оорукана, бала бакчанын жери ж.б.
Ответ:
Урматтуу Тургун, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун негизинде берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы
№ 571 токтому менен бекитилген
Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Типтүү жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Жер участокко менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
Жер участоктор ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер участокторду ижарага берүү мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
Оорукана, бала бакчанын, мектептин жерлери менчике берилбейт.
Александр [20 Августа 2021]
Здравствуйте, у меня такой вопрос: если айыл окмоту будет нанимать к примеру юриста, но такой единицы нет в штатном расписании, как его оформлять?
Ответ:
Уважаемый Александр, в соответствии со статьями 4 и 8 Трудового Кодека Кыргызской Республики (далее – Трудовой кодекс), трудовые отношения с лицами, нанятыми айыл окмоту (вне штатного расписания), должны быть основаны на трудовом договоре, заключаемые с ними и должны соответствовать актам, содержащих нормы трудового права, принимаемых органами местного самоуправления.
Акыйкат [19 Августа 2021]
Ачык сессияга катышкан айыл тургундары сессияда эмнеге укуктуу, эмнеге укуксуз. Алар дагы талашып тартыша алабы.Кайдан алып окуйбуз?
Ответ:
Урматтуу Акыйкат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамында, 30-берене. «Жергиликтүү кеңештин ишинин ачыктыгы»
1. Жергиликтүү кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
2. Жергиликтүү кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
3. Жергиликтүү кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
На сессии вправе участвовать глава айыл окмоту, его заместитель, члены местного сообщества, приглашенные лица по рассматриваемым вопросам, а также все заинтересованные лица в порядке, установленном регламентом айылного кенеша.
Приглашенные и присутствующие лица на сессии не имеют права вмешиваться в работу айылного кенеша, его органов (выступать, делать заявления, выражать свое мнение, комментировать) без разрешения председательствующего на сессии, заседании.
Депутаты айылного кенеша, лица присутствующие на сессии вправе задавать вопросы докладчику по рассматриваемому вопросу, давать письменно или устно замечания и предложения (изменения, дополнения) к проекту постановления по рассматриваемому вопросу.
Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген регламенттен алып окусаныз болот.
Адыл [19 Августа 2021]
инвалид 1-2-групаларга иштеп жатса,айлык акысынан налогтун касй турлору кармалат
Ответ:
Урматтуу Адыл, айлык акысынан 10 пайыз киреше салыгы жана I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар) пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрү кармалат.
Бакыт [18 Августа 2021]
Жайыт жериндеги мурунку сарайларга айрым адамдар тиешелүү документтерин даярдап, жер участогун кестирип алып, мал баккан сарай салып жатышат. Госрегистрдин аймактык бөлүмдөрү аларга сарайдын ордун аныктап берет экен, картасынан карап, анан гипрозем чечим чыгарат экен, биз билгенден ушундай тартип экен. Менин суроом: 1.Эмне үчүн ушул процесс ачык-айкын эмес? 2.Айыл өкмөтү же Госрегистр (Гипрозем) ошол сарайлардын орду бар деген картаны айыл элине эмне үчүн ачык жарыялабайт? 3.Мал бакан сарай салыш үчүн жер бөлдүрүү тартиби кандай жана кайсыл НПА менен аныкталган? Алдын ала рахмат!
Ответ:
Урматтуу Бакыт. Жайыт жерлердин сарай деп калган оорундары картада болот, анын баарын айыл өкмөт муниципалдык менчик кылып катташ керек болчу. Бирок көп деген сарайлар эбак үлушко бөлүнуп, жеке менчик болуп кеткен. Ээлери иштетпей таштап кеткен жерлерди басып алуу болуп жатат, ошолорду муниципалдык менчик кылып алуу айыл өкмөттүн колунда, бирок, бул маселе сот аркылуу чечилгенине байланыштуу, айыл өкмөттөр ага кызыкпайт. Башымды оорутуп жүрөмбү, деп коюшат. 1. Ачык-айкындыкты силер талап кылышыңар керек. 2. Силер талап кылсанар жарыялайт. 3.Мал бакканга сарай салууга жер бөлүнбөйт, эгер силердин үлүш жериңер алыс жайгашкан болсо, анда салууга уруксат алса болот. Ал жөнүндө Жер кодексинин 73-беренесинин, 2 пунктун окуп колнуп алыңыз.
Акмат [18 Августа 2021]
Саламатсыздарбы! Муниципалдык кызматкерлерге айыл окмотунун кызматы учун иш сапарга барууда кайсыл кызматкерлерге командировочный толонуп берилет.Кененирээк маалымат берип койсонуздар.Алдын ала рахмат
Ответ:
Урматтуу Акмат, командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө 2008-жылдын 26-августу № 471 КР токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын чегинде кызматкерлерди командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй нормалары белгиленген:
- суткалык акы төлөө - республиканын региондорунда командировкада болуунун ар бир күнүнө 500 сом; Бишкек шаарында - 600 сом;
- турак жайды ижаралоо боюнча акы төлөө - тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча акы төлөө чыгымдар суткалык чыгымдардын нормасынан 50 процент өлчөмүндө кайтарылат;
- командировка өтүүчү жерге чейин жана кайра кайтуу жол кире чыгымдардын, анын ичинде аталган чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен транспорттогу жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн ордун толтуруу иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча жүргүзүлөт. Билеттер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдар ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык өлчөмдө кайтарылат.
Мекиш [17 Августа 2021]
Айылдык кенеш оздорунун чыгарган токтомдорун жокко чыгара алабы? Кайсы учурда жокко чыгарууга болот?
Ответ:
Урматтуу Мекиш мырза. КР "Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамында (2009-жылдын 20-июлу № 241) 17-берене. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп табуунун тартиби 1. Эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаны редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат. Ченемдик укуктук актынын текстинин жаңы редакциясын баяндоодо ченемдик укуктук актынын аталышында; жаңы редакция; деген сөздөр колдонулбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу менен бир эле учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акты күчүн жоготту деп табылууга тийиш. Калган учурларда ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет. 2. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен ишке ашырылат. 3. Эгерде референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда башкача каралбаса, референдумдун натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат. Ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү жана (же) толуктоочу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт. 4. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш. 5. Күчүн жоготту деп табылууга - ченемдик укуктук акт, ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери жатат; алып салынууга сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр жатат. 6. Структуралык элементтерди күчүн жоготту деп табууда алардан кийинки структуралык элементтерди кайрадан саноо жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон структуралык элемент ошол структуралык элементке кийин өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсепке алынат. 7. Ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат. 8. Эгерде ченемдик укуктук актыда мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп тапкан башка ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготту деп табылса, мурункулардын күчү кайрадан жаңыртылбайт.
Акмат [16 Августа 2021]
Айыл окмотунун кызматкерлеринин штаттык курамын кыскартуу (30 пайызга) учун, биринчи кезекте эмнелерине конул буруп караш керек.
Ответ:
Урматтуу Акмат, айыл окмотунун кызматкерлеринин штаттык курамы кыскартылсын деген эмне ченемдик укуктук актынын негизинде иш алып барып жатасынар? Жергиликту оз алдынча башкаруу органдары 30 пайызга чейин кыскартылсын деген талап президенттин указында жок. Указда ЖОБО Сунушталсын: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу деп турат. Кыскартабыз десенер анда беринчи кезекте сиздерге кайсы адис керектуу, анын алган балоо комиссияда алган балдары, стажы жана башка сапаттарына конул буруш керек.
Указда ЖОБО сунушталсын деп турат, ошого да конул бургула, санын 30 пайызга чейин десе, анда 10, 15 же 20 % кыскартуу болушу мумкун.