Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Уланбек     [19 Апреля 2018]

Суроо. ФПС эмес введение айыл окмоту государство деп калып калган сугат айдоо, кайрак айдоо чабынды жерлерди элдер коп жылга ижарага жемиш бак тигебиз деп А/О сурап жатышат. Кандай жол менен берсе болот? Же болбойбу? Жообун эртелетсенер.

Ответ:

Урматтуу Уланбек мырза. Алгач айыл өкмөт Райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу башкармалыгынан ушул жер аянты тууралуу тыянак (заключение) алышы керек. Андан кийин ал жердин ээсин аныкташы керек, эгер аныкталбаса, жергиликтүү бийлик ал жер аянттын муниципалдык менчике алуу аракеттерин жасоосу зарыл. Бул аракеттерди жасаганга чейин А/О айылдык кеңештин макулдугун алып, аукцион же конкурс жолу менен ижарага берип пайдаланса болот. Жердин категориясын, ээсин аныктамайын узак мөөнөткө, жемиш бак тигүгөө берилбегени туура.

Универсал     [19 Апреля 2018]

Саламатсыздарбы. Мен клуб башчысымын. Худрук штат бар. Ал бала иштебей кетип калды. Анын ордуна киши алгыча мен анын 1ставка айлыгын алсам болобу же 0,5 менен иштей берсем болобу? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Универсал. Бул маселени А/О башчысы менен райондук маданият бөлүмү биргелешип чечишет.

Асан     [19 Апреля 2018]

Салам. Менде суроо айылдын четиндеги жайыт жерлерди бай адамдар зым менен коруп алып, жемиш бактарын тигип жатат. Алар 2009 -ж.чейин жайыт жерин оз эсебинен оздоштуруу менчикке алуу токтомдору 1995-ж рай.адм.госактысы барларды, элден сатып алууда. А бирок ал жерлер ушу кунго чейин иштетилбей жайыт бойдон жаткан. Айыл элин, малын кубалап жатат. Ошол менчик кагаз канчалык мыйзамдуу? Негизи жайыттан оздоштуруу деп алган токтому барлар жерлерин коруп алса, элдин малы кай жерден оттойт? Жер комиссия А/О буга чейин ошол жерлерди тактап коюш керек беле? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Асан мырза. Сизге так жооп берүү үчүн сизден төмөнкү тактап бериши ңиз керек: өздөштүрүгө жайын жерлерди качан жана кантип берилген; бул жерлер азыркы күндо менчиктин кайсы формасында турат; ошол жерлерди максаттуу пайдалангандыгы туралуу өнүндө далилдеген актылар барбы; ижара жана салык төлөмдөрү толөнүлгөнбү?

Бектемир     [17 Апреля 2018]

Айыл өкмөтү, Акимият жөнүндө мыйзамдарды так туурасын кайдан окуп билсе болот? Ссылка болсо жазып койсоңуздар.

Ответ:

Бектемир мырза саламатсыңарбы. 2011-жылдын 15-июлу № 101 КР "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы, 2011-жылдын 14-июлу № 96 КР "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамы. Бул мыйзамдар ушул сайттын Законодательство деген бөлүгүнөн таба аласыз.

Бектемир     [17 Апреля 2018]

Саламатсызбы Айыл окмот башчысын жумуштан ала алат, жана кандай учурда Аким жумуштан бошотот? Райондун акими эмне жумуштарды кылат? Негизги милдети кандай?

Ответ:

Бектемир мырза саламатсыңарбы. Сиздин берген сурооңузга жоопту КР "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамында так көрсөтүлгөн. Тактап кетсек 9-берене "Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы". 11-берене "Акимдин ыйгарым укуктары". Бул мыйзам ушул сайттын Законодательство деген разделинен алсаңыз болот. Окуп, сиздердин мамлекеттик администрацияңар эмне иш менен алек болгонго милдети жана укугу бар экенин билип аласыңар.

Жаз     [16 Апреля 2018]

Саламатсыздарбы, жергиликтуу оз алдынча башкаруу орган кызматкерлери менен айыл окмот башчысы кантип эмгек келишим тузот, жана ким тарабынан тузулот, кайсы жерден улгусун алсам болот. РАХМАТ ишиниздерге ийгилик.

Ответ:

Урматтуу Жаз! Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин III-бөлүмүндөгү 53-78 беренелерде эмгек келишиминин кандай түзүлүүсү, эмнелерди камтылышы тууралуу толук жазылган. Өзүңөрдүн ишиңердин шартына карата келишимди түзүп алууңар керек.

Бакыт     [15 Апреля 2018]

Сатып алуулар жөнүдө мыйзамында сатып алуулар боюнча жылдык план жергиликтүү кеңеште бекитилет деген түздөн-түз жазылган норма жок экен. Сиздердин talant [28 Января 2018] жана Tolik [28 Марта 2018] аттуу колдонуучуларга берген жоопторуңуздарда жергиликтүү кеңеш аркылуу бекитилет деп жатасыздар. Сатып алуулар ж-дө Мыйзамынын 12-беренесинин 1-3-пункттарында жергиликтүү кеңеш жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр. Ушул маселе боюнча дагы бир жолу түшүндүрмө берип коюуңуздарды суранам, анткени айыл өкмөткө сатып алуу планын бюджет менен чогуу сунуштагыла дегенде, алар, андай норма жок деп коюшу мүкүн болуп жатат. Кайсы башка ченемдик-укуктук актыларга шилтеме кылсак болот?

Ответ:

Бакыт мырза саламатсыңарбы. Туура, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамында так ушундай талап жазылган эмес. Сатып алуулардын планын мамлекеттик сатып алуучу уюм бекитет. Бирок жергиликтүү бийликте эки канаты бар, бирөө аткаруу экинчиси мыйзам чыгаруу. Ошондо аткаруу бийлиги бир жылдык сатып алууларды пландаштырууда жергиликтүү кеңешти тартып, алар менен талкуулап анан бекитип алышса, кийин өйдө-ылдый маселелер азыраак болот. Аткаруу бийлик өзү бекитсе, кийин өзү жоопкерчиликти тартканга даяр болушу керек. Макулдашуунун аркасы менен бекиген план, чыр-чатака жол бербейт. Бул акыйкат башкаруунун принциби. Сатып алуулардагы көйгөйлөрүңөрдү жазып коюп тургула, системдүү маселени чогу чечкенге баралы, сизге рахмат.

Руслан     [13 Апреля 2018]

Здравствуйте. В каких случаях и по каким вопросам в местном кенеше проходит тайное и открытое голосование? В каком законе это есть?

Ответ:

Уважаемый Руслан! Местный кенеш могут принят решения открытым или закрытым голосованием. Открытое голосование проводится путем поднятием руки депутатами айылного кенеша в подсчета голосов председательствующим, который объявляет принято решение или не принято. Тайное голосование проводится тогда, когда депутаты заполняют бюллетеня и отпускают в опечатанную урну. Счетная комиссия составляет протокол подписанными всеми членами счетной комиссии и озвучивается председателем счетной комиссии на сессии. Председательствующий на сессии объявляет, принято решение или нет. Протокол о результатах тайного голосования утверждается постановлением айылного кенеша.

шерзат     [12 Апреля 2018]

Саламатсыздарды. Менин суроом мен жашаган дарек жаны чек болгондуктан жашоочулардын саны кобойгондугуно байланыштуу электр энергиянын кубаттуулугун кобойтуу керек, б.а. жаны трансформатор коюу керек ошол трансформаторду орнотуучу жерге тиешелуу жактардан же жергиликтуу бийликтен куболондуруучу документтерди алуу керекпи.

Ответ:

Урматтуу Шерзат! Ооба, жергиликтүү бийликтин аткаруу органы болгон айыл өкмөтү трансформаторду орнотуу үчүн жер аянтына чечим чыгарып бериши керек. Жаңы турак-жай конуштарынын башкы планында (генплан) трансформатор, электр мамылары ж.б. орду такталып көргөзүлөт, ошондуктан архитектура,мам.каттоо органдарын тыянагы ( заключение) болгондон кийин , айыл өкмөтү өз чечимин чыгарат.

Жаз     [12 Апреля 2018]

саламатсыздарбы айыл окмотторуно келе беруучу текшенруучулордон кантип кутулабыз текшеруучулор келе берип тажатты бир текшеруучу келип мындай документация жургузгуло дейт ,экинчиси мындай эмес деп оздорунукун айтат биз айыл окмоттор чынында эле тепки жей берип тажадык бизди ким сактайт ким коргойт , айтыныздарчы чек барбы\\n\\n рахмат ишиниздерге ийгилик

Ответ:

Урматтуу Жаз! Албетте, сиз жүрөктү өйүгөн эң оор суроолордун бирин бердиңиз, ооба бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарда текшерүүлөр болуп келген жана мындан ары да боло берет. Бирок, бардык текшерүүлөр мыйзамдын алкагында болуусу керек. 2016-жылдын 31-мартында №32-"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган, ушул мыйзамда текшерүүлөрдүн шарттары, эрежелери так жана даана жазылган. Бул мыйзамды биздин сайттын " Законодательство" бөлүмүнөн таап , кунт коюп окуп чыгыңыз.